Суперстан: Макияж - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Макияж туура боенуу

#41 Пользователь офлайн   dia-omur   20 Август 2013 - 21:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 30 Апрель 12
  • Соңку аракети: 25 Мар 2019 03:32
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалалабат

мен бойонбойм.себеби озумо жарашкан макияжды билбейм билбей туруп бойонуп алсан анда болбой калат.кочодо кыздарды коруп тан каласын жарашса деле жарашпаса деле бетине бар жоктун барын суйкоп алышат.
hvff fyrfknini kniono
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Tomega   21 Август 2013 - 01:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 313
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 22:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Дайыма женил макияж жасайм.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Askaruli   21 Август 2013 - 01:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

Женил эле жасаган жакшыго дейм,анан тандоодода бир аз конул бурсаныздар. Тери менен сочитаться эте турган онунон тандап,а то баягында айтканымдай. ..бетин айдай ылдыйы------..
тушундунорда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   suluukuz   21 Август 2013 - 13:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 659
  • Катталган: 14 Апрель 13
  • Соңку аракети: 01 Авг 2014 10:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балыкчы - город мой родной....

Мен женил тургай эчтеке кылбайм. Анда санда той кечелерге эле жасанбасам, женил эле макияж кылам. Мындай кундору лосьен менен тазалап эле кете берем жумушка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   BeMku   24 Август 2013 - 07:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 13 Август 13
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2013 10:15

Баарына салам кыздар! Бетке Кантип туура макияж жасаш керек,менин көзүм (коричневый)коңур да,козду кантип жарашыктуу боёшун айтып коёсуздарбы, болбосо суротторун илип коюнуздарчы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   mayoral   24 Август 2013 - 15:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 938
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Июн 2014 04:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Россия):(

Гууглга да кайрылып корчу.
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;

КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Mr.katagan   24 Август 2013 - 16:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 550
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Мар 2014 22:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Башы оогон жерде

Айран менен каймактан откон макияж жок болбосо койдун куйругу
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   chuvaak22   24 Август 2013 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 412
  • Катталган: 12 Апрель 13
  • Соңку аракети: 16 Мар 2019 09:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Азырынча Тунгуюкта

Бетине айран шыбап, коздорунду чесноктун сабагын куйгузуп алып чийсен тим эле брюнетка болуп чыга келесин...
"""Мына ушинтип эгемендуу Кыргызстаным гулдосун"""
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   konfetka_love   24 Август 2013 - 19:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Просмотр сообщения BeMku (24 Август 2013 - 07:30) жазган:

Баарына салам кыздар! Бетке Кантип туура макияж жасаш керек,менин көзүм (коричневый)коңур да,козду кантип жарашыктуу боёшун айтып коёсуздарбы, болбосо суротторун илип коюнуздарчы?
Көзүңүз тегерекпи же чоң тостокпу же чуңкурбу же кандай?
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   konfetka_love   24 Август 2013 - 19:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Эгер көзүңүз тегерек болсо, анда ички түбүнөн сыртын көздөй ичке чийин менен түшүрүп, учун созо түшөсүз, ошондо көз кичине сүйрүрөөк көрүнөт. Кирпикти кара тушь менен боёп, көлөкөнү(тень) кабактын түп жагынан ичке түшүрүп, сырт жагын каштын учу багытка жызаланып кетет. Көлөкөнүн боёгу бозомтук, назик түстө болсо жакшы.

Билдирүүнү түзөткөн: konfetka_love: 24 Август 2013 - 19:12

Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   konfetka_love   24 Август 2013 - 19:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

А эгер көзүңүз чоң, тосток болсо анда күңүртүрөөк боёкту үстүңкү кабактын бурчунан сыртын көздөй кеңейтип жазы, жука боёңуз. Ошол боёктун учу көздүн чекесине жеткенде алдыңкы кабакты жаба орогон сымал артка буруп коёсуз. Каштын сырткы учунун 1/3 бөлүгүнө ( астына) өңү ачык, жылтырак бет май сүртүп коюуңуз.
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   konfetka_love   24 Август 2013 - 19:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Эгер көзүңүз чуңкур болсо, гримдин жардамы менен чоңойтуп, таасирдүүрөк көрсүтүүңүз керек. Көздүн учунан кашка чейин абдан ачык боёкту кабакка сүртөсүз. Кирпиктин түбүнүн сырткы уч жагын гана боёңуз. Анан кирпикке тушь абдан калың коюлат жана ошонун негизинде көз таасирдүү көрүнөт.
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   konfetka_love   24 Август 2013 - 19:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Көздөрүңүздүн ортосу абдан жакын жайгашса, көлөкөнү үстүңкү кабакка көздүн орто ченинен баштап түшүрөсүз жана өйдө карай каштын учун карай жайылтып кетесиз. Эки көзүңүздүн ортосу менен бурчтарына абдан ачык түстөгү боёктон сүртөсүз да, кирпиктин түбүн күңүрт калем менен чиесиз.
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   konfetka_love   24 Август 2013 - 19:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

А эгер көзүңүздүн ортосу абдан алыс жайгашса анда боёкту көздүн бурчунан дароо жазы баштап каш тарапка кеткен учу ичке аласыз. Кирпиктин түбүн боёгондо ортосуна өткөрө баштайсыз, ортосунан ичкертип ал эми аяк жагына жеткирбей токтотосуз, каштын ортосунан жакындатып боёйсуз:)
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   konfetka_love   24 Август 2013 - 19:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

А бетке жаңы тартылган каймакты колдоном. Сиз да колдонсоңуз жакшы натыйжасын берет, башка бет майларга караганда жакшы:)
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Anarhistka   25 Август 2013 - 06:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 04 Январь 12
  • Соңку аракети: 01 Сен 2013 03:46

Просмотр сообщения Mr.katagan (24 Август 2013 - 16:05) жазган:

Айран менен каймактан откон макияж жок болбосо койдун куйругу

Койдун куйругун эмне кылааат :unsure: ?
Лучшее украшение жизни - это отличное настроение, счастливые глаза, здоровые детки и родители, и рядом человечек - любимый
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   admin_superstan   02 Сентябрь 2013 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Кыздар айтып койгулачы сураныч!" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Макияжыңызды бир күн бою бузбай сактоону үйрөнүп алыңыз

Иш күнү аяктап бара жаткан учурда айымдар, эртең мененки жасаган макияждарынын өңү өчүп, баштагыдай жагымдуу көрүнбөй калгандай сезе башташат. Эң эле натыйжалуу ыкмасы, бир нече эрежени эске алып коюу керек. Ишенип коюңуздар, макияжыңыздар бир күн бою бузулбай сиздин сулуулугуңузду арттырып турат.

Таза тери

Косметикалык каражаттарды бетиңизге сүйкөөрдөн мурун, бет терисин абдан кылдат тазалап жууп алышыңыз зарыл. Муну мен сиз макияжыңыздын туруктуулугун камсыздайсыз. Ал үчүн бет териңиздин абалына жараша тазалоочу каражаттарды колдонуңуз. Маселен, бетиңиз майлуу болсо, анда сөзсүз түрдө майлуу бетке кашы каажат менен тазалаганыңыз оң. Антпесеңиз бетиңиз майланышып, макияжыңызды "ээритип" коёт.

Сүрөт

Негиздерине көңүл буруңуз

Бетиңизге макияж жасоодон мурда анын өңүн бирдей кылып тоналдык бет майды жеңил сүртүп алганыңыз дурус. Бул макияжды көпкө сактайт жана беттеги кээ бир кемчиликтерди жабат. Күндөн сактайт жана сырткы чөйрөдөгү зыяндуу заттарды бет терисиндеги тешикчелер аркылуу кирүүгө бөгөт коёт.

Сүрөт

Сууга туруштук берүүчү косметикалык каражат колдонуңуз

Кээ бир косметикалык каражаттар жакшы коюлганы менен бир нече саат өткөндөн кийин эле бузула баштайт. Маселен, кирпикке койгон туштар. Ал абдан жагымсыз көрсөтөт. Андыктан сууга туруктуу туштарды көлдонуңуз. Буга бир эле туш кирбейт. Көздүн сурмасын чийген калемдер да кирет. Бирок, кээ бир айымдар мында сууга туруштук берүүчү косметикалык каражаттарды кечинде өчүрүү кыйынчылыкка тураарын айтып даттанышат. Мунун жарасы жеңил. Сиз ошол косметиканы сатып алып жатканда, аны өчүрүүгө мүмкүн болгон каражатты кошо сатып алыңыз. Же болбосо, кечинде макияжы өчүрөөрдө кебезди зайтун майына малып, бир сыйра сүртүп чыгыңыз, эң сонун тазалайт.

Сүрөт

Майсыз косметикалык каражаттарды гана колдонуңуз

Макияж жасаганга чейин тоналдык бет майдан алдың колдонгон кремдин курамында майы жогун тандап алыңыз. Майсыз кремдер бет терисин кургак кармайт.

Сүрөт

Сурманы ичке чийиңиз

Көзгө калың чийилген сурмалар бир аз убакыт өткөндөн кийин ээрип, баштапкы абалынан бузула баштайт. Андыктан сурманы сууга туруктуу келген жана ичке чийиңиз.

Сүрөт

Даана эриндер

Кээ бир айымдардын эриндерине коюлган помадалар четине чыгып калат. Мунун алдын алуу үчүн эриндердин айланасын түссүз калем менен дааналап чийип коюңуз. Ал эми помада койгонго чейин бир аз тоналдык бет май сүйкөп койсоңуз да жакшы болот.

Сүрөт

Макияж табигый көрүнүүсүнө аракет жасаңыз

Кашыңызды, көзүңүздү боёгон соң жана бетиңизге кызартма (румян) койгондон кийин аларды жайылта (растушевать) жеңил сүртүп чыгуу керек.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Көз айнек тагынган айымдар кандай макияж жасашы керек?

Эгер сиз көрүүнү жакшыртуучу көз айнек тагынып, мындан улам сизде тартынчаактык сезими болсо, анда бул сезимди алыс айдаңыз. Себеби мындай аксессуар азыркы тапта модада. Аны көптөгөн шоу дүйнөсүнүн жылдыздары колдонуп келет. Болгону сиз бир аз сырын билип алууңуз керек.

Сүрөт

Алысты жакшы көрбөгөнгө көз айнек тагынууда..

Мындай жагдайда, алгач көздүн астындагы бырыштарды жана көгүш тактарды байкатпай тургандай бет май жана тоналдык бет майларды сүйкөп алыңыз. Андан кийин көздөрүңүздү карандаш менен түз кылып чийиңиз. Көздүн кыймылдап турган ирмөөчү тарабын табигый өңгө жараша түс тандап коюңуз.

Сүрөт

Жакынды жакшы көрбөгөнгө. ..

Бул көз айнектер көздү абдан кичине кылып көрсөткөндүктөн сызыкчаны калың калем менен чийиңиз, ал тендердин ачык түстүүсүн колдонуңуз.

Сүрөт

Метал алкактуу көз айнек тагынсаңыз

Сызыкчаны кашыңыздын жолуна ылайыктап чийесиз. Тендердин күмүш түстүүсүн тандаганыңыз оң болот. Ал эми помаданы табигый өңгө ылайыктуусун сүйкөңүз.

Сүрөт

Калың жана түстүү алкактуу көз айнек тагынгандар

Көзүңүздүн асы- үстүн окшош күрөң тен менен сүртүңүз. Көздүн үстү калың карандаш менен чийилет.

Сүрөт

Таш бакадай алкактуу көз айнек тагынуучулар

Көзүңүздү жана эриндериңизди күрөң түскө боёңуз. Ал эми карандаш менен чийсеңиз, анда ылдыйкы бөлүгүн ичкерээк, үстүнкү кабатын калыңыраак чийесиз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 00:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Сулуу болуунун сыры катылган косметикалык каражаттар
Макияжда колдогон кесипкөй терминдердин сөздүгү
Бронзер деген эмне? Шиммер менен хайлайтердин айырмасы эмнеде? Консилер менен тон берүүчү кремдин айырмасы кандай? Косметика чыгаргандар менен жалтырак журналдар айымдардын башын кесипкөй визажисттер колдонгон лексикон жана түшүнүксүз терминдер менен айлантышат. Аларды так ажырата билип, туура колдонуу келбеттүү көрсөткөн кесипкөй макияж жасаганга көмөк берет.

Антисерн (фр. anticerne)

Көздүн алдындагы тактарга арналган, аларды агартуучу корректор. Жашыруучу мүмкүндүккө ээ эмес болгондуктан безетки, кызарып кетүү сыяктуу теринин олуттуу учурларына колдонууга болбойт. Бирок көздүн алдындагы бырыштарды визуалдуу түрдө жоготууга болот.




Бронзер (англ. bronzer)

Териге күнгө күйгөн сыяктуу өң бере турган каражат. Бронзанттар деп да атап коюшат. Баардык косметикалык маркалар чыгарып сунушташат. Аны бетке колдонууга болот, бирок беттин өңү моюндан таптакыр айрымаланбагандай колдонуу керектигин да эске алган дурус. Пудра, суюктук, крем түрүндө чыгарылат.

Сүрөт

Сүрөт

Глиттер (англ. glitter)

Кургак, чачылма жалтырак каражат. Кесипкөй косметикалык маркалар тарабынан чыгарылат. Макияжда атайын эффект бериш үчүн колдонулат: көзгө, эриндерге, денеге жана чачка чачса болот. Кургак денеге жабышпагандыктан нымдоочу кремдердин колдонгондон кийин пайдаланыш керек. Глиттер образга карнавалдык ачыктык берет жана бий аянттарында жакшы көрүнөт, бирок күндүзгү макияжга, расмий салтанаттарга пайдаланууга таптакыр болбойт.

Сүрөт

Сүрөт

Консилер (англ. consealer)

Беттин жана дененин маселе жараткан бөлүгүн жашырууга ылайыкталган каражат. Аны көгөргөн тактарды, безеткилерди, күйүктөн калган тактарды жашыруу үчүн колдонушат. Консилер тон берүүчү кремден айырмаланып, маселе жараткан жердин дал үстүнө гана сүртүлөт.

Сүрөт

Корректор (англ. corrector)

Беттин бөлүгүнүн формаларын өзгөртүш үчүн чыгарылган каражат. Көп учурда фотосессияларда, сценаларда, лифтинг-макияжда, кечки макияжда колдонууга болот.

Сүрөт

Лайнер (англ. liner)

Көз менен эриндери тегеректеп сызууга ылайык чыгарылган каражат. Суюк түрдөгү көзгө контр берүүчү лайнер, же калем сап түрүндөгү лайнерлер чыгарылат.

Сүрөт

Люминайзер (англ. luminizer)

Териге жаркыраган түс бериш үчүн колдонула турган косметикалык каражат. Аны жеңил күндүзгү макияж жасоого дагы колдонууга болот.

Сүрөт

Минералдык косметика (англ. mineral makeup)

Минералдык заттардан жасалган декоративдик косметика. Спирт, химиялык каражаттар, конверваттар жана башка косметикалык каражаттар курамында болбогондугу менен айырмаланат.

Сүрөт

Плампер (англ. plumper)

Эриндерди кыска мөөнөттө борсойтуп көрсөтө турган каражат. Анын натыйжасы 1-3 саатка жетет. Плампердин курамына корица, имбирь, кызыл калемпирдин компоненттери кошулгандыктан, эриндерде кан айланууну күчөтүп, аны көлөмдүү кылып көрсөтөт.Помада, бальзам, түссүз крем түрүндө чыгарылат.

Сүрөт

Хайлайтер (англ. highlighter)

Агартуучу корректор. Люминайзерден айырмаланып хайлайтер териге жалтырак түс бербейт, ал болгону жарык рефлексин түзүш үчүн гана кректелет.Мисалы каштын алдына сүртүлгөн хайлайтер көздү чоң кылып көрсөтөт. Аны баардык учурда колдонууга болот.

Сүрөт

Шиммер (англ. shimmer)

Териге жалтырак түс бере турган каражат. Кечки жана майрамдык образды түзүүгө колдонулат.

Сүрөт

Фиксатор (англ. fixer)

Макияж жасап бүткөндөн кийин колдонула турган каражат. Спрей түрүндө чыгарылат. Макияжды жакшы сактоого өбөлгө болот.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 17:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: