Суйуу ырын ырдаган унум болчу.
Кызыгына батуучу моокум кана,
Махабатты козгочуу тунум болчу!
Жай тунундо бир толгон айым болчу,
Жан жыргатып эс алчу жайым болчу.
Кол кармашып сырдашчу арасында,
Жыпар жыты анкыган багым болчу!
Мойнумдагы асылган тумар болчу,
Сагынганда кандырчу кумар болчу.
Улуу тоону аралап барган кезде,
Шанкып унун чакырган улар болчу!
Бут денеде айланган каным болчу,
Чаалыканда келуучу алым болчу.
Таттуулугун тамшантып эч кетпеген,
Ооз салса эруучу балым болчу!
Булбул сайрап, туруучу багым болчу,
Кадырлашып отуучу омур бою,
Эгиз болуп, жашоодо жарым болчу!
Билдирүүнү түзөткөн: doni89: 12 Август 2013 - 01:14