Суперстан: Жaныбек Жaнызaк деген ким? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жaныбек Жaнызaк деген ким?

#21 Пользователь офлайн   tahircan   23 Июль 2013 - 11:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 07 Март 07
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 16:06
  • Жынысы:Эркек

Манасты "еврей" деп, Семетейди кудай кылып сыйынган киши да бул.

- Балдарыңыз азыр чоңоюп калды да? Катташып турасызбы?
- Биерде маселе бир топ татаал. Былтыр жыл башында мен чоң балам менен сүйлөшүп олтуруп: "Материалдык жагынан ата милдетинен кутулдум..." - деп сөзүмдү бүтө электе: "Сен эмес, өзүбүз араң жашап жатабыз, сени бакмак белек?!" - деген сөзүн уктум. "Багылайын" деген ойдо жок элем, капырай, тек: "...силер мага доомат артпагыла" , - дейин деп келаткан сөзүмө конок бербей, озунуп кетип оюндагысын айтып жибербедиби. Арийне, чоң баламдын жанагы сөзү түпкүлүктөн келаткан кыргыз салтынын мен "үзгөн" жемиши болдубу дейм. Себеби быйыл экинчи уулум (балдарымдын ортончусу): "Сен бизге ата мээримин төккөн жоксуң..." деген сөзүн айтты. Орой айтты. Бирок туурадыр, балким. Ошогездери мен үчүн балдар эмес, менин максатым биринчи кезекте болчу. Бирок кандай кылган күндө да маселе материалдык камсыздоо менен гана чечилбейт окшойт. Ата-баланын ортосунда баарлашуу жок болсо түшүнүшүү кыйын. Мен, мисалы, азыр ошо балдарымды тек гана "Дене балдарым" деп сезүүгө мажбурмун. Себеби бизде жан-байланышы дээрлик жок, тилекке каршы."Жан- бала" сенин материалдык дараметиң менен гана чектелбей, сенин көңүлүңө, маанайыңа да карайт, сенин жандүйнөңө кызыгат. Жашыраак кезимде муну байкабаптырмын. ..

Өзүнүн сайтында берген интервьюсунан бир үзүндүсү.
Подпись катары " Жаныбек ЖАНЫЗАК, Ыйык Семетей_дин күйөрманы" деп жазыптыр.
Им-пич- мееееент!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Djon   23 Июль 2013 - 11:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 184
  • Катталган: 03 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2020 16:15

Balkim Janyzak aka ozunu piat kylyp jatkandyr... NEgizi jakshy kishi Kyryz tamgalaryn windovsko kigizgen kishi desen janylyshpaim. Erotichnyi kishi ubagynda gezit chygargan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   MIRlan   23 Июль 2013 - 12:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Иши кылып алигинин террористи да. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Argymak007   23 Июль 2013 - 13:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения MIRlan (23 Июль 2013 - 12:32) жазган:

Иши кылып алигинин террористи да. :)/>


Эзет да эзет, ыр кылып токуп чыгаргандарычы оххоо.)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   elif   23 Июль 2013 - 17:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

rahmat baarinarga dostor maalimat bolushkonunor uchun
все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Makedonia   23 Июль 2013 - 17:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 23 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 09:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения elif (23 Июль 2013 - 17:02) жазган:

rahmat bul shiltemeden tamgalardi ornottum okshoyt? b'rok komptun kiymil araketteri ozgorup kaldi da suroogo bassam chekit chigat chekitke bassam / minday sizik chigat kosh chekitke bassam da / bul chigip atat "Ө-Ң-Ү"don desen kabar jok






Ылдыйдагы "Панел задач" дегенде "Языковая панель" деген бар. Ошол жерге Кыргызчаны кошушуңуз керек. Сиздин клавиатураңыз англисче же орусчада турат да, ошон үчүн башка тамгалар чыгып атат. " Ө "- Ё, " Ү " - Щ, " Ң " - Ъ тамгасында турат.

Билдирүүнү түзөткөн: Makedonia: 23 Июль 2013 - 17:11

* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *
Жактырсам көңүлүмө толосунбу?
Жайкап суйлөп, жайнап күлүп коесунбу?
Жамандык башка түшүп турган кезде,
Жардам берер адамым болосунбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   SubAz   24 Июль 2013 - 12:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43
  • Жынысы:Белгисиз

Жаңы жомок

Бу айкөлдүн урпактары өз бактысын билбеген калк, шайтан алгыр! Бу калк түтүнү сайын ырчы, түтүнү сайын жазуучу. Бир боз үйдүн жасалгасын жарым күн ырдаган жомокчулар алмустактан бери ушул гана элден чыкты бул ааламда.

Ырчы, чоорчу, кыякчы, ооз комузчу, акын, төкмө, куудул, санжырачы, сынчы, даанышман, чечендердин нечени чыккан. Бул элден Горбач заманынын соңу, Акай доорунун башында бир элде жок талант чыкты. Аты да кызык экен бу таланттын! Жаныбекем Жаныжок. Жаны жок, бирок ошол эле маалда бекем экен бу кишинин жаны.

Кылым кыргыз укпаган өнөрдү баштады бу киши. Кыргызда «сагыз» болбогон, кыргыздын катыны «сагызды» билбегендиктен чуурутуп 15 ке чейин тууй берген, ошондуктан бу кыкеңдерге «сагыздын» түрүн үйрөтөм. «Жок, дешти кыргыздар Жаныбекем Жаныжокко, - Кыргыздар «сагыздын» атасын таанытышкан. Жетимиш, Сексенбай, Токсонбай, Жүзбайлар кайдан туулмак кыргыздар «сагызды» билишпесе. «Жок, - деди Жаныжок, мен билгенди силер билбейсиңер. «Сагыздан» бу кыргыздарың кылымдап артта калып кетиптир, туй, ата! Мен эми силерди бу «сагыз» жагынан агартам, көгөртөм. «Сагыздын» американский, французский, итальянский, кытайский, деги койчу, бардык түрүн үйрөтөм. «Боорсок» деген гезит ачам. Илибой тамга тааныган кыргыз окуса түшүнөт бу «Боорсокту». Ошентип «Боорсок» гезити чыгып кетти. Ээгинен түгү жаңы кеткен боз улан, көкүрөгү жаңы борсойгон кыз, кыл мурут жигит, келин-кесек, жубан, жесир, үй-бүлөлүү, үй-бүлөсүз аял-эркектин, кемпир-чалдын эрмеги болду «Боорсок» гезити. «Боорсок» гезити элди «сагызга» алеки саатта үйрөттү: кимден боюна бүткөнүн билбеген кыз-келин, котонжара, балакет менен ооруган улан-кыз көбөйдү. Кыздардын этек-жеңи кыскарды, балдардын ычкыры бошоду. Келин кайнатасына этегин ачты… Бишкек, Ошто «Москеңеш», «Цирк», «Домбыт» деген жерлерде «келин базар, кыз базар» кадимкидей күн-түнү иштеп, бу шумдукка таң калган элдин Алласы оозунан түштү. «Боорсок» үйрөткөн «Сагыз» өнөрү элди балээге кабылтмай болду. Түбү уңгулуу эл экен: аксакалы, көксакалы, молдо-имамы биригип атып, «Боорсок» гезитин жаап тынышты.
Жаныбекем «бу «сагыз» дегениң түбөлүк тема, кыргыздарды агартпасам болбойт деп, «Дүйшөмбү» деген гезит ачты. Мунусу да шайтан оозуна түкүргөн гезит болуп, жалбырттаган оттой тез тарады. «Сагыз» менен заниматься этет элем, мындай аял керек, тигиндей эркек керек. Эри жок эле төрөп алсам болот эле дегендер көбөйдү…
Аксакал, көксакал, селдесен чубалткан молдо-имам кайра ызы-чуу түшүп жатып, «сагызды» үйрөткөн «Дүйшөмбү» гезитин кайра жаптырышты.

Жаныбекем Жаныжок жөн жүралбай «Мидиштин кодолек китеби», «Чыкендин дамалары» деген китептерди чыгарып, калайык калк тааныган белгилүү бир нече кишилердин төшөгүн ачты. Аял-эркек темасы кирешелүү тармак белем, Жаныжок башка кесиптештериндей тишинин кирин сорбой түзүк жашады.

Бир күнү Жаныжокко «озарение» - нурдануу келди. Тим эле уктап турса пайгамбар болуп калган Буддадай арууланып, адамдарды жакшылыкка чакырып калгысы келип калыптыр бир күнү. «Бу Жаныжок эми эмне болот, монастырга кетеби, же зикир чалып дубанага айланабы» деп калды оозун ачкан калайык. Жаныжоктун жаңы образы деле эл көңүлүнө көп отурбай калгансыды. Жаңы дин алып келдим, ал Сейтек дини. Мен ошол Сейтек дининин –дин жарчысымын деп жар салды Жаныбекем Жаныжок. Аалымдар, окумуштуулар менен талашып-тартышып, гезит беттерине үзүктөй-үзүктөй материалдарды жарыялап, Жаныжок элдин эрмегине айланды. Бул «пайгамбарчылыгы» деле кызыгы кетти белем, анысын тез эле унутуп, «сайт» жасап, гезиттерди сааган өнөр тапты. Мобилдик байланыштын үзүрүн ушул Жаныжок көрдү. «Эчкибаевдин «сагыз» иши керекпи, бажалуста, бирдик ыргыт, телефонуна түшөт. Бу материал керекпи, бажалуста, бирдик ыргыт, почтана кемпир шабдаалы жегенче түшөт. Макалаң барбы, пожалуста, жарыяланат. Жаныжок мында бир жыргады.

Кытайдын кызыл-тазыл принтери Жаныжоктун багын ачып жиберди. Өңчөй базарчылар окучу «Дубаланган келин», «Зектин махабаты», «Министрдин махабаты», «Сага өлүм апкелем» ж.б. түркүн түрдүү шумдукту жазган китептерди шуулдатып басты. «Оозуң гана?» десе, мурдун көрсөткөндөр деле китеп чыгарып, аптарыкат күтүп, 700 сомдук костюм-шым кийип, жазуучу болуп калышты.

Ал ортодо айкөлдүн урпактары тентиди, тозду. Бири кетти Эренге, бири түштү тереңге. Бири кетти Каңгайга, бири кетти Алтайга». «Баш-аякты жыйнайлы, төгүлдүк-чачылдык, чарпылдык, курсак тоюнар, Манастан калган тилибиз, дилибиз кор болду. Кыймыл түзүп тилди коргойлу» деп фин тарапка ооп кеткен Асыранды ага тилди асыроонун ал-жайын ортого салды жөргөмүш желеси аркылуу. Бири Каңгайдан үн катты, бири Алтайдан үн катты, бири Оштон үн катты, бири төштөн үн катты. Ошентип ата-бабабыз көчмөн болуп, жоо чапкан, биз деле «Көчмөн» бололу деп кыймыл түзүшүп, ант ичишти. Арманын, күйүтүн, сүйүнүчүн, кайгысын, тилин, дилин жазышып, ал жазганы бир китеп болуптур.

Ал ортодо Жаныжок ушунун баарын китеп кылалы, китепти өзүм басайын деп шымаланып турганы. Ийри отуруп, түз кеңешип, бири Эренден үн кошуп, бири тереңден үн кошуп жатып ал китеп чыкканы «Кыргыздын бети жапжалпак» деген ат менен. Бет ачарын кылышып, Ала-Тоодой эт болбосо да, ырымын кылып, конок чакырып, бир арман ай, автору Асыранды ага жол алыстан келе албай турду жөргөмүш желе аркылуу кабар алып.
Аңгыча ал китепти мурун ушул короодо жүргөн, акыркы жылдарда молдочалыш болуп кеткен Нуртай көрө калып, китебиңер укмуш чыгыптыр, сүрөттөрүңөрдү көрүп, үйдө калган иттер улуп жиберди силерди сагынганынан дей салганы. Ал оюн жөргөмүш желесине иле салганы.

Ошондон бери Жаныжокто уйку жок. Сөз айткандын баарына ырахматын айтып, ыраазылыгын бүтүрө албай, оозу жыйылбай калды. Жөргөмүш желе да чарчады, көчмөндөр да чарчады Жаныжоктун ыраазылык билдирүүлөрүнөн. Ал ортодо жалаң сүйүү менен өбүшүүнү жазган акын кыз Сарыжаркын Жаныжак экөө бирин-бири өлө «сүйүп калганы». Эки күн, эки түн тынбай бири-бирине «сүйүү каттарын» жөргөмүш желеден ыргытып жатканы элдин эсин оодарды.
Ал аңгыча бир чал пайда болду кайдан-жайдан экени белгисиз. «Бу Жаныжок өмүрүнүн көбүн элим-жерим деп өткөрүптүр. Кыргызга «сагыз» менен заниматься эткенди үйрөтүптүр. Сейтек дин ойлоп тааптыр. Нечен жазуучунун багын ачыптыр. Давай, ушуга чылк алтындан болбосо да, сырты калайдан, ичин топуракка толтуруп, эстелик орнотуп койбойлубу дей салды. Жөлөмүш желеси жымжырт... Калайык жымжырт. «Жок» деди ал ортодон мойнуна крест тагынган, бети жапжалпак, буту майрык бир жигит. Жаныбек бир тууганым тууралуу китеп жазалы. «Туура» - деп ызы-чуу түшүп кетти анда чогулган акын-жазуучу, драматург, котормочу, сценарист. Мен түкүнчө бет макала берейин, мен эссе берейин, мен очерк берейин, мен эскерүү берейин деген үндөр чуулдап кетти. «Жок!» - деди Жаныжок. Азыр иттин уулу Байгара деле өзү жөнүндө китеп чыгарып жатат. Давайте, көзүм тирүүмдө эле бир эстелик тургузгула айкөлдүн урпактары экениңер чын болсо! Калайык калк дуу деди. Баягы капыс пайда болгон чал алакан жайып бата тилеп жиберди. Эл мал жайлоодон түшкөндө тапкан-ташыганыбызды ортого кошолу. Сен, Жаныжок, скульптор Тургунбек Сыдык аксакалга жөнө өз айкелиңдин эскизин чийдирмекке деп тарап кетишти. Бактыдан башы айланган Жаныжок өз эстелигинин ачылып жатканын, Ажо кемшеңдеп ыйлап сөз сүйлөп жатканын элестетип жатты. Өзү жөнүндө китеп чыкканы көз алдына тартылды. Филармонияда бет ачар болуп, котологон эле автограф сурап турушат. Аркар келбет, узун бут кыздар гүл берип жатышат...
Эстелик болуп турганы оюна келди кайра. Эстелик болгондо эмне, башыңа карга чычып. Анан эртең бу исламчылар бийликке келсе, эстелигиңди кулатары айдан ачык.

Кой, мен жөнүнө китеп чыкса чыксын. Анын үстүнө өзүм даярдап, редакциялап, версткалап, өз басмаканаман чыгарып... пайданын баары мында экен!

«Эй, калайык, токто... Токто...» деп кыйкырган Жаныбекем Жаныжок кепкасынын маңдайы шамалга оодарылып, жүзүн жапканына карабай далдаңдап чуркап баратты...
Нургазы Мусаев


Билдирүүнү түзөткөн: SubAz: 24 Июль 2013 - 12:04

Contra vim mortis non est medicamen in hortis
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   admin_superstan   24 Июль 2013 - 12:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Makedonia , курамы окшош сайттарды жарыялоого жана аларга шилтеме калтырууга тыюу салынган!
3 күн БАН!

ROUSE, башка гезитти жарнама кылуунун кажети жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   aybek.shermambetov   24 Июль 2013 - 18:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 20 Май 12
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Shansi

Ал кишиге асылгандар коп болгон убагында, тайманбай баарын жене да жениле билген адам.Кыргыз газетасында биринчилерден болуп тошок маселесин алып чыккан адам катары билем.Компютерде кыргызча программаларды киргизип бул жагынан да интернетте оз оордун таба алды.Азыркы учурда Айгул эженин китептерин чыгарат деп окуганым бар.Бир соз айтканда сууга салса чокпогон, айтса созу бутпогон кыргызымдын корнуктуу атуулу.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 25 Июль 2013 - 12:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Debi   24 Июль 2013 - 20:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Интернеттен китеп издеп, бул байкенин сайтынан таап, 50 сом бирдик жүктөп алган болчумун. А дейбиз, бу дейбиз, өз ак эмгеги менен иш кылып, ийгиликтерге жетишип жүргөн адам экенин билем. Өкмөткө же дагы бирөөлөргө догурунбай эле. Азыркы кезде мындайлар баа мен үчүн.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   kukolka   25 Июль 2013 - 14:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 352
  • Катталган: 05 Январь 12
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Бул кишини биринчи угуп жатам. Сайтына кирип коруш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   kukolka   25 Июль 2013 - 14:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 352
  • Катталган: 05 Январь 12
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Бул кишини биринчи угуп жатам. Сайтына кирип коруш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   s.jenta   26 Июль 2013 - 00:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 11 Июнь 12
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 01:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ырлар дүйнөсү СЖ

сайтынан бул адам жонундо биле аласыздар, ар кайсыны айтыша бербей. Тел. номери да жазылуу, балким туз байланышсанар озу туралуу кенен жана чындыгын билесинер.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 29 Июль 2013 - 14:25

Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   nuradyl88   26 Июль 2013 - 04:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 20 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Апр 2014 01:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЖалалАбад -Бишкек арасы......

Кыргызстанда интернетти биринчилерден болуп жакшы оздоштургон киши катары тааныйм, башкасын билбейт экенмин.....
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Umka220190   26 Июль 2013 - 10:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения s.jenta (26 Июль 2013 - 00:05) жазган:

сайтынан бул адам жонундо биле аласыздар, ар кайсыны айтыша бербей. Тел. номери да жазылуу, балким туз байланышсанар озу туралуу кенен жана чындыгын билесинер.


Просмотр сообщенияadmin_superstan (24 Июль 2013 - 12:18) жазган:

Makedonia , курамы окшош сайттарды жарыялоого жана аларга шилтеме калтырууга тыюу салынган!
3 күн БАН!

ROUSE, башка гезитти жарнама кылуунун кажети жок.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 29 Июль 2013 - 14:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Nursaikal   28 Июль 2013 - 18:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 693
  • Катталган: 29 Июль 11
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 10:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

жакпайт ушул киши
Ар бир пенде адашуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Daud   29 Июль 2013 - 07:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мага тиги жаны жомок жакты. Жомоктун чындыгы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Azem2013   29 Июль 2013 - 08:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Аkча деп жанталашып жyрyп, балдарын таарынтып алган koрyнoт.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   BORN.kg   30 Июль 2013 - 15:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

жаны жомок жакшы жазылыптыр чынында чындыгы бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Debi   30 Июль 2013 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Azem2013 (29 Июль 2013 - 08:00) жазган:

Аkча деп жанталашып жyрyп, балдарын таарынтып алган koрyнoт.

Ошону тушунуп турганы, демек ондойт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 02:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: