Бул теманы ачуудан максатым журогумдун тупкурундо жаткан жоопсуз калган сезимдеримди форумчулар менен болушуу. Туура корсонуздор кенешиниздерди берип коюнуздар
Алгачкы сүйүүм - түбөлүк арманым...
#2 13 August 2013 - 15:10
Кенеш Берели,бирок теманы толуктап койсонор
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#3 13 August 2013 - 15:14
Бул дуйнодо адам баласына Жаратканым ар кандай сыноо менен сынайт экен. Албетте биз сыналуу учун келгенбиз деп ойлойм. Озум да канча ойлонсом да оюума жетпейм. Балким бул мага келген ашыктык менин пешенеме жазылган сыноомдур, озум да билбейм?......
. ...2005- жыл. Кычыраган кыш мезгилинин декабрь айы. 5-класста окуган кезим. Ал кыз менен досумдун тамашасы аркылуу таанышып дос болуп калдык. Ал болсо менден бир жашка улуу эле. Азыр ойлонуп корсом озум да ишенгим келбейт кантип аны м.н 5-кл да окуп таанышып достошо алдым? Элестете да албайм. Ошентип учкан куштай ото берди. А биздин достугубуз кундон кунго бекемделе берди. Кун сайын сабактан кийин калып ойнойбуз дегендей албетте жалгыз эмес анын достору менин досторум дегендей.
#4 13 August 2013 - 15:25
Убакыт отуп мен 7-кл ал 8-кл окуп калды. Мына ушул муноттордон баштап ал кызга карата журогумдо башкача бир сезимдер пайда боло баштады. Ага жипсиз байланып кун сайын корбосом тура албачудай болуп калдым. Башымды ооруткан тушунуксуз суроолор курчай баштады же тунгуюктан жол таап чыга алсамчы? Канчалык аракет кылбайын эч эле ашыктыгымды билдирууго эрким жетпей койду. Канча ирет аракет кылсамда колумдан келбейт. Жанына барсам эле сурдоп эмне соз айтаарымды билбей калам. А анын оюнда достуктан башка эч нерсе жок. Балким мен ото эле аша шаап кеткендирмин достугумду ашыктыкка айландырып,
бирок бул да болсо оз эрким менен болгон жок го айтор эмне кылаарымды билбей башым айланган.
#5 13 August 2013 - 15:39
Коендой окшош кундор отуп жатты кундор айларга айлар жылга алмашып жатты. Ошентип ал 9-кл бутуп Ош шаарына колледжге окууга тапшырды. А мен болсо каникулдан келип 9-кл босогосун жаны аттадым. Ал жок кундорум бир кызыктай отуп жатты тушунуксуз.
Ушул аралыкта канча ирет аны унутууга да аракет кылдым бирок майнап чыккан жок. Канча ирет ал жанымда жок болсо унутушум батыраак болор дедим бирок кундон-кунго аны коргум келип кыйналып кеттим. Бугумду эч кимге айта албадым жада калса жакын досторума да. Баары жокко акылым жетип турат ал менден бир жашка улуу баары бир ага жетпешимди экообуздун бирге болбошубузду билсем жа журогумо буйрук бере албадым. Озумду окуу менен алаксытайын аны ойумдан чыгарып салайын дейм бирок качан жалгыз калганда кайрадан эле ойлорум ага учуп барат. Бир канча убакыт отуп окуу менен болуп экзамендерге даярданып дегендей бир кыйла андан алыстадым 9-кл да ийгиликтуу аяктап алдым. Айта берсем соз коп дегендей созумдун ток этеер жерин айтайын.
#6 13 August 2013 - 16:07
... 10-кл экзамендерин тапшырып классташтарыбыз м.н табиат койнуна бир кундук эс алууга бардык. Мына кызыык тагдырдын тамашасыбы билбеймин бирок ошол куну менин жандай коргон жалгызым да курбу кыздары менен эс алганы барыптыр. Эми чыдап тура албадым ойлонуп ойлонуп ага жетпесимди билсем да жок дегенде ага журогумдогу бар сырымды айтып калайын дедим. Жолугуп аны муну суйлошум андан кимдир бироо менен суйлошуп жатасымбы десем жок деп жооп айтты. Акыркы бар кучумду эркимди топтоп ага бар сезимдеримди билдирдим. 4 жылдан бери айта албай азапта жургонумду баары баарын айттым. Ал болсо эч нерсе оюунда жок болгондо да дос катары билип жургон озунон бир жашка кичуу адамдан бул создорду кутподу окшойт уккан кулактарына ишенип ишенбей нес болуп калды Бул муноттордогу анын да менин да абалымды эч кандай соз менен айтып же суроттоп берууго болбойт эле. Мен да кудум 4 жылдан бери эбегейсиз чон тоону желкемде алып журдум го ал тоо бугун желкемден кулагансыды.
Андан он жооп ала албасам да суйуумду билдире алганыма кайыл болуп баса бердим. Кайра эле сагыныч кайра эле кусалык...
#7 13 August 2013 - 16:14
ал каякта азыр анан? Жооп ошол боюнча жокпу?
Let's Go~~~ Сделал дело,
гуляй смело!
гуляй смело!
#8 13 August 2013 - 16:40
Кутургонум учун кечирим сурайм жумушта элем. ... 11-кл май айлары эле. Ошто окуган досум тел чалып калды. Мына жашоомдун бороондуу кундору башталды го. Ал айткан суук кабарды угуп жинди гана болуп калайын дедим окшойт. Корсо ал бир жигит менен суйлошуп калыптыр. Мына ушул созду айтканда тобомдон муз куйгандай эле болуп кетти. Акыры болгон окуяны досторуа айттым. Ошол куну бир досумдун уйундо олтурдук. Болушунча ичтик. Негиз ичимдик ишчу эмес элем бирок ошол куну ачууну ачуу басат болуп кетти окшойт. .Бир эле мен эмес башка бир эки досум да кыздары менен таарынышып калган экен бизге ушул нерсе повод болду окшойт. Тан атканча бири бирибиздин кайгы мунубузду болуштук. Ал куну мастыкка салдымбы билбедим аны менен тел аркылуу байланыштым.
Неге экенин билбедим озумдон озум оксуп ыйлап дагы бир жолу ага суйоорумду болгон сезимдеримди дагы бир ирет билдирдим. Кечирим сурады аны айтты муну айтты айтор мени конулумду табууга аракет кылды. Мына ушундай. Бутуруучу классбыз анча мынча нерсе гана кызыктуу болбосо жашоом мазмунсуз отуп жатты. Окууну да ийгиликтуу аяктадым. ЖРТ алган баллымда жакшы болду. Эми кайсыл жакка окуйм мына ушул проблема. Ата-энем айылга жакын кыйналбайсын Кызыл-Кыяга тапшыр деди бирок болбодум. Кандай окууга окубайын баары бир эле Ошко тапшырууну чечтим. Ооба анын жигити бар бирок негедир ага жакыныраак болууну аны тез тез коруп турууну каалагандыктанбы Ошко келдим. Студенттик кундор башталды дегендей ал ортодо анча мынча дос катары жолугушуп тел аркылуу байланышып турдук. Бир четинен ага жакын болсом ал башканыкы болоорун билсем да кыйла женил болоор деп т.а аны деп шаарга келдим Бирок эч нерсе озгорбоду. Канчалык жалоорусам да ал мага дос катары гана мамиле кылат. Албетте бул анын тандоосу ага каршы чыгы албайм
#10 13 August 2013 - 17:09
Роман кылбай батыраак жазчы автор.Кенешибизди бере салалы.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#14 14 August 2013 - 02:49
Ток этеер жери мекенчил жигит ал кызды башка бироо менен да коргусу келбейт озунуку да кыла албайт мына ушундай... Андан умутун узгон жон эле караанын коргонуно кайыл болуп журот... Бирок умутту узуш оной эмес да, дагы эле бир керемет болоор деп кутуп жургон кези...
Кенешти мындай эле айтайын, баары бир сеники болбойт ал досум! Сеники болгон кундо да эртенки жашоон азыркыдан да ото азаптуу болот...
Кенешти мындай эле айтайын, баары бир сеники болбойт ал досум! Сеники болгон кундо да эртенки жашоон азыркыдан да ото азаптуу болот...
Судьба не приговор, судьба творение...
#15 14 August 2013 - 02:51
Ии баса, анын куйуту, мунун куйуту деп ичкенди сунуштабайт элем! Ичсен денен кыйналат, мээ ууланат андан коро сергек жашоо образын тандап ал, алдыга кадам таштай бер, бешенеге ким жазылса да татыктуу тугой болуп бергенге аракет кыл сенден ушул гана талап кылынат...
Судьба не приговор, судьба творение...
#16 14 August 2013 - 03:12
Ии баса, анын куйуту, мунун куйуту деп ичкенди сунуштабайт элем! Ичсен денен кыйналат, мээ ууланат андан коро сергек жашоо образын тандап ал, алдыга кадам таштай бер, бешенеге ким жазылса да татыктуу тугой болуп бергенге аракет кыл сенден ушул гана талап кылынат...
Туура айтасыз азыр ичкиликтен алысмын. Ошондо эле бир нече жолу ичкем. Аллахка шугур дейм азыр жинди суу м.н достошуп калбаганыма.
#17 14 August 2013 - 10:31
улантасызбы?
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#18 14 August 2013 - 10:46
... Арадан бир топ убакыт да отту, ал азыр Германияда билим алууда а мен болсо азыр Москвадамын.
Экообуз анча мынчада агенттен гана байланышып калабыз. Жакында Кыргызстанга барган экен досум номерин да берди эле бирок негедир чалгым келбеди. Себебин озум да билбеймин туура кылдымбы же жокпу айтор жоопсуз суроолор дале да болсо толтура. Бекеринен "Суйуш кыйын, суйбой коюу андан да кыйын а бирок унутуу мумкун эмес" деп айтпаган чыгаар. Мен да унута албай жашап келем. Бул нерсе колумдан келеби же жокпу аны да билбейм? Балким унутаармын деп башка кыздар менен да мамиле куруп кордум пайдасы жок. Бейкуноо аларды алдап эмне пайда. Суйуу болбогондон кийин мамилен ары барса достуктан отпойт экен. Азыр менде бир гана умут бар убагы келип ал турмуш курса мен да оз тенимдм тапсам балким ошондо унутушум женилирээк болор. Акылым менен баары жокту тушунуп турам а бирок журок чиркин ага конбойт экен... А.... не болгон кундо да сага бакыт тилеймин. Бул турмушта сени бактылуу корсом ошол менин бактым болот. Балким ортобуздагы бир жаш тоскоолдук кылдыбы билбеймин бирок бул нерсеге сен да мен да куноолуу эмеспиз. Буйруса жети жылдан бери мени кыйнап келе жаткан азаптардан кутулам бул нерседен да умут узбойм. Айтып коет эмеспи умут эн акыркы олот деп. Эмне болгон кундо да журогумдун тупкурундо менин эн таза эн аруу жоопсуз суйуум болуп туболук жашай бересин.......
..
#19 14 August 2013 - 10:49
Мына аяктадым кандайдыр бир кенешиниздер же сунушунуздар болсо калтырып коерсуздар.
Алдын ала чоон рахмат
#20 14 August 2013 - 13:52
Мекенчил жигит жазып откон окуян бир аз озгортулуп жазылдыбы? А.... бул анын ысымынын баш тамгасы да ээ? Атын деле айтып койчу...
Судьба не приговор, судьба творение...

Супер-Инфо
super.kg
видео














