Орусиядан салам!
#861 17 Июль 2013 - 22:03
Екатеринбургдан салам сиздерге!
!!!
/>
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#865 03 Август 2013 - 23:03
Москва турат, мигранттарга кабагын буркоп. Мэр шайланганга чейин кабагын ачпайт деп жатышат, алдын ала айтуучулар.
Аба ырайы деле гастарсаясатына жараша болуп суук тартып кетти эле, эми жылый баштады. Биздин жаштар шатыра-шатман , шандуу иштеп жатышат. Кыргызстанга акчаларын очуротко туруп салып атышат. Негизи азырынча тынчпыз.
#866 05 Август 2013 - 17:34
Москвага чооооооон салам. Эх сагындым Москваны,Мага койсо азыр учуп жономокмун даааааа шорттуку

Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#867 05 Август 2013 - 17:51
Кыргызстан Чон Алайга Салам! Москвада жургон Чон Алайлыктар барбы???
#869 07 Август 2013 - 14:47
Суперди окуган жана эми окуюн деп аткан кыргыздарды айт майрамы менен куттуктайым.
#871 07 Август 2013 - 23:34
Саламатсынбы Кыргызстан.
Эсимде, мындан 8 жыл мурун поезд менен Казакстандан кирип бара жатканыбызда аба, жыт кадимкидей жагымдуу жыттанып, поезддин терезесинен кирген шамал бир башкача болуп, поезддин туулган жерге кирип бара жатканы кадимкиидей туулган. Андан бери нечен кар жаап нечен жамгыр жаады. Коптогон жылдар отту. Ошондой сезим дагы бир келишин кутуп эле журом. Жок, келбеди. Же курагым отуп кеттиби же чойро андай таасири жокпу айтор билбейим.
Азыр журобуз. Москва. Дуйнодогу эн чон шаарлардын бири. Бирок натыйжасында эмне?! Тупик. Тунгуюк. Москвага жашап калуудан кудай сактасын дейим. Далай кары- картан менен суйлоштум. Москвада жашабайсын. Жашоо учун курошосун. Бир короонун ичинен чыкпай омурун отот.
Сагындым Кыргызстаным. Кетейин дедим. Кор тиричилик дагы бир жыл иште дегенсип турат.
Жылкынын тери жытанган ат жабдыгын сагындым. Жазга маал копкон топурактын, чоп тамырынын жытын сагындым. Эрте мененки короз кыйкырыгы менен кечки иттердин ургонун сагындым.

#872 08 Август 2013 - 02:34
Салам кат.
Саламатсынбы Кыргызстан.
Саламым менен мен - атуулун.
Бизсиз зериктинби? Элин жакырчылыктан чыктыбы? Азыркы падышанар кандай? Конулго толоорлукпу? Же ал да артына куч келгенде куйрук туйуп качам дегендерденби? Угушубузга караганда озу аракети кучтуу эле экен го. Бирок кучтуу мафия дагы эле илээшип журот деп айтып калышат. Той - топурлар тээ атам замандагы Кокотайдын ашынан ашып тушконун угуп атабыз. Жаштар эмес кары- картандардын акча коптугунон ар кандай сол жолдорго баргандарын кабарлап калышат. Кээ бир аймактарда журок жылытаарлык кайрымдуулук иштер журуп жатыптыр. Негизи Кыргызстаным аман болсон болду.
Эми озум жана озум жактан билдирсем, биз аман. Москва Алыкулдун Ысык - Колундой. Орустар журушот. Тынч. Падышасына эли бир-эки жолу каршы которулуп корушту эле бизд туурап, булардын падышасы чынында эркек экен. Кымкуут кылып чилдей таркатып, баштоочусун , сен кимсин, эмне иш менен алек болгон немесин деп териштирди эле анысы бир паракор, жемекей неме экен зорго ачыка кесилип кутулду.( ооз ачкыс кылып койду). Эли бир жакшы кудай берген эл. Атасына аш бергенсип той кылбайт. Ысырапкерчилик эмне экенин билишпейт. Аа айтмакчы биздин аялдар кошунасын карап кийинишсе булардын аялдары кузгуго каранып кийинишет экен. Мода деген жок. Колуна жакшы, жарашыктуу чупурок тийсе болду, кийип алышат. Орустар аракты коп ичишет деп укчуумун. Калп. Менин туугандарыма жетишпейт. Орусун беш кило закускосу менен бир ботолко арак ичсе, менин кыргыз тууганым бир баш пияз менен уч кун арак ичет. Бирок туугандарымын да ичкичтери азайып баратышат. ( же аракка уугуп олуп калып атышабы, билбейим). Кыскасы жашоо ушул.
Эмдиги салам катка чейин саламатта бол Кыргызстаным.

#874 17 Август 2013 - 01:20
Салам Кыргызстан.
Откондогу катымда сагынгандыгыгым боюнча айттым эле. Бул жолу прогноз (божомол, тукшумол) айтайын дегеним. Дагы 5-6 жылдан сон Россиядагы озгочо Москвадагы мигрант- гастарбайтерлер озунон-озу Ата-Мекендерине кетишет. Россия СМИлеринде кандай мыскылдап , кемсинткен создор айтылып жатат. Кордукка чыдоонун акыркы убакыттары отуп жатат окшойт. Кыргызстандагы жашоо мындан он жыл мурункуга караганда бир кыйла жакшы экендигин кордум. Таджик , озбек туугандардан сурасам копчулугу 2-3 жылдан сон такыр кетебиз дещет. Азыр короо шыпырган балдар аз эле калган. 2005-2006- жылдары мисалы 2000кыргыз дворник болсо азыр ошол эки миндин 200 у гана шыпыргыда. Негизгилери кафе-ресторан,
такси, стройка. Так что жук-пугунорду акырын жыйнай берсенер да болот.
#875 18 Август 2013 - 03:35
Бут олкодо жургон жердештериме Кыргызстаныма ыссык салам.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#878 24 Август 2013 - 01:39
москвадан баардык Кыргыз бир туугандарыма салам!!!
Алга Кыргызстан!
!!!