варикоз жонундо билгендер болсо кенеш бергилечи .Он бутумдун тамырлары кооп кеткен мурда ооручу эмес эле азыр коп ооручу болду. Оз алдынча дарыласа болобу
Варикоз тууралуу
#2 16 November 2012 - 16:23
варикоз жонундо билгендер болсо кенеш бергилечи .Он бутумдун тамырлары кооп кеткен мурда ооручу эмес эле азыр коп ооручу болду. Оз алдынча дарыласа болобу
Супер-Инфонун архивин казсаң (Варикоз-вена кан тамырынын көөп кетиши.№364 23-29-окт.2009-ж, Буттагы жылдыздар же варикоз оорусу. №199 25-31-авг.2006-ж) ж.б. толтура маалыматтарды тапса болот.
#4 18 November 2012 - 02:55
Оз алдынча дарыласа болобу
Үй шартында дарылайм десеңиз-эң эффективдүү чалкан.Бирок, муну ар дайым өз убагында унутпай настойду ичүү керек.Бул чалкандан настойду 6 ай ичиш керек.
Жазалуу ыкмасы:
1)стакан сууга 1 аш кашык чалкандын жалбырагын кошобуз.Жай отко коюп кайнатабыз дагы,муздатып туруп чыпкалап,3 бөлүккө бөлөбүз.Бир бөлүгүн тамактын алдында ичүүңүз керек.

2)Чийки 5 картошканы пюре кылып өткөрүп,бутка сыйпап туруп полиэтилен менен ороп коюу керек.Арадан 4 сааттан кийин жууп салыңыз.

3) 250г сарымсак(чеснок) и 350г балды 2 жума коёбуз .Күнүнө тамактын алдында 1 аш кашыктан ичип туруу керек.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#5 29 November 2012 - 21:05
Варикоз дарты менен кабатыр болуп журсонуз,бийик така кийбениз,коп басбаныз,оор жук которбонуз,
керели кечке баскан куну жатар убакта бутунузду бийик которуп жатыныз жана чулки кийуу керек.
#6 26 August 2013 - 17:39
Варикоздун алдын алуу учун эн жонокой ыкма. Тик туруп идиш жууп жатканынызда же тиш жууган убакта,бир бутунуз менен турунуз. Талыганда экинчи бутка алмаштырыныз.
Бул ыкманы жыланайлак аткарган жакшы. Бул ыкма булчундарды бекемдеп, варикоздун алдын алат.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#7 13 February 2014 - 21:17
"Варикоз"
- грек тилинен которгондо "кеңейүү"
деген түшүнүктү берет. Демек, бул - веналык кан тамырлардын кеңейип кетиши. Теория боюнча, варикоз дененин ар кайсы бөлүгүндө пайда боло алат. Бирок көп учурда ал буттан кармайт. Анткени, вена организмде иштетилип бүткөн кан жүрүүчү кан тамыр болуп эсептелет да, оорчулук түшкөндө иштетилип бүткөн кан жогору көтөрүлө албай, анын жарымы кайра артка кетип, мунун эсебинен буттун кан тамыры кеңейип, чоюлуп отуруп варикозго чалдыгат. Анан ийри- буйру абалга туш болгон вена өзүнүн формасын толугу менен жоготот. Варикозго дуушар болгон абалды ажыратуу кыйын эмес. Веналык кан тамырдын жана анын капиллярларынын шишип, көгөрүп чыгышы - оорунун диагнозу. Көбүнчө дарттын бул түрү менен аялдар жабыркашат.
Себеби, алардын организми эркектерге салыштырмалуу алсызыраак.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#8 13 February 2014 - 21:19
Алгачкы белгилери:
- Бутта ооруксунуу пайда болот
- Дене табы ысып, температура бериши мүмкүн
- Кечкисин буттар шишип чыгат, талып ооруйт
- Уктоо абалында буттун булчуңдары карышат
- Буттун териси кара жагымсыз түскө алмашат

#9 13 February 2014 - 21:21
Эмнеден келип чыгат?
Жашоо образы. Буга организмге физикалык күч келтирген жумуштар: оор көтөрүү, кара жумуш, ашыкча жана көп жөө жүрүү, узак убакытка бир орунда туруу кирет.
Гормоналдык өзгөрүү. Бул "кош бойлуулук" деген түшүнүктү туюнтат. Демек, эки кат кездеги организмге түшкөн оорчулуктан да варикоз жаралышы ыктымал.
Семирүү. Дененин массасынын көбөйүшү дагы бирден-бир себеп.
Тукум куучулук. Тегинде варикоз менен ооруган адам бар болгон шартта пайда болот. Ал бир нече муундан кийин жанданышы дагы мүмкүн.
Стадиялары:
Биринчи стадия. Мында варикоздун алгачкы белгилери байкалат. Кээде веналык кан тамыр шишип, анын тегерегинде майда жылдызча түрүндө тактар пайда болот. Бут бат эле чарчай жана шиший баштайт. Бул өзүнө бир жылга жетпеген мөөнөттү камтыйт.
Экинчи стадия. Ооруксунуу күчөп баштайт. Веналык кан тамырдын көөп чыкканы даана байкалып, териге кара чекиттер чыгып, өзгөрүү пайда болот.
Үчүнчү стадия. Бутту толугу менен варикоз каптайт. Дээрлик соо жер калбайт. Ооруксунуу кычыштыруу менен, тырмоо жарага айлануу менен коштолот. Бул жара өмүр бою кетпейт, ал жердеги нервдер адамдын мүнөзүн өзгөртүп жиберет.

#10 13 February 2014 - 21:22
Варикозду дарылоонун элдик ыкмалары:
Сарымсак. Ак сарымсакты аарчып майда кылып талкалайсыз. Ага эки кесим каймакмайды кошуп, аралашманы варикоз болгон кан тамырларга сүйкөйсүз. Үстүнө целлофан жаап, бинттен кийин жылуу таңып жатуу керек. Эртең менен жылуу сууга жууп таштап, сөзсүз байпак кийиңиз.
Помидор. Помидорду бир канча тилимдерге бөлүп, аларды варикоздон жабыркаган веналарга коюп, түндө жылуу таңып жатуу дагы натыйжалуу ыкма.
Чалкан. Эки аш кашык кургатылган чалкан чөбүн бир стакан сууга демдеп, күнүнө үч жолу ичесиз. Төрт жумадан соң эки жумага тыныгуу керек. Кайрадан ушундай өңүттө улантып отуруп, алты ай дарыланасыз. Бул аралыкта майлуу, ышталган жана куурулган тамактардан сактануу кажет.
Картошка. Беш картошканы аарчып, кыргычтан өткөрүп, даяр болгон массаны кан тамырларга сүртөсүз. Төрт сааттан же ооруксунуунун илеби кеткенден кийин жууп саласыз.
Эрмен. Бир аз эрмен чөбүн майдалап ачыган сүткө аралаштырасыз. Анан аны марляга ылайыктап салып, түнкүсүн кан тамырды таңып жатасыз да эртең менен жууп саласыз. Бул процедураны беш күн катары менен кайталоо эффективдүү.
Алма. Орточо көлөмдөгү үч алманы алардын боюн көмө тургандай кайнак сууга салып, капкак жаап, 4 саат жуурканга жылуу ороп коёсуз. Анан алмаларды ошол эле сууга эзип, бир аз бал кошосуз да эртең мененкисин ачкарын жана кечкисин уктоо алдында 50 граммдан ичесиз.

#11 18 February 2014 - 15:16
Менинда бутумда варикоз бар
мындан 3-жыл мурун пайда болгон анда кичине эле врачка корунсом операциясыз айыкбайт деген.
Эми жылдан жылга кобойуп азыр сандарымда да чон-чон тамырлар кобойуп кетти.
ошо варикоздон грыжада пайда болуптур((((((

#13 16 March 2014 - 12:29
Кантип варикоздун алдын алуу керек?
Варикоз – айымдардын көйгөйү. Эгер мунун алдын албаса ар бир бешинчи аялдын 40 жашка барганга чейин кан тамырлары чыгып, жагымсыз көрүнүп калышы мүмкүн. Флебологдор варикоздун алдын алуунун ишенимдүү ыкмасы жок дешет. Бул оору тукум куучулук жолу менен өтүшү да мүмкүн. Ошентсе да буттарга туура кам көрүү менен муну 50-55 жашка чейин кечеңдетсе болот.
Негизги сунуштар баарына белгилүү: ундан жасалган азыктардан, таттуудан баш тартуу, туз, кофе жана шорпону чектөө, сууда сүзүү жана аквааэробика менен машыгуу, тамеки тартпоо, отуруп же туруп иштөөдөн баш тартуу, оор жүк көтөрбөө. Сауна, мончо дегенди унутуп, бир күндө эки жолу бутту муздак суу менен жууп туруу керек. Калың резинкалуу байпак, гольф кийүүгө, бутту кайчылаштырып отурууга болбойт.
Эгер ушунчалык деңгээлде жашоо образыңызды өзгөртүүгө жөндөмдүү болсоңуз, анда мактоого татыктуусуз. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй көпчүлүк айымдар жогорудагы көрсөтмөлөрдүн баарын аткара алышпайт. Ошондуктан варикоздун алдын алуунун абдан жалкоо же ишмер айымдарга да ылайыктуу жөнөкөй жолдору бар.
1.Лыжага туруңуз
Же лыжада баскан сыяктуу машыктыргычка туруңуз. Тайгалак, пластикалык кыймыл менен буттун булчуңдарын чыңдап, веналардын корголушун камсыз кыла аласыз. Аптасына 2 жолудан кем эмес машыгуу керек.
2. Колготки жана чулки кийбеңиз
Колготки жана чулки кийүү веналар үчүн кооптуу. Анткени майда капиллярларды кысып, анын натыйжасында нармалдуу шартта тамырларга бөлүнүп кетүүчү кан кайрадан вена системасына топтолуп калууга аргасыз болот. Ошондуктан эгер жумушка шым кийип келүүгө же эч нерсе кийбөөгө болбосо жок дегенде бош убактыңызда колготки, чулки кийбегенге аракет кылыңыз.
3. Жатууга мүмкүнчүлүк болсо жата калыңыз
Варикоз оорусу адамдарга гана тиешелүү. Мындай көйгөйдөн жабыркагана бир да жаныбар жок. Анткени алардын оордугу төрт бутка бөлүнөт, ал эми адамдардыкы эки бутка. Буттун веналарын эс алдырып алууга болот, аны үчүн мүмкүнчүлүк таап, бутту столго, отургучка коюп жатуу керек же отуруу керек. Бирок эртеден кечке диванда жатуу такалуу бут кийим менен чуркап жүргөндөй эле зыян. Венаны калыбына келтирип алуу үчүн 15-20 мүнөт жата калуу жетиштүү.
4. Спирт ичимдиктери буттун душманы
Медиктер варикоздун тамактанууга байланыштуу себептерин бөлүп көрсөтүшөт: ашыкча салмак, ичи катуу, геморрой. Эгер аталган үч фактор бар болсо варикоз да күттүрбөй эле келип калат. Мындайдан алыс болуу үчүн күнүнө 2 аш кашык өсүмдүк майын жана эң аз дегенде 300 г клетчатка кабыл алып туруу керек. Алмада, капустада клетчатка көп болот. Бул эттен жана таттуудан баш тартуу керек дегенди билдирбейт. Жөн гана тамактануу тең салмактуу болуусу керек. Бир гана айта кетчү нерсе, спирт ичимдиктеринен алыс болгон жакшы, анткени ал тамырларды кеңейтүүчү жөндөмгө ээ болгондуктан буттун эң башкы душмандарынан болуп саналат.
5. Жүрөктү текшертиңиз
Америкалык флебологдор жүрөктүн согуусу менен варикоздун байланышы бар экенин аныкташты. Көрсө, жүрөктүн ишинин бузулушу кан айлануунун туруктуулугуна чоң таасир этет экен.
Ошондуктан варикоздун белгилери (буттун оорлошуусу, шишимек тартуусу) байкала баштаганда кардиолгго кайрылуу керек. Негизги көйгөй өйдөдө жайгашкандыктан аны дарылоо менен анын натыйжасындан да арылууга болот. Эгер жүрөгүңүздө эч кандай проблема жок болсо тынчтанып отуруп калбай варикозго каршы башка ыкмаларды колдонууну уланта бериңиз.
6. Канды текшертиңиз
Кээде кандын венада туруп калуусунун себебин анын өзүнөн издөө керек. Абдан коюу кан вена клапандарынан оңой менен чыга албай тыгылып калат. Кандын жүрүшүн текшерүү үчүн коагулограммага кан тапшырыңыз. Протромбин индекси 80%дан ашык, тромботест 4-5 даражада болуусу кажет. Анализдин жыйынтыгы начар болсо врачка кайрылыңыз.
7. Гормоналдык каражатты алмаштырыңыз
Варикоздун пайда болушу дары ичүүдөн түздөн-түз көз каранды эмес, бирок гормоналдык дарылар варикоздун өтүшүп кетишин шарттайт. Ошондуктан бойго бүтүрбөөчү таблетканы кабыл алып баштагандан кийин бир жыл ичинде варикоздун белгилери байкалса, анда гинекологго кайрылып, башка таблетканы тандаңыз же сактануунун башка ыкмасын пайдаланыңыз. Эскертүү: гормоналдык каражаттарды өз алдыңызча алып колдонбоңуз, абал оорлоп кетиши мүмкүн.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#14 17 November 2014 - 11:37
Варикоз ата-энеден балага отобу? Тукум улайбы? Ким билет?
Реал чемпиооон!!!
#15 18 November 2014 - 17:58
Менда варикоздун азабын тартып журом,он бутум мн женский жактан ваше чыгып кеткен аябай эле ооруйт,азыр кош бойлуумун торогонго коркунучу жокпу?
#17 21 November 2014 - 17:42
Дархан мен эки баламды тен эле варикоз менен тородум. Коркунуч деле жок го менимче. Торогондон к.н озу эле жоголуп кетти. Къжаалат болуштун кереги жок.
#18 29 November 2014 - 03:35
Варикоз ата-энеден балага отобу? Тукум улайбы? Ким билет?
Тукум улайт экен бирок алдын алса болот.азыр ага бардык мумкунчулук бар.
#19 08 December 2014 - 16:09
Үй шартында дарылайм десеңиз-эң эффективдүү чалкан.Бирок,
муну ар дайым өз убагында унутпай настойду ичүү керек.Бул чалкандан настойду 6 ай ичиш керек.
Жазалуу ыкмасы:
1)стакан сууга 1 аш кашык чалкандын жалбырагын кошобуз.Жай отко коюп кайнатабыз дагы,муздатып туруп чыпкалап,3 бөлүккө бөлөбүз.Бир бөлүгүн тамактын алдында ичүүңүз керек.

2)Чийки 5 картошканы пюре кылып өткөрүп,бутка сыйпап туруп полиэтилен менен ороп коюу керек.Арадан 4 сааттан кийин жууп салыңыз.

3) 250г сарымсак(чеснок) и 350г балды 2 жума коёбуз .Күнүнө тамактын алдында 1 аш кашыктан ичип туруу керек.

Жазалуу ыкмасы:
1)стакан сууга 1 аш кашык чалкандын жалбырагын кошобуз.Жай отко коюп кайнатабыз дагы,муздатып туруп чыпкалап,3 бөлүккө бөлөбүз.Бир бөлүгүн тамактын алдында ичүүңүз керек.

2)Чийки 5 картошканы пюре кылып өткөрүп,бутка сыйпап туруп полиэтилен менен ороп коюу керек.Арадан 4 сааттан кийин жууп салыңыз.

3) 250г сарымсак(чеснок) и 350г балды 2 жума коёбуз .Күнүнө тамактын алдында 1 аш кашыктан ичип туруу керек.

Жакшы кенеш экен,рахмат сизге,мен да варикоздон жабыркап келем.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#20 24 December 2014 - 23:21
Пружок берем деп бутумо 3кллик нерсе байлап жугургон элем варикоз чыгып кеткен.кийин агай бир маз берген анан кайтып кетти

Супер-Инфо
super.kg
видео