Мектептин ар бир классында эч болбосо экиден чектен ашкан тентек окуучу болот.Албетте,
бул сапат балада чонойгондон кийин пайда болбойт.Ал кичинекей кезинен эле ушундай болуп чоноёт.Мындай балдар эч кимди укпайт:ата-эненин урушканын да,мугалимдин тыйганын да,акырын айтканды да,коркутуп айтканды да.Копчулук ата-энелер менен мугалимдер мындай балдарды тарбиясыз,тил албаган бала деп эсептешет.Натыйжада,
тынымысыз уруша беришет,уруша беришет.......
Алтургай,жаза катары коп уруп-согушат.
Негизи ушул туурабы?Аларга кандай мамиле кылуу керек?
Баланын ашыкча тентектиги оорубу?
#2 11 August 2013 - 15:10
Ашыкча тентектикти оору деп атоого болбойт.Бирок,
анча - мынча мындай балдардын нерв системасы дарыланууга,
жардамга муктаж болгон учурлар болот.Антпестен жайына коюп койсо,алардан акыл - эси кем,депрессияга тез тушо турган,озуно ишенбеген,озун озу олтуруудон кайра тартпаган жана болочок кылмышкерлер осуп чыгышы мумкун.
Анан кыргызда,тентек бала тез токтолот деп да коюшат го.
Анан кыргызда,тентек бала тез токтолот деп да коюшат го.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#4 12 August 2013 - 07:39
Эгер эч кимге зыян бербей тентектик кылып жаткан болсо эч нерсе эмес. Мисалы чанга буланып ойноп же кийимдерин суу кылып дегендей. Бирок башкаларга зыян берип тентектик кылып жатса, анда буга конул буруш керек. Мисалы бироону сабап, кыздардын чачынан тартып дегендей. Тентек балдар тез токтонот деген менен токтонбой калгандары да кездешет. Мисалы менин бир досум бар. Токтонбой калган. Эч тынч журбойт. Каерге барса ызы чуу. Адам олтурууго катыштыгы бар деп камалып да кете жаздаган. Бирок коптон бери коро элекмин. Балким азыр токтонуп калгандыр.
#5 12 August 2013 - 10:04
уруп-согуп, жакшы соз айтбай жемелей берген зыян. чон адам менен суйлошкондой орчундуу суйлошуп, мындай кылганын туура эмес болуп калды, мен сага ишенем, башка балдардан озгочосун, сен акылдуусун ж.б создор таяка караганда эффективдуу.
Тентектик кылганга кетип жаткан энергиясын балага пайдалуу иштерге жумшоо, эмнеге шыктуу экенин байкап онугуусуно шарт тузуп беруу керек. Кыскасы озгочо козомол, чыдамкайлык жана убакыт керек.
#7 22 August 2013 - 10:32
бессмертныйга кошулам. Ашыкча тентек балдар откур болот. Алар же бар болот, же жок болот. Аларга таяк эмес жакшы мактаган соз керек
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#8 27 August 2013 - 15:19
#9 27 August 2013 - 15:53
Тентек балдарды алдап,мактап,
жылуу мамиле кылып, сен жакшысын деп тарбиялаш керек. Баланы ого бетер урушуп,кагып силккен сайын ошончо баланын көңүлү кирдеп,ого бетер күчөшү мүмкүн. Ошондой эле бир нерсеге кызыктырып мисалы ар кандай ийримдерге катыштырып алаксытыш керек.
#10 07 November 2013 - 22:31
Кандай гана бала болбосун, 4-5 жаш курагында фантазиясы өнүгүп, бир нерселерди ойдон чыгарып алуу жөндөмдүүлүгү күчөйт. Дал ушул куракта болбогон окуяларды айтып баарынын ооздорун ачат. Мисалы, чоңдугу уйдай болгон ит көргөнүн, атасы апасынын чачынан сүйрөгөнүн.
.. Буга таң калуунун, тынчсыздануунун кереги жок. Анткени, бул балдардын өнүгүшүндөгү мыйзамченемдүү көрүнүш.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 07 November 2013 - 23:41
Чын эле,чондордун ойуна келбеген создорду айтышканда тан каласын адам.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#12 01 February 2016 - 00:36
Эч кандай оору эмес. Мактоо бир пайыз да жардам бербейт. 8 класс,максимум 11 кл чейин токтолот.
#13 10 February 2016 - 10:29
Баары акылдан коз каранды. Акылдуу тентек болсо турмушка тын болот. Акылы да жок,тентек дагы болсо озунун да,ата-энесинин да шору. Балдарыбызга акыл,ыйман берсин
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео

















