Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#121 Пользователь офлайн   Mondur   07 Август 2013 - 18:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Просмотр сообщения Evelet (13 Июнь 2013 - 02:27) жазган:

Бир ооз сөздүн салмагы Бир ооз сөз жүрөк жаралайт, Бир ооз сөз абийир каралайт. Билинбей туруп адамга, Бир ооз сөз ооруну дарылайт. Бул кыска жашоодо эч кимдин көнүлүн орутпайлы!



Просмотр сообщенияEvelet (27 Июль 2013 - 20:42) жазган:

Тил жүрөктүн кабарчысы Адамдын тили түзд өлб өс ө жүр өг ү да туздө лбөйт. Эгерде жүр өк агарса тил дагы тазарат.Адамдын тили ички жан дүйн өс үн сырткы дүйн өг ө чагылдырып турат. Адамдын кандай экенин билгиниз келсе? Ачуусу келип сүй лө гө нүнө кулак салыныз! Оо Аллахым бардыгыбыздын жүр өг үб үзд үтазарткын! Эч бир адамды тилибиз менен көңүл үн муздатпайлы ! Сүрөт



Просмотр сообщенияEvelet (27 Июль 2013 - 20:57) жазган:

Айбандардан айырмаланалы Периштелерди акылдуу кылып кумарсыз жараткан,айбандарды кумардуу кылып акылсыз жараткан. Ал эми адам баласын акылдуу, кумардуу жаратты. Кимдин акылы кумарын башкара алса, анда ал периштелерге тең болот. Ал эми кимдин кумары акылына ээлик кылган болсо айбандарга тең болот.

Темадагы жазылган икаялардын ичиндеги эң кыскалары ушулар. Бирок мааниси баарыбир, баарыбир терең, улам кайталап окуйм. Ар бир пенденин дээрине ушул билдирүүлөр өчпөс ыймандын нурун сепсе экен...
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   milena95   08 Август 2013 - 13:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Атанын балага болгон милдети.
Азирети Умар Ислам мамлекетинин халифасы болуп турган кезде бир адам уулунун начар чыккандыгын даттанып халифага келет.Халифа атанын арыз-муңун уккандан кийин маселени чоо-жайын иликтөө максатында баласын чакыртып эскертуу берет.Катуу ойлонгон бала халифадан сурайт:
-Халифам.Өзүңүз айткандай балдардын мойнунда ата-эненин акысы бар экен,ага макул дейли.А ата-эненин мойнунда балдардын акысы жокпу?
-Албетте бар,Ата эң башта келечектеги таза урпак үчүн ыймандуу эне тандашы керек,замандын шартына ылайык окутуп,таалим бериши керек.
-Халифам,чынын айтайын,менин ата-энем сиз айткандын бирөөсүн да аткарган эмес.Атам бир отпарастын күңүнө үйлөнүптүр, энемдин Исламдан эч кандай кабары жок.Мени окутмак тургай,жакшы тарбия беришпеди.
Баланын жообун уккан халифа даттанып келген атага баш чайкап мындай дейт.
-Балаң сенин эмес,сен балаңдын акы-укугун тебелептирсиң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   milena95   08 Август 2013 - 14:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Атеист жана кичинекей мусулман.
Бала бакчада атеист тарбиячы иштечү.Ал бир күнү балдардан сурады.Силердин араңарда кимиңер атеистсиңер, колуңарды көтөргүлөчү?
Балдардын баары тарбиячысына окшошкулары келип,сүйүнүү менен баары колдорун көтөрүштү.Бир гана Марьям колун көтөрбөдү.
Марьям сен эмнеге колуңду көтөрбөдүң?
Анткени мен мусулманмын.
Эмне үчүн сен мусулмансың?
Себеби ,менин апам менен атам мусулман.
Эгер сенин апаң менен атаң келесоо болсо,анда сен ким болмоксуң?
Атеист!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   milena95   08 Август 2013 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Сен кимсиң?
Сенин дарың сенде,бирок сен аны сезбейсиң! Ал эми сенин ооруң өзүңдө,бирок сен аны көрбөйсүң! Сен өзүңдү кичинекей деп ойлойсуң,а бирок сенде кең дүйнө жашырынып турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   milena95   08 Август 2013 - 14:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Жаманга теңелбе!
Бир киши танкалып даанышмандан сурады:Сага жамандык кылгандардан эмнеге өч албайсың?
Даанышман жылмайып туруп:"Эгерде, сени ит тиштеп алса,сен да ал итти тиштейсиңби? "деп жооп кылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   milena95   08 Август 2013 - 14:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Ар бир нерседе өрнөк бар.
Бир акылман суунун жээгинде ойлонуп отурса,суусаганынан алы кеткен иттин суунун жээгине келип,суу иче албай кайра кайтып жатканын көрөт.Ит абдан суусаган,бирок сууга жакын келгенде тунук суудан өзүнүн көлөкөсүн көрүп коркот.Ошондон улам суу иче албай качып жаткан экен.
Акыры чыдабай өзүн сууга таштайт да,суудан өзүн көрбөгөндүктөн, коркпой суу ичип,чаңкоосун кандырат.Ошол замат акылман ойлонот:" Бул окуядан ұйрөнгөнүм, адам баласы каалоолоруна жетүүдөгү тоскоолдугу, көбүнчө өзү ойлоп,өз ичинде чоңойткон коркуу экен.Инсан ичиндеги коркуу сезимин жеңсе гана,каалаған максаттарына жете алат."Бир аз дагы ойлонот да,чыныгы сабак башка экенин түшүнөт.Негизги сабак,инсан акылман болсо дагы,ал үчүн бир иттен болсо да үйрөнүүгө сабак бар экенин түшүнөт.Ошондуктан, өзүңүздө эмне бар болсо аны башкалар менен тең бөлүшүңүз.
Сиз башкалардан үйрөнгөнүңүздөй эле,сизде да башкалар үйрөнө турган нерселер бар экенин унутпаңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   kokjar92   09 Август 2013 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 256
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 21:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Aaламга жол айылдан башталат... :)

Теманы башынан аягына чейин окуп келдим, таасирдүү да кеппи, абдан таасирдүү экен!!! Тез-тез окуп эске түшүрүп турчу, тарбия алуучу сонун икаялар экен... Рахмат чоң, мээнетиңиздерге! Дагы да күтүп калабыз...Сүрөт
Эл бар бекен Көк-Жардай, жигиттери Көк жалдай?! Күлүп койсо кыздары, электр шамы жангандай... )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   milena95   16 Август 2013 - 22:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Кантип эсеп кыламын.
Бир адам тамак аш алуу үчүн,жетиштүү деген акча санап алып базарга барып калат.Тамак аш алып жатып үйүнөн эсептеп келген акчасын соодагерге берип,басайын деп жатса,соодагер акча кем экенин билдирет.Үйүнөн бир нече жолу санап тактап келген эме"Кантип жетпейт,мен бир эмес,бир нече жолу эсептеп келген акчаны,берчи" деп соодагердин колунан алып эсептесе,чын эле жетпей калат.Ошондо тиги адам буркурап ыйлап баштаптыр,жанында турган соодагер:" Койуңуз эми,баарыбыз эле жаңылышабызда, сабыр кылыңыз,кааласаңыз карыз деп жазып койойун,шашпай төлөп берээрсиз" -деп сооротконго аракет кылат.Ошондо тиги адам:"Ээ,мен акчам жетпей калды деп ыйлаган жерим жок,ушу кымындай беш нерсе алганга ушинтип туура эмес эсептеп жаңылып жатсам,Аллахтын алдына барганда кылган амалдарым үчүн кантип эсептешем деп ыйлап жатам"-деген экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   milena95   16 Август 2013 - 23:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 631
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:25
  • Жынысы:Аялзаты

Ырыскыны Аллах берет!
Бир жолу бир падыша шаардын көчөсүндө жан-жөөкөрлөрү менен кетип бара жатып,кайыр сурап жаткан эки адамга кезигип калат.Кайырчылардын бирөөсү ордунан тура калып падышаны тааныгандыктан, "Оо Улуу урматтуу падыша,мага ырыскы берип,мени бай кылуучу,мага ырайым кылып кичине акчаңыздан таштай кетпейсизби" -деп падышага кайрылып кыйкыра баштайт.Ар жакта отурган кайырчы:" Кой антпе,ырыскыны Аллах берет,бай кылып,кедей кылуучу да ошол Зат.Кудайдан корк"-деп тигинин эсине келтирүүгө аракет кыла баштайт.Ат үстүндө кетип бара жаткан падыша алардын сөзүн угуп,токтобостон өтүп кетет,кечинде сарайында жатып,тиги ырыскыны Кудай берет,падыша бербейт деген кайырчынын сөзүнө тырчый түшөт,аны окутуш максатында бир нандын ичине оор алтын куймасын салдырып бышырууну буйруйт.Падыша эртеси ошол нанды жанына алып,баягы кайырчылардын жанынан өтүп бара жатып,тиги ырыскымды сен бересиң деген кайырчыга жанагы нанды таштап кетет.
Күн бою алтынды тапкан кайырчы,мына көрдүңбұ,ырыскыны падыша берет деп тиги кудай берет дегенге мактанып жатканын элестетип,падыша күн бою жакшы маанай менен жүрүп,эртеси тиги Кудайдан үмүт кылган кайырчынын акыбалын байкаш үчүн алар отурган көчөгө кайра жөнөйт.Ал көчөгө жеткенде,көргөн көзүнө ишенбейт,кечээ алтын катылган нан берген кайырчы кайыр сурап отурат да,беркиниси жок.Жанына жетип барган хан,"Сен дагы эле отурасыңбы мен сага кечээ толгон алтыны менен нан бербедим беле?"десе, тиги шоорду"Оо падыша,аны мага айтып койсоңуз болмок да,наныңыз оор болгонунан бышпаган нандын мага эмне кереги бар деп,тиги келесоого бир динарга сатып ийгем,мага дагы ошондой нан бербейсизби" -деп жалдырай баштайт.Анда падыша:"Сен эмне уккан жоксуңбу,ырыскыны Кудай берет,мындан кийин тиги шеригиңе окшоп Кудайдан тиленип жүрчү"деп чаап кеткен экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Rinat_91   16 Август 2013 - 23:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Сен 2013 11:57

сонун окуя экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Мырзайым   21 Август 2013 - 11:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 19 Апрель 10
  • Соңку аракети: 03 Янв 2014 23:47

Иш десе ишке, аш десе ашка тойбогон жаш жигит. Аты Азамат. Достору жөн гана Азик деп коюшат. Жаш экенине карабай көптөгөн ийгиликтердин ээси. Жогорку окуу жайын бүтүргөн мыкты бизнесмен. Сүйгөн кызы менен жолугушуп жүргөнүнө бир нече жыл болгон соң, экөө баш кошолу деп чечишти. Үйлөнүү тойдун алдында достору Азаматка күтүлбөгөн белек
б.а. сюрприз кылмай болушту.
Жигиттин достору да өзү сыяктуу жогорку билимдүү, дөөлөттүү жигиттер эле. Банкет уюштурушуп, акырында Азикти саунага жөнөтүшөт. Ал жакта аны досторунун белеги - бир сулуу күтүп турган экен. Үйлөнө турган жаш жигит сулуунун кылтагына илинет.
Көрөр замат сүйүп калууга болбобу деген суроо көп талаш туудуруп келет. Көптөр мындай сүйүүгө ишенишпейт. Кээси ишенет.
Азамат болсо сулууну көрөр замат эле сүйүп калат.
Эртеси соолуккандан кийин баягы сулуусун издеп табат. Ошентип белгиленген үйлөнүү үлпөтү болбой калат. Алданган кыздын кыялы ишке ашпай, жүрөгү жараланат. Көрөс жигити чындап сүйбөгөн экен да.
Кайран Азик баягы сулуусу менен баш кошкону жаткан учуру. Достору дагы сюрприз даярдап коюшту. Буга болчок колуктусу эмнегедир каршы. Жүрөгү бир нерсени сезгендей.

Кандай дейсиз окурман? Бул жигиттин сезимин сүйүү деп айтууга болобу?
Чыныгы сүйүү кандай болушу керек?
Адам баласы жаратылышынан эле сүйүүгө муктаж. Аны кимдир-бирөө сүйүшүн, баалашын каалайт. Бирок тилекке каршы сүйүү тууралуу көптөгөн туура эмес түшүнүктөр бар. Көптөр сүйүүнү кумар менен алмаштырып келишет. Кумар – бул сүйүү эмес. Кумар – болгону денелик каалоону аткаруу. Кумар – бул өзүмчүлдүк. Ал дайыма бир нерсе алууну каалайт. Ал эч качан күткүсү келбейт.
Чыныгы сүйүү болсо - өз керт башын ойлобойт. Чыныгы сүйүү башка адамдан алганга эмес, бергенге даяр. Сүйүү – күткөнгө даяр. Ыйык Жазууда кумар менен сүйүү салыштырылган көптөгөн мисалдар келтирилген. Алардын кээ бирине кайрылсак: Дөөттүн уулу Абышаломдун Тамар деген сулуу карындашын Дөөттүн уулу Амнон сүйүп калды. Амнон карындашы Тамар үчүн ушунчалык кайгыргандыктан, ооруп калды, анткени ал кыз эле, ага бир нерсе кылуу Амнон үчүн оор болчу. Бирок Дөөттүн бир тууганы Шимдин уулу Жонадап деген Амнондун досу бар болчу. Жонадап абдан куу адам эле. Ал Амнондон: “Күн өткөн сайын эмнеге арыктап бара жатасың, канзаада, мага ачык айта алар бекенсиң?” – деп сурады. Амнон: “талаш агам Абышаломдун карындашы Тамарды сүйүп калдым”, - деп айтты. Жонадап ага мындай деди: “Төшөгүңө жат, оорумуш болуп кал. Атаң сени көргөнү келгенде: “Карындашым Тамар келсин, мага тамак берсин, мен көрүп турушум үчүн, менин көзүмчө тамак жасасын, мен анын колунан тамак жейин”, - деп айт. Ошентип Амнон жатып, оорумуш болуп калды. Ошондо падыша аны көргөнү келди. Амнон падышага мындай деди: “Карындашым Тамар келсин, менин көзүмчө бир-эки нан бышырып берсин, мен анын өз колунан жейин”. Дөөт Тамардын үйүнө: “Бир тууганыңАмнондун үйүнө барып, ага тамак жасап бер”, - деп айттырып жиберди. Тамар агасы Амнондукуна барды. Ал төшөктө жаткан. Ал ун алып, камыр жууруп, тигинин көзүнчө нан бышырды. Табаны алып, анын алдына койду, бирок ал жегиси келбеди. Амнон: “Үйдөгүнү баары чыгып кетишсин”, - деди. Баары чыгып кетти. Ошондо Амнон Тамарга: “Тамакты үйдүн ички бөлмөсүнө алып бар, мен өз колуңдан жейин”, - деди. Тамар жаңы жапкан нанды агасы Амнондун ички бөлмөсүнө алып барды. Жесин деп, кыз анын алдына койгондо, ал аны кармап алып: “Кел, карындашым мени менен жат деди”, - деди. Бирок ал мындай деди: “Жок, агатайым, менин абийиримди булгаба, анткени Ысрайылда мындай кылууга болбойт, мындай жийиркеничтүү ишти кыла көрбө. Абийирим булганып калгандан кийин, мен кайда барам? Сен өзүң да Ысрайылдагы акылсыз адамдардын бири болосуң. Падыша менен сүйлөш, ал мени сага берүүгө каршы болбойт”. Бирок ал анын сөзүн уккусу да келбеди, күч менен зордуктап ага жакындады. Анан Амнон аны абдан жек көрүп калды, ошол жек көрүү ага болгон сүйүдөн да күчтүү болду. Анан Амнон ага: “Тур да, кет”, - деди. Тамар: “Жок, мени кубалап чыкканың жанагы биринчи жасаган ишиңден да жаман”, - деди. Бирок ал аны уккусу келген жок. Ал кызмат кылган уланды чакырып: “Муну сыртка кууп чыгып, эшикти бекитип кой”, - деди.

Амнондун сүйүүсү чыныгы сүйүү эмес болчу. Тек гана кумар эле. Жогоруда айтканыбыздай чыныгы сүйүү күтө алат, ал эми кумар эч качан күткүсү келбейт. Амнон кыздын мындан аркы тагдыры тууралуу ойлонуп да койбостон, кууп чыкты. Ал денелик кумарын сүйүү деп эсептеген.
Тоораттагы Башталыш китебинин жыйырма тогузунчу бөлүмүндө жащылган дагы бир окуяга көңүл бурсак: “Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты – лея. Кичүүсүнүн аты – Рахел. Леянын көзү начар көрчү, ал эми Рехелдин мүчөсү келишимдүү, өтө татынакай эле. Жакып рахелди сүйүп калып: “Мен кенже кызың Рахел үчүн сага жети жыл кызмат кылам”, - деди. Лабан ага : “Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө сага бергеним жакшы. Меникинде жашай бер”, - деди. Ошентип, Жакып Рахел үчүн жети жыл кызмат кылды. Ал аны сүйгөндүктөн, бул жылдар ага бир нече күндөй эле көрүндү”.
Байкадыңызбы, замандаш Жакып Рахелди сүйгөндүктөн жети жыл ага бир нече күндөй эле көрүндү дейт. Демек чыныгы сүйүү канча жыл болбосун күтө билет экен да.
Чыныгы сүйүү көптөгөн өзгөчөлүктөргө ээ. Чыныгы сүйүү достуктан башталат. Чыныгы сүйүү адамды толугу менен сүйөт. Сүйгөнүң менен чогуу болуу, кайгы-кубанычын тең бөлүшүү ырахат тартуулайт. Чыныгы сүйүү өз керт башын ойлобойт. Сүйгөнү үчүн бардыгын курмандык кылууга даяр. Чыныгы сүйүү кандай гана кыйынчылык болбосун акырына чейин чыдайт. Чыныгы сүйүү адамдагы эң жакшы саппатарды жарыкка алып чыгат. Сен сүйгөн адам сени менен сыймыктанышын каалайсың. Сүйүү – көз ирмемеде эле пайда боло калып, сени көтөрө чапкан сезим эмес, сүйүүнүн пайда болуп, бекемделишине бир топ убакыт керек. Кээ бир ырлардан көрөр замат сүйүп калуу чыныгы сүйүү деген саптарды угуп калабыз. Бирок чыныгы сүйүү андай эмес. Сүйө турган адамыңдын кандай экенин билмейинче чындап сүйө албайсың. Ал эми ал адамды толук билиш үчүн убакыт талап кылынат. Сен ага көңүлүң түшүп, жактырып калышың мүмкүн, бирок ал адамдын кандай экенин билбей туруп көрөр замат чындап сүйүп калуу мүмүкүн эмес.
Кудайдын жана АЛ жараткан адам пенделеринин душманы болгон – шайтан чыныгы сүйүүнүн дамын татышыңды каалабайт. Ал сага жалган сезимдерди сүйүү деп ишендирүгө аракет кылат. Ал сенин бузуктук кылууңду, жашооңдун, тагдырыңдын толугу менен талкаланып, акыры жаныңдан кечишиңди каалайт.
Жараткан Теңир болсо сени чексиз сүйөт. Сага жакшылык гана тилейт. Сенин жан дүйнөңдө денелик кумар эмес, анык, чыныгы сүйүү жашашын каалайт. Ал сенин келечекте бекем пайдубалдуу үй-бүлө курушуңду, жубайың экөөң бир-бириңе өмүрүңөрдүн акырына чейин ишенимдүү болушуңарды жана сенин коломтоң бейиштин бир бөлүгү болушун чын дилинен каалайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   23 Август 2013 - 00:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

Чегирткенин укугу..


Чон энемдин колунда остум, а киши Аллах жолунда туз жургон, беш маал намаз окуп, орозону такай кармаган такыба эле. Энем ушул окуяны айтып берген: "Кичине эс тартып калган кезим эле. Жайлоодо, айлана жапжашыл жай куну. Ата энем айылдын молдосун коноко чакырып боз уйдун алдында дастаркон жайып кымыз ичип суйлошуп олтурушкан. Бир маалда молдонун чапанынын этегине жашыл чегиртке секирип келип коно калды. Ал этегин силкип тушуруп жиберейин деп силкип жиберсе чегирткенин бир буту сынып тушуп секире албай туруп калды. Ошо жерден молдо: "Оо, Аллахым ушул чегирткенин тарткан азабын мага ушул дуйнодо бер" деп дуа кылып ийди. Мен бул эми бир чегиртке да деп тан калдым. Бир жума откон жок, молдону жылкы тээп буту сынып, копко чейин тошокто жатканы эсимде. Ошо мага чон сабак болду балам. Бей куноо жандыктын убалына калбагыла, ачка калбасанар атып аларды кырбагыла. Алла жараткан бут жандыктарынын убал сообу, укугу, акысы болот" деп айткан эле... Азыр ойлосом ал молдо "Кыямат Улуу Сот куну ким эгер бир инсанга же жандыктарга бейкуно зулумдук жеткирген болсо Аллах ал инсандын, жандыктын зулум бергенден очун, акысын алып берет деген хадиске амал кылган экен, Кыямат кундогу так эсептешууго даярданып, ал кундо жан чыдагыс азапка чыдай албасын билип жазасын бул дуйнодо сураган экен... Азыр эми токчулук заманда кумар учун кызыл китептеги кекилик, улар, балык, каз ордок, эчки текелерди кырып, эттерин сатып жургон анчылардын Улуу сот кунундогу абалы тобо кылып токтошпосо не болот... Жандыка зулумдук жеткиргенден сак болсок, алардын ээси Улуу Кыямат кундун Падышасы Адилетуу Аллах...
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   A.COM   23 Август 2013 - 01:35

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2015 16:33
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы::ысаалаК

Чоон рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   beka.kg.91   24 Ноябрь 2013 - 15:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 23 Июн 2016 21:48
  • Жынысы:Эркек

аябай сонун экенСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   jetinur90   24 Ноябрь 2013 - 16:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Улгу алуу,ойлонуу учун жакшы ибрат экен. Бул икаяларды окуп жатып тушунгонум ушул болду: жашоо учун кара курсакты гана кампайтпай, жандуйного да кун сайын азык берип туруу зарыл экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   urmat_88-kg   24 Ноябрь 2013 - 16:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 01 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2015 11:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ

........ Небере менен чон ата......
Небересин ээрчитип чон ата тоого барды. Небереси атасы узап кеткендиктен "чон атааа" деп кыйкырды ошол замат ары жактан дагы "чон атааа" деген ун угулду. Буга тан калган бала "сен киим" кайра эле ошол ун менен "сен киим" Буга ачуусу келген бала " ээй жиндии" деп кыйкырат. Ал жактан да "ээй жинди " деген соз угат. Небересинин озунчо кыйкырып жатканын коргон чон ата. Ии кулунум не болду. Ата мени бироо туурап жатат ким экен ал. Бала ээй сени атама айттым. Даагы эле ошол. Чон ата кулуп. Кулунум муну "жанырык" деп коет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   urmat_88-kg   24 Ноябрь 2013 - 16:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 01 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2015 11:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ

Бирок мунун тарбиясы чон балам. Карап тур " сеен кандай коозсун" деп кыйкырды чон ата. Ошол замат уну жанырык аркылуу кайталанды. Кордунбу балам адамга да кандай мамиле кылсан ошондой жооп аласын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   HADICHA94   02 Декабрь 2013 - 12:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 01 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Янв 2018 13:35

абдан таасирлуу окуялар экен.жазгандарыныздарды окуп гана койбостон , амал кылгандардан бололу.АЛЛА ыраазы болсун сиздерден! АМИИНЬ!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   HADICHA94   05 Декабрь 2013 - 18:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 01 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Янв 2018 13:35

Эки дос окуусун бутурушот. Бириси алыска озунун айылына кетет. Экинчиси шаарда иш таап, иштеп калат. Бир канча ай откондон кийин шаардык досу, айылга тиги досуна коноко барат. Ал жерде кокусунан сулуу бир кызды коруп калып, анын ким экенин сурайт. Досу анын коншусунун кызы экенин айтат. Бирок шаардык досунун тиги кызды жактырып калганын байкап, экоону тааныштырат. Кийинчереек эки жаш баш кошушат. Арадан бир канча жыл отот. Айылдагы досунун иштеринде проблемалар чыгып, эмне кылышын билбей, акырында шаардагы досуна барууну чечет. Шаардагы килейген фирманы коруп, досунун абалы абдан жакшы экенин байкайт. Туура эле досунун кабинетине кирууго аракет кылат, бирок секретары уруксат бербейт. Атын айтат, озун тааныштырат, эн жакын досу экенин айтат...бирок кабинетке кирууго уруксат беришпейт. Тиги досу болсо аны тааныбайм деп коёт. Эмне кылаарын билбей, башы ман болуп отуруп калат. Эн жакын досунун мындай кылаарын куткон эмес болчу... Кайра уйуно кайтайын деп жолго чыгат. Бир аз баскандан кийин жолдо карыган бир абышканы корот. Мунун аябай капа болгонун коруп " эмне болду балам,абдан капасын, балким жардамым тийип калаар " -деп суйлошконго аракет кылат. Тиги болсо жооп бербейт. Бирок абышка акыры тигини суйлоттурот, экоо таанышышат. Болгон окуянын баарын айтып берет. Анан абышка " Мен абдан бай кишимин, бирок карып калдым, байлыктын коп деле мааниси калбай калды, кааласан сага бираз жардам берейин " дейт. Тиги канчалык болбойт десе да болбой коп суммада акчалай жардам берет. Ошентип кайрадан иштерин ондоп кетет. Арадан бир канча жыл отот. Бир куну шаарда бир жолугушууда, эки дос бири бирин коруп калышат. Канчалык бири биринен качканга аракет кылышса да шарттар экоону бир жерге алып келет. Акырында суйлошо башташат. Бир жолу мен сага келдим эле, жардамын керек болчу, эмнеге мени кабыл албадын ?... Ошол куну жолдо бир абышканы кордун беле ?.. Ооба коргом, сен аны кайдан билесин ?- Билем. Ал убакта сенин проблемаларын болгонун да билем. Бирок сага акчалай жардам берсем, Менин жанымда дайыма баш ийип, менден тартынып журоорунду каалаган жокмун. Анткени сен менин эн жакын досумсун.Сенин менин астыма кирип акча сурашынды каалабадым, сени суратбай берейин деген болчум Ошон учун тиги абышканы жоноттум, ал менин атам болчу. Акчаны да мен берген элем.. - Хмммм, ошол убактагы сен жактырып,мен силерди тааныштырган кыз, азыркы аялын.....мен ото суйгон,мен энсеп,мен суйуп жургон кыз болчу...

Билдирүүнү түзөткөн: HADICHA94: 05 Декабрь 2013 - 18:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Lumia-800   08 Декабрь 2013 - 20:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Просмотр сообщения HADICHA94 (05 Декабрь 2013 - 17:33) жазган:

Эки дос окуусун бутурушот. Бириси алыска озунун айылына кетет. Экинчиси шаарда иш таап, иштеп калат. Бир канча ай откондон кийин шаардык досу, айылга тиги досуна коноко барат. Ал жерде кокусунан сулуу бир кызды коруп калып, анын ким экенин сурайт. Досу анын коншусунун кызы экенин айтат. Бирок шаардык досунун тиги кызды жактырып калганын байкап, экоону тааныштырат. Кийинчереек эки жаш баш кошушат. Арадан бир канча жыл отот. Айылдагы досунун иштеринде проблемалар чыгып, эмне кылышын билбей, акырында шаардагы досуна барууну чечет. Шаардагы килейген фирманы коруп, досунун абалы абдан жакшы экенин байкайт. Туура эле досунун кабинетине кирууго аракет кылат, бирок секретары уруксат бербейт. Атын айтат, озун тааныштырат, эн жакын досу экенин айтат...бирок кабинетке кирууго уруксат беришпейт. Тиги досу болсо аны тааныбайм деп коёт. Эмне кылаарын билбей, башы ман болуп отуруп калат. Эн жакын досунун мындай кылаарын куткон эмес болчу... Кайра уйуно кайтайын деп жолго чыгат. Бир аз баскандан кийин жолдо карыган бир абышканы корот. Мунун аябай капа болгонун коруп " эмне болду балам,абдан капасын, балким жардамым тийип калаар " -деп суйлошконго аракет кылат. Тиги болсо жооп бербейт. Бирок абышка акыры тигини суйлоттурот, экоо таанышышат. Болгон окуянын баарын айтып берет. Анан абышка " Мен абдан бай кишимин, бирок карып калдым, байлыктын коп деле мааниси калбай калды, кааласан сага бираз жардам берейин " дейт. Тиги канчалык болбойт десе да болбой коп суммада акчалай жардам берет. Ошентип кайрадан иштерин ондоп кетет. Арадан бир канча жыл отот. Бир куну шаарда бир жолугушууда, эки дос бири бирин коруп калышат. Канчалык бири биринен качканга аракет кылышса да шарттар экоону бир жерге алып келет. Акырында суйлошо башташат. Бир жолу мен сага келдим эле, жардамын керек болчу, эмнеге мени кабыл албадын ?... Ошол куну жолдо бир абышканы кордун беле ?.. Ооба коргом, сен аны кайдан билесин ?- Билем. Ал убакта сенин проблемаларын болгонун да билем. Бирок сага акчалай жардам берсем, Менин жанымда дайыма баш ийип, менден тартынып журоорунду каалаган жокмун. Анткени сен менин эн жакын досумсун.Сенин менин астыма кирип акча сурашынды каалабадым, сени суратбай берейин деген болчум Ошон учун тиги абышканы жоноттум, ал менин атам болчу. Акчаны да мен берген элем.. - Хмммм, ошол убактагы сен жактырып,мен силерди тааныштырган кыз, азыркы аялын.....мен ото суйгон,мен энсеп,мен суйуп жургон кыз болчу...


Азаматсын.Сүрөт Адамдар баары ушундай болушса...
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: