Мен ото бактылуу адамын, кудайга шугур мындан кийин да ушундай болот. Жашоомду жакшы кором, андагы ар бир нерсени жакшы кором. Жашоонун ар бир мооноту ырахат тартуулайт.
Ушул дуйного жаралып, кудайдын мээрими менен жараткан сулуулуктарын коро алатургандыгыма бактылуумун.
Жагымдуу ундорду, музыкаларды уга аларыма бактылуумун.
Куну кечке сейилдеп журо алышыма бактылуумун.
Жакшы коргон адамдарымды бекем кучактай алышыма бактылуумун.
Жакындарыма жылуу создорду айта алышыма бактылуумун.
МЕН БАКТЫЛУУМУН;-).
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#2422 18 August 2013 - 23:52
Билем, мени кимге, эмнеге гана тенебейсин.
Дуйнодогу эн ыплас, кир нерсенин баары - мен! Сен учун мен томон, эч нерсеге арзыбаган адаммын. Бул сенин оюн, сенин тушунугун, ага каршы чара колдрноюн деген деле ой жок менде...
Бирок, бир нерсени эч тушуно албадын, бир эле нерсе... Баары башына кайрылып келет, ошо куну окунуп калба!
Бирок, бир нерсени эч тушуно албадын, бир эле нерсе... Баары башына кайрылып келет, ошо куну окунуп калба!
Думай своей головой, а не общественным мнением!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
#2423 19 August 2013 - 15:08
тажатты бир адам, тажаттыыы.. андан омуру кутулгус кылып кудайым жаза кылып бердиби ,, айтоор билбейм, бирде андан жакшы адам жоктой, бирде андан откон жинди жоктой, кутула албадым, алсызмын,анын оюндагыдай кылып алган эчаак эле бирок мен аны эч байкаган эмесмин,... Кайда барбайын дайым. Кантип алдабайын .баарыбир алып кетип калат.анан Уруш талаш, "сени суйом, кызганам "деген создору куйдуруп жиберет,....жоок мен антпейм, жакшы жака онолом дейт дайыма алдайт, мен алданып кала берем, уффф мен эмне учун мындаймын...
Менде Эрк деген жок экен, .. Канча урушсам да эч конулу калбады мунун кайра эле магниттей жабыша калат катып.... Убакыт зымырап учкан куш сымал.... О3горуп, тап такыр башка адам болуп калган, мен бул адамды 3 жыл мурункусун кайтаргым келет бирок,андай болбойт.... Кутула да албаайм... Тажатты мени тажатты..
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#2424 20 August 2013 - 01:32
Жашоо кандай керемет.Кээде адам бул жашоонун керемет экенин да байкабай калат тура.Бул жашоодо адамга кандай гана мумкунчулукторду берген жаратканым.
Ооба,адам бул дуйнодогу жашоосун не бир бийик денгээлге туптоп кете алат.Тытынып журуп кашыктап дунуйо чогултат.Аа кандай жол менен?Адалбы же арамбы?Маанилуусу ушул эмеспи.Бул жашоодогу даражабызды туболук жашообузда бизге ыйгараар бекен?Алты санын аман барда кудайга нараазы болгондун кереги барбы?Сенин ырыскынды берсе,дем алып жаткан абанды берсе.Башынды которуп карасан мелтилдеген кок озунч о бир керемет асманды жаратса.Туну карасан бир сырдуу,табышмак ажайып жылдыз-айды жаратса.Айлананды карасан эн бир сулуу жаратылышты жаратса.Анан да жылуу кылган кундун нурун жаратса.Жок дегенде басаар жеринди жаратса.Ал жеден онгон эчен турлу жер-жемишти жаратса.Бир эмес торт мезгилди жаратса.Торт мезгилдин торт турлуу кооздугу менен жаратса.Жаралсан да жанында кошо бир тууганынды жаратса.Жанына омур бою жуп болсун сенин омур шеригинди жаратса.Анда да молтургон ширин бала берсе.Ошонун баарын коро турган козду берсе.Аны акылын менен туйган акыл берсе.Ошол акылынды акыл кыла турган илим-билимдин учугун берсе.Анан да жашоодо кандай жашап отуш керектигин тизмектеп жазылган ыйык китебин жаратса.Бул жашоонун манызын билуу учун омур,ден-соолукту берсе. Жараткандын кереметтин айта берсен соз тугонбойт.Карачы кээде адам суйуу деп зар какшайт.Сен жараткандын бир пендеси учун азап чегип бул керемет жашоонун кереметтин да сезбей каласын.Ал адам сага эмне берди?Ал адам сени суйуунду баалбай кетиши мумкун.Ал эми жараткан озуно болгон суйуусун баалайт.Болгондо да эн бир бийик даражада баалайт.Жаратканга болгон суйуун учун кийинки жашоондогу тубулугунду тузот.Бул жашоодон кандай жашап отсон,туболугундо ошонун жообун аласын.Аа жараткан Аллах ушунун баарын сен учун кылган сенин суйууно татыктуу эмеспи?
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#2425 20 August 2013 - 11:10
Мамамды кечке карап жаттым. Ичим сыздап, "Мени таштай көрбөңүз, мен сиздин эмгегиңизди актай албасам да аракет кылышым керек. Мен алыска кетсем, өзүңүздү жакшылап караңыз. Кудай, мамама ден соолук бере көр. Менин жакшылыктарыма күбө кыла көр" деп жаттым. Чачына ак түшкөн, бетине бырыш түшкөн, ушунун баары мени чоңойтом деп азап тарткандан.
Мен ушундай баадамынбы? Өтө кымбат эмеспи?
"Атаң экөөбүз сени сагынбадыкпы" деген сөздү укканда "Мен эмнеге барбай жүрөм? Мүмкүнчүлүк бар кезде алар менен жашап, аларга күлкү менен жакшы маанай тартуулап калбай, эмне кылып жүрөм?" деген суроолор башыман чыкпай жатты.
Мына ошондо өзүмө сөз берген болчумун "Күндө мамама, атама чалып турам!" . Чалбай мен жүрөм!!! Сөзүмө турбаган экенмин! Жиним келип жатат!
Мен алар үчүн күчтүү болушум керек. Алардын жөлөгү болушум керек!
Сөзүмө турам!

#2426 21 August 2013 - 02:16
Негедир журогум сени ойлор эле,Негедир мага оюн бербейт эле.Канчалык жек коруп турсам дагы,Билбеймин,
сагынганын койбойт неге?
#2427 21 August 2013 - 04:01
Айланамда мага керек болгон адам эмес,мен аларга керек болгон адамдар курчап алды...
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#2428 21 August 2013 - 12:35
Эч нерсеге моюн бербейм деп жашап келем... Озумо озум куч кошуп, тирек болуп, кээде жанылып басып, кээде туура.... кээде суйунсом, кээде капаланып...
Бирок да суроо туулат..Эмнеге?
Эмне учун? Неге? Донголоктун ичиндеги тыйын чычкандай, жашоом,омурум кандай отуп баратканын элес албай, тырмалаганым тырмалаган.
.. Же мен озум эле тырмалап жаткандай туюлуп жатабы. Билбейм. Мумкун мага маанилуу болуп жаткан нерселер Аалам учун, башкалар учун кенедей да мааниси жоктур... Анда эле неге озумду кыйнайм... Алыкул акын айткандай "кээде озумду уй сыртынан карасам" телегейим тегиздей туюлат.. Мумкун чын эле ушундайдыр,
мен аны баалай,кармай албай жаткандырмын.
Журогумдун тупкурундо оордук,эч нерсе жардам бере албачудай туюлат... Эгер азыр озумду озум кармабасам. .. Тупсуз тунгуюк оп тартып кетчудой... Мен кучтуу эмес белем, дагы да бар го кучум... "Моюбай жолумду улайын, омур сапарымды улайын",- дейт башка оюм. Ооба, ошентейин...

"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#2429 21 August 2013 - 12:41
Эрmе менен уйкудан mуруп, чай ичкени олmурганда ойлонуп башmайм... Ал mамакmандыбы же шашылып жумушуна кеmmиби? Бул корунуш дагы бир жыл уланаm болуш керек. Эрmерээк эле ошол кундор келсе экен деп ойлонуп жаmып кайра озумду сабырдуу бол деп жооmкоmом. Сени менен mаанышканыбызга коп убакыm болбосо да сен менин жашоомдун бир болугуно айландын. Копчулук mорm ай аз убакыm деп айmышы мумкун, бирок адам озун бакmылуу сезиши учун бул жеmишmуу убакыm деп ойлойм. Башка шаарда жашаганына кээде капалансам,
кээ бир учурда сенин келе mурган кунунду санап конулумду коmором. Сага коп mаарынганымдын дагы себеби бар..... Таарынып суйлобой олmуруп алсам, кичинекей кыз менен суйлошуп жаmкандай мамиле кыласын. Мен озумду бакmылуумун деп эсепmейм. Себеби сенин барлыгын мен учун чон бакыm! Адам баласынын бакmылуу болушу учун мээримдуу аmа-энеси, дайыма колдоп mурган досmору, жакындары ошондой эле суйукmуу адамы болсо ошонун озу жеmишmуу экен. Омурумдун аягына чейин азыркыдай бакmылуу болгум келеm......
(Эрке кыз)
(Эрке кыз)
#2430 21 August 2013 - 12:46
Кечээ туну уктай албай кыйналдым. Билем эмнеден экенин. Ичине сактаба айт убагында деп озумду кондургом ошого, бирок кээде ундобогон уйдой балээден кутулат дегенге ооп кетет окшойм. Топтолуп деле калыптыр эстеп корсом бир куну чыгаттыр ошолор балким убакты-сааты келе электир. Маанайым жок журдум баарынан тун уйку ошол кунку окуянын адамдардын мамилесинен улам бузулгандыр.
Мен ушундай жаралгам, коросун катаны таап чыгам
#2431 21 August 2013 - 20:17
Бугун календарды карап, маанайым жок болуп кетти, бир жыл! Бир жыл, а мен сендей бактылуу эмесмин!
#2432 21 August 2013 - 21:31
Көп сөз жазгым келди,кайра токто дедим. Булда болсо ичиңе батат,ичиңе гана сакта-дедим да чыктым бул темадан..
#2433 23 August 2013 - 09:31
Кайда барсам? Кимдин колун кармасам? Кайда качсам? Эмне кылсам? Жашоонун чоон шаарында адашып журом, жалгыздык мени коштоп журот...
#2434 23 August 2013 - 23:12
Айлана жым-жырт.Жарык кайда журосун? Мени кара тун курчап алды го. Мен дагы жалгызмын, мага жакын арада ким шерик болот?! Тажап кеттим. Эмнеге? Мен ушундай жаман адаммынбы?!
Жок мен андай дебешим керек.. Ооба менин соз байлыгым жокко эссе, ошентсе да журогумдогуну жазышым керек бул жерге, мумкун женилдеп калаттырмын.
. Чынын айтсам жашагым деле келбейт! Дагы да болсо санаалаш досторума айтам бул созду.. А аларчы, алар тан калат 20 жаштагы бала ушинтип айтат деп.. Эмнеге мен коп ойлоном.. Ойлонгон сайын мурдум канайт. Эмне меники монолоко окшошуп жатавы?
/> деп сиздерди бир аз болсо да жылмайткым келди.. Себеби мен билем да кайгы, мун эмне экенин..
Кайгырбаныздарчы суранам, окунбонуздорчу! А менчи, мен озум, сиздерге айтып алып озум аткара албай келем ушул создорду...
Макулмун баарына десем да, журогум тызылдап турат, эмне себептен?! Эмне баардык эле нерсе журогумо азыла береби?! Ага дагы макулмун, журоко кирген нерсени, коз жаш менен чыгарып салуу оной эле нерсе!

#2436 24 August 2013 - 14:20
Эгер ушул жалгандан башка дуйно бар экени айкын болсо,мен сени ошол дуйнодон кутойун......
#2437 24 August 2013 - 23:42
Эмнегедир конулум чогуп турат. Бул ызабы же журогумду сыздаткан оксуубу, билбедим. Капкайдагы ойлор келет. Кайдадыр шаша берем. Эч нерсеге улгурбой жаткансып, шаша берем, шаша берем. Мындай абалым тез-тез кайталанчу болду. Ойлонуп ой тубуно жетпедим.
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
#2438 25 August 2013 - 17:42
негедир журогум ооруп турат сагынычпы же эмнеси тушунбойм кимди сагынышым мумкун сагына турган адам мен учун качан жок болгон эстегим да келбейт,анда эмнеси конулум жок айланам тумандап турат. мекениме кетип калсамбы бирок ал жакта мага женил болбошуна козум жетип турат же башка шаарга кетип калсамбы анда ата энем кыжалат болот эхх качан чийеленген ойлордон кутулам ушунун баарына бар гана адам куноолуу мени алдап кеткен. мен аны кечире алат бекем.
#2439 26 August 2013 - 10:26
Кантип ишенем сага. Кантип?деги ишенсе болобу? Ишеничимди актай аласынбы? Менин коз жашыма арзыйсынбы?
Бактылуу боло аламбы сен мн? Сыйлай аласынбы? Баалай аласынбы? Туркун суроолор мээмди жеп таштады, же сага айталбайм айтканда мине майнап чыкмак беле, баарыбир алдайсын,же курбуларыма айта албайм алар да болсо сени жек коруп калган,,алар урушуп баштаганда тек гана унчукпай жылмайып гана кутулам.себеби сени актай албайм, сенин жакшы сапаттарына караганда жаманы коп, ,, болду эми мен сени койо бердим ,мен жалган умуттонуп озумду алдагым келбейт... Кабак буркобой..дайыма жылмайып жургум келет. Менде баары жакшы болот. Мен озумо ишенем... Бактылуу бол суйгонум....бир кун келип баарын тушуноттурсун.
... Катту айткан создорунду,
капа кылган кундорунду.
..бирок Мен сени кечирдим.....
.кек сактабайм...
..Кантсе да сени жакшы кором,,, кантсе да сени мн качандыр бир бактылуу болгом, ошол бактылуулуктун ко3 ирмемдерин туболуко журогумо катып сактайм..... Бир кун келип жолугуп калсак тек гана жаштыкты жылмаю мн эстеербиз .....
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#2440 26 August 2013 - 11:30
"Таш боордук кантип жаралат?"
Мен ушул кунго чейин, ушул эрезеге чейин таш боор жанды коргон эмес элем. Ооба жашоодо коргон эмес элем, коргонмун сериялдарда коргонмун. Анан олтуруп алып таш боордук кантип, кайдан жаралат деген суроого жооп таппай келчумун.
Кече сен мага "Аябай таш боорсун ээ?", дедин. Бул созду угуп аябай кызыктай болдум. Эх... ал создон кийин ойлонуп калдым. мен чындыгында эле таш боормунбу? деп. Бирок озум таш боор экенимди билбейт экенмин. Омурумдо алгачкы жолу ушундай созду алгач сенден уктум. Хм-м кулкум келди. Мен таш боор болсом, эээ чындап кулкулу соз, мен кааласам да таш боор боло албаймын, ме ни жакындан таанып билген сенби? Сен болуп туруп ушул созду айтасын. Мени анда дале сен жакшы таанып билбейт экенсин, анткени мени жакшы таанып билген адам бул созду айтмак эмес.
Бирок сен айткандан кийин менде ой жаралды, балким сен чындыкты айткан чыгарсын, мурда андай дебейт элен, балким акыркы кундордо ушундай болуп калган чыгармын. Сен туура айтасын сага карата мен таш боордук кылып жатат экенмин эми ойлонуп корсом. Бирок себебин сен билбейсин да, билдиргим келет бирок билдиргенге эрким жетпейт.
Мен бул мунозду да уйрондум, анткени таш боордукту инсан озу жаратат туура. Мен сага таш боор мамиледе болушума озгочо себеп бар, сен каалагандай жан эмесмин, сен каалагандай мамиледе боло албаганым учун кечир. Менин журогум эбак эле таш болуп катып калган, мен жалгыз сага эле эмес баарына ушундаймын, мени тушуно алсан туура тушун. Сени капа кылдым билемин, бирок айыбымды жууп сага чалбаймын, сени суйо албаймын, сагындым деп айта албаймын. Себеби сени суйо албаймын, сагына албаймын, сен озун айткандай мен таш боормун. Ошол себеп менден жылуу соз кутпо, менден копту умуттонбо, мага ишенбе.

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."

Супер-Инфо
super.kg
видео