Дагы бирөөнү "паракор"
деген топко, бирин "аягы суюк" деген тарапка, "эки жүздүү" дегендери да бар, дагы, дагы... дегеле көп топтор. Жанакы чайыттай маанайым чытылып кайра Маркабайга жакындадым.
- Я-а Маке, тигил эшиктин ары жагына өтпөй койсок kутулабызбы.
Ага эмне анча капа болосуң. Жүрү андан көрөөк...
- А-аа аңкоо байкушум. Менин сөзүмдү аягына жеткирбей бузду.
Чолпонбек Абыкеевдин аңгемелери Терезеде өскөн гүл
#22 26 June 2013 - 00:01
- Ал эшиктин ары жагына өткөндөр жаңыланууга кирет. Өтө албагандар эски доор менен кетишет...
- Я-аа, эски менен кетишет дейсиңби? Кайда кетишет?
- Эски кайда кетсе ошол жакка... Кайда кетишет дейт тура. Кекиртегиме тонгон май тургансып сүйлөй албай калдым. Элдин баары тигил эшикке жулунушууда. Ары өткөндөр аз. Көпчүлүгү жанагы "табличка" илинген топторго кошулушууда. Бар кордуктан да жанагинтип топко бөлүп эле тим койбостон, ал тарапта отурган башка роботтор тамырын кармап алып шакылдатып күнөөсүн жарыя окуп жатканычы.

#23 26 June 2013 - 00:18
Топко кошулуп эшикке жакындай албай четтеп жүрсөм Какишим да жүрөт.
- Ой сен эмне жүрөсүң, балдар гана?
- Балдар тигил жакка өтүп кетишти...
- Сен эмне калдың кошо өтпөй?
- Сени күтүп эле... деги мындай жумшак сүйлөгөнүн бери дегенде беш жылдан бери уга элек элем, кыз кезиндегидей шыңкылдап назик болуп кетиптир.
- Мени күтпө. Өтө бер - деп корсулдадым.
- Койчу чогуу эле өтөлү. Колтугума жабышып алды.

#24 26 June 2013 - 09:35
Ошентип, түртүшүп отуруп эшикке да жакындай баштадык. Ан сайын денемден кара тер кетип өткөндөрдү ойлойм. План аткарылбай калды дегиче деп, жакында эле бир имаратты "бүттү бүттү" кылып жаап салганбыз. Курулуш
материалдарынын көбү жанакы Маркабай аркылуу сатылып кеткенсиди эле. Анан тааныштык туунуштук дегендей... Үйгө кээде өзүнөн-өзү эле союлган кой, казы-карта, чучугу болуп дагы башкалары келип калат. Улуу кызымды быйыл жогорку окуу жайына эки тоголок ыргытып жатып араң аттаткам. Мына роботтун колуна түшөөрүбүзгө эки-үч эле киши калды.

#25 26 June 2013 - 09:43
Эмне болоор экенмин ыя. Балким ушул роботуңдун мурдундагы кызыл лампочкасы менин күнөөмдүн көптүгүнөн аныктай албай катуу чыңалып "тарс" жарылбасын я-а.
Аңгыча астыда бараткан Кеңеш:
- Сен биринчи өтчү жаным. Эркектен озуп эшик аттаганым болбос, -деп кыйгачтады. Ачуум мурдумдун учуна келе түштү. Качантан бери салтты, жөндү билип калды экен дейм да. Анан жайында курортто жүргөндөгү күндөр эсиме кылт түшкөндө, жүрөгүм алкымыма тыгылды. Аным билинсе уу-уу. Башкасы бир тең, ошол бир тең болот
го...

#26 26 June 2013 - 09:46
- Кой эркем, кантсе да балдардын энесисиң, кыздын кырк чачы улуу дейт, сен эле биринчи өт. Мен да ийиле Какишиме жол бошоттум. Биз бири-бирибизге ызаат менен жол бошотуп, сен өт болуп жатканда саат 12ге жакындап
топурагандар жанагыдан да кысып түртө баштады. Көрсө, саат 12ге чейин ким өтүүгө үлгүрсө үлгүрүп, бизге окшоп кайпактагандар кала берет экен. Кысмактан ого бетер терге чөмүлө жан көзгө көрүнүп, роботтун арбайган темир колдоруна Какишим экөөбүз тең жакындап бараттык. Мен эле коркуп жатам десем анымдын да өңү бопбоз. Бул эмне мынча калтырайт, -деп коем.

#27 26 June 2013 - 09:52
- О-оо жараткан сактоочу болсоң сактай көр - деп көздү жуумп кыйкырып жибердим эле каруумдан бир кол апчый кармап силкилдетти.
Болоору болду түшчү роботтун колуна түшсөм керек, - деп көзүмдү жүлдүйтүп ачып карасам Какишим.
- Ой сага эмне болду мынчалык кыйкырып?..
- Я-аа, биз кайдабыз? ...эки жагымды алактай карадым.
- Жинди болгон го. Кайда болот элек, үйдөбүз...
- Өх... түшүң менен түмүрөн калгырдыкы - деп желпинип жибердим. Жүрөгүм биртопко лакылдап жатты. Чын эле турмушта ушундай өткөөл болсо, эмне болмокпуз я-а, достор.

#29 26 June 2013 - 09:55
Студент болгонумду толук сезе элек жүрүп сүйүп калдым. Ал кыз мен үчүн деги сөз жеткис... Сүйгөнү да курусун сүйүп коюш оңой иш экен. Эки-үч жолу жалдырап оозуңду ачып тиктесең болду... Негизги маселе ошол
сүйүүңдү кызга билгизиште тура. Ары ойлоном, бери ойлоном жолун таппайм. "Чакырып чыгып, ачыгын эле айтам. Эмне менин көйнөгүмдү чечип калмак беле же бир жеримди кесип алмакпы..." - деп, өзүмчө таң аткыча уктай албай чабалактап, чамынып чыгам... А көзүн көрөөрүм менен аллам оозумдан түшүп, жашынарга жай таппай качам. Деги айлам куруду. Кой минтип жүрө беришим болбойт.

#30 25 July 2013 - 10:54
"Досторго акылдашайын"
деп чечтим да өзүмдөн курсу жогору, кыз сүйүүнүн чебери, тажрыйбасы мол, бир кызды эмес бир неченин таржымакалына ортоктош болууга үлгүргөн досума кайрылып, санаамды ортого төктүм. Унчукпай отуруп "тарыхымды"
толук укту. Анан ойлонуп ары-бери басып туруп:
- Ишиң жаман экен досум. Жаман... башын чайкап - Сүйүүнүн азабы жаман... Мага жөн эле боору ачый элжирей карады. Мен да ыйламсырап
жалдырайм.
- Бирок, мындан деле кутулууга болот. Бир жол бар. Ошол жолду колдонсок, болду... баары жайында... сөз аягын табышмактады.
- Айтсаң? Кандай жол?..
- Жок. Аны жөн айта коюга болбойт.

#31 25 July 2013 - 10:56
Айткан менен да шааниси келбейт. Бар бирдеме апкел! Кекиртегин чертип койду. Мен чөнтөгүмдү сыйпалап кыйылдым эле досум шак түшүнүп, эшикти "тарс" жаап чыга жөнөдү.
- Мен чын ниетимден жардамдашайын десе... Күңкүлдөгөнү ачык угулду. Айла жок аркасынан жүгүрүп чыктым.
- Болуптур... болуптур, досум. Мен азыр. Сен отура тур, капа болбой. Дүкөнгө калдаңдап шашып жөнөдүм. Ортодогу бир "Барматуханы" теңдегенден кийин сүйүүнүн "чебери" сөзүн баштады.
- Мен жигитмин, сен кызсың...
- Кантип? Чочуп кетип өзүмдү-өзүм кармаласам тигил:

#32 25 July 2013 - 10:58
- Сен туура түшүн да. Мисалга, мисалга... сенин ордуңда менмин, сен сүйгөн кызыңдын ордундасың.
Түшүндүңбү?
..
- Мейли болсо боло турайын. Башымды ийкедим. Чебер колумдун үстүнөн улам-улам сылап коюп, "Эркем... сен үчүн..." жөн эле ээритип кирди дейсиң. Кудай... чын эле кыз болсом эмне болмокмун билбейм... эркек башым менен эсимди жогото сактадым. Кызуусуна келгенде, "Аз болуп турат. Дагы барып келчи! Көзүнүн кыйыгы менен кур бөтөлкөнү карап. Эң негизгисин айта албай жатам - деди. Мен ным сүйлөбөй карзинкени колго алдым. "Кайта-кайта бирден ташыбай, бир жолу эле үчтү-төрттү алып кел" артымдан кыйкырды.

#33 25 July 2013 - 11:01
Андан кийинкилери эсимде жок. Канча ойлонсом да эстей албайм. Бир билем жаңы чыккан жазгы чөптөй солкулдап, тигил сүйгөн кызымдын эшигин тыкылдатып жатканымды.
.. Эсиме келип көзүмдү ачканымда, өз бөлмөмдө жатыптырмын.
"Ики-кокуй"
, кыймылдасам белим, мойнум, жамбашым, деги он эки мүчөм бүт сыздайт. Ордумдан сүйрөлө туруп, күзгүгө жакындадым.
Кудай сакта кичине өйдөрөөк болгондо, капкара көздөрүмдү оюп алмак тура...
#34 25 July 2013 - 11:05
Бетимде беш тырмактын тагы турат. Айттырбай билдим он эки мүчөмдү оңдурбай жанчкан жанагы бийиктиги бир карыш жыгач таман туфли кийген неме экенин. Ээ достор, ушинтип кыз да сүйдүм. Бирок сүйүүм
мындан ары уланабы же куланабы бул жагын айта албайм.
Чолпонбек
Абыкеев, 1979-жыл

#35 18 February 2016 - 10:17
Кыз суйбой каал болуптур го)).
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#36 18 September 2017 - 14:52
Карегиңе бүткүл дүйнөм камалган
(Новелла)
Сен ушуну билесиңби. Жок. Билбейсиң. Эгер билсең таң экөөбүзгө башкача атып, күн башкача чыгып, кеч башкача кирип, жашоо кумары бир башкача болмок. Сен билбейсиң же учурунда билбей калдың. Бүтүкүл арман мына ушунда. Экөөбүздүн ортобузда агып турган булак дайрага, дайрадан көлгө, көлдөн деңизге, океанга, мухитке айланып экөөбүз эки жээгинде калганыбыз мына ушунда. Жээксиз, жел кайыксыз калдым. Ак шам астында ак баракка батпай отуруп ушуну ойлодум. Сен кантип отурасың элестетким келбеди. Карегимден кетпеген баягы бир элесиң келди. Сени эстеген сайын ушул элесиң келет.
Сен чалкаңдан түшүп магдырап уктап жаттың. Эриндериң кичине-кичине ачылып калган. Мен карап жатам. Деги сонун уктайсың. Сен уктаганда сага эки дүйнө бир тең болуп калат. Сенин уктап жатканыңды суктанып карап жүрүп билдим уктоонун да өзүнчө сулуулугу болорун. Кээ бирлерди уктап жатса көргүң келбейт экен. Бүрүшүп алган, көмкөрөсүнөн түшүп калган, деги жагымсыз. А балким, көрө билүүдөндүр.
Ак жайдын күнү блөмө ысык. Жамынган жука шейшеп тебилип аягыбызда жатат. Экөөбүз тең энеден туумабыз. Жок. Сени сүрөттөп жазбайм. Кызганып кетем. Ак барактан да кызганам. Кызганчаактыгым ушунча карегимден бирөө көрөт деп элесиң келсе көзүмдү жуумп жиберем. Тобо.
Андан бери канча мезгил өттү. Дагы канча мезгил өтмөк. Биз баскан көчөлөр өзгөрүп, биз жаткан ошол үйлөрдүн ордунан жаңылары турмак. Карекке түшүп мээге чөгөрүлгөн элес гана жашай бермек. Шаарда ал жерди "Уста сепил" деп коюшчу. Аты сонун "сепил" деп. Затычы? Заты бир менден башка эч кимге жакпаса керек. Тар көчөлөрүнөн бир машина араң жүрөт. Ар-бир экинчи-үчүнчү үй урандыга айланган. Кээ бир үйлөрдүн жарымысы урап калган ал эми жарымысында адамдар жашап жатат. Ар бир бурчта таштанды-чириндилер. Мерчемдүү-мерчемдүү жерлерде ажатканалар бар. Айтканда эмне көпчүлүк үчүн делип курулган суу жүрбөгөн ажатканынын абалы кандай болмок. Мына ушул маанай чөгөөрлүк көрүнүштү жазып жатсам да маанайым чөкпөй жүрөктүн түпкүрүнө уюган бир сезим кытыгылап дагы жаза түш деп кумары арта кубанып турат. Тобо.

#37 18 September 2017 - 14:54
Күүгүм киргенден кийин, көчөсүндө жарыгы жок жүздөгөн жылдар мурдагы тарыхый шаардын сырдуу калдыгы болуп томсоргон бул сепилди өзүндө жашоочулардан башкалар аралоодон коркчу. Менчи? О кокуй, туура кызыл кыргын согуш болуп жатыптыр десе да аралап бара бермекмин. Сен үчүн, сага жетиш үчүн. жолумду эч ким тосо алмак эмес. Аралаганда да эч бейкапар айлананы рахаттана карап, көктөгү жымыңдаган жылдыздар менен көз кысышып, тийишип аралачумун.
Полу жок жер тамда бир кат матрастын үчтүндө. Сени менен кучакташып жатчумун. Бир ыктам менен оодарылбай канча бир сааттар бою жатчумун. Оюма койсо күндөп-түндөп жата бермекмин. Ким менен оюма коймок эле. Бири-бирибиздин оюбузга койбой түрткүлөп тургандыгыбыз үчүн турмуш жүрүп турат да. Баса, дайыма нааразы боло берчүмүн. Ушу адамдар дайым акыл-эстүүбүз деп мактанабыз бирок бири-бирибизди түрткүлөп, кысмалап оюндагыдай жашоого мүмкүндүк бербей тосмолоп турабыз деп. Анан бир күнү микроскоптон малекулалардын кыймылын карап отуруп түшүндүм өтө чоңойтуп алганда аалам өзү да түртүшүп, кысышып тосмолошуп туруу менен жашаарын биздин каныбызга микроскоптон көргөн тигил уруктагы молекулалардан өтөт экен мен нааразы болгон нерселер. Ушуну билгенден кийин нааразылыгым жаратылышта тиричиликти ушинтип жаратып койгонуна баш ийип үшкүргөн арманга айланып калбадыбы.
Ой учугунун узундугу ай. Тартсаң кете берет ээ чубалып. Сепилден баштайсың бир учурда артыңды карасаң сепил жок калат.
Менде бир бала кезимде таттуу кыял болоор эле. Балалыктын ошол кыялын али да сагынам. Атам чабан, апам койчу. Чындыгында апам кой кайтарбайт, үйдө бээ саап бизге тамак дайындап үй-тиричилиги менен алек. Койду болсо биринин артынан бири тоодой болуп өсүп келаткан балдары биз кайтарабыз. Апамды койчу кылып каттатып койгону акчасын алайын дегени. Атам да кой кайтарбайт. Ат жоорутуп дайыма кыштак менен жайлоонун ортосунда. Эки күндүн биринде отчету чыгат. Өлгөн койду жеткизет. Чоңдор менен сүйлөшкөнү кетет. Азыр ойлойм атам ошондо эмнелерди сүйлөшчү болду экен деп. Анда биз үчүн атам президент болуптур. Өз саясаты өз бийлиги бар. Биз болсо башка президентти билчү эмеспиз. Сүйлөшүүлөр кээде жумалап созулуп апамдын койчулук, өзүнүн чабандык маянасын жоопту сүйлөшүүлөргө жок кылып коюп, жергиликтүү бийлик ээси көтөрүлүш чыгарып (апам) үй-бүлөбүздөгү экономика оорлоп, ун жок, талкан жеп же бирөөлөрдөн карыздап ун сурап, кийген бут кийимдерибиз жаңырбай башынан бармагыбыз көрүнүп калчу. Атам (түшпөс президент) андайда кадимкидей мүңкүрөп балдарым кор болуп калды деп азыркыча айтканда коммерцияга өтчү. Эбин таап козуну кой кылып, торпокту уй кылып сатып алмаштырып, чаң-будуң кылып жатып баарыбыздын бир сыйра кийимибизди жаңыртып, апамды да кийинтип. Тамак ашты жарым жыл, бир жылдык кылып дайындап салчу.
Мындайда апамдын кубанычы койнуна батпай келген кеткендерге атамды мактап, "О кокуй киришпейт, киришсе колунан баары келет. Көңүлсүнбөй жүрбөйбү болбосо биз эбак чириген бай болмокпуз" деп калчу. Бирок, атамдын эрдиги узакка созулбай "чоңдор" деп аталган "чет өлкөнүн президенттери" менен сүйлөшүүлөрү кайра башталып эски тарыхтар кайталан берчү. Азыр ойлойм "мамлекет үй-бүлөдөн башталат" деген туура экен го, үй-бүлө да өзүнчө кичинекей мамлекет тура деп. Чоңойгуча биз балдары атам-апам үчүн анда-санда "жаңы тумагым жок" деп ыйлап коюп жүрөберчү бекер жумушчу күч болгон экенбиз.
Ошентип, "бекер күч" болуп жүрчү мезгилде далай жолу жайлоодо кой кайтаруу кезеги мага да келген эле. Жайлоодо жалгыз кой кайтарганды өзүм жакшы көрчүмүн. Себебин айттым го таттуу кыялым болоор эле деп. Койлорду жайыттан төрүнө сүрүп барып ысуулагыча көз салып отуруп ысуулай баштагандан кийин этегинде мупмуздак, туптунук булагы бар, чокусу булут жиреген атактуу Карала асканын түбүнө берчумун да атты отко коюп үйдөй-үйдөй коргулдарды аралап, "Өзүмдүн тектирим" деп атап алган асты да, үстү да типтик жалама зоока, бир капталында гана таман чубама жолу бар тектирге чыкчумун. Бул тектирге мага окшоп көзү ачылгандан тоо аралап жүргөн малчы же мергенчи чыкпаса жан жолой алмак эмес.

#38 18 September 2017 - 14:55
Эки боз үйдүн ордундай тектирдин шибери бел кырчоодон буралып ушул кезге чейин мен башка эч жерден жолуктура элек жыты тири укмуш түркүн гүлдөр өсчү. Жытына мас болуп көшүлүп калчумун. Дайыма өтүүчү бир из менен басып барып так ортосуна келген сайын жатып жүрүп чөбү жапырылып менин боюмдай орун болуп калган жерге чалкамдан түшүп, көздөрүмдү жуумп коюп кийик эненин күн десе күн, ай десе айдай наркы бар пери кызын күтө баштачумун.
Кыз, мен уктамайын келчү эмес. Мен канча уктабайын же уктамыш болоюн десем да болбой эс-мас болуп уктап кетчүмүн. Менин көзүм илинери менен кыз келчү. Үзүм ак булуттай болуп учуп келчү. Баш жагыма отуруп алып сызылтып ырдап берчү. Ырын угуп ойгоноюн деп ойгоно албай, турайын деп тура албай жата берчүмүн. Тээ далайда барып чачымды сылап маңдайымдан өөп туруп "Алда жараткан ай, экөөбүздү эмне жолуктурдуң"
деп сыздап карагаттай карегинен ысык жашын сыгып алып басып кетчү. Ал зоо ашып кеткиче, анын ак буладан согулган көйнөк кийген караны үзүлгүчө ордумдан кыймылдоого дарманым келбей жата берчүмүн. Мени дубалап таштоочу. Ал мага колун тийгизчү. Мен ага колумду тийгизе алчу эмесмин. Ал мага сүйлөй алчу, мен ага сүйлөй алчу эмесмин. Ал мага ушул мүмкүнчүлүктөрдү бергенге ишенчү эмес. Менден адамдык кылып чектен чыгып кетет го деп коркчу. Ал кеткенден кийин ордумдан туруп алып анын калың шиберге түшкөн изин карап жалдырап калчумун. Жай бою күн сайын жолуккум келе берчү. Ал да тажабай келе берчү. Мен жыл өткөн сайын бой тартып өстүм. Ал өзгөрбөдү. Акыркы жолу жолугушканда "Эми экөөбүз жолугушпайбыз,
сенин жолуң башка. Кайрылып келерки жайда кой кайтарып келбейсиң"
деди. Адатынча маңдайымдан гана өппөстөн көздөрүмдөн өөп-өөп туруп кетти. Ошол күнү арманым ичке батпай күүгүм киргиче ыйлап отурдум. Анын айтканындай болду. Ошондон ушул жылга чейин кой кайтарып ошол тоого бара элекмин.
Муну эмнеге эскерип жатам. Билесиңби, менин жүрөгүмө баткан тунук сүйүү, карегимден чыккыс кылып элесиңди тартып калуунун улуу чеберчилиги тээ бала күнүмдөн эле улуу тоолордон кан жаныма сиңген экен. Сен ушуну билбейсиүң. Мен өзүм да билчү эмесмин.

#39 18 September 2017 - 14:56
Эсиңдедир. Такси менен бараттык. Улам ашуунун белине жакындаган сайын жүрөгүм көөдөнүмө батпай делөөрүй баштадым. Балалык күндөрүмдөгү атактуу Карала аска, гүлбурак тектир, түшүмдөн кетпеген кийик экенин сулуу кызы. Канча жылдар болду эле бийикке чыга элегиме. Бугум бүт денеме сиңип, толуп кетиптир. Өзүмдү-өзүм кармана албай калдым. Түшүндүм. Күчүм жетчүдөй эмес. Аракка мас болумуш болуп калайын деп иче да бердим. Ыйлай да бердим. Кошо бараткандар мени ошондо акылыман айнып кетпесе экен деп коркушту окшойт. Сен да корктуң. Менин адамдан башкача буулугуп калганымды байкап үн дебей айтканыма көнүп жүрүп отурдуң. Бийик ашуунун ак-ала кар баскан бели артта калганда барып эс-акылыма келдим. Кийин сен ошол жоругумду эстеген сайын шылдыңдап күлүп жүрдүң. Мен болсо акыркы ирет кийик эненин кызы менен коштошуп сенин карегиңе камоого түшкөнүмдү жанга билгизбей жашырып койдум. Ошентип, менин жарык дүйнөм тоо аралап учуп жүрө бербей адамдарга, сага кайрылган. Ушуну билген эмессиң. Мен өзүм да толук түшүнө билбегем. Тоо аралап учуп жүргөн кези жыргал кез экен.
Экөөбүздүн ортобуз мухиттей чоңоюп мен үчүн эки дүйнө бир тең болуп турганда көчөдө келатсам артымдан үн чыгат.
Кубат эй, Кубат - деген токтоп кайрылсам жакын тааныштарымдын бири экен. Ал-жай сураштык. Көрсө, мен аны байкабай жанынан өтүп кетипмин. Өзүнүн (азыр эсимде жок) бир партияга мүчө болуп өткөнүн айтып кирди. Эл башына оорчулук келип турганда саясатка чындап кийлигишпесе болбойт, - деди. Мени да өзү өткөн партияга мүчө болууга үндөй баштады. Мен "ойлоноюн" деп койдум. Ал эми ичимден "Мен эчак эле бүткүл адам баласы мүчө болуучу партиядамын. Биздин да Лайли-Мажнун өңдүү лидерибиз өткөн. Марксыңардан ашса ашат акыры кем эмес. Башка партияңдын кереги жок. Эртедир-кечтир баарыңар биздин партияга келип мүчө болосуңар. Бизде анткени чыныгы эркиндик. Устав, көрсөтмө жок. Мүчө болуп кир-чык деп да эч ким тескебейт. Өз акылың менен түшүнүп, өз дареметиң менен иштей бер. Ушундай досум" дедим. Ортого айтсам ал өз идеясын бергиси келмек эмес. Мен өзүмдүкүн туура демекмин. Ошентип, талаш-тартыш башталмак аягы балким жаңжалга жетмек. Үн деген жокмун. Акырын кутулуп жеңилденип дем ала түштүм. Мага бир эле түрмө сенин карегиңден чыга албай тыбырап жүргөнүм жетиштүү болчу.
Ошентип сөлөкөтүм жээксиз жел кайыксыз отурат. Ортодо мухит. Жан дүйнөм карегиңде камоодо. Мына ушуну түшүнүш кыйын. Бир өмүр жетпей калат көрүнөт.

#40 18 September 2017 - 15:00
Айдан сени издедим
Сени издебеген жерим калбады. Кубанып издедим. Үмүттөнүп издедим. Ыйлап издедим. Өтүк кийип издедим. Ботинка кийип издедим. Жылаң аяк издедим. Сен жоксуң. Чыдабай чыдабай мен да жок болуп кеттим.
Күн шоолаларын чачып тээ ак мөңгөлүү тоолордон чыгып келаткан. Мен карап тургам. Балким сени күн менен кошо чыга келеби деп. Асман көпкөк, үзүм да булут жок болчу. Анан асманды карсам ай баратат. Эх, чиркин дүнүйө ай. Түндө эле, мындан аз-аз мурда эле табактай болуп жылдыз арасында эркелеп кумар чачып, сулуулук тартуулап турган, нечен түнкү сүйүүлөргө күбө болгон, өзүн ааламдын кожоюнундай сезген ай кайда. Боз сөлөкөтү калыптыр да өзү жок. Бир тоголок тамчы суу жүзүм менен жорголоп келип ууртума туруп калды эле жаласам ачуу-туздуу экен.
Билесиңби биз сүрөткө көп түшчүбүз. Гүл кучактап түшчүбүз. Алманын гүлү, алчанын гүлү, кызгалдак, деги биз кучактабаган гүл калбаган. Кинодон кино калтырчу эмеспиз. Азыр менин эсимде калганы "Любовь с первого вгляда". Сенинчи? Айлуу түндөрдө үнсүз басчубуз. Тил байланган. Кудайга шүгүр буттун да байланбаганына.
Анан эле экөөбүз эки жакка кеттик. Кетип баратып ойлогом Сени издеп таап алам деп. Таппай калып жатпаймынбы. Ойлогом сендейлер самандай деп. Күн сайын бирден табам деп. Көрсө сен сен эле экенсиң. Табылбайт экенсиң. Ошону түшүнгөндө жоголбодумбу. Сенин нуруңдун жарыгын түшүнгөндө жоголбодумбу. Эми сен да түшүндүңбү.
Инопланетянин болчубуз
Бул дүйнөдө экөөбүз гана бар элек. Көлгө барсак көлдөй толкуп, тоого барсак тоодой толкуп кол кармашып жетелешип жүрчүбүз. Гүл бакчаларды аралачу элек. Тойлордо, отуруштарда ырдачубуз, күлчүбүз, рахатка батчубуз. Башкалар деле биздей дечүбүз. Алгач көүңүл да бөлүшпөдү. Анан кызыгышты, суктанышты, таңданышты. Барып-барып кыжырлана башташты. Бир күнү кармап алышты да тилдешти, урушушту, тепкилешти, миң-миллион акылдарды айтышты, терибизди тескери сыйрып туруп өздөрүнүн терисин кийгизип ташташты.
Азыр экөөбүз өз өзүбүзчөбүз. Жүрөбүз дале миллион, миллиардтар көргөн күндү көрүп. Болгону инопланетянин болбой калдык. Биз кимге эмнебизден жаздык. Эч жамандыгыбыз жок өзүбүз менен өзүбүз болуп эч кимге тийишпей кайра жүрөгүбүздөн жакшылык гана ойлоп жүрчү элек го.
Керемет талаа
Мага ушул керемет талаадан башка эч жер жакпайт дедиң. Кантип эле деп ишенбедим. Узак-узак жолдорду көрсөттүм. Бал кымыз ичирдим. Кыгыздын жери укмуш жер. Ысык-Көлүнө алпардым. Суусамыр, Чычкан, Сары-Челек, деги койчу кыдыртпаган жерим калбады.
Кайда болсо "керемет талааңды" эстеп сагынасың да турасың. Кайра "керемет талаага" келдик. Кереметти кайда деп көмкөрөмдөн да, чалкамдан да, кырымдан да жатып карадым. Эч нерсе көрө албадым. Көздү жуумп угамбы дедим. Уга албадым, жыттап да көрдүм. Туурасы эки узуну төрт метр ушул жердин сырын туюга дарманым жетпеди.
Кубулуп кеттиң. Айпери, күнпери, суупери, гүлпери, жинпери болуп кубулуп кеттиң. Мени тирүүлөй жеп койдуң. Тырмагымдын карасын, чачымдын чымчым талын да калтырбадың. Ушинттиң. Мен сага жеңилип калдым. Сен дагы деле "керемет талааңда" жүрсөң керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео