Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер
#601 25 Май 2013 - 01:45
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#602 25 Май 2013 - 13:11
#603 25 Май 2013 - 15:28
Kg.lady (25 Май 2013 - 01:45) жазган:
Эми жаңы сөздөрдү тилге кошуш, кошпош экөөбүз тургай, төртөөбүздүн каалообузга байланыштуу эмес-ов! Биз, түштүктүктөр, ошол эки сөздү өзбектерден албай эле, булар түрк тилдүү элдерге орток сөздөр... Ал эми сиз пайдаланган " именно" деген сөз, однозначно

Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#604 25 Май 2013 - 23:08
#605 25 Май 2013 - 23:13
Балар,
Сынч,
Шып,
Сутум,
Устун,
Нуургуч,
Чекич,
Кувалак,
Сарыдубал,
Пешейман,
Далис,
Сандал,
Супара,
Көптүргүч
Зардалы,
Анделек,
Карам,
Гелес ...
көп да айта берсе.
Билдирүүнү түзөткөн: yahaha: 25 Май 2013 - 23:18
#606 19 Август 2013 - 23:45
#607 20 Август 2013 - 09:47
#608 27 Август 2013 - 13:20

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#609 27 Август 2013 - 21:07

Кордуктарга чыдабайм....

#611 07 Сентябрь 2013 - 22:50
"Мен тансам жаштан танам ырдан танбайм,
ыры жок омурумо канааттанбайм" -деген кишини билбеген киши жок.
Ыр учун жаштан танып жатат ээ?
Жашабай деле койгонго макул ыр учун.
Мына: "танды" , "тан алды", "тан албады" деги мунун баарын мен эмес Алыкул айтып жатат.
Кыргыз поезиясынын чолпон жылдызы!
Эми собол:Ушул эле акын бир ырында: "барки" , "тамам" деген создорду колдунуптур тушундуруп бергилечи?
Эгер ушул создорду мен ырымда колдончу болсом созсуз Баткендик оз диалектисинде жазыптыр деп сойрундогондор четтен чыгат...
#613 08 Сентябрь 2013 - 09:17
BORN.kg (07 Сентябрь 2013 - 22:50) жазган:
"Мен тансам жаштан танам ырдан танбайм,
ыры жок омурумо канааттанбайм" -деген кишини билбеген киши жок.
Ыр учун жаштан танып жатат ээ?
Жашабай деле койгонго макул ыр учун.
Мына: "танды" , "тан алды", "тан албады" деги мунун баарын мен эмес Алыкул айтып жатат.
Кыргыз поезиясынын чолпон жылдызы!
Эми собол:Ушул эле акын бир ырында: "барки" , "тамам" деген создорду колдунуптур тушундуруп бергилечи?
Эгер ушул создорду мен ырымда колдончу болсом созсуз Баткендик оз диалектисинде жазыптыр деп сойрундогондор четтен чыгат...
Алыкул Осмонов өзү балдар үйүндө өсүп, орус адабияты менен эрте таанышып, чыгармачылыгынын өсүшүнө ошол жагымдуу таасир эткен. Кийинчерээк түштүк жергесин аралап, элдик оозеки чыгармаларын угуп, алардын көркөмдүк жана тилдик өзгөчөлүктөрүнө тамшанып, өзү да ошондой үлгүдөгү ырларды жазганы чын.
Бирок, акыйкат үчүн айтып коюшум парыз. Мисалга алынган "тануу" менен "тан алуу" , менин түшүнүгүмдө, эки башка маанидеги сөздөр.
1.Тануу-кабыл албоо, четке кагуу. "Мен тансам, жаштан танам, ырдан танбайм.." Мында: "Мен жашты кабыл албай, каалабай калышым мүмкүн, ал эми ырды эч качан кабыл албай, каалабай калышым мүмкүн эмес" деген маани жатат!
2. Тан алуу-кабыл алуу, таңдана макул болуу. "Алыкулдун ырларынын мыктылыгын тан аламын". Мында: "Алыкулдун ырларынын мыкты экенин моюнга аламын, кабыл аламын" деген маанини берет!
Эгер мендеги түшүнүк ката болсо, түзөтүп койсоңуздар, ыраазы болот элем!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 08 Сентябрь 2013 - 10:01
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#614 08 Сентябрь 2013 - 13:17
Ар бир аймак өз диалектисинде сүйлөйт.Адабий тилдин нормасына киргизбесек да алардын маанилерин биле жүргөнүбүз дурус го деп ойлойм.
Мен да бир лейлектик эженин айтып берген окуясын силерге айткым келди.Ал эжеке биздин айылга түшкөн.Институтта окуп жүрүшүп,Сүлүктүгө (стройотряд деген болоор эле,алыскы райондордогу курулуштарга студенттерди алып барчу) стройотряд менен группалаштары болуп барышыптыр. .Бир күнү Ошко жөнөмөк болуп аялдамага келип,ал эже токтоп турган машинанын шоферуна келип :"Ава,эңкейеспи, имип алалы"-дептир. Шофер:"ыы" -десе жүргүлө деп ,машинага отурдук дейт,Жанындагы группалаштары күлүп эле басылышпайт имиш,"Чоң эле кишиге не деп койдуң,уят эмеспи?"-десе түшүнбөйм дейт-кандай уят сөз айттым деп.Көрсө алар эңкейспи минип алалы дегенге күлүп жатышыптыр да деп күлдүрдү эле.Анысы ылдыйга кетесизби,чыгып алалы деген сөзү экен да.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#615 08 Сентябрь 2013 - 13:21
Ал эми "тан калуу", "тандануу" создорунун маанилери "тан алуу"дан таптакыр башка. Бул создор жонундо соз болгон жок бул жерде.
"Тануу" нун синоними "моюнга алуу" же "моюндоо" ушуну туура айтасыз...
Менин жогорку билимим жок, 9-класска чейин эле сабака бир аз кызыккам.
Балким мен туура эмес айтып жатам...
#616 08 Сентябрь 2013 - 13:38
Бир күнү мугалимдер бөлмөсүнө кулактандыруу жазып коюптур." Урматтуу мугалимдер! Кышка тоют даярдоого жардам берүү максатында ар бир класс газан чогултуусу керек."-деп ар бир класска канча килограмм экенин жазып коюптур." Газан" деген сөзгө түшүнбөдүм. Сурайын десем мага котормочу болчу курбум бар эле,ошол күнү ал ооруп келбей калган.Башкалардан сурасаң тамашалап ар нерсени айтып мени кайра шылдыңдашмак. Окуучуларга айтпай кетип калдым.Үйгө барып,курбу кызыман сурасам жерге түшкөн жалбырактарды чогултушат. Бизде тоют болчу чөп жок деп түшүндүрдү. Эртеси окуучуларым газан алып келбей жетекчиликтен сөз уккамын
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#617 08 Сентябрь 2013 - 17:03

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#618 08 Сентябрь 2013 - 17:17
1. 5 литр бензин куюп кой - 5 литр бензин салып кой.
2. Ашты табакка салып кел - Ашты илаганга сүзүп кел.
3. Ылдыйга кетесизби - эңкейесизби.
4. Өйдөго кетесизби - өрлөйсузбү.
5. Машинаңызга тушуп алайын - машинаңызга инип алайын.
Билдирүүнү түзөткөн: baarin: 08 Сентябрь 2013 - 17:18
#619 08 Сентябрь 2013 - 17:46

#620 08 Сентябрь 2013 - 20:17
temu (16 Апрель 2009 - 09:02) жазган:
Чылапчын деп- конок келгенде колго суу куюда керектелуучу илегенден кичирээк, ортосу чункур, айланасы жайык буюмду айтабыз(туштукто). Суу куюучу кумганды чоогун (кыргызча тамгалар менен) дейбиз. Илегенди- лаган, тазик, жам деп да айтабыз. Камыр ийлоочу идишти да кээде - лаган, кобунчо чара дейбиз.