Суперстан: Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.

#381 Пользователь офлайн   bermet104   18 Июль 2013 - 12:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 01 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2022 14:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс жактарда...

Баардык мусулман бир туугандарымды ыйык Рамазан айы менен куттуктайм! Орозо кармаган бир туугандарымдан Аллахым ыраазы болсун! Орозо кармоо менен тарабих намазын да унутпагыла. ...
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#382 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Июль 2013 - 12:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

"Исписокко" эч ким жазгысы келбейтгоо, жок дегенде купуяма же почтама жазгылачы аblе.рwd@mаil.ru. Жашыруун эле жазып, Элиза эжекеме айтып коёюн "исписокту"
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#383 Пользователь офлайн   KARL.MARKS   20 Июль 2013 - 21:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 454
  • Катталган: 13 Март 13
  • Соңку аракети: 16 Июн 2014 13:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ак Буура

Орозоңуздар кабыл болсун урматтуу момун мусулман бир туугандар! !!
Тема боюнча айта турган болсом, тилеке каршы жумушума байланыштуу мен "Орозо" кармай албайм... Такыр шарт жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#384 Пользователь офлайн   Daud   22 Июль 2013 - 04:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү!


Muslim_ka, Jinn. Сиздерди сабырдуу болууга чакырам. Анан кала берсе жеке айтышуулар үчүн купуя бар. Азырынча эскертүү, дагы кайталанса сайттан четтетилесиздер!

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 22 Июль 2013 - 04:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#385 Пользователь офлайн   Umka220190   23 Июль 2013 - 16:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Бүгүн жарамазан угуп, көңүлүм көтөрүлүп калган болчу!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#386 Пользователь офлайн   men_keldim   23 Июль 2013 - 17:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 27 Июнь 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2014 15:51

Баарыныздардын кармаган орозонуздар кабыл болсун. Жараткан мекенибизге тынчтык, ынтымак берсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#387 Пользователь офлайн   azamat1992kg   12 Август 2013 - 18:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сүрөт

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: h47fc979.jpg

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#388 Пользователь офлайн   aizad.alma   27 Декабрь 2013 - 19:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 334
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 15 Май 2019 14:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

7 жыл катарынан кармадым эле,буйруса, дагы кармайм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#389 Пользователь офлайн   dinajanka   27 Декабрь 2013 - 20:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Альхамдулиллях, секин секин амал кылып жатам...
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#390 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   27 Декабрь 2013 - 20:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Мен кармап журчум азыр ден соолука байланыштуу кармабайм

Билдирүүнү түзөткөн: MEDER_KULETOV: 27 Декабрь 2013 - 20:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#391 Пользователь офлайн   Altyndai   29 Декабрь 2013 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 697
  • Катталган: 16 Июль 13
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2020 18:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош обласынын.Кара-Кулжа району!

Мен кармайын деп ниет кылам...бирок ден-соолугума байланыштуу кармай албадым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#392 Пользователь офлайн   Axli_Sunna_Val_Djama   25 Май 2014 - 23:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 629
  • Катталган: 26 Апрель 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2017 12:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва калаасы

Орозону бузган нерселер
Категория: Орозо жана Рамазан
Илмихал китептеринде орозону буза
турган жана кафарат талап кыла турчу
жагдайлар тууралуу жалпы эреже
билдирилген. Азык же болбосо дары
иретинде пайдалуу бир нерсени жеп-
ичүү, лаззат бере турчу нерсени ооздон
өткөрүү жана жима (аялы менен кошулуу)
орозону бузат. Орозону буза турчу бул
нерселер билип туруп жасалса казасы
дагы, кафараты дагы орундалыш керек
болот.
Орозону бузуп казасын жана кафаратын
талап кылчу жагдайлардын бир нечеси
мына булар:
1- Орозо экендигин билип туруп жеп-
ичүү.
2- Кан алдыруу, гыйбат кылуу сыяктуу
орозону бузбай тургандыгы маалым
нерселерден кийин орозом бузулду деп
билип туруп жеп-ичүү.
3- Тамакка кирген жамгырды, карды өз
каалоосу менен жутуу. Өз каалоосусуз
тамакка кирип кете турган болсо бир гана
казасын орундашы керек болот.
4- Тамеки тартуу.
Рамазан орозосун бузуп, бир гана
казасын кылууну талап кылган нерселер
булар:
1- Жаңылыштык менен бузуу, мисалы,
даарат алганда тамакка суу качса.
2- Тамагына кар же жамгыр суусу кирсе.
3- Мурунга суюк дары куйса.
4- Астманын спрейин колдонуу.
5- Кыйнап буздурулса.
6- Мурунга адеколон тартса. [Жыттаса
бузбайт]
7- Муким кезде орозо кармап, сапарга
чыккан кезде жеп-ичсе.
8- Башка адам тарткан тамекинин
түтүнүн өзү каалап жыттаса.
9- Кулактын ичине дары тамчылатуу,
кулакты дары суу менен жуу.
10- Теридеги ачык жарага сүртүлгөн суюк
дары ичке кирсе.
11- Денеге ийне менен дары куйса.
12- Каалап, кыйнап ооз толтура кусуу.
13- Тиши канаган адам оозундагы канды
жутса же түкүрүк өлчөмү менен барабар
болгон аралаш канды жутса.
14- Имсак убактысынын бүткөндүгүн
билбестен жеп-ичсе.
15- Күн батты деп ойлоп орозосун бузса.
16- Тиштеринин арасында калган нокот
менен тең нерсени жутса.
17- Мурунга тартылган суунун ооздон
чыгуусу.
18- Даарат алып жатканда тамакка суу
жүгүрүп кетсе.
19- Кагаз, таш, пахта, чөп, бышпаган
күрүч сыяктуу дары жана азык болбогон
нерсени жутса.
20- Арткы тешиктен же аялдардын алды
жагынан свеча колдонуулары.
21- Орозолуу экендигин унутуп тамак жеп
алса, орозо бузулду деп ойлоп кийин
билип туруп тамактанууну улантуу.
22- Имсак убактысынан кийин ниет
кылган адамдын күн ичинде орозосун
атайын бузуусу.
23- Деңизге киргенде же гусул алып
жатканда арткы тешиктен суу кирсе.
[Ханбалиде бузбайт.]
24- Тилдин алдына коюлган дарыны
эмсе.
25- Арткы тешикке коюлган пахта же
башка нерсе толугу менен ичине кирсе.
26- Геморрой этчелери тахараттанып
тазалангандан кийин ным бойдон ичке
кирсе.
27- Мастурбация кылуу.
28- Денеге кирген ультра же
эндоскопиялык аппаратында дары, мазь
бар болсо.
29- Клизма кылдыруу. [Маликиде
бузбайт].
30- Атайын суунун буусун мурунга тартуу.
31- Ным манжаны алды же арка тешикке
киргизүү, [Ханбалиде бузбайт.]
32- Мурундан мурун көндөйүнө кеткен
канды жутуу.
33- Ачтыкка же суусуздукка чыдай албай
жеп-ичүү.
34- Эсинен танган адамды ойготуу үчүн
жана уктап жаткан адамдын оозуна суу
агызуу.
35- Сапарда жүргөн адам атайылап
орозосун бузса кафарат керек эмес, бир
гана казасын өтөөсү керек. Себеби,
сапарда орозо кармоо фарз эмес.
36- Атайылап орозосун бузган адам
кийин орозо кармоону мубах кыла турган
бир абал башына келе турган болсо,
мисалы, аялдын хайзы башталса же
орозо кармай албай турганчалык ооруп
калса бир гана казасы керек болот.
Бирок, орозосун бузуп сапарга чыкса
кафарат керек болот. Себеби, сапарга
чыгуу самавий үзүр (себеп) болуп
саналбайт.
37- Орозо кармап жаткан адамдын
оозуна кирген көз жаш же тер көп болуп,
туздуулугу ооздун бардык жагында
сезилсе жана жутса орозосу бузулат.
Жутпастан түкүрө турган болсо
бузулбайт.
Не спеши помогать тем, кто не просил тебя об этом.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#393 Пользователь офлайн   Axli_Sunna_Val_Djama   25 Май 2014 - 23:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 629
  • Катталган: 26 Апрель 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2017 12:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва калаасы

.

Билдирүүнү түзөткөн: Axli_Sunna_Val_Djama: 25 Май 2014 - 23:07

Не спеши помогать тем, кто не просил тебя об этом.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#394 Пользователь офлайн   Axli_Sunna_Val_Djama   25 Май 2014 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 629
  • Катталган: 26 Апрель 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2017 12:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва калаасы

Орозону бузбаган нерселер
Категория: Орозо жана Рамазан
Орозону бузбай турган, бирок, сообун
азайта турган нерселерден да качуу
керек. Орозо кармагандарга убада
кылынган чоң соопко жетүү үчүн бул
шарт болуп саналат.
Бир ибадатты орундаганда бул ибадаттын
фарздарын, важибдерин, сүннөттөрүн,
макрухтарын жана муфситтерин, б.а., ал
ибадатты буза турган нерселерин да
билүү керек. Буларды билбей орундалган
ибадат толук болбойт. Жада калса,ибадат
кылдым деп ойлогон нерсе бузулуп,
ибадат болуудан чыккан болуусу мүмкүн.
Мисалы, орозонун фарздарынын бири
орозонун алгачкы убакытынан акыркы
убакытына чейин (б.а., күн чыгып
батканга чейин) орозону буза турган
нерселерден тыйылуу. Алгачкы убакыты
менен акыркы убактысынын арасында
бир нерсе ичип-жей турган болсо орозо
бузулат. Ошондуктан, орозонун
фарздарын, макрухтарын жана
муфситтерин, б.а., орозону буза турган
жагдайларды жана бузбай турган
жагдайларды жакшылап билип алуу
керек.
Орозону бузбаган нерселердин
айрымдары төмөндөгүлөр:
1- Орозо кармаганын унутуп жеп-ичүү.
2- Оозуна келген кусундукайра артка
кетсе.
3- Кислород түтүгү менен жасалма дем
алдыруу.
4- Орозону бузууга ниеттенип, бирок,
бузбоо,
5- Өз эркинде болбой ооз толтура кусуу.
6- Тамагына чаң, түтүн ж.б., нерселердин
кирүүсү.
7- Каалап, өзүн кыйнап аз да болсо
кусуу.
8- Көзгө дары тамызуу, ным линза
тагынуу.
9- Ушак айтса.
10- Түшүндө ихтилам болсо.
11- Тиштин тешигине дары коюу.
12- Гүлдү, одеколонду же атыр жыттоо,
дезодарант колдонуу.
13- Морфинсиз, ийнесиз тишти жулдуруу.
14- Жутпастан тамактын даамын билүү.
15- Сактанганына карабастан чаңдын
жана түтүндүн тамактан жана мурундан
ичкери кирүүсү.
16- Тишти жулдурганда келген түкүрүктөн
аз канды жутуу.
17- Оозун жуугандан кийин калган
калдыгын түкүрүк менен жутуу.
18- Тиштеринин арасында калган
нокоттон кичине болгон нерсени жутуу.
19- Хажамат болуу, кан алдыруу,
акупунктура (ийне менен дарылоо)
колдонуу.
20- Кулакка суу кирүү.
21- Ойгоо кезинде бир гана карап жунуп
болуу.
22- Мисвак колдонуу, тиш пастасыз
тишти щётка менен тазалоо, [Тиш
пастасы менен дагы тазалоо орозону
бузбайт, бирок, макрух болот. Тиш
пастасы жутулса орозо бузулат, казасын
орундоо керек.]
23- Гусул алуу, ваннага түшүү.
24- Заара жолуна кебез коюу, [Шафииде
бузат]
25- Соо териге дары, крем, ар кандай
сүртүлө турчу нерселер орозону бузбайт.
26- Жарага имсак убагынан мурда
коюлган суюк дары имсак убагынан
кийин териге сиңип кетсе орозону
бузбайт.
27- Жарадан чыккан кан, ириң жана ушул
сыяктуулардын кайра денеге кирүүсү.
28- Аары чакса.
29- Эриндеги нымды жутуу.
30- Ваннада пайда болгон суу буусун дем
алуу.
31- Колго ийне кирип, сынган бөлүгү
ичинде калса орозо бузулбайт.
32- Кулакка кебез оролгон чыбыкты
тыгуу. [Шафииде бузат]
33- Канаган жерге кандын токтоосу үчүн
кан ташын сүртүү.
34- Оозго келген тамакты, какырыкты,
кусундуну жана баштан мурунга келген
аккан нерсени жутуу.
35- Белди үшүтүү оорусунан улам
суюктук келсе бузбайт.
36- Үйүн чымын-чиркейлерге каршы
дары койгон адам каалап-каалабай
дарыны жыттаса орозосу бузулган
болбойт, себеби, сактануу кыйын.
37- Кулакка самындуу суунун кирүүсү.
38- Оозго суу алып чайкоо же оозду
жуугандан кийин ооздо калган нымды
түкүрүк менен жутуу.
39- Аялын өпкөн адамдын орозосу мези
келсе дагы бузулбайт. Өпкөндө
кумарланып жунуп болсо бузулат. [Жунуп
болуу ыктымалы болсо аялын өбүү
макрух болот. Орозону буза тургандай
көп өпсө харам жасаган болот. Анткени,
орозону эч бир себепсиз бузуу харам.
Бирок, өөп жунуп болсо казасын орундоо
керек, кафарат керек эмес.]
40- Акупунктура колдонуу орозону
бузбайт. Акупунктуранын бир гана ийнеси
кирүүдө, дененин ичине бир нерсе
куюлбайт.
41- Жарылган эринге же колдогу жарага
крем, иод, одеколон же кислород суу
сүртүү. [Ачык жарага сүртүлгөн мазьдын
ичкериге сиңгендиги жакшы
билинмейинче орозону бузбай
тургандыгы Сеадет-и Эбедиййе
китебинде билдирилүүдө. Жакшы билүү
болжолдоо менен болбойт. Анык билүү
керек. Анык билинмейинче бузат деп
айтылбайт.]
42- Ийнелүү эпиляция кылдыруу орозону
бузбайт. Ичкериге дары сыяктуу бир
нерсе кирмейинче денеге ийне сайуу
орозону бузбайт.
43- Каш, мурут алуу, аврат тегерегин
устара менен тазалоо жана эпиляция
орозону бузбайт.
44- Орозолуу адамдын оозуна көз жашы
же тер кирсе, бир эки тамчыдай аз болсо
орозону бузбайт. Анткени, мындан
сактануу кыйын. Көп болуп, тузун
оозунун ар жеринде сезсе жана жутса
орозо бузулат. Жутпай түкүрүп салса
бузулбайт.
45- Кургак манжаны алды жана арка
тарапка киргизүү орозону бузбайт.
[Шафииде бузат.]
Унутуп жеп ичүү
Суроо: Сахурга турдум, тамактан кийин
орозо кармоого ниет кылып жаттым.
Эртең менен турганда орозо экенимди
унутуп кечке чейин жеп-ичтим. Ооз
ачаарда эсиме келди. Кармаган орозом
сахих болдубу?
ЖООП
Ооба, сахих болду. Анткени, унутуп калып
жеп-ичүү орозону бузбайт.
Чачты боётуу
Суроо: Чачты боётуу, колтукту кыруу же
салкындоо үчүн душка тушүү орозону
бузабы?
ЖООП
Эч бири бузбайт.
Эстен тануу жана орозо
Суроо: Кандайдыр бир себеп менен эстен
танган адамдын орозосу бузулабы?
ЖООП
Эстен тануу уктоо сыяктуу. Узак же
кыска убакытка эстен тануу орозону
бузбайт.
Көлгө түшүү.
Суроо: Көлгө түшүү орозону бузабы?
ЖООП
Көлгө түшүп дароо чыгуу орозону
бузбайт. Көлдүн ичинде туруп, сүзсө
дененин ичине суу кирет жана орозо
бузулат.
Не спеши помогать тем, кто не просил тебя об этом.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#395 Пользователь офлайн   adika_97kgbk.ru   25 Май 2014 - 23:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2014 23:58

быйыл орозо канчасында башталат экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#396 Пользователь офлайн   MUSLIM.   25 Май 2014 - 23:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 07 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2014 11:06

Календар боюнча 1 июлда бирок айды карап туткан жакшы иншалла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#397 Пользователь офлайн   Saysatchy   25 Май 2014 - 23:26

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 15 Май 14
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 19:14

Жакында 2, 3, 4 кундон кийин ай жанырат корунот. Кийинки айда ай корунгондо орозо башталат. Жана ай корунгондо орозо бутот. Ай коруно элек 1 кун мурда орозону башташ арам болот. Жана орозо бутордо до ай корунгон куну, айт куну орозо кармаш да арам.

П.с. орозо кармаганда, мен оозумду ачтым деп ниет кылса да, ооз ачылып кетет.

Билдирүүнү түзөткөн: Saysatchy: 25 Май 2014 - 23:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#398 Пользователь офлайн   aruuzat88   26 Май 2014 - 02:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Бул жылы кайсыл айда башталат экен?былтыры кармаган элем,насип кылса быйылда орозо тутам.Былтыры орозо айында Аллахтын керемети менен Москвада августь айларында кун аябай салкын болгон.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#399 Пользователь офлайн   meerim8793   16 Июнь 2014 - 22:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 976
  • Катталган: 02 Февраль 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 16:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ТАЛАС

Орозо жакындап келатат, мени ойлонткон маселе пайда болду. Кудайга шүгүр, 4 жылдан бери орозо кармайт элем, анда окуп эле жүрчүм, кээде иштеген учурда деле кармап аткам күндүн ысыктыгына карабай. Эми азыр башка жактабыз, белая ночь башталган кечинде саат 11де карангы түшө баштайт, танкы саат 4тө жер жарыйт. Ойлонуп жатам, бир жагынан коркуп жатам, орозо кармасам кыйналып каламбы деп, себеби ородогу убакыт өтө эле көп экен, жана иште кыйналамбы деп жатам. Не кылсам? Орозо кармап жүрүп эми кармабай койсом кандай болот? Күнөөгө батамынбы? Билгендер айтып койгулачы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#400 Пользователь офлайн   Jakykg   21 Июнь 2014 - 11:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 64
  • Катталган: 22 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 01 Апр 2017 01:15

Орозо ушул айдын 27 нен 28 не караган туну башталат. Бирок айдын корунушуно карап озгорушу мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июн 2025 01:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: