Aydashka (18 Ноябрь 2011 - 22:30) жазган:
Режиссёрдун чеберчилигиби, айтор, көркөм деталдар абдан орундуу, маанилүү, классикалык деңгээлде берилген, имитациялык көрүнүштөр жок десе да болот, ролдорду аткаргандар профессионал актёрлор болбосо да, табигый образдарды ачып бере алышкан; сюжетти көрүп жатып, көрармандын психикасын таасирдүү вектор коштойт, «Эми, эмне болот?» деген суроо ойдун негизин ээлейт. Бул деген көркөм сүрөт өнөрүндө айнек идишке куюлган суунун ичиндеги кристалл ташына берилген боёк сыяктуу оригиналдуу идеялардын чыныгы турмушта жүзөгө ашкандыгын тастыктайт.
Кинотасмада көрсөтүлгөн дагы бир сюжет - бүгүнкү күндүн орчундуу проблемаларын камтыган социалдык фактор болуп саналган кылмышкерлер дүйнөсү, наркоманиянын жайылышы. Мында кылмыштуу топтун жетекчиси Урматтын мүнөзү терең ачылып берилген, анын бардар үйбүлөдөн экендиги, жасаган кылмыштарынан оңой эле кутулуп жүргөндүгү жана жасаган ыплас иштеринен улам үзүнүн досунун колунан өлүмгү дуушар болгондугу баяндалган. Албетте, фильмде баңгизат темасы кенен масштабда чагылдырылган.
Сен биринчисин айтып жатсан керек, ооба 1-киносу жакшы болгон. Бирок жакында эле "Башаламан2" дегенин кордум, жарабайт. Кино деп айтканга деле болбойт. Эки киши эле кыйналып, тонолуп, олтуруп иши кылса мазмуну болсо болгондур, бирок мааниси деле жок экен. Качан кульминациясына жетет экен, качан бир окуя коштолуп кызык болот экен деп кутуп отуруп бутуп калганына кубо болосун натыйжада. Режиссерлору да бир тасманы коруп отуруп, каармандарды кумир тутуп отуруп эле а ушундай тартыш керек деп тартып койгондой. Эн эле кулкулуу жери, тамашоудогу Азаматтын окуясы экен. Кулкулуу десем чындап кулку деп тушунуп албагыла, озунон уч эсе чоон-чоон балдардын типа смотрящийи болуп алганы мыйыгынан кулгонго туртот адамды. Менин оюм Башламан 2 оз максатына жеткен эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: ХАНЗАДА: 16 Декабрь 2011 - 19:18