Кыргыз ак калпагынын азыркы абалы
#41 11 August 2013 - 11:26
Биздин калпагыбыздычы орусияда баняга парилкага кийип барыш мода болуп кетиптирго?
коп кором
#42 26 August 2013 - 11:25
Мырзалар всегда калпак кийип журушсо сонун жарашат.5 мартта кордум ушунчалык козду суктантат.Акыркы убакта кийилбейда калды.
#43 26 August 2013 - 15:38
Мен мындан ары Кудай буйруса окууга костюм шым мен калпакты бастырып барбасамбы.
#45 01 September 2013 - 11:20
Ачык айтыш керек,калпак кийбейм.Эми "кийип жүрөм" деген ниеттемин.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#46 02 September 2013 - 22:58
Ажыркы абалы эң жакшы...
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#47 12 February 2015 - 14:08
Ала тоосу ааламдан тынчтык тилеп
Ак чокулар занкайып асман тирейт
Ала тоодой апапак ак калпакты
Ак пейилдуу,ак ниеттуу КЫРГЫЗ киет...
Ак чокулар занкайып асман тирейт
Ала тоодой апапак ак калпакты
Ак пейилдуу,ак ниеттуу КЫРГЫЗ киет...
#48 13 February 2015 - 05:21
Азыркы абалы кулага шугур деп айта алам.
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#49 15 February 2015 - 22:07
Мен ушуга чейин эн коп дегенде 3жолу кийсем керек,эсте калганы бир жолу кийгеним.
#50 15 February 2015 - 22:15
Жакшы эле десек болот азыркы абалы. Анча мынча терс угутоолор ортодон чыкпаса эле оз кийимин салтын саткандар .
#51 15 February 2015 - 22:57
Кыргыз калпагы нукура кыргыздарга пайдалуу баалуу баш кийим болгон эми, ысыкта ысык отпой, бороондо суук отпой, аппак ону тазалыкты, ак ниет берешен элдин символу десек болчудай.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#53 14 March 2018 - 23:07
"Аю" деген фирмада бир бальзам бар кыргыздын чепкенин анан калпагын кийгизип коюптур. Ошол болбойт да.
Мен бир күнү болбосо бир күнү сүрөтүн жүктөп коем.
Бир убакта калпакты бальзамга кийгизип коюптур деп кейип жүрсөм, эми былтыр декабрда итке калпак кийгизгени өкүндүрөт.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#54 24 March 2018 - 18:44
Калпак-биздин уяткулуу улуу эл экенибизди даңазалаган улуттук кийимибиздин эң кадырлууларынан бириси. Илгертеден эле, ак калпакты ыйык тутуп аздектешкен.
Киндиктен жогору жакка сактоого аракет кылышкан. Эми, түзүлүшүн алып карай турган болсок, өзүнө өзгөчө купуя сыр, терең философияны камтып турат. Кыргыз эли, тоо коюнунда жашагандыктан бул калпак ак мөңгүлүү Ала-Тообуздун элесин чагылдырып турат. Ала-Тоо кыргыз элин ар кандай ызгаардан, жаратылыш кырсыктарынан сактап, суу болуп, дан болуп, жандууларга азык болуп келет. Мындан улам, жигиттерибизге дал ушул турмуш жүгүн артып, калпак кийгизишкен.
Калпак кийген жигиттин моюнунда Ала-Тоо сындуу эли-жерин ар кандай ааламаттан коргоо, кыздарынын намысын коргоо, элинин тынчтыгын коргоо бул калпакта философиялык ой менен чагылдырылып турат. Ал эми, калпактын оюулары, анын өңү да атайын жаш курракка чектелип кийилиши шарт. Мисалга, жаш жеткинчектердин калпагынга "бугу",
"умай эне" деген сыяктуу оюлар салынат. Акылман, көсөм ак сакалдарга анын жашына карап бакай калпак кийгизишет.
Дагы да калпак жөнүндө айта берсек сөз түгөнбөйт. Негизи, аялзаты эркек адамдын баш кийимин өзгөчө кадырлашы шарт. Аялдын баш кийимин кадырлаганын көрүп, балдары да, атанын, эркек затынын ыйык, кадырлуу экенин кичинесинен сезип-туюшуп,
атага болгон урматтоо күч алат! Эхх кандай гана акылман элбиз ээ)
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#55 30 March 2018 - 17:14
Кытайда жасалган кыргыз калпагынын абалы ото эле жакшы))). Тонналап келип, тонналап эле базардарда сатылып атат. Алар тонналап той мааракелерге,
олук аштарга сатылып кетип атат. Бирок кочодо тонналап кийилген калпак корунбойт.
brother
#57 04 April 2018 - 01:20
Бир убакта калпакты бальзамга кийгизип коюптур деп кейип жүрсөм, эми былтыр декабрда итке калпак кийгизгени өкүндүрөт.
Сенго бальзамга кийгизгенин корупсун.
Кечеки жумада жума намазына кирип баратып бироосу батинкесине батек кылып салып алыптыр, туугандардан болсо керек десем озубуздун кыргызбайлар эле экен
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#58 06 January 2019 - 03:09
Бир таза кийизден жасалган калпак алып кийем деп эле ойлогон ойду кыстаган турмуш женет болуп журом

Супер-Инфо
super.kg
видео




















