Лидерсиз эч нерсе болбойт олкодо да,ишканада да,уй-булоодо да.Уй-булоодо кимдин лидер болушу -ар бир уй-булоонун жекече иши.Ошентсе да,мусулман элинин менталитетине ылайык,уй-булоо башкаруучусу эркек болгону дурус.Эгер сиз,уй-булоодо озунуз эмес,куйоонуздун кожоюн болуусун кааласаныз,
анда баарын эн башынан,чогуу жашай баштаган кунунуздордон баштоо керек.Ал учун:
Жоопкерчиликтин баарын оз моюнунузга албаныз,жолдошунуздун бышып жетилишин кутунуз."
Муну мен сенсиз жасай албайым",
"муну мага караганда сен жакшы жасайсын"
деген сыяктуу фразалар менен озунуздун куйоонузго коз каранды экендигинизди корсотунуз.
Куйоонуз качан озу билип жардамдашмайынча кутуп отура бербениз,коркпой эле озунуз жардам сураныз.Мойнуна коп тапшырмаларды уйуп,аны аткарышын талап кылбай,жумшак,
сылык турдо сураныныз.Эгерде,
мойнундагы тапшырмаларды унутуп калса,куйоонузду урушпаныз,ал ансыз деле оз куноосун сезет.
Эгерде жолдошунуз жардам беруу демилгесин озу которуп чыкса,анын жардамын жан-дилиниз менен кабыл алганынызды билдириниз жана мактаныз!
Бир жумушту экоолоп кылган кандай жакшы экенин,эгер жалгыз болсонуз,копко чейин бутмок эмес экенинизди,
анын жардам бергени сизге жагымдуу экенин айтыныз жана башкалардын козунчо да мактап коюуну унутпаныз.
Куйоонуздон жылуу создорду аябаныз.Аны менен сыймыктаныныз,
кандай гана эркек болбосун,созсуз бир озгочолугу,
жакшы жагы болот.Тугойунуз оор жумуш жасаганда,анын кучуно суктаныныз,
уй-булоодогу маселелер боюнча кутулбогон чечим чыгарса,анын акылына,жогорку ой-жугуртуусуно суктаныныз.
"Сенин колундан эмне келмек эле?","сен мага таптакыр жардам бербейсин"
ж.б.мындай создорунуз менен аны омур боюу "очуруп"
аласыз.Анын башчылык сезимин ойготуучу эн жакшы соз-"Биздин уйдун кожоюну-сен!
".
Үй-бүлөдө эркек менен аялдын милдеттери. Ар бир өз милдетин билиши керек.
#22 17 Август 2013 - 01:29
Жубайлардын бирин экинчиси бакыт менен камсыздап турганда бактылуу нике тузулот.Анын сынарындай,
куйоолорубузго бул жашоодо бакыт тартуулоо биздин милдет.
#23 20 Октябрь 2016 - 17:38
Негизи уйбулодо эркектин милдети бул, аялын тамак аш кийим кече м.н камсыздаш. Аялдын милдети болсо, балдарды дин м.н тарбиялаш. Тилекке Отто каршы азыр мындай болбой калды
#24 18 Декабрь 2016 - 17:44
nuradyl88 (11 Февраль 2013 - 16:44) жазган:
СЫРЫҢДЫ АР КИМГЕ АЙТА БЕРБЕ.
О, уулум! Ар кимдин өзүнө жараша сырлары бар жана ошондой болууга тийиш. Абдан ачык-айрымдуулук бир караганда жакшы көрүнүшү мүмкүн, бирок андайэмес. Бир гана сенин өзүңө тиешелүү маселелерди мажбур болмоюнча эч кимге айтпа. Анткени бүгүн жакшы ниет менен айткан сөздөрүң эртең сенин зыяныңа иштеп жатканын көрөсуң жана катуу өкүнүп каласың. Бугун жаныңда дос сыяктуу көрүнгөн адамдын эртең душманыңа айланып, өзүңө каршы чыгаарын алдын ала билүү мүмкүн эмес. Ошондуктан аялыңа да баардык эле нерселерди айта берүүң шарт эмес. Себеби: аялдар сыр сактоодо алсыз болушат. Ишканаңдагы жетишпестиктер менен көйгөйлөрдү үйүңө ташып жүрбө. Ишканада кандайдыр бир кайгылуу иш же жагдай болгон болсо, андан аялыңды да кабардар кылып, аны да кайгыртуунун кажети канча? Иште кубанычтуу бир жагдай болсо да аялыңа билдирип олтуруунун кажети жок. Үйүңдөгү болгон жагдайларды да ишканага айтып барба. Сен сактай албагандыктан улам эки эриниңдин ортосунан чыгып кеткен сырларды кайтарып алуунун эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептүү ата-бабаларыбыз: «Сырыңды айтпа досуңа, досуң айтат досуна...» - деп, бекеринен айткан эмес.

#25 03 Январь 2017 - 15:51
Аял жакшы- эр жакшы, эрди эр кылган да аял-кара жер кылган да аял!