- Биерде маселе бир топ татаал. Былтыр жыл башында мен чоң балам менен сүйлөшүп олтуруп: "Материалдык жагынан ата милдетинен кутулдум..." - деп сөзүмдү бүтө электе: "Сен эмес, өзүбүз араң жашап жатабыз, сени бакмак белек?!" - деген сөзүн уктум. "Багылайын" деген ойдо жок элем, капырай, тек: "...силер мага доомат артпагыла" , - дейин деп келаткан сөзүмө конок бербей, озунуп кетип оюндагысын айтып жибербедиби. Арийне, чоң баламдын жанагы сөзү түпкүлүктөн келаткан кыргыз салтынын мен "үзгөн" жемиши болдубу дейм. Себеби быйыл экинчи уулум (балдарымдын ортончусу): "Сен бизге ата мээримин төккөн жоксуң..." деген сөзүн айтты. Орой айтты. Бирок туурадыр, балким. Ошогездери мен үчүн балдар эмес, менин максатым биринчи кезекте болчу. Бирок кандай кылган күндө да маселе материалдык камсыздоо менен гана чечилбейт окшойт. Ата-баланын ортосунда баарлашуу жок болсо түшүнүшүү кыйын. Мен, мисалы, азыр ошо балдарымды тек гана "Дене балдарым" деп сезүүгө мажбурмун. Себеби бизде жан-байланышы дээрлик жок, тилекке каршы."Жан- бала" сенин материалдык дараметиң менен гана чектелбей, сенин көңүлүңө, маанайыңа да карайт, сенин жандүйнөңө кызыгат. Жашыраак кезимде муну байкабаптырмын. ..
Өзүнүн сайтында берген интервьюсунан бир үзүндүсү.
Подпись катары " Жаныбек ЖАНЫЗАК, Ыйык Семетей_дин күйөрманы" деп жазыптыр.