Иса алейхиссаламга Инжил китеби түшүрүлгөн.
Бирок, яхудилер бул китепти сексен жылда жок кылышкан. Кийин жазылган христиандардын Аллаху таала тарабынан жиберилгенине ишенген "Китаби мукаддас” (Ыйык китеп) эки бөлүмдөн турат. Биринчиси "Эски осуят” (Old Testament) китеби ошол доорго чейин келген пайгамбарлардын,
айрыкча, Муса пайгамбардын насыяттарын камтый тургандыгына ишенилет. Экинчиси "Жаңы осуят” (New Testament) Иса алейхиссаламга ишенгендердин ичинде Мартта (Matthew), Марк (Mark), Лука (Luke) жана Иоанн (Jahn) тарабынан жазылган китептер болуп, Иса алейхиссаламдын өмүр баянын, кылган иштерин жана айткан насыяттарын камтыйт. Инжилди даярдоодо Курани каримдин жазылуусунда сакталган кылдаттык сакталган эмес. Чыныгы маалыматтарга бир канча жаңылыш түшүнүктөр,
ырымдар, легендалар киргизилген.
Х.1303, м.1885-жылы кайтыш болгон монастырдык мугалим ажы Абдуллах Абдибектин араб тилинде жазылган "Рисала- и самсамийа” жана түрк тилинде жазылган "Изах-ул-марам” китептеринде Инжилдер тууралуу кеңири маалымат берилген. Чыныгы Инжилге өтө жакын Инжил нускаларынын да бар экендиги азыркы кезде байкалууда.
Алардын эң маанилүүсү Барнабас Инжили. Барнабас Кипрдик яхуди болчу. Чыныгы аты Жозеф эле. Ал Иса алейхиссаламга ишенгендердин алгачкыларынын бири жана хаварийлердин (апостол) арасында маанилүү орунга ээ. Ага карата айтылган "Барнабас” аты "насыятчы”,
"жакшылыкка чакыруучу” деген маанини билдирет. Христиан ааламы Барнабасты Павлос менен (Saint Paul) бирге христиан динин жайган кадырлуу адам деп тааныйт жана ар жылы мезгилдин он биринчи Июнунда пасхасын майрамдашат.
Барнабас Иса алейхиссаламдан уккандарын,
үйрөнгөндөрүн өзгөртпөй ошол бойдон жазып жүргөн. Бул Инжил христиандыктын алгачкы үч жүз жылында калган Инжилдер менен бирге колдон-колго өтүп окулган. 325- жылы Изникте (Nicene-Никея) поптордун руханий жыйыны ибраний тилиндеги бардык Инжилдерди жоюуга чечим кабыл кылган кезде Барнабас Инжили да жок кылынган. Анткени, төрт Инжилден башка Инжилди окуган жана сактаган адамдарды өлтүрүү тууралуу буйрук чыгарылган эле. Калган Инжилдер латын тилине которулган жана бир гана Барнабас Инжили өтө купуя түрдө жок болгон. 383-жылы папа Дамасус кокусунан колуна түшүп калган Барнабас Инжилинин нускасын папалыктын китепканасында сактаган. Х.993, м.1585-жылга чейин ошол жерде турган Барнабас Инжилин папа Сикстанын (Sextus) досу Фра Марино (Fra Marino.) "Fra” итальян тилинде "эркек тууган” жана "поп” дегенди билдирет) китепканадан таап алып, аны өтө кылдаттык менен изилдеп чыккан. Себеби, атактуу христиан дин жетекчиси Иранеус (130-200) болжол менен 160-жылы Аллахтын бир экенин, Исанын Аллахтын уулу эместигин айтып: "Павлос Римдиктердин бир нече теңирлерге сыйынуу адатын алып, үч Кудайга сыйынуу ишенимин христиан ишенимине киргизүүнү каалаган”, - деп, Павлосту сынга алганда буга далил катары бир кудай ишенимин үгүттөгөн Барнабас Инжилин көрсөткөн эле. Аны билген Фра Марино Барнабас Инжилин кылдаттык менен окуп, болжол менен 1585-1590 жылдардын арасында аны итальян тилине которгон. Ошол итальянча кол жазма ар кимдин колуна өтүп, акыры Пруссия королунун кеңешчиси Кремердин колуна тийген. Кремер аны х.1120, м.1713-жылы түрктөрдү Зентада жеңгендиги жана алардан Мажаристан (Венгрия) менен Белградды алгандыгы үчүн Европада атагы чыккан принц Юган де Савойга (1663-1736) белек кылган. Ал кайтыш болгондон кийин Барнабас Инжили анын жеке китептери менен бирге 1738-жылы Венадагы королдук китепканасына (Hofbibliothek) өткөрүлгөн.
Алгачкы жолу бул китепканадан Барнабас Инжилин итальянча котормосун таап алган Роггар (Ragg) жубайлары аны англис тилине которгон. Ошол англисче котормосу х.1325, м.1907-жылы Оксфорддо басылып чыгарылган.
Бирок, бул котормо да таң калыштуу болуп жок болгон. Анын бир нускасы "Бритиш музейинде”,
бир нускасы да Вашингтондо Америка конгрессинин китепканасында бар. Пакистандын Курани карим коому "Qoran Council” англисче нускасын 1973-жылы кайрадан басып чыгарган.
Эски осуят, Жаны осуят деп туруп, кашаанын ичине немисчесин жазып койгонун кыйын экен ))). Жоо жомогундун башын окудум, чындыкка ишенбегендер ушундайларга оной эле ишенишет, мен буга тан калбай калгам ))). Кудай менен болбогон адам, кааласа каалабаса да, тааныса, тааныбаса да амалкойдун таасиринде калат.

Супер-Инфо
super.kg
видео










