Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • 85
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#1641 Пользователь офлайн   Debi   26 Август 2013 - 22:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения AZIK01 (26 Август 2013 - 22:07) жазган:

Иса алейхиссаламга Инжил китеби түшүрүлгөн. Бирок, яхудилер бул китепти сексен жылда жок кылышкан. Кийин жазылган христиандардын Аллаху таала тарабынан жиберилгенине ишенген "Китаби мукаддас” (Ыйык китеп) эки бөлүмдөн турат. Биринчиси "Эски осуят” (Old Testament) китеби ошол доорго чейин келген пайгамбарлардын, айрыкча, Муса пайгамбардын насыяттарын камтый тургандыгына ишенилет. Экинчиси "Жаңы осуят” (New Testament) Иса алейхиссаламга ишенгендердин ичинде Мартта (Matthew), Марк (Mark), Лука (Luke) жана Иоанн (Jahn) тарабынан жазылган китептер болуп, Иса алейхиссаламдын өмүр баянын, кылган иштерин жана айткан насыяттарын камтыйт. Инжилди даярдоодо Курани каримдин жазылуусунда сакталган кылдаттык сакталган эмес. Чыныгы маалыматтарга бир канча жаңылыш түшүнүктөр, ырымдар, легендалар киргизилген. Х.1303, м.1885-жылы кайтыш болгон монастырдык мугалим ажы Абдуллах Абдибектин араб тилинде жазылган "Рисала- и самсамийа” жана түрк тилинде жазылган "Изах-ул-марам” китептеринде Инжилдер тууралуу кеңири маалымат берилген. Чыныгы Инжилге өтө жакын Инжил нускаларынын да бар экендиги азыркы кезде байкалууда. Алардын эң маанилүүсү Барнабас Инжили. Барнабас Кипрдик яхуди болчу. Чыныгы аты Жозеф эле. Ал Иса алейхиссаламга ишенгендердин алгачкыларынын бири жана хаварийлердин (апостол) арасында маанилүү орунга ээ. Ага карата айтылган "Барнабас” аты "насыятчы”, "жакшылыкка чакыруучу” деген маанини билдирет. Христиан ааламы Барнабасты Павлос менен (Saint Paul) бирге христиан динин жайган кадырлуу адам деп тааныйт жана ар жылы мезгилдин он биринчи Июнунда пасхасын майрамдашат. Барнабас Иса алейхиссаламдан уккандарын, үйрөнгөндөрүн өзгөртпөй ошол бойдон жазып жүргөн. Бул Инжил христиандыктын алгачкы үч жүз жылында калган Инжилдер менен бирге колдон-колго өтүп окулган. 325- жылы Изникте (Nicene-Никея) поптордун руханий жыйыны ибраний тилиндеги бардык Инжилдерди жоюуга чечим кабыл кылган кезде Барнабас Инжили да жок кылынган. Анткени, төрт Инжилден башка Инжилди окуган жана сактаган адамдарды өлтүрүү тууралуу буйрук чыгарылган эле. Калган Инжилдер латын тилине которулган жана бир гана Барнабас Инжили өтө купуя түрдө жок болгон. 383-жылы папа Дамасус кокусунан колуна түшүп калган Барнабас Инжилинин нускасын папалыктын китепканасында сактаган. Х.993, м.1585-жылга чейин ошол жерде турган Барнабас Инжилин папа Сикстанын (Sextus) досу Фра Марино (Fra Marino.) "Fra” итальян тилинде "эркек тууган” жана "поп” дегенди билдирет) китепканадан таап алып, аны өтө кылдаттык менен изилдеп чыккан. Себеби, атактуу христиан дин жетекчиси Иранеус (130-200) болжол менен 160-жылы Аллахтын бир экенин, Исанын Аллахтын уулу эместигин айтып: "Павлос Римдиктердин бир нече теңирлерге сыйынуу адатын алып, үч Кудайга сыйынуу ишенимин христиан ишенимине киргизүүнү каалаган”, - деп, Павлосту сынга алганда буга далил катары бир кудай ишенимин үгүттөгөн Барнабас Инжилин көрсөткөн эле. Аны билген Фра Марино Барнабас Инжилин кылдаттык менен окуп, болжол менен 1585-1590 жылдардын арасында аны итальян тилине которгон. Ошол итальянча кол жазма ар кимдин колуна өтүп, акыры Пруссия королунун кеңешчиси Кремердин колуна тийген. Кремер аны х.1120, м.1713-жылы түрктөрдү Зентада жеңгендиги жана алардан Мажаристан (Венгрия) менен Белградды алгандыгы үчүн Европада атагы чыккан принц Юган де Савойга (1663-1736) белек кылган. Ал кайтыш болгондон кийин Барнабас Инжили анын жеке китептери менен бирге 1738-жылы Венадагы королдук китепканасына (Hofbibliothek) өткөрүлгөн. Алгачкы жолу бул китепканадан Барнабас Инжилин итальянча котормосун таап алган Роггар (Ragg) жубайлары аны англис тилине которгон. Ошол англисче котормосу х.1325, м.1907-жылы Оксфорддо басылып чыгарылган. Бирок, бул котормо да таң калыштуу болуп жок болгон. Анын бир нускасы "Бритиш музейинде”, бир нускасы да Вашингтондо Америка конгрессинин китепканасында бар. Пакистандын Курани карим коому "Qoran Council” англисче нускасын 1973-жылы кайрадан басып чыгарган.

Эски осуят, Жаны осуят деп туруп, кашаанын ичине немисчесин жазып койгонун кыйын экен ))). Жоо жомогундун башын окудум, чындыкка ишенбегендер ушундайларга оной эле ишенишет, мен буга тан калбай калгам ))). Кудай менен болбогон адам, кааласа каалабаса да, тааныса, тааныбаса да амалкойдун таасиринде калат.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1642 Пользователь офлайн   AZIK01   26 Август 2013 - 22:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Барнабас Инжилинин 70-бабында: "Иса өзүнө: "Сен Аллахтын уулусуң”, - деген Петруска ачууланды. Аны урушуп: "Кет, жогол! Сен шайтансың, мага жамандык кылайын деп турасың”, - деди. Андан кийин хаварийлерине карап: "Мага минтип айткандарды каргыш урсун. Анткени, Аллах мага аларга каргыш айтууга буйрук берди”, - деди”, - деп айтылган.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1643 Пользователь офлайн   Debi   26 Август 2013 - 22:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Теңир мага: «Сен туура көрүп турасың, анткени Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен Өз сөзүмө көз салып турам», – деди (Жер.1,12).

Теңир Өз Сөзүнө Өзү көз салып турат. Коп кыйнала бербесенер.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1644 Пользователь офлайн   Debi   26 Август 2013 - 22:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения AZIK01 (26 Август 2013 - 22:22) жазган:

Барнабас Инжилинин 70-бабында: "Иса өзүнө: "Сен Аллахтын уулусуң”, - деген Петруска ачууланды. Аны урушуп: "Кет, жогол! Сен шайтансың, мага жамандык кылайын деп турасың”, - деди. Андан кийин хаварийлерине карап: "Мага минтип айткандарды каргыш урсун. Анткени, Аллах мага аларга каргыш айтууга буйрук берди”, - деди”, - деп айтылган.

Бироо созунун чындыгын негиздей албай, ойлоп тапса керек. Сен билген чындык тууралуу бироолор апыртмаларды айтса кызык эле.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1645 Пользователь офлайн   AZIK01   26 Август 2013 - 22:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Иса алейхиссаламдын соңку күндөрү тууралуу Барнабас Инжили мындай маалымат берет (215-222-бабдар): "Рим жоокерлери Исаны туткундоо үчүн ишке киришкен маалда төрт улуу периште Жабраил, Исрафил, Микаил жана Азрайил Аллаху тааланын буйругу менен аны кучактап алып, терезеден чыкарып асманга алып чыгып кетишет. Рим жоокерлери өздөрүнө жол көрсөтүп жүргөн Яхуданы (Иуда, Judas) "Сен Исасың!” - деп кармашат. Анын каршылыгына, кыйкырып жалбарганына карабай сүйрөп алып барып крестке асышат. Кийин Иса алейхиссалам энеси менен хаварийлерге көрүнөт. Мариямга: "Апа, көрүп турасың го. Алар мени эмес, саткын Яхуданы асып өлтүрүштү. Шайтандан коргонгула! Анткени, ал дүйнөнү туура эмес ишеним менен алдап, жаңылыш жолго түшүрүү үчүн бардык нерсени жасайт. Көргөн, уккан нерселериңер үчүн силерди күбө катары көрсөтөм”, - деди. Андан кийин ишенгендердин коргонуулары жана күнөөкөрлөрдүн өкүнүп тообо кылуулары үчүн Аллаху таалага дуба кылды. Шакирттерине карап: "Силерге Аллаху тааланын ниматы жана мээрими болсун”, - деди. Анан төрт периште аны шакирттери менен апасынын көз алдында кайрадан асманга алып кетишти”.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1646 Пользователь офлайн   Debi   26 Август 2013 - 22:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения AZIK01 (26 Август 2013 - 22:42) жазган:

Иса алейхиссаламдын соңку күндөрү тууралуу Барнабас Инжили мындай маалымат берет (215-222-бабдар): "Рим жоокерлери Исаны туткундоо үчүн ишке киришкен маалда төрт улуу периште Жабраил, Исрафил, Микаил жана Азрайил Аллаху тааланын буйругу менен аны кучактап алып, терезеден чыкарып асманга алып чыгып кетишет. Рим жоокерлери өздөрүнө жол көрсөтүп жүргөн Яхуданы (Иуда, Judas) "Сен Исасың!” - деп кармашат. Анын каршылыгына, кыйкырып жалбарганына карабай сүйрөп алып барып крестке асышат. Кийин Иса алейхиссалам энеси менен хаварийлерге көрүнөт. Мариямга: "Апа, көрүп турасың го. Алар мени эмес, саткын Яхуданы асып өлтүрүштү. Шайтандан коргонгула! Анткени, ал дүйнөнү туура эмес ишеним менен алдап, жаңылыш жолго түшүрүү үчүн бардык нерсени жасайт. Көргөн, уккан нерселериңер үчүн силерди күбө катары көрсөтөм”, - деди. Андан кийин ишенгендердин коргонуулары жана күнөөкөрлөрдүн өкүнүп тообо кылуулары үчүн Аллаху таалага дуба кылды. Шакирттерине карап: "Силерге Аллаху тааланын ниматы жана мээрими болсун”, - деди. Анан төрт периште аны шакирттери менен апасынын көз алдында кайрадан асманга алып кетишти”.

)))))))))))))))))
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1647 Пользователь офлайн   Debi   26 Август 2013 - 22:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Кипрлик леби Жусуптун менчик жери бар эле. Элчилер аны Барнаба деп коюшчу. Бул ысым «Сооротуучу» деп которулат.

Шабыл Иерусалимге келип, ал жердеги шакирттерге кошулууга аракеттенди. Бирок алардын бардыгы анын Ыйсанын шакирти болгонуна ишенбей, андан коркушту (Деби: анткени ал машайакчыларды катуу куугунтуктаган жуйут болчу). Барнаба болсо аны элчилерге ээрчитип барды да, аларга анын жолдо Теңирди көргөнүн, Теңирдин ага эмне деп айтканын жана Дамаскта Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратканын айтып берди

Алар Тењирге кызмат кылып, орозо кармап жатышканда, Ыйык Рух мындай деди: «Арањардан Мага Барнаба менен Шабылды бљлєп бергиле, алар Мен белгилеген ишти аткаруулары керек».

Алар Теңирге кызмат кылып, орозо кармап жатышканда, Ыйык Рух мындай деди: «Араңардан Мага Барнаба менен Шабылды бөлүп бергиле, алар Мен белгилеген ишти аткаруулары керек»

Инжилдеги Барнаба тууралуу маалыматтардан бир аз гана жаздым. Барнаба Ыйсанын белгилуу шакирти Шабыл (Павел) менен тыгыз байланышта кызмат кылган шакирт болгон. Ал эч качан андай маалымат жазмак эмес. Укмуштай апыртмалар бар, тобо.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1648 Пользователь офлайн   AZIK01   26 Август 2013 - 23:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Ал эч качан андайды жазмак эмес деп неге ишенич менен айтып жатас.
Барнабас Инжили акыркы пайгамбар Мухаммед алейхиссаламдын келе тургандыгын андан 1000 жыл мурда айтып турат. Аллаху тааланын жалгыз экендигин айтып, үч кудай ишенимин жокко чыгарууда. Барнабас Инжили Мухаммед алейхиссаламдын келүүсүнөн 700 жыл мурда "куфур (капырчылык)” деп караланып, жыйналып жок кылынган. Демек, ошол кездин өзүндө эле анын ичинде фанатик христиандарга жакпай турган, б.а., Аллаху тааланын жалгыз экендиги, Иса алейхиссаламдан кийин башка Пайгамбардын келе тургандыгын билдирген сөздөр болгон. Аны итальян тилине которгон Фра Марио католик поп эле. Мына бул нерсени унутпоо керек, көп убакыт мурда, б.а., б.з.ч. 300-325- жылдардын арасында бир топ христиан дин адамдары Иса алейхиссаламдын Аллахтын уулу экендигин кабыл кылбай, анын да биз сыяктуу эле адам экенин далилдөө үчүн Барнабас Инжилин алдыга тартышат. Алардын эң таанымалы – Антиохия епископу Лучиан эле. Анын шакирти Ариус (270-336) андан да атактуу болгон. Ариус Александрия епископу, кийин Стамбул патриархы болгон Александр тарабынан "капыр” деп жарыяланып, куугунтукталган. Ушундан улам, Ариус досу Измит епископу Еусбюстун жанына барат. Ариустун ишениминин тегерегине көптөгөн жактоочулар жыйналышат. Жада калса, Византиянын императору Константин менен анын карындашы да ал негиздеген ариандар мазхабына кирет. Ариустан кийин жалгыз Мухаммед алейхиссаламдын заманында папа болгон Гонорий гана (Gonorius) Иса алейхиссаламдын адам баласы экенин жана үч теңир ишениминин туура эмес экенин айткан. 630-жылы кайтыш болгон папа Хонориус 48 жылдан кийин 678-жылы Константинополдо жыйналган Руханий жыйын тарабынан официалдуу түрдө "капыр”
деп жарыяланган. (Anathematised) 1547-жылы Сицилиялык поп Камиллонун таасири астында болгон Л.Ф.М. Соззини христиандардын эң чоң дин аалымы жана Келвинизмдин куруучусу француз Джан Келвинге (1509-1564): "Мен үч теңирге ишенбейм”, - деп, Ариустун мазхабын тандай тургандыгын билдирип, маанилүү христиан ишеними болгон Адам алейхиссаламдын чоң күнөөсү жана Исанын ошол күнөөнү кечиртүү үчүн дүйнөгө келгендиги тууралуу ишенимди кабыл кылган эмес. Ошол адамдын жээни болгон Ф.П. Соззини 1562-жылы бир китеп жарыялап, Иса алейхиссаламдын кудай эмес экендигин анык көрсөткөн. 1577-жылы Соззини Трансилванияда Клаусенбург шаарына барган эле. Анткени, ошол мамлекетти башкарып турган Сигисмунд үч кудай ишенимин кабылдачу эмес. Ошол жерде епископ Францис Давид (1510-1579) үчтүк ишенимге толугу менен каршы чыгып, бир мазхаб курган эле. Бул мазхаб Польшадагы Раков шаарында негизделгендиктен алар "раковиандар” деп аталган. Алардын бардыгы Ариустун мазхабын карманышчу эле. Көптөгөн ынсаптуу, акылдуу христиан дин жетекчилер колдорундагы Инжилдерге ишенишпей, туура Инжилдин Барнабас Инжили экендигин моюнга алышууда. Аны көргөн папалар жана алардын тегерегиндеги топтор Барнабас Инжилин жок кылууга болгон күчтөрүн жумшоодо.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1649 Пользователь офлайн   AZIK01   27 Август 2013 - 00:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Азыркы христиандардын дин китеби болгон төрт Инжил Жабраил алейхиссалам аркылуу Иса алейхиссаламга көктөн түшүрүлгөн чыныгы Инжил эмес. Тескерисинче, Иса алейхиссалам асманга көтөрүлгөндөн кийин төрт адам тарабынан жазылган тарыхый китептер болуп эсептелет. Алардын бири болгон Матта (Матвей) досторунун каалоосу менен Иса алейхиссаламдын асманга көтөрүлүүсүнөн он эки жыл кийин "Милад-и Иса” аттуу китеп жазган. Бул китеп Иса алейхиссаламдын дүйнөгө келүүсү тууралуу жазылган тарыхый китеп болуп эсептелет. Экинчиси - Маркус (Маркос. Марк), ал Иса пайгамбарды көргөн эмес, хаварийлерден уккандарын, Иса алейхиссаламдын асманга көтөрүлүүсүнөн 28 жылдан кийин жазган. Үчүнчүсү – Лука деген адам. Ал дагы Иса алейхиссаламды көгөн эмес, хаварийлерден уккандарын 32 жылдан кийин Александрияда жазган. Төртүнчүсү – Иоанн. Анын хаварий экендиги тууралуу айтылат. Иса алейхиссаламдын асманга көтөрүлүүсүнөн 45 жылдан кийин анын өмүр баяны тууралуу жазган. Аллаху таала жиберген Инжил китеби – бир гана китеп эле.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1650 Пользователь офлайн   kgnur90   27 Август 2013 - 00:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 11 Июль 12
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 19:41
  • Жынысы:Эркек

Мурдагы пайгамбарларга берилген дин ошолордун заманасына гана ылайык дин эле.Ошол замананын ичинде ошол пайгамбардын дининде бактулуулук бар эле.ал пайгамбар отту,ордуна башка пайгамбар келди башка шарият келди.ошентип бул корунуш Иса пайгамбарга чейин болду.акырында Аллах субханТаала пайгамбарыбыз Мухаммад САВды элчи кылып жонотту.Аллах Таала Кураанда айтып койду бугун мен дининерди толук тушуруп койдум деп.ушул дин аркылуу (ИСЛАМ) немааттарды толук бердик деди,ушул динден биз ыраазы болдук деп жарыя кылып койду.эми бул динден (ислам дини) башкада эч кандай жашоо Алла алдында кабыл болбойт.Бугунку кундо эгер Муса а.с.дын тууру жашоосун толук издешлиги менен бактылуу боло албайт.Кайсы бир адам Иса а.с.дын толук тууру жашоосун озунун жашоосуна алып да бактылуу боло албайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1651 Пользователь офлайн   Jesu2010   27 Август 2013 - 01:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 388
  • Катталган: 25 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 01:46

Кудайга чондон чон ыраазычылык(телефондон кирем, туугандар, кыргызча тамгалар жок)... Суперчилерге да рахмат, мен атайын ушул форум учун катталдым, Деби деген замандашымдын жана калган бардык форумчулардын колун бекем кысып, Москвадан, о.э. Москвадагы кыргыз Жыйынынан ысык салам айтам. Кудайдын тынчтыгы сиздер менен. Молодцы все! Продолжойте в том же духе
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1652 Пользователь офлайн   Jesu2010   27 Август 2013 - 01:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 388
  • Катталган: 25 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 01:46

Тузотуу: продолжайте)))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1653 Пользователь офлайн   Jesu2010   27 Август 2013 - 02:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 388
  • Катталган: 25 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 01:46

Конок болгонум учун мумкунчулугум чектелуу болуп коп жаза албайт экем... Библияда менде да суроолор бар... аябай коп... Бирок тан калыштуусу мен Библияны Кудай Созу экен деп билмек тугул ушундай Китептин бар экенинен кабарым жокто эле Ыйса жонундо угар замат жан дуйном, ой жугуртуум, коз карашым бут бойдон озгорулуп, дароо эле ишенип калгам. Ыйсанын айтканы бар(азыр колумда Библиям жок, эсимде калгандай кылып жазайын) "Эгерде Атам(бул жерде Ыйса Кудайды Атам деп жатканы баарыбызга эле маалым го дейм) жол бербесе, мага эч ким келе албайт"... Кудай баарыбызды бирдей суйот эмеспи, демек, канча далалаттанып Кудай Созун(Библияны) жокко чыгаргынар келип атса да, убагы келгенде биринерди да калтырбай Кудай куткарып аларына ишенгим келет, туугандар, Кудай баарыбызга батасын берсин... Мен Библияга суроом бар деген форумчулардын катарындамын, жакшысы, мага суроо узатпай эле койсонуздар)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1654 Пользователь офлайн   Debi   27 Август 2013 - 16:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Jesu2010 (27 Август 2013 - 02:09) жазган:

Конок болгонум учун мумкунчулугум чектелуу болуп коп жаза албайт экем... Библияда менде да суроолор бар... аябай коп... Бирок тан калыштуусу мен Библияны Кудай Созу экен деп билмек тугул ушундай Китептин бар экенинен кабарым жокто эле Ыйса жонундо угар замат жан дуйном, ой жугуртуум, коз карашым бут бойдон озгорулуп, дароо эле ишенип калгам. Ыйсанын айтканы бар(азыр колумда Библиям жок, эсимде калгандай кылып жазайын) "Эгерде Атам(бул жерде Ыйса Кудайды Атам деп жатканы баарыбызга эле маалым го дейм) жол бербесе, мага эч ким келе албайт"... Кудай баарыбызды бирдей суйот эмеспи, демек, канча далалаттанып Кудай Созун(Библияны) жокко чыгаргынар келип атса да, убагы келгенде биринерди да калтырбай Кудай куткарып аларына ишенгим келет, туугандар, Кудай баарыбызга батасын берсин... Мен Библияга суроом бар деген форумчулардын катарындамын, жакшысы, мага суроо узатпай эле койсонуздар)))

Жакшы тилегин учун сага терен ыраазычылык! Кубанычтамын, Москвадан жолдогон саламынды чын дилден кабыл алабыз (мага кошулушат деп ишенем :) ) жана бизден да салам айтуунду суранабыз. Колдон келишинче жооп жазганга аракет кылам, дагы бир жолу, кубанычтамын!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1655 Пользователь офлайн   Debi   27 Август 2013 - 16:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Мага Библиянын мазмунундагы маалыматтар алда-канча ынанымдуу!

Себеби айкаш жыгач жөнүндөгү сөз – өлүмгө бара жаткандар үчүн акылсыздык, ал эми куткарыла турган биз үчүн Кудайдын күчү (1Кор.1-18).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1656 Пользователь офлайн   Askarmyn   28 Август 2013 - 01:15

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 194
  • Катталган: 23 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2014 18:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Салтанаттын журогундо

Чочконун арам экендигине жазылган аяттар...
"...и свиньи,потому что копыта у нее раздвоены,но не жует жвачки:нечиста она для вас,не ешьте мясо их,и к трупам их не прикасайтесь" .(Библия,Левит, глава 11,стих 7-8)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1657 Пользователь офлайн   Jesu2010   30 Август 2013 - 00:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 388
  • Катталган: 25 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 01:46

Салам, туугандар, Кудайдын Ыйса Машайак аркылуу берген улуу тынчтыгы сиздер менен...

Саламатсызбы, Деби! Сиздин ушул болумдун башталышындагы чип жонундогу билдируунузго баа бердим. Билиминиз да, сабатыныз да жогору экендиги байкалып турат, сизге Кудай батасын берсин.

Башында айтканымдай Библияда мен учун сууроолорду туудурган аяттар, окуялар, создор аз эмес, Башталыш китебинен берген суроолор азыркы учурга таасири жоктой сезилди, ошондон улам <<Ыйсанын келер убагы ото жакын>> деген актуалдуу темага карата Матай жазган Жакшы Кабардын 23-болумунун 3-14-аяттарында жазылган Ыйсанын создоруно конул бургум келди.

Тенирдин экинчи жолку келуусу.

3. Ыйса Зайтун тоосунда отурганда, шакирттери жанына келип: <<Бизге айтып берчи, бул качан болот? Сенин келер убактынды жана дуйнонун акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?>>-деп сурашты...
Контекст ушундайча башталат, ар бир тамганы терип жазуу коп убакытты алып койчудай, калган аяттарды озунуз окуп, мумкун болсо жообунуздун башына толук жазып (3-аяттан 14-аятка чейин), анан оюнузду болушсонуз. Жакшы Кабар таратыла элек аймактар Кыргыз жергебизде бугунку кундо барбы? Чек арага жакын айыл кыштактардагы жердештердин абалы аянычтуу,алардын орто билим алуу мумкунчулугу да жок. Алардын Кудайга болгон ишенимин ойготуу (Жакшы Кабар таратуу) чаралары корулуп жатабы? Бул жеке менин эмес копчулук машайакчылардын (озгочо Ыйсанын келишин чыдамсыздык менен куткондордун) журок ойуткон суроолору болушу толук мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1658 Пользователь офлайн   Jesu2010   30 Август 2013 - 01:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 388
  • Катталган: 25 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 01:46

Деби бир тууган (Кыргызстанда убакыт ото кеч болуп, баары кызуу уйкуда экени тушунуктуу, Орусия убакыт боюнча 2 саатка артта эмеспи), сизге дагы Библиядан эми эле окуган создордо пайда болгон суроомду да узатып отсом.

Ошол эле Матай жазган Жакшы Кабардын 26-болуму, 7-13-аяттар.
Аялдын унчукпай эле келип, Ыйсанын башына жыпар жыттуу майды куюп жатканын коз алдыма элестете албай келем))). Анан дагы ошол аял (Мариям) Ыйсанын олору тууралуу билгенби деген да ой туулат. Анан биз Жакшы Кабар таратып жургондо бул аял жонундо айтууга негиз жоктой. Сиздин оюнузду билгим келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1659 Пользователь офлайн   Jesu2010   30 Август 2013 - 01:14

#1660 Пользователь офлайн   Debi   30 Август 2013 - 22:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Jesu2010 (30 Август 2013 - 00:48) жазган:

Салам, туугандар, Кудайдын Ыйса Машайак аркылуу берген улуу тынчтыгы сиздер менен...

Саламатсызбы, Деби! Сиздин ушул болумдун башталышындагы чип жонундогу билдируунузго баа бердим. Билиминиз да, сабатыныз да жогору экендиги байкалып турат, сизге Кудай батасын берсин.

Башында айтканымдай Библияда мен учун сууроолорду туудурган аяттар, окуялар, создор аз эмес, Башталыш китебинен берген суроолор азыркы учурга таасири жоктой сезилди, ошондон улам <<Ыйсанын келер убагы ото жакын>> деген актуалдуу темага карата Матай жазган Жакшы Кабардын 23-болумунун 3-14-аяттарында жазылган Ыйсанын создоруно конул бургум келди.

Тенирдин экинчи жолку келуусу.

3. Ыйса Зайтун тоосунда отурганда, шакирттери жанына келип: <<Бизге айтып берчи, бул качан болот? Сенин келер убактынды жана дуйнонун акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?>>-деп сурашты...
Контекст ушундайча башталат, ар бир тамганы терип жазуу коп убакытты алып койчудай, калган аяттарды озунуз окуп, мумкун болсо жообунуздун башына толук жазып (3-аяттан 14-аятка чейин), анан оюнузду болушсонуз. Жакшы Кабар таратыла элек аймактар Кыргыз жергебизде бугунку кундо барбы? Чек арага жакын айыл кыштактардагы жердештердин абалы аянычтуу,алардын орто билим алуу мумкунчулугу да жок. Алардын Кудайга болгон ишенимин ойготуу (Жакшы Кабар таратуу) чаралары корулуп жатабы? Бул жеке менин эмес копчулук машайакчылардын (озгочо Ыйсанын келишин чыдамсыздык менен куткондордун) журок ойуткон суроолору болушу толук мумкун.

Тынчтык бирге болсун, Жесу2010! Жылуу создорунуз учун рахмат, каалоолорунуз учун терен ыраазычылык!

Ыйса Зайтун тоосунда отурганда, шакирттери жанына келип: «Бизге айтып берчи, бул качан болот? Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?»– деп сурашты.
4 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерди бирөө адаштырып кетпес үчүн, сак болгула.
5 Анткени: “Машайак Менмин”,– деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келип, көп адамдарды адаштырышат.
6 Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула! Анткени булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес!
7 Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр болот.
8 Булардын баары кыйынчылыктардын башталышы гана.
9 Ошондо силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар.
10 Ошондо көптөр азгырылышат, бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт.
11 Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, көптөрдү адаштырат.
12 Тартипсиздиктин көбөйүү себебинен көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат.
13 Акырына чейин чыдаган адам куткарылат.
14 Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет.

Суроонуз мени айыптап турат. Так ушул маалыматты иликтебегеним учун озумду чындап айыптуу сезип турам. Бирок таптакыр Библияны угуп корбогон аймак, болжолумда, жокко эсе. Мына ушул сиздин суроонуздан кийин, иликтоону ойлонуштуруп жатам.

Ыйык Жазуудагы бул узундуну азыр дагы бир жолу окуп, дароо эле оюма Сириядагы абал келди:

Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула! Анткени булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес!
7 Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр болот.
8 Булардын баары кыйынчылыктардын башталышы гана.
9 Ошондо силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар.

Сириядагы ырайымсыз куугунтукка дуушар болуп жаткан машайакчыларды сыйынуубузда Тенирдин алдына алып келип жатабыз.

Аткарылып жаткан пайгамбарчылыктар доолбас кагуунун мезгилин корсотуп турса, Тенирдин эскертуулору канчалык сергек, сак болушубуз керек экендигин айтып турат:

13 Акырына чейин чыдаган адам куткарылат.

Жалпыбызга Жараткан жар болсун, бир тууган!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 81
  • 82
  • 83
  • 84
  • 85
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Авг 2025 00:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: