Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 80
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#1621 Пользователь офлайн   Debi   17 Июль 2013 - 11:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Basmachy111 (15 Июль 2013 - 14:26) жазган:

Иса пайгамбар, Мухаммед пайгамбарды жаратканбы? Мухаммед пайгамбар Иса пайгамбарды жаратканбы? ошондо исламда бир кудай бар, християнда бир кудай бар ошондойбу, Ошондо эки кудай бар болуп калабы?

Бүгүн дагы мындай аяттарды окудум:
Анткени муундан муунга өтүп келе жаткан түйшүктүү жашоодон силер жок болуп кетчү күмүш же алтын менен эмес, кемчиликсиз, таза Козунун – Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылгандыгыңарды билесиңер. Ал дүйнө жаратыла электен мурун эле дайындалган , бирок силер үчүн убакыттын акырында келди. Силер Ал аркылуу Кудайга ишенип жатасыңар. Кудайга ишенип, Андан үмүттөнүшүңөр үчүн, Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтип даңктады. Бир туугандык таза сүйүүгө ээ болуу үчүн, рух аркылуу чындыкка тил алуу менен жаныңарды тазалап, бири-бириңерди дайыма чын жүрөктөн сүйгүлө. Себеби силер чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын түбөлүк кала турган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлдүңөр.

Бул жерде айтылгандай Ыйса Машайак дүйнө жаратыла электе эле дайындалган. Ал эми Мухаммед 6-кылымда жаралганы, жана ал, балдарын эске албаганда, эч кимди жараткан эместиги баарына маалым. Кудай бирөө гана. Адамдар туура тааный албай жаңылышып, ар башкача пикирде болушат. Кудай ар башка адамдардын ар башка оюна жараша бөлүнүп кетпейт да, Ал Бирөө гана бойдон, өзгөрүлгүс бойдон кала берет.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1622 Пользователь офлайн   Basmachy111   17 Июль 2013 - 13:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 922
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Янв 2014 18:23
  • Жынысы:Эркек

Бул жерде айтылгандай Ыйса Машайак дүйнө жаратыла электе эле дайындалган. Ал эми Мухаммед 6-кылымда жаралганы, жана ал, балдарын эске албаганда, эч кимди жараткан эместиги баарына маалым. Кудай бирөө гана. Адамдар туура тааный албай жаңылышып, ар башкача пикирде болушат. Кудай ар башка адамдардын ар башка оюна жараша бөлүнүп кетпейт да, Ал Бирөө гана бойдон, өзгөрүлгүс бойдон кала берет.


Ошондо, куран китепте. Християн дини адашкан дин деп айтылат? Библия китепте дагы, Ислам дини адашкан деп жазылганы барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1623 Пользователь офлайн   Debi   17 Июль 2013 - 23:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Basmachy111 (17 Июль 2013 - 13:55) жазган:

Бул жерде айтылгандай Ыйса Машайак дүйнө жаратыла электе эле дайындалган. Ал эми Мухаммед 6-кылымда жаралганы, жана ал, балдарын эске албаганда, эч кимди жараткан эместиги баарына маалым. Кудай бирөө гана. Адамдар туура тааный албай жаңылышып, ар башкача пикирде болушат. Кудай ар башка адамдардын ар башка оюна жараша бөлүнүп кетпейт да, Ал Бирөө гана бойдон, өзгөрүлгүс бойдон кала берет.


Ошондо, куран китепте. Християн дини адашкан дин деп айтылат? Библия китепте дагы, Ислам дини адашкан деп жазылганы барбы?

Библияда ар кандай окутуулар чыгары айтылган. Библияны баштан аяк окуган адамга ал бүтүндөй бир толуктук тууралуу айтып жатканы билинип турат, ага башка кошумчанын кереги жок экени айкын көрүнөт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1624 Пользователь офлайн   Ala-archa   18 Июль 2013 - 11:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Жай мезгили. Аптаптуу күндүн мемиреген тынчтыгы. Бах чиркин! Жашыл шибер, ак булуттар калкыган көпкөк асман. Андан –мындан чегирткенин чырылдаганы угулат. Биз токойдун четинде көк шиберде жаткан элек. Абасы ным жыттанган шаардан чыгып, ушул жаратылыштын кооздугуна суктанып, таза абада эс алып жаттык. Менин сапарлашым жашоосу тууралуу аңгеме куруп отурду. Ал тоо жумушчусу, кен иштетет. Кесиби өтө опурталдуу, өтө оор.

Темир, - мен анын сөзүн бөлдүм, сен бул жерде кандайча иштеп калдың? Иштеп атканыңа аз эле болсо керек ээ? Менин суроомдон кийин узакка созулган мемиреген тынчтык өкүм сүрүп турду.
- Темир, мени угуп жатасыңбы?
- Ооба.., Эмне дедиң эле?
- Кандайча тоо жумушчусу болуп калдың дейм?
Ал шалдая отуруп калды. Калтыраган тизесин кучактап, бир нерседен коркуп кеткен адамдай өңү кумсара түштү. - Ооба, - деди ал,- бул өтө узак, ары кайгылуу окуя. Сурап калдың, айтып берейин. Туура айтасың, менин бул жерде иштегениме аз эле болду. Мурда мен сыра ташучумун. Анда такыр эле башкача жашоо болчу. Мен эки атты арабага чегип алып, күнү бою минип жүрчүмүн. Бирок менин бул кесибим башыма түшкөн оор кайгы болду. Сыра ичмейин тура алчу эмесмин. Билинбей күндөр өтө берди. Ошентип отуруп, накта аракечке айландым. Сыраканалар менин экинчи үйүм болуп калды.


Үйдө болсо менин аялым менен кичинекей кызым күтүп отурушчу. Алар мен үчүн артык баш болчу. Ичип алып үйгө келгенимде алардын менден коркуп, бүрүшүп отургандарын көргүм келчү эмес. Бир жолу мен дале баягы сыраканада отургам. Аңгыча эшик акырын ачылды, карасам менин кичинекей кызым. Ал сыраканадагы ызы-чуудан сестенип да койгон жок. Тамекисин түтөтүп жаткандарды, бака-шака түшүп карта ойноп жаткандарды аралай, алдыны көздөй жөнөдү. Анан ал мени көрө калып, сүйүнүп кетти. Бирок бир аз кетенчиктей турду да, мени колумдан жетелеп, шыбырай сүйлөдү:

«Атаке, жүрүчү үйгө! Апам күтүп жатат. Жүрүчү атаке, жүрүчү үйгө!» Бул мен үчүн күтүүсүз иш болду. Кызымдын мени алып кеткени келгени өтө жагымдуу болуп, мен аны менен үйгө кетүүгө даяр турдум.

Бирок айланамдагылардын мени карап калышканын байкадым. Сыракананын ичи жымжырт боло түштү. Мен шылдыңдуу, сынай караган көздөрдү байкадым. Мени кандайдыр бир жагымсыз сезим бийлеп алды. Сөз менен түшүндүрүп бере албайм. Бөтөлкөлөш досторум эмне деп ойлоп калат, аялына баш ийип калган экен дешет го деген куру намыс да, коркунуч да, кыжыр да бар эле. Мүмкүн, ушул өзүмдүн боор оорурлук абалыма келген ачуум да кошулуп кеттиби, кыскасы жин урган немедей кичинекей кызыма катуу кыйкырып жибердим. Чочуп кеткен кызым ыйлап баштады. Мен аны желкеден алдым да, эшикти көздөй түртүп чыгарып жибердим. Андан кийин эс учумду билбей калганча ичтим. Эртеси күнү дагы ичтим. Ошентип, ичкиликтен көзүм ачылбаганына бир топ апта болуп кетти. Бир жолу адаттагыдай эле үйгө кызуу болуп келдим. Акыл эсим ордунда эле. Мени көргөн аялым коркуп кетти да, жалбара колун сунуп, ыйлап жиберди.

Эмне болду!? – деп кыйкырдым. Аялым унчукпастан керебетти көрсөттү. Бурчтагы керебетте менин кичинекей кызым эти ысыганынан чабалактап, онтоп жаткан экен. Мен ошол учурда жан дүйнөмдө болгон төңкөрүштү сага айтып жеткире албайм. Кагылайын балам ай! Баладан айрылуу эмне экенин сезип көрбөсөң керек. Анда сен менин ошондогу абалымды түшүнө албайсың.

Мен кызымды көздөй жүткүндүм: «Айланайын кызым!» Мен аны чекесинен сылап, өөп, эркелетким келди. Бирок ал мени жактырбай карады да, колумду түртүп: «Кетчи ата! Мага тийбечи!» деди. Муздак сууну башыман ылдый куюп жибергендей эле боло түштүм. «Кызым!» дедим жалооруп. Бирок ал мени дале кубалай берди: «Кетчи дейм, ата, кетчи!» Мен анын жанынан кетип калганча тынч алган жок. Мен босогодо эки саат турдум. Эки саат эмей эле, эки кылым тургандай болдум. Аялымдын кызыма суу берип, жаздыгын оңдоп, чекесинен сылап, эркелеткенин көрүп турдум. Мен кайрадан ага жакындагым келди. Кызым болсо: «Кет ата, жолобо!» дей берди. Кызымдын жанына бара албадым. Эшиктин алында кызым жан берип, бул жарык дүйнө менен коштошкончо турдум. Ушул эки сааттын ичинде менин көз алдыман өткөргөн өмүрүм чубуруп өттү. Ушул эки сааттын ичинде буга чейин эмне сепсем ошону оруп алдым. Ушул эки сааттын ичинде жер менин бут алдымда аңырайып ачылды. Ушул эки сааттын ичинде мен тозок эмне экенин түшүндүм. Ушул эки саттын ичинде, Кудайга жалынып жаттым... Аңгемечи унчукпай калды. Тээ бийиктеги булуттар кайдадыр каалгып баратышты...

Анан эмне болду? – мен тынчтыкты бузуп жибердим.
- Ананбы? Анан мен кесибимди алмаштырып, тоо жумушчусу болуп калдым. Аялым экөөбүз Ыйса Машайакты кабыл алып, сыйынуу үйүнө бара баштадык. Анткени Кудайдын Сөзүсүз, Ыйсасыз жаңы жашоо баштоо мүмкүн эмес экен. Мен башымды ийкедим. Кудайдын сөзүн окуп, бир сааттан ашык убакытты чогуу өткөрдүк. Андан соң түркүн гүлдөрдүн, түркүн чөптөрдүн аңкыган жытына толгон токойду аралап жөнөдүк.


Замандаш, азыр сиз уккан окуя чыныгы жашоодон алынды. Бул болгон окуя. Мындай тагдырларды анча алыс барбай эле айланабызды карасак, жолуктурабыз. Ичкиликтин алып келген азабын айтып бүтүп, түгөтө албайсың. Ичкиликти Кудай кошкон жакшынакай жарына, кубаныч, ырахат тартуулай турган балдарына алмаштырып жиберген, куу кекиртегин тыя албаган замандаштарымды көргөндө жүрөгүм ыйлайт. Бала чагым көз алдыма тартылат. Атамды эстейм. Азыр ушул убакта мас болуп талаада калган жокпу, кайда болду экен? Апама кол көтөрмөй адатын карматып, өлтүрүп койбосо экен деп санаам санга бөлүнөт. Атамдын бизди эч нерседен кем карч кылбай бакканын, эркелетип өпкөнүн ичкилиги жууп кете турган десем жаңылышпайм.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен өз атама гана эмес, жер үстүндөгү мени угуп жаткан бардык аталарга кайрылгым келет.Кагылайын атаке, арак ичпечи, суранам таштачы! Соо кезиңде сенден өткөн алтын киши жок! Ичкенден кийин эле таптакыр башка адам боло түшөсүң! Байкуш апамды беймаза кыласың! Сага түтүп, чыдап келген АПАМА миң мертебе ыраазымын! Ал бизге «жаман да болсо атаңар, жакшы атасын ким бермек эле, жаман болсо да, аман болсун, сыйлагыла атаңарды» деп үйрөтөр эле. Апамдын өзүн өмүр бою кордоп келген адам, сиз жөнүндө айтып жаткан кебин угуп, апама бир эсе ачуулансам, бир эсе ыраазы болуп келем. Атаке, мен сага ушул убакка чейин айтайын деп, бирок даап айта албаган, жан дүйнөмдүн ачуу кыйкырыгына кулак салчы!

Мас болуп келип апамды сабап, бизди кичине экенибизге карабай үйдөн кууп чыккан түндөрдө сенин өлүмүңдү каалап кетер элем.. Бала кыялымда сен өлүп калсаң, тынч жашайбыз десем керек.

Мезгил өтүп, бой жеттим. Сабактан кийин үйгө келгим келбейт. Келе жатып, жүрөкзада болом. Бүгүн атам дагы мас болуп келет деп түйшөлөм. Апам эмнеге ажырашып кетпейт? Атам канткенде аракты таштайт? деген суроолор менен алектенем. Атам канткенде аракты таштап, ичпей калат??? Бир күнү бул суроого жооп тапкандай болдум. Атама кат жазып, анан өз өмүрүмдү кыюу... Ооба, өз өмүрүмө өзүм кол салмай болдум. Каттын мазмунун да ойлонуштуруп койдум. Ал мындай эле: «АТА, МЕНИН ӨЛҮМҮМӨ СЕНИН ИЧКИЛИГИҢ СЕБЕПКЕР! Балким менин өлүмүм сенин ичкилигиңди токтотор! Ичпечи суранам, апама кол көтөрбөчү! Апам сага кереги жок болсо, бизге, балдарына керек! Апамды барктачы! Дүйнөдө апамдай адамды таппайсың! Менин акыркы өтүнүчүм: Атаке, алтыным, ичпечи!»

Жан таттуу экенин кайдан билейин, көп жолу аракет кылып колум барбады. Жүрөгүмдүн тереңине атама карата жек көрүү, таарыныч, кыжыр толуп алды.

Жараткан Теңир өзүнүн күнөөкөр, кичинекей пендесинин жан дүйнөсүндө өлүм менен өмүр ортосунда жүрүп жаткан күрөштү көрүп, кийлигишпей кое алган жок. Ооба, анткени менин жаным Ал үчүн кымбат болчу. Менин жаным үчүн эки миң жыл мурун Өз жанын курман кылган эле. Ал мага түбөлүк өмүр тартуулап, атамды кечире турган жаңы жүрөк берди. Ал - Ыйса Машайак! Ооба,ооба АЛ сен четке кагып келген Ыйса Машайак! Ошол Ыйса Машайак кызыңа ырайым кылбаганда бизди кандай күндөр, кандай тагдыр күтүп турганы бир гана Жаратканга маалым болчу!

Азыр мен сен үчүн Асмандагы Атама, жараткан Теңириме сыйынам. Арактын кулчулугунан бошото турган күн да келет деп ишенем. Мен азыр сенин өлүмүңдү эмес, түбөлүк өмүргө ээ болуп калышыныңды тилейм Кудайыман. Атаке, Ыйса Машайакка кайрылчы, ал сага ичкиликти таштаганга жардам берет. Адамдын эркинин күчү жетишсиз. Бул жерге Теңирдин кийлигишүүсү, күчү, батасы керек. ! Алтыным, ата! Ыйса Машайак тартуулай турган чыныгы бакытты, түбөлүк өмүрдү ичкиликке алмаштырбачы! Өлбөстөр өлкөсүндө мени менен бирге түбөлүккө өмүр сүрчү!

Билдирүүнү түзөткөн: Ala-archa: 18 Июль 2013 - 11:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1625 Пользователь офлайн   Debi   28 Июль 2013 - 21:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жалган сүйлөгөн тил Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми чындыкты сүйлөгөндөр Ага жагат (Накыл 12,22).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1626 Пользователь офлайн   Debi   06 Август 2013 - 11:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Күнөө бийлик жүргүзүп, өлүмгө дуушар кылгандай эле, ырайым да адилеттик аркылуу бийлик жүргүзүп, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу түбөлүк өмүргө ээ кылат (Рим.5,21).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1627 Пользователь офлайн   Debi   12 Август 2013 - 11:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Бир туугандарым, менин чын жүрөгүмдөн каалаганым жана Кудайдан сыйынып суранарым – Ысрайыл элинин куткарылышы. Анткени мен аларга Кудай үчүн тырышчаактык көрсөтүшөрүн, бирок алардын тырышчаактыгы туура эмес түшүнүк боюнча экенин күбөлөндүрөмүн. Анткени алар Кудайдын адилдигин түшүнбөй, өздөрүнүн адилдигин орнотууга аракеттенип, Кудайдын адилдигине моюн сунушкан жок. Анткени Машайак – мыйзамдын аягы, Ага ишенген адам адилдикке жетет (Рим.10,1-4).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1628 Пользователь офлайн   Мырзайым   21 Август 2013 - 10:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 19 Апрель 10
  • Соңку аракети: 03 Янв 2014 23:47

Турат(жолдошу): Ыйса Теңириме терең ыраазымын, Ал бизди биз жакшы болгонубуздан, кандайдыр бир жакшы иштерди иштеп эмгек өтөгөндүктөн эмес, Өзүнүн ырайымынын, бизге болгон терең сүйүүсүнүн негизинде куткарып алды, мен ушул үчүн Теңирге миң мертебе ыраазымын, себеби биз бир күнөөкөр, ыплас, эч нерсеге арзыбаган адам элек. Түбөлүк өмүр бар экенине, Ыйса Машайак биздин Куткаруучубуз, ар бир адамдын жанынын Теңири, Падышасы экенине мен ишенем. Менин атым Турат, 1949-жылы Ош областынын Майлысуу шаарчасында төрөлгөм, азыр да ошол жерде жашайм. Электролампа заводунда иштейм. Жубайым, эки уул бир кызым бар. Бир уулум да өз жолунан бурулуп, Кудай жолуна түшкөн. Бир уул, бир кызым Кудай Сөзүн угуп жүрүшөт, бирок азырынча ишеним жолуна келише элек.

Кайыргул(аялы): Менин атым Кайыргул, мурда мен да заводдо иштечү элем, кийинчерээк балдарды багып, үй-оокат менен алек болуп иштебей калдым. Бизди Өз жолуна багыттап, чындыгын таанытып койгону үчүн Кудайга ыраазымын. Кудайдын ырайымы менен келинибиз да Кудайдын Сөзүнө жүрөгүн ачып, ишенип калды. Кудайга кызмат кылганга умтулуп, майда балдарга Кудайдын Сөзүн түшүндүрүп берип турат. Мурда көп балдар чогулуп угушчу эле, кийинчерээк балдарын жибербей калышты, азыр өзүбүздүн үч неберебизге, анан кайнимдин эки баласына айтып берип жатат.

Турат(жолдошу): Жети жашымда жайлоодон апам, эки жашар иним, ымыркай карындашым болуп, төрт адам ээн талаада калдык. Бир күнү аба-ырайы кескин бузулду. Чагылган чартылдап, күн укмуштай күркүрөгөндүктөн мени чоң коркунуч басты. Ошол учур даана эсимде калган. Анткени ошондо мен бул аалам, жаратылыш кубулуштары адамдын бийлигине баш ийбестигин, булардын баардыгынын үстүнөн бир чоң күч башкарып турганын билдим. Кудай менин кичинекей жүрөгүмө ошол чоң күч Өзү экендигин туюнткан. Ошондон кийин мен Кудайдан, тозоктон, күнөө кылгандан коркуп калгам. Бирок күн артынан күндөр өтүп, эс тартып калгандан кийин, ал учурду көп эстебей, коркпой эле күнөө жасай бере турган болуп алдым. Анын бар экендигине, Ал чынчыл, адилет сот жүргүзөрүнө ишенимим ар дайым бар эле. Бирок Ал мени сүйөрү, мени менен мамилелешкиси келери мен үчүн анда жабык болчу, анда ага менин акылым жеткен эмес. Мен Аны өзүмдөн өтө эле алыс сезчү элем.
Кудай тууралуу айтылган кептерди өтө ынтызарлык менен тыңшап жүрдүм. Бирок ислам дининин жол-жоболору менен, тактап айтканда беш маал намаз окуу, даарат алуу, ж.б. нерселерди жасоо Кудайдын жолу экенине, алар тозоктон куткарарына ынана алган жокмун, бул нерсе жетишсиз экенин аң-сезимимде аңдап түшүндүм.

СУРОО: Демек, изденип, угуп келдиңиз бирок уккандарыңызга канааттана алган жоксуз, ушундайбы?

ТУРАТ: Ыйсага ишенип калганга чейин тынбай изденип келдим.

СУРОО: Ыйсага кантип ишенип калдыңыз, ошол жөнүндө айтып берсеңиз.

ТУРАТ: Мени менен бирге иштеген бир адам мага: “Жөн эле уста болбогон” деген китепти берип калды. Ошол китепти үйгө алып келип, жубайым экөөбүз окудук. Китеп так далилдер келтирилип, абдан жакшы жазылыптыр. Бирок мен эмнегедир дале Ыйсанын өлүп тирилгенинен шек санап турдум. Жубайым болсо ошондо эле ишенген экен.

КАЙЫРГУЛ: Мен айттым, андай дебеңиз, Ал өлсө да, тирилсе да, эрк Өзүндө, Анын өлгөнү да, тирилгени да чын дедим. Экөөбүздө ушундай тартыш болду. Мен болсо ишендим. Өзүм тогуз жашымда орозо кармап баштагам. Мусулманчылыкты аябай бекем кармачу элем, орозону иштеп жүргөн кезимде да үзгүлтүккө учуратпай кармачумун. Жолдошум сыяктуу эле, Кудай тууралуу кеп болуп калса мен да аябай тыңшаар элем. Өлүмдөн, караңгы жерге камалгандан өзгөчө коркчумун. Көмгөндөн кийин, адамдар күмбөздөн жети кадам узаганда эле сурак башталат дегенге аябай ишенип, “Мен кандай жооп берем?” – деп коркор элем.

СУРОО: Турат аба, “Жөн эле уста болбогон” деген китепти мен да окугам, Ыйсанын тирилгендиги тууралуу тарыхый так маалыматтар келтирилип, аябай жакшы жазылган. Бирок сиз аны окуганда деле ишенбеген экенсиз да, анан кандайча ишенип калдыңыз?

ТУРАТ: Ошол кечте экөөбүз ошентип талашып тартышып анан жаттык. Түндө кандайдыр бир, адаттагыдан бөтөнчө күч мени ойготту. Саат 2 жарымдар экен. Бир маалда эле эшиктин алдындагы тепкичтин башынан да эмес, аягынан да эмес орто жеринен бирөөнүн басканы угулду. (Турат абанын тамы тоонун бооруна салынгандыктан, үйүнүн пайдубалынын алды артына караганда бир үйдүн боюнчалык бийик. Ошондуктан үйгө тамдын боорундагы темир тепкич менен, эки кабат үйдүн экинчи кабатына көтөрүлүп бара жаткан сыяктуу киришет). Сыртка чыксам эч ким жок. Ошондо бул мага Ыйсанын көрсөткөн жышааны экенин даана сездим да, Ыйсага карата ишеним пайда болду.

КАЙЫРГУЛ: Мени ойготуп: “Сен угуп тур, - деди, - мен сыртка чыгайын, сырттагы добуш кандай угулат экен, азыр менин кулагымдын түбүндө болгондой угулду”, - деди. Анан ал сыртка чыкты, мага акырын эле угулду. Келгенден кийин айттым, мына көрдүңүзбү, Ыйсага ишенбей койгонуңуздан улам Ал сизге сыр көрсөтүп жатат дедим.

ТУРАТ: Ошондон баштап Инжилди окуй баштадык.

СУРОО: Инжилди кайдан алдыңыз?

ТУРАТ: Бирге иштеген бир адамдан алгам. Анан Инжил аркылуу мен чындыкты таптым,
чындыкты тапкандан кийин башка да бир жактан Кудайды издөөгө муктаждык, зарылчылык болгон жок. Бир жылдай биз үйдө эле окуп жүрдүк. Баягы мени менен иштеген адам, менден бир адам Инжил алды, ошон үчүн сыйынып тургула деп Жыйынга, Ыйсага ишенгендерге айткан экен. Алар сыйынып турушкан экен. 1994-жылдын ортосунда биринчи жолу сыйынуу үйүнө бардык. Ошондон бери Ыйса менен жашап келатабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1629 Пользователь офлайн   Мырзайым   21 Август 2013 - 10:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 19 Апрель 10
  • Соңку аракети: 03 Янв 2014 23:47

Менин атым Жоробек. 23 жаштамын.
Кудай жолуна түшкөнгө чейин мен өзүмдү жакшы адамдардын катарында саначумун. Досторумдун бардыгы мугалимдердин балдары эле. Баарыбыз ичпеген, чекпеген, сабакты жакшы окуган, башкалар үлгүлүү деп эсептеген балдар элек. Эже-агайларыбыз да бизди адептүү балдар деп макташчу. Айылда кошуналар да мени ичпеген, чекпеген, аябай тартиптүү бала дешчү. Мен бул сөздөрдү укканда өзүмдү аябай такыбаа, момун, Кудайга жага турган, бейишке татыктуу адамдай сезчүмүн. Бирок бейишке барам деп толук ишене алчу эмесмин. Мага дайыма эле бир нерсе жетишпей, жүрөгүмдү өйүп турар эле. Ойлоно берчүмүн, бирок оюмдун аягын тапчу эмесмин.
Жогоруда айтканымдай, өзүмдү канчалык момун, жакшы адам деп эсептесем да, жашоом өзүмө жакчу эмес. Жашоомду толугу менен өзгөрткүм келчү.
Ошентип жүргөндө бир күнү эжем үйгө Библия деген китеп алып келди. Ал баарыбызга окуп берди. Ал китепте дүйнөнүн жаралышы, Кудай жөнүндө дагы көп нерселер бар экен. Кийинчерээк ал эжем жөнүндө айылда ал орустардын динине өтүп кетиптир деген ушак тарап кетти. Ошол учурдан тартып биз баарыбыз ага каршы боло баштадык. Андан көп өтпөй эле андан кичүү эжем дагы ишенип калганын билдик. Ага да каршы чыгып, аларды куугунтуктай баштадык. Бир күнү ошол эжемди атам менен апам аябай урушуп, баш тарт деп көпкө чейин суранышты. Ал такыр баш тартпай койду. Ошондо мен эжеме: “Азыр баш тартып койо бериңизчи, анан Ошко барганда ишенип жүрө бересиз” деп акыл үйрөткөнүм эсимде. Ал макул болгон эмес. Ыйсага чындап ишенгендер такыр калп айтпастыгын кийин түшүндүм. Ошол күндүн эртеси эртең менен эжемди урушуп, түртүп үйдөн чыгарып салдым, ал ыйлаган боюнча шаарга кетти. Ал кеткенден кийин жаныма тынчтык таппай, эмнеге анттим деп кыжалат болуп жүрдүм. Эмне үчүн урушканымды деле түшүнбөйм.
Бир күнү ооруп, шаардагы ооруканага жатып калдым. Ошол мен үйдөн кууп чыккан эжем мени карап жүрдү. Мага катуу таарынып калды да, мага анча деле көңүл бурбайт болуш керек деп ойлогом. Бирок ал тескерисинче мага абдан жакшы мамиле кылды. Ошондо жүрөгүмдү өйүп жүргөн нерселердин баарын эжем менен бөлүшкүм келди, ага баарын айттым. Ал сумкасынан Кудай Сёзщн алып чыгып, пайгамбарлардын жашоосунан айтып берип жатты. Мага Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу өзгөчө таасир берди. Анын кыйынчылыктары менен менин кыйынчылыктарымды салыштырып болбойт эле. Ошондо менде кичине ишеним пайда болду. Инжилден Ыйса тууралуу дагы көбүрөөк окугандан кийин толук ишендим. Эжем кеткенден кийин, ооруканада Кудайга кайрылып, күнөөкөр экенимди мойнума алып, кечирим сурап сыйындым. Ошондогу кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм.
Мурда ойлоп жүргөнүмдөй жакшы адам эмес экенимди ошондо көрдүм. Кудай менин ачык туруп көрбөгөн көздөрүмдү ачты. Мен аябай ачуулуу, чыдамсыз, ата-энеме каяша айткан, инилеримди уруп-сабаган жаман адам экенмин. Апама кыйкырып жүргөн күндөрүм үчүн терең өкүнүп, эми башкача мамиле кылам деп чечтим. Айылга барганда апамды кучактап өөп, сүйүнүп, аны өмүрүмдө биринчи жолу көрүп жаткандай болдум. Ошондо Кудай менин жүрөгүмдө жашай баштаганын дагы терең түшүндүм. Мени ушундай керемет жолу менен Кудай тозоктон куткарып алды.

Агаларым, туугандар менин Ыйсага ишенип калганымды билишкенде баары каршы чыгышты. Ага-туугандарым: “Сен диниңди саттың, каапыр болуп кеттиң, бизди уятка калтырдың”, – дешсе, айылдагы элдер, жаш балдар: “Бул жерден кет, абаны булгап жатасың”, - деген сөздөрдү айтышты. Инжилде: “Эмнени айтабыз, кантип айтабыз?” деп тынчсызданбагыла. Эмнени айтуу керек болсо, ошол учурда силерге берилет. Анткени силер эмес, силер аркылуу Атанардын Руху суйлойт”, (Мат.10:20) – деп айтылган эмеспи. Бул айтылган Кудайдын Сөзү менин жашоомдо да аткарылды. Сүйлөшө келгенде алар менин сөздөрүмө каршы тура алышкан жок. кээде балдар атайын урабыз деп келип жатышты, бирок Кудай сактады. Дагы бирөөлөр мас болуп алышып күн сайын келип жүрүштү, бирок Кудай алардан да сактап жүрдү.
Бир күнү кызык окуя болду. Бир киши мас болуп келип, айылда тентектик кылып жүргөн балдарды тизмелеп жүрөм, сен дагы туура эмес жолдо жүрүпсүң, сени да жазам деди. Мен ага жүрүңүз, үйгө кириңиз деп, үйгө алып кирип, Инжилди алдым да, дүйнөнүн жаралышын жана акыркы сотту окуп бердим. Кудайдын Сөзү ага таасирлүү болгондуктан менин колумду кысып, бетимен өөп анан кетти эле.
Ошентип жүрүп Бишкекке келүүгө туура келди. Бишкекке келе жатканымда эми бул жактан эч ким каршы чыкпайт болуш керек деп ойлогом. Бирок катуу куугунтук Бишкектен башталды. Бир тууган агам мен сени баш тартпасаң жашатпайм деди. Үч-төрт катуу сабады. Кудай баарын жеңгенге күч берди. Ошол куугунтук учурунда Ыйсаган ишенгендер үзгүлтүксүз сыйынып турушту. Кудайга ыраазымын, азыр баары жакшы. Ыйса үчүн кордук көргөнүмө кубанычтамын. Ыйса Теңир:“Чындык щчщн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы. Мен щчщн кордук кёрсёъёр, Мен щчщн куугунтукталсаъар, Мен щчщн жалган жалаага калсаъар, бактылуусуъар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыъар чоъ!” – дебеди беле. Азыркы кезде жекече чакан ишим бар. Негизги максатым асманда Ыйса менен жолугушуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1630 Пользователь офлайн   Мырзайым   21 Август 2013 - 11:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 19 Апрель 10
  • Соңку аракети: 03 Янв 2014 23:47

Чөмүлдүрүлөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда (Жакан) асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын, Анын үстүнө түшкөнүн көрдү.
Ошондо асмандан «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үн угулду.

Чөмүлдүрүүчүнүн суроосу, Ыйсанын жообу
1
Ыйса Өзүнүн он эки шакиртине акыл-насаат айткандан кийин, элди окутуу үчүн, башка шаарларга жөнөп кетти.
2 Түрмөдө жаткан Жакан Машайактын иштери жөнүндө укканда, шакирттерин жиберип,
3 Андан: «Келиши керек болгон Сенсиңби же башканы күтөлүбү?»– деп суратты.
4 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Баргыла да, уккан-көргөнүңөрдү Жаканга айтып бергиле.
5 Сокурлар көрүп, майыптар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип, жакырларга Жакшы Кабар айтылып жатат.
6 Менден шектенбеген адам бактылуу».
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1631 Пользователь офлайн   AZIK01   23 Август 2013 - 00:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

деби суроолорго жооп бербей эле библияны баштан аяк кочуруп чыгабы дейм .
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1632 Пользователь офлайн   Debi   23 Август 2013 - 20:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения AZIK01 (23 Август 2013 - 00:03) жазган:

деби суроолорго жооп бербей эле библияны баштан аяк кочуруп чыгабы дейм .

Ошондой деш керек болуп жатса де ))))), мындай анткор демейлер толуп жатат.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1633 Пользователь офлайн   Debi   23 Август 2013 - 20:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ырайым жана чындык менен күнөө тазаланат, Теңирден коркуу жамандыктан алыстатат Накыл 16:6.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1634 Пользователь офлайн   AZIK01   24 Август 2013 - 14:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Тарыхтагы бардык элдерге пайгамбарлар келген. Алар Алла менен пенделердин ортосунда элчи болуп Бейишке чакырып, Тозоктон эскертүүчү болушкан.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1635 Пользователь офлайн   AZIK01   24 Август 2013 - 22:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Просмотр сообщения Debi (23 Август 2013 - 20:06) жазган:

Ошондой деш керек болуп жатса де ))))), мындай анткор демейлер толуп жатат.

Жаңы келген шакирт даргахка кирейин деп жатканда даргахтын ити ырылдап анын кирүүсүнө тоскоол болот. Эмне кылса да майнап чыкпайт. Ит эч кимди ичке киргизбейт. Муриддин (шакирттин) устазы бул абалды жашыруун байкайт. Мурид итке жакындап: "Сен дагы, мен дагы бул жердин иттерибиз. Тур мындай, ичке кирейин”, - дегенде ит куйругун шыйпаңдатып ары турат. Мурид ичке кирет, буга устазы дароо ижазат берет. Жылдар бою даргахта кызмат кылган шакирттер бул абалга таң калышат. Ошондо устазы айтат: "Ал текеберленген жок, өзүн иттен да жогору көргөн жок. Бул жерде болуунун максатын түшүндү жана максатына жетти.”
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1636 Пользователь офлайн   Debi   25 Август 2013 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения AZIK01 (24 Август 2013 - 22:49) жазган:

Жаңы келген шакирт даргахка кирейин деп жатканда даргахтын ити ырылдап анын кирүүсүнө тоскоол болот. Эмне кылса да майнап чыкпайт. Ит эч кимди ичке киргизбейт. Муриддин (шакирттин) устазы бул абалды жашыруун байкайт. Мурид итке жакындап: "Сен дагы, мен дагы бул жердин иттерибиз. Тур мындай, ичке кирейин”, - дегенде ит куйругун шыйпаңдатып ары турат. Мурид ичке кирет, буга устазы дароо ижазат берет. Жылдар бою даргахта кызмат кылган шакирттер бул абалга таң калышат. Ошондо устазы айтат: "Ал текеберленген жок, өзүн иттен да жогору көргөн жок. Бул жерде болуунун максатын түшүндү жана максатына жетти.”

даргах, мурид, ижазат(баа берет дегени го) деген тушунуксуз создорду эске албаганда, жакшы икая экен. Бирок, так ушул темага жазганындын себебин корбой турам.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1637 Пользователь офлайн   Debi   25 Август 2013 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Алдамчылык менен мол киреше тапканча, чындык менен аз киреше тапкан артык Накыл 16:8
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1638 Пользователь офлайн   AZIK01   26 Август 2013 - 19:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Просмотр сообщения Debi (25 Август 2013 - 19:22) жазган:

даргах, мурид, ижазат(баа берет дегени го) деген тушунуксуз создорду эске албаганда, жакшы икая экен. Бирок, так ушул темага жазганындын себебин корбой турам.

Ижазат деген баа беруу эмес ал деген уруксат суроо.
Азыр христиандардын колундагы Инжилдерде (Библия) жана "Эски осуятта” ушунчалык өзгөртүүлөр киргизилгенине карабастан, Иса алейхиссаламдан кийин бир Пайгамбар келе тургандыгы тууралуу жазуу сакталып калган. Иоанн (Jahn) Инжилинин 16- бабынын 12-13-аяттарында мындай жазылган: "Менин дагы айта турган бир топ нерселерим бар. Бирок, силер буларга чыдай албайсыңар. Бирок, ал келген кезде акыйкатты жеткирет"
Ушундай жазуу болсо буга кандай жооп берет элениз?
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1639 Пользователь офлайн   Debi   26 Август 2013 - 21:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения AZIK01 (26 Август 2013 - 19:42) жазган:

Ижазат деген баа беруу эмес ал деген уруксат суроо.
Азыр христиандардын колундагы Инжилдерде (Библия) жана "Эски осуятта” ушунчалык өзгөртүүлөр киргизилгенине карабастан, Иса алейхиссаламдан кийин бир Пайгамбар келе тургандыгы тууралуу жазуу сакталып калган. Иоанн (Jahn) Инжилинин 16- бабынын 12-13-аяттарында мындай жазылган: "Менин дагы айта турган бир топ нерселерим бар. Бирок, силер буларга чыдай албайсыңар. Бирок, ал келген кезде акыйкатты жеткирет"
Ушундай жазуу болсо буга кандай жооп берет элениз?

А эмне аны уруксат деп эле жазган жоксун? Эки тилди боло албай жатса, дагы бироону аралаштырып. Инжилдер эмес, Инжил. Эски осуяттын кайсы жери, кандай болуп озгортулгонун, мурда кандай болгонун далилдеш керек адегенде.

Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр силер түшүнө албайсыңар. Чындык Руху келгенде, силерди чындыкка үйрөтөт. Ал Өз атынан сүйлөбөйт, эмнени укса, ошону айтат жана силерге келечекте эмне болорун билдирет. Ал Мени даңктайт, анткени Менден алганын силерге билдирет. Атамда эмне болсо, ошонун баары Меники, ошондуктан Мен: “Менден алганын силерге билдирет”, – деп айттым (Жкн.16,12-15)

Элүүнчү күн майрамында алардын бардыгы бир жерге чогулушту.
2 Бир маалда асмандан катуу шамалдын добушундай болгон добуш чыгып, алар отурган үйдүн ичин толтурду.
3 Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү.
4 Ошондо бардыгы Ыйык Рухка толуп, Рух берген тилге жараша ар кандай тилдерде сүйлөй башташты.
5 Ошол убакта Иерусалимде бүт дүйнө жүзүнөн келген динчил жүйүттөр бар эле.
6 Бул добушту уккан адамдар чогулуп, дүрбөлөңгө түшүштү. Анткени шакирттер ошол адамдардын ар биринин тилинде сүйлөп жатышкан эле.
7 Бардыгы айран-таң калып, өз ара мындай деп сүйлөшүп жатышты: «Сүйлөп жаткан бул адамдардын бардыгы галилеялыктар эмеспи?
8 Булар кандайча ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?
9 Биз, парфтыктар, мадайлыктар, эйламдыктар жана Месопотамия, Жүйүт, Кападокия, Понт жана Асия тургундары,
10 Фригия, Памфилия, Мисир жана Киренея тараптагы Ливия аймагынын тургундары, Римден келгендер, жүйүттөр жана прозелиттер,
11 криттиктер жана аравиялыктар , өз тилибизде алардын Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жаткандарын угуп жатабыз».
12 Бардыгы аң-таң болуп, эмне дешерин билбей, бири-биринен: «Бул эмнеси?» – деп сурап жатышты (Элч.ишт. 2,1-11).


Сен келтирген аятта Ыйса Машайактан кийин пайгамбар келбей эле, Ыйык Рухтун келери тууралуу соз болуп жатат. Кичине ченеп удургутсанар, уят да. Силерден башкалар деле кат тааный турганын ойлоп койсонор, сабаты жокторду ушундай экен деп алдасанар да болот эле.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1640 Пользователь офлайн   AZIK01   26 Август 2013 - 22:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Иса алейхиссаламга Инжил китеби түшүрүлгөн. Бирок, яхудилер бул китепти сексен жылда жок кылышкан. Кийин жазылган христиандардын Аллаху таала тарабынан жиберилгенине ишенген "Китаби мукаддас” (Ыйык китеп) эки бөлүмдөн турат. Биринчиси "Эски осуят” (Old Testament) китеби ошол доорго чейин келген пайгамбарлардын, айрыкча, Муса пайгамбардын насыяттарын камтый тургандыгына ишенилет. Экинчиси "Жаңы осуят” (New Testament) Иса алейхиссаламга ишенгендердин ичинде Мартта (Matthew), Марк (Mark), Лука (Luke) жана Иоанн (Jahn) тарабынан жазылган китептер болуп, Иса алейхиссаламдын өмүр баянын, кылган иштерин жана айткан насыяттарын камтыйт. Инжилди даярдоодо Курани каримдин жазылуусунда сакталган кылдаттык сакталган эмес. Чыныгы маалыматтарга бир канча жаңылыш түшүнүктөр, ырымдар, легендалар киргизилген. Х.1303, м.1885-жылы кайтыш болгон монастырдык мугалим ажы Абдуллах Абдибектин араб тилинде жазылган "Рисала- и самсамийа” жана түрк тилинде жазылган "Изах-ул-марам” китептеринде Инжилдер тууралуу кеңири маалымат берилген. Чыныгы Инжилге өтө жакын Инжил нускаларынын да бар экендиги азыркы кезде байкалууда. Алардын эң маанилүүсү Барнабас Инжили. Барнабас Кипрдик яхуди болчу. Чыныгы аты Жозеф эле. Ал Иса алейхиссаламга ишенгендердин алгачкыларынын бири жана хаварийлердин (апостол) арасында маанилүү орунга ээ. Ага карата айтылган "Барнабас” аты "насыятчы”, "жакшылыкка чакыруучу” деген маанини билдирет. Христиан ааламы Барнабасты Павлос менен (Saint Paul) бирге христиан динин жайган кадырлуу адам деп тааныйт жана ар жылы мезгилдин он биринчи Июнунда пасхасын майрамдашат. Барнабас Иса алейхиссаламдан уккандарын, үйрөнгөндөрүн өзгөртпөй ошол бойдон жазып жүргөн. Бул Инжил христиандыктын алгачкы үч жүз жылында калган Инжилдер менен бирге колдон-колго өтүп окулган. 325- жылы Изникте (Nicene-Никея) поптордун руханий жыйыны ибраний тилиндеги бардык Инжилдерди жоюуга чечим кабыл кылган кезде Барнабас Инжили да жок кылынган. Анткени, төрт Инжилден башка Инжилди окуган жана сактаган адамдарды өлтүрүү тууралуу буйрук чыгарылган эле. Калган Инжилдер латын тилине которулган жана бир гана Барнабас Инжили өтө купуя түрдө жок болгон. 383-жылы папа Дамасус кокусунан колуна түшүп калган Барнабас Инжилинин нускасын папалыктын китепканасында сактаган. Х.993, м.1585-жылга чейин ошол жерде турган Барнабас Инжилин папа Сикстанын (Sextus) досу Фра Марино (Fra Marino.) "Fra” итальян тилинде "эркек тууган” жана "поп” дегенди билдирет) китепканадан таап алып, аны өтө кылдаттык менен изилдеп чыккан. Себеби, атактуу христиан дин жетекчиси Иранеус (130-200) болжол менен 160-жылы Аллахтын бир экенин, Исанын Аллахтын уулу эместигин айтып: "Павлос Римдиктердин бир нече теңирлерге сыйынуу адатын алып, үч Кудайга сыйынуу ишенимин христиан ишенимине киргизүүнү каалаган”, - деп, Павлосту сынга алганда буга далил катары бир кудай ишенимин үгүттөгөн Барнабас Инжилин көрсөткөн эле. Аны билген Фра Марино Барнабас Инжилин кылдаттык менен окуп, болжол менен 1585-1590 жылдардын арасында аны итальян тилине которгон. Ошол итальянча кол жазма ар кимдин колуна өтүп, акыры Пруссия королунун кеңешчиси Кремердин колуна тийген. Кремер аны х.1120, м.1713-жылы түрктөрдү Зентада жеңгендиги жана алардан Мажаристан (Венгрия) менен Белградды алгандыгы үчүн Европада атагы чыккан принц Юган де Савойга (1663-1736) белек кылган. Ал кайтыш болгондон кийин Барнабас Инжили анын жеке китептери менен бирге 1738-жылы Венадагы королдук китепканасына (Hofbibliothek) өткөрүлгөн. Алгачкы жолу бул китепканадан Барнабас Инжилин итальянча котормосун таап алган Роггар (Ragg) жубайлары аны англис тилине которгон. Ошол англисче котормосу х.1325, м.1907-жылы Оксфорддо басылып чыгарылган. Бирок, бул котормо да таң калыштуу болуп жок болгон. Анын бир нускасы "Бритиш музейинде”, бир нускасы да Вашингтондо Америка конгрессинин китепканасында бар. Пакистандын Курани карим коому "Qoran Council” англисче нускасын 1973-жылы кайрадан басып чыгарган.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 80
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 52 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 52, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Авг 2025 21:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: