Келгиле сахабалар жонундо ойпикирлерди жазабыз Суперчилер.
Сахабалардын омур баяны баскан жолдору кылган эмгектери жонундо.
Сахабалар Келгиле сахабалар жонундо ойпикирлерди жазабыз.
#3 17 August 2012 - 04:44
Men arabcha bilbeim da.
Мен да окуганды эле билбесем тушуно бербейм арабчага,..
Ошондуктан кыргызча котормосу болсо ошолорду эле илсек туура болчудай экен, анткени копчулугубуз эле кыргызчадан башканы кыйратпайбыз да.....
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#4 17 August 2012 - 12:35
Абу Бакр р.а.нун омур баяны араб тилинде
Эми аны кыргыз тилине кайсы азамат которот болду экен?
#5 17 August 2012 - 14:40
билгендер барбы.арабчаны Онлайн переводчикке которуп королу.тишибиз отпосо.
Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
#6 17 August 2012 - 15:34
#7 18 August 2012 - 14:37
Азирети Абу Бакирдин халифалыгы
Булак: http://old.islam.kg/ ?i=abubakrkg
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хижраттын он биринчи жылында 12-рабиулаввал дүйшөмбү күнү шашке маалында тавхид келимесин айтып, Аллах таалага максат тилек менен: «…Улуу досума!»,- деп, Жаратуучусуна кайтат. Анын өлүмүн уккан мусулмандар кайгыга чөгүшөт. Алгач эмне кылууну билишпей ойлонуп калышат. Бирок, ал өлүм Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үчүн өлүм беле? Азирети Умар анын Муса пайгамбар сыяктуу Жаратуучусу менен жолугууга кеткенин, аны «өлдү» дегендин башын кыя чабарын айтат. Азирети Абу Бакир Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жакшы болуп калганда кызынан кабар алууга кеткен эле. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) дүйнөдөн кайтканын угуп дароо келип, анын чекесинен өөп, «Эй Аллахтын элчиси! Ата-энем сен үчүн курман болсун. Сенин өлүмүң да жашооңдой жакшы. Сенин өлүмүң менен пайгамбарлыкта дагы акыр аягына келип жетти. Абийириң, атак-даңкың өтө жогору болгондуктан, Сенин өлүмүңө кайгырабыз, бирок сен ыйлоодон да тазасың. Эй Мухаммед! Раббиңдин мартабасында бизди унутпа, дайым эсиңде болсун…»,- дейт. Андан кийин сыртка чыгып, Азирети Умарды тынчтандырат. Ал элге кайрылып, мындай дейт: «Эй адамдар! Аллах жалгыз, Андан башка кудай жок! Мухаммед Анын кулу жана элчиси! Аллах таала кашкайган акыйкат! Мухаммедге кулдук кылган бар болсо, билип алсын, ал дүйнөдөн кайтты! Аллах таалага кулдук кылгандар болсо, билип алсын, Аллах тирүү, Ал дайым болуучу жана түбөлүктүү Зат! Силерге Аллах тааланын буйругун эстетейин: «Мухаммед болгону бир пайгамбар гана. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анан, эгер ал (Мухаммед (с.а.в.)) көз жумса, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? ! Кимде ким артына кайтып кетсе, Аллах таалага бир да зыян жеткире албайт, (тескерисинче жалгыз өзүнө гана зыян жеткирет). Аллах болсо (өз жолдорунан кайтпай) шүгүр кылуучу пенделерин мунасып (амалына жараша) сыйлайт». Аллах тааланын китебине, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөтүнө баш ийип жашагандар туура жолду таба алышат. Аталган эки нерсени бири-биринен бөлгөндөр туура жолдон адашат! Шайтан (алейхилаана) Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) о дүйнөгө кеткендигин пайдаланып, силерди туура жолдон адаштырбасын, алдабасын. Диниңерден адашпагыла! Шайтандын айла-амалдарына жол бербегиле! ». Азирети Абу Бакир аларга жакшы сөздөрүн айтып, жооткондон кийин Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) денесин жерге берүү иштери менен алектенет. Ансар мусулмандары Банусаид деген жерге топтолушуп, хазраж уруусунун башчысы болгон Саад бин Ухаданы Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ордуна халифа кылып дайындоо үчүн кеңешме өткөрөт. Бул кеңешмеге Азирети Абу Бакир, Азирети Умар, Азирети Абу Убайда жана көптөгөн мухажир сахабалар катышат. Анда халифалык тууралуу маселе талкууга алынат. Азирети Абу Бакир Азирети Умар менен Азирети Абу Убайданын ортосуна туруп, экөөнүн колунан кармап, анан экөөнүн бирөөсүнүн халифа болуусун суранат. Ал өзүн халифалыкка сунуштаган эмес. Азирети Абу Бакирдин сөзүнөн кийин Азирети Умар: «Эй Абу Бакир! Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) буйругу менен мусулмандарга имам болдуң. Сен алардын халифасысың. Биз сени халифа кылып шайлайбыз. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) бизге караганда сен көбүрөөк жакыныраак элең. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) кийин халифа болуу сага гана жарашат. Сен халифа бол!»,- дейт. Азирети Умардын күтүүсүздөн айткан бул сөздөрүн ал жердегилер түгөл колдоого алышат. Ошентип, Азирети Абу Бакир көпчүлүктүн добушу менен халифа болуп шайланат. Бул өзгөчө шайлоонун эртеси күнү Наби мечитинде Абу Бакир элге кутба окуп, расмий түрдө халифа болуп дайындалат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу денесин шейшемби күнү жерге көмө турган болушат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында жүрүп андан эмнени уккан болсо, баарын иш жүзүнө ашырган Азирети Абу Бакир Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ордуна халифалыкка дайындалгандан кийин, мечитте айткан сөздөрүндө «Силердин эң жакшыңар эмесмин, бирок силерге башчылык кылууга шайландым, милдетимди так аткарышым үчүн мага жардам бергиле, жаңылсам туура жолду көрсөткүлө, мен Аллах таалага жана анын элчисине баш ийгенимдей, силер да мага баш ийгиле. Эгер мен туура эмес иш кылсам, анда мага баш ийүүнүн кереги жок!» деп кайрылат.
Ислам дининен баш тарткандарга каршы жүргүзүлгөн күрөш жана Ирак менен Сириянын Ислам мамлекетинин карамагына өтүшү
Азирети Абу Бакир Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) халифасы болгондон кийин, Аравияда, Мекке жана Мадина шаарларынан башка аймактарда динден баш тарткандарга, жалганчы пайгамбарларга, «намаз окуйбуз, бирок, зекет бербейбиз» дегендерге каршы чара колдоно баштайт. Асвадул-Ансы, Мусайламатул- Каззаб, Сажах, Тулайха сыяктуу жалганчы пайгамбарларга каршы жүргүзүлгөн согушта, мусулман коомуна зыяндуу көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, козголоң токтоп, зекет кайрадан топтолуп, таратыла баштайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тарабынан даярдалып, бирок ошол учурда анын каза болгондугуна байланыштуу токтотулган Усама аскерин Иорданияга жиберген Азирети Абу Бакир Бахрейн, Умман, Йемен, Мухра козголоңдорун токтотот. Мына ушундай козголоңчулар менен кармашып жатканда, согуш майданында эки чоң императордун, атап айтканда, алгач Ирак, анан Византия аскерлери менен бетме-бет келишет. Бул кармашуулардын натыйжасында Хира, Ажнадин жана Анбар Ислам мамлекетине кошулуп, Иракты Ислам мамлекетине каратышат. Ошону менен бирге Сириянын да маанилүү борборлору колго алынат. Йармук согушу болуп жаткан мезгилде Азирети Абу Бакир дүйнөдөн кайтат. Ал Ислам кошунуна кайрылып: «Аялзатына, бала-бакырага жана кары-картаңдарга тийбегиле! Мөмө берген даракты кыйбагыла, кооз жерлерди талкалабагыла, душмандан эч коркпогула! », деген керээзин айтат. Чындыгында, мусулман жоокерлер Ислам мамлекетинин карамагына өткөн жерлерде эч кимге зулумдук кылышкан эмес, адилеттүүлүк менен душмандарды жеңишкен. Ислам мамлекетинин катарына кошулган элдер тынчтыкта, бейпилдикте жашашкан.
Аяттардын топтолуусу, Курандын такталып, китеп абалына келтирилиши
Азирети Абу Бакир Ридда согушунда Аллах тааладан түшкөн ыйык кабарларды жазган катчылардын жана Куранды жатка билгендердин көпчүлүгү шейит болгондугуна байланыштуу Азирети Умардын Куран аяттарын топтоо жөнүндөгү сунушу менен Куран аяттарын топтоо ишинде өтө чоң салымын кошкон. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) убагында Аллах тааладан биринин артынан бири түшкөн вахийлер, катчылар тарабынан төөнүн тээрисине, ак жылма таштарга, эндүү курма дарагынын кабыгына жазылган. Ошону менен бирге сахабалардын көпчүлүгү Куранды жатка билишкен. Бирок, жазылган аяттар иретке келтирилген эмес эле. Куранды жатка билгендер согушта курман болуп, азая баштаганда Куранды сактоо маселеси курчуган. Азирети Абу Бакир Зейд бин Сабит жетектеген бир топ түзүп, колдо бар аяттарды чогултууну буюрат. Ошентип, бардык аяттар топтолуп, Куран китеби такталган. Бул китеп Азирети Абу Бакирден Азирети Умарга, андан кызы Хафсага өтөт. Азирети Осмондун доорунда нуска түрүндө көбөйтүлүп, Ислам мамлекетинин негизги борборлоруна таратылган.
Азирети Абу Бакирдин дүйнөдөн кайтышы
Халифалыгы 2 жыл 3 ай, башкача айтканда, өтө кыска убакытка созулганына карабастан, Азирети Абу Бакир жетектеген учурда Ислам мамлекети аябай өнүккөн. Азирети Абу Бакир хижраттын 13-жылында жамазиййалахир айынын башында, хижраттан кийин Мадинада дуушар болгон илдет менен кайрадан ооруп, төшөккө жатып калат. Ал ордуна Азирети Умарды имамдыкка дайындайт. Сахабалар менен кеңешип, Азирети Умардын халифа болуусун өтүнөт. Азирети Умардын халифа болуусу жөнүндөгү күбөлөндүрмөнү Азирети Осмонго жаздырат. Азирети Абу Бакир сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сыяктуу 63 жашында дүйнөдөн кайтат. Аны керээзи боюнча Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанына көмүшөт. Мына ошентип, бул эки улуу инсандын, эки достун кабырлары да жанаша болгон.
Азирети Абу Бакирдин жеке инсандык жана башкаруу өзгөчөлүгү
Соодагер катары ар дайым өтө жогорку маданияттуулукка ээ болгон Азирети Абу Бакир акылдуулугу, кыраакылыгы менен сахабалардын эң алдыңкы сабында эле. Ал жумшак мүнөзү, көп ойлонуп, аз сүйлөгөндүгү жана жөнөкөйлүгү менен белгилүү болгон. Азирети Айшанын риваят кылганына караганда, көзү жаштуу, көңүлү капалуу, үнү жай эле. Жахилия доорунда мушриктер ага ишенишип, кун жана карыз алып-берүү иштеринде аны күбө кылышчу. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эң жакын досу Азирети Абу Бакирге мираж окуясында кубаттуу ыйманы менен «Ас-Сыддык» лакабы берилген. Мираж окуясында «Мухаммед (с.а.в.) эмнени айткан болсо, баары туура!»,- деп мушриктерди таң калтырган. Жоомарттык боюнча андан жогору эч ким жок эле. Бардык мал-мүлкүн Ислам дини үчүн сарптап, өлүмүнө аз калганда кимден карыз алган болсо, өзүнө караштуу жерлердин баарын саттырып төлөгөн. Артында бир төөсү менен жардамчысынан башка эч нерсеси калган эмес. Төрт аялынан алты балалуу болгон. Азирети Абу Бакир кызы Азирети Айшаны хижраттан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен үйлөндүргөн. Хижрат учурунда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен үңкүргө барган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Азирети Абу Бакирдин тизесине башын коюп уктаганда бир жылан келип бутун чаккан. Ошондо, Пайгамбарыбызды (с.а.в.) ойготуп албайын деп, бутунун ачышканына карабай чыдап олтурган. Акырында бутунун ооруусуна чыдабай ыйлай баштайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ойгонуп, эмне болгонун сураганда: «Ата-энем сен үчүн курман болсун Йа Расулаллах, Сени ойготуп албайын деп бутумду жыланга чактырып жибердим»,- деген. Бул көрүнүш Азирети Абу Бакирдин Пайгамбарыбызды (с.а.в.) канчалык сүйгөндүгүн, ал үчүн бардык кыйынчылыктарга даяр экенин айгинелейт. Азирети Абу Бакир ак жуумал, арык чырай, сакалы кара түстө, чивит чөбү менен боёлгон жупуну бир инсан болгондугу айтылат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эң жакшы үммөтү Азирети Абу Бакир эле. Ал Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) вазири, фатваларда эң жакыны эле. Акыркы кутбасында «Аллах өзүнүн пенделеринен бирөөнү бул дүйнө менен өзүнүн мартабасындагы нерселерди тандоодо өз ыктыярына койду жана ал да Аллах тааланын мартабасындагы нерселерди тандады» деп, Абу Бакирди мактоосу аны канчалык деңгээлде баалагандыгын көрсөтүп турат. Азирети Абу Бакир сүннөттү жана Пайгамбарыбызды баарынан жакшы билген. Мындан улам, халифалыгында ага каршы баш көтөргөндөр жана фитна болгон эмес. Коомдогу келишпестикке кайдыгер мамиле кылуу, бидаат, тактап айтканда, Кудайдын өкүмүнө дал келбеген өкүмдөр анын доорунда болгон эмес. Тарыхый булактарда анын: «Мен Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кошулам, бир канча негиздерди коюучу эмесмин» деп, чечим чыгарууда өтө зирек болгондугу эскерилет. Бир маселени чечүүдө алгач Куранды карап, табалбаса сүннөттү изилдеп, ал жерден да табалбаса, сахабалар менен кеңешет эле. Олжо бөлүштүрүү маселесинде баарына бирдей бөлүштүргөн. Ислам динин элдин жүрөгүнө, аң-сезимине орнотуу үчүн, кээ бирөөлөргө жардам берип, өзүнө караштуу жерлерди да өткөрүп берген учурлар болгон. Доордун талабына ылайык өкүм жүргүзүүсү бардык сахабалар тарабынан жактырылган. Ислам дини жаңы тарала баштаганда, мусулмандардын саны 38ге жеткен мезгилде Харам мечитинде мушриктер тарабынан сабалган Азирети Абу Бакир, кийинчерээк халифа болгон. Ал эми анын халифалыгына «Халифат-у Расулаллах», б.а., «Аллах Расулунун халифаты», «Момундардын башчысы» деп да аташкан. Андан кийинки халифаларга «Амирул-Муминин», б.а. “Момундардын башчысы” деп аташкан. Финансы иштерин Абу Убайда, казылык жумуштарды Азирети Умар, катчылыкты Зейд бин Сабит жана Азирети Али, аскер башчылыгын Усама жана Халид аттуу сахабалар аткарышкан. Мадина Ислам мамлекетинин борбору болгон. Мекке, Таиф, Саха, Хадрамаут, Хавлан, Забид, Рима, Жанад, Нажран, Жураш, Бахрейн болуп аймактарга бөлүнгөн. Башкаруу борбордо жүргүзүлүп, казынанын бештен бир бөлүгү Мамлекеттик казынада (Байтул Мал) топтолгон.
Азирети Абу Бакир «Мукиллин» деп аталган өтө аз хадисти риваят кылган сахабалардын бири. Ал хадистерди риваят кылууда, туура эмес айтып албайын деген коркуу менен 142 хадис риваят кылган. Анын төмөнкүдөй кутбалары белгилүү: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Аллах тааладан келген вахийлер менен коргончу. Жакшы иштерди аткарууга шашылгыла… Аллах үчүн айтылбаган сөздө эч кандай жакшылык жок. Жалган сүйлөгөн адам өзүнүн жалганчылыгы билинип калуусунан коркуп, акыйкатты айтуудан чочуласа, анын ишинде да жакшылык жок… Иш кылуунун сыры – сабырдуулук. .. Эч кимге ыймандан кийин ден-соолуктан да жакшы нимет берилген эмес. Суракка алуудан мурун өзүңдү суракка ал!

#9 19 August 2012 - 16:19
Дауд Аллах ыраазы болсун.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#10 19 August 2012 - 17:35
#11 28 February 2013 - 23:33
Умайр ибн Саъд
«Умайр ибн Саъд – теңи жок инсан».
(Умар ибнХаттаб)
Умайр Ибн Саъд ал-Ансарий жетимдик жана муктаждыктын ачуу даамын наристе кезинде эле татып көрдү. Өтүп кеткен Саъддын аркасында колго илинчү мурас же перзентине каралашчу ага-ини да калбады. Көп өтпөй анын апасы Жулас ибн Сувайд ысымдуу бир кишиге турмушка чыкты жана Умайр менен бирге жаңы үйгө көчтү. Жулас Умайрды кучак жайып күтүп алды. Эркелетип башынан сылачу, сүйүп бооруна басчу. Колунан келишинче жетимдигин билдирбеске аракет кылчу. Көп мээрим көргөн Умайр атасынын өгөй экендигин унуткандай болду. Алардын ынактыгын көргөн энеси башы көккө жете кубанар эле. Умайр жашы онго жете элегинде исламга кирди. Анын ширк, ыпластык менен булганышка үлгүрбөгөн жүрөгүнө ыйман терең орноду. Өнүмдүү жайга түшкөн ислам уругу тез арада эле өнүп чыгып, дүркүрөп өсө баштады. Кичинекей болгонуна карабай, беш убак намазын мечите Расулуллахтын (САВ) артында туруп окучу. Ал кээде Жулас менен, кээде өзү мечитке каттап турчу. Умайрдын жашына жаш кошулган сайын Жуластын көңүлүндөгү жылуу сезимине сүйүү кошула берди. Өз перзентиндей болуп калган балакайдын ар бир кыймылында пайда болуп жаткан зиректиги жана айкөлдүк сапаттарынан, жүрүш-турушундагы көзгө дароо урунчу адеп-ахлагы, суктандырган чынчылдыгы Жуласты кубандырбай койбойт эле. Умайрдын жашоосу ушул нугунда –муктаждыктан алыс, курсагы ток, кийими бүтүн жана тынчтыкта өтө берди.Бейкабатыр күндөрүн Аллах Таала оор сыноого кабылтып, атүгүл чоң кишини дагы кыйнап койчу сыноо беришине чейин улана берди. Хижранын тогузунчу жылында Расулуллах (САВ) Румга каршы Табук казатына чыга тургандыгын жарыя кылды жана мусулмандардын согушка даярдануусун буйруду. Адатта Расулуллах казат алдынан каякка жүрүш жасаарын ашкере кылчу эмес. Душмандарды козгоп жибербес үчүн башка эле жакка кетип бара жаткандай түр көргөзчү эле. Табук казатында болсо, негизги максатын баян кылды. Анткени аралык алыс жана машакаттуу, душман күчтүү эле. Анын үстүнө жай мезгили, күндүн аптабы куйкалап жиберчүдөй, мөмө-жемиштин миң түркүнү бышып, төгүлүп турган чак. Негедир адамдын дагы табигатында жалкоолукка окшогон сапат күчөп, көлөкөдө эле отура беришти каалайт. Бирок буга карабай мусулмандар пайгамбарынын чакырыгына «ляппай!» деп жооп беришти жана баарысы болочок согушка даярдык көрө башташты. Бирок бир топ мунаафыктар тынч турмуштары бузулганына нараазы болушуп, Пайгамбарыбызды (сав) таш боор деп айыпташып, күчүнүн жетишинче адамдарды бул жүрүштөн кайтарууга аракет кылышты.Жыйындарда өзүн анык каапыр экендигин көрсөтүп жатышты. Казатка даярдык күчөгөндөн күчөп кызуу жүрүп жаткан убакта Умайр ибн Саъд мечиттен үйүнө толкунданып кайтты. Азыр гана мусулмандардын Аллах үчүн эч нерсесин аябагандыктарын көрүп, кубанычы койнуна батпай көзүнөн аккан жаш жүзүн жууп,үйүнө кирип келди. Мухажир жана ансарий аялдардын сөйкө-шакектерин Пайгамбарга беришкендигин Умайр өз көзү менен көрүп, бул зыйнаттарды сатып, акчасын Аллах үчүн жихадга кетип жаткан кошуундун керегине иштетишерин сурашкандарын өз кулагы менен укту. Усман ибн Аффан бир калтада миң дилде алып келгенин,Абдурахман ибн Ауф эки жүз аккуя (1 аккуя = 37,44 грамм) алтын көтөрүп келип,Пайгамбар алейхисаламдын астына төккөндүгүнүн күбөсү болду. Баарынан да,көрпөсүн сатып пулуна Алланын жолунда кылыч сатып алмакчы болгон кедей кишинин айкөлдүгү аны таң калтырып, ары суктандырды. Умайр бир тараптан, бул окуяларды эстегенде, көңүлү кубанычка толсо, экинчиден, мүмкүнчүлүгү боло туруп, Расуллах менен бирге казатка чыгуудан качып жаткан Жуласка нараазы болду. Умайр Жуластын жүрөгүн козгоп кайраттандыргысы келип, көргөн билгенин айтып бере баштады.Айрыкча пайгамбарга келишип Аллах жолунда жихадга кетип жаткан аскерлер катарына кабылдашын өтүнүп суранган бир нече мусулмандар туурасында толкуп-ташып айтып берди. Пайгамбар алейхи салам ат-улоосу жоктугунан аларды кайтарып жиберди. Алар эң сүйгөн амалдарына Аллах үчүн жихад кылыштан, кимбилет, мүмкүн ушу менен бирге шейиттик мартабасынан кол жууп жаткандыктарына көңүлдөрү чөгүп, көздөрү жашка толуп кайтып кетишти. Бирок Жулас бул сөздү эшитер эшитпес өтө жаман жооп айтты. Умайр уккан кулагына ишенбей, Эстен танчудай болду. Анткени өгөй ата ачуусу келип: «Эгер Мухаммаддын (сав)пайгамбарлыгы чын болсо, биз эшектен да төмөн экенбиз», - деген эле. Умайр коркунучтан таң калды. Ал Жуластай акылдуу, көптү көргөн адамдын оозунан мындай сөздүн чыгуусун кыялына да келтирчү эмес. Эң коркунуучтуусу бул сөздү айтмактүгүл, ойлоп койсо да ошол замат ыймандан кетет эмеспи! Умайр ибн Саъддын мээсине бири-бирине каршы пикирлер келе баштады. Эгер Жулас айткан кепти сырсактап, анын айыбын бекитсе, Аллах жана Анын пайгамбарына кыянатчылык кылган болот, ансыз деле мунаафыктар тарабынан зыян жетип жаткандыгына аябай өкүндү.Өткөн окуяны ашкере кылса жетимсиретпей башын сылаган, жокчулук камынан куткарган, көз жумган атасынын ордуна аталык кылган кишинин жакшылыгына жамандык менен жооп кылуу маанисин берип турду. Бири-биринен кескин айырмаланган эки жолдун бирин тандоо керек эле. Ал Жуласка кайрылып: - Эй, Жулас,сөзүм чын. Жер жүзүндө Мухаммад ибн Абдуллахтан кийин Сизден сүйүктүүрөөк инсан жок эле. Сиз мага көп жакшылыктарды кылгансыз. Эгер азыркы сөзүңүздү жарыя кылсам сизди шерменде кылган болом. Эгер ичиме жутуп жиберсем, аманатка кыянат кылып, жанымды да, динимди да балекетке жолуктурган болом. Мен Расуллалахтын алдына барып бардык кепти төкпөй-чачпай жеткирүүгө ниет кылдым. Ар бир кадамыңызды ойлоп таштаңыз, - деди да чыгып кетти. Умайр ибн Саъд мечитке барып, Пайгамбар алейхисаламга Жулас ибн Сувайддан эшиткен сөзүн айтып берди.Расулуллах аны өзүнү күндө калтырып, сахаабаларынан бирин Жуласты чакырып келгени жиберди. Көп өтпөй Жулас келди. Расулуллахка салам берип, алдына отурду. - Умайр ибн Саъд бизге жеткирген кептерин кандай түшүнүүгө болот?Ушундай деп алейхи салам сөздү ортого таштады. - Ал жалган айтыптыр, я Расулуллах, менин оозумдан булардын бири да чыкпады, - деди Жулас.Айланадагылар, сахабалар дагы кай бирлери ак экендигин, кимисинин жалган сүйлөп жаткандыгын билгилери келип, бир аны, бир тигини карай беришти. Шыбырашуу күчөдү. Көңүлүндө мунафыктык мерези болгон бир киши бийик добуш менен: Бул бала тузун ичип, туз баштыгына түкүрүптүр! – деди. Башкалары болсо: - Жок, бул бала Аллахтын таат-ибадатында өскөн. Жүзүнөн эле көрүнүп турбайбы туура сүйлөп жаткандыгы – дешип баланын тарабын алышты. Расуллуллах Умайрга карады. Анын жүзү кызарып, көздөрүнөн тамчы-тамчы жаштар кулап, титиреп тынбай: «Раббим, расулуңа менин актыгымды билдир… Раббим, расулуңа менин актыгымды билдир…» деп шыбырап жатты. Бир-эки мунафыктын дем бергенине маашырланып Жулас: «Я,Расулаллах, бул бала мага жалаа жаап жатат. Келиңиз ар ким актыгын далилдөө үчүн касам ичсин. Мен Аллахтын наамы менен касам ичем, Умайр сизге жеткирген сөздөрдү айтканым жок!» - деди. Адамдардын баарысы назарын Умайрга бурду. Бирок ал оозун ачып үлгүрбөстөн Расулаллах асмандан кабар ала турган абалга түшүп калды. Баары демин ичине тартып, калышты. Айлана жымжырттыкка чөмүлдү.Пайгамбар САВ өзүнө келип, жаңыдан вахий болгон «Алланын наамы менен айтпагандыгына кассам ичет, (бирок) ал күфр келмесин анык айтты жана Исламга киргенден соң каапыр болду» деп башталчу аятты «Эгер тооба кылса өзүнө жакшы болот. Эгер жүз үйрүсө, Аллах аларды ичин күйдүрчү тозок менен азаптайт», -деген жерине чейин окуду. Жулас азыр гана жаңырган аяттардын канчалык акыйкаттыгынан титиреп, кетти. Тили келмеге келбей, шашып кыйналды. Анан Расулуллахка кайрылып: - Мен тооба кыламын, я Расуллуллах, тооба кыламын! Жалганчы менмин! Умайр чын сүйлөгөн! Аллага дуба кылың, тообамды кабыл кылсын, я Расуллуллах, курбаныңыз болоюн, - деп жалынып-жалбарышка түштү. Расулуллах кубаныч жаштары жүзүн жууп, ыйман нуру менен жуурулушкан Умайр ибн Саъддын кулактарын касиеттүү колдору менен кармап эркелетип чойгон болду: - Кулактарың сени уялтып койбоду, балакай. Муну Раббиң тастыктады, - деп койду. Ушул окуядан кийин Жулас исламга үзүл-кесил кирди. Сахабалар андан кийин да Умайрга көп жакшылык кылганын эстешет. Ар дайым Умайрдын аты тилге алынса «Аллах ага менин атымдан белек тартууласын. Ал менин жанымды күфр чеңгелинен куткарып, тозокотуна күйүп жанышынан сактоого себепчи болду», - деп айта берчү. Бул окуя Умайр ибн Саъддын өмүрүндөгү эң жаркын элес, балким анын жашоосу мындан дагы сонун,керемет иштер менен толуп ташкандыр. Азырынча сиздер менен Умайр ибн Саъддын жигиттик доорунда көрүшкөнчө коштошобуз. Доктор Абдурахман
Рафъат Баашанын«Сахаабалардын өмүр баяны»
китебиненкоторгон Садирова Санталат,

#13 19 August 2013 - 20:49
билгендер барбы.арабчаны Онлайн переводчикке которуп королу.тишибиз отпосо.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#14 29 August 2013 - 22:20
Сахабалар(дос,
жолдош)-Аз.Мухаммад Пайгамбардын тирүү кезинде аны менен жүз көрүшүп,ал менен сүйлөшүп мусулман бойдон өлгөн жолдоштору,
шакирттери.
Сахабалардын бөлүнүшү:
Ахли-Сүннөт аалымдары сахабаларды үчкө бөлгөн:
1.Мухажирлер- Мекке шаары алына электен мурда Меккеден же башка жерлерден өз мекендерин, жакын туугандарын таштап Мадина шаарына көчүп келгендер.
2.Ансарлар-пайгамбарыбызга (сав) жана мухажирлерге ар тараптан жардам берген жана кең пейилдикте боло тургандыгына сөз берген Мадина шаарында же ушул шаарга жакын жерде жашаган мусулмандар.
3.Башка сахабалар Мекке шаары алынган учурда,андан кийин Меккеде,же башка жерлерде мусулман болгондор.
Сахабалардын даражасы боюнча эң улуулары пайгамбардын (сав) төрт халифасы.Андан кийин бейиш менен сүйүнчүлөнгөн 10 сахаба.
1.Азирети Абу Бакр ас-Сыддык;
2.Азирети Умар бин Хаттаб;
3.Азирети Усман бин Афан;
4.Азирети Али бин Абу Талиб;
5.Азирети Талха бин Убайдуллах;
6.Азирети Зубайр бин Аввам;
7.Азирети Абдурахман бин Авф;
8.Азирети Саад бин Абу Ваккас;
9.Азирети Саид бин зайд;
10.Азирети Абу Убайда бин Жаррах.
Алла Таала сахабалардан ыраазы болгондугун, аларды сүйгөндүгүн Куранда айтып кеткен.
Алла Таала алардан (сахабалардан) ыраазы,алар да (сахабалар)Алла Тааладан ыраазы.(Баййина сүрөсү,98/8-аят)

#15 29 August 2013 - 23:36
Аз.Хамза.
Аз.Хамза-" Алланын арстаны"жана" Шейиттердин мырзасы"- деген наамдар менен белгилүү болгон сахаба.Абдумуталиптин эң кичине баласы.Болжол менен 567-69-жылдары Меккеде жарык дүйнөгө келген.Кичинесинен Пайгамбарыбыз (сав) менен бирге ойногон,өмүрү өткүчө анын эң жакын адамы болуп кызмат кылган.Пайгамбарыбыз (сав)да аз.Хамзаны аябай жакшы көргөн.Аз.Хамза орто бойлуу,күчтүү, айбаттуу,намыскөй адам болгон.Жардамга муктаждарга, алсыздарга жардам берүүнү жакшы көргөн.Ошондой эле согушуу ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөн Курайш уруусунун атактуу аскери эле.Пайгамбарыбыз (сав) жакын туугандарына Исламды жайып жатканына карабастан аз.Хамза мусулман боло элек болчу.Ошондой болсо да,ал Аз.Мухаммедди (сав)чын көңүлдөн урматтап-сыйлап, ага ишенген.Бирок, айлана-чөйрөсүндөгұ адамдардын ушактары,үрп- адаттар анын Исламга кирүүсүнө тоскоол болуп жатты.Бардык нерсенин убакты-сааты бар деп коет эмеспи.Анын сыңарындай аз.Хамза да ошол убакыттын келишин күтөт.Акыры күттүргөн мезгил да келет...
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав)бир күнү Сафа дөбөсүндө отурган эле.Жанынан өтүп бара жаткан Абу Жахил ага жаман сөздөр менен акаарат кыса баштайт.
Пайгамбарыбыз (сав) ага көңүл бурбастан унчукпай отура берет.Бул окуяга күбө болгон күң аял уучулуктан кайтып келе жаткан аз.Хамзага кабар берет.Муну уккан Хамзанын каны кайнап,дароо Сафага жетип барып:"Менин тууганымдын көңүлұн ооруткан сенсиңби?" -деп колундагы жаасы менен Абу Жахилдин башын жара чабат.Андан бир күн өткөндөн кийин аз.Хамза Пайгамбарыбыздын (сав) жанына келип,анын көңүлүн көтөрөйүн деп Абу Жахилден өч алганын айтып берет.Аз.Мухаммад (сав) "Бир гана сен мусулман болсоң көңүлүм көтөрүлөт" -дейт.Көптөн күткөн убактысы келгенин аз.Хамза келме келтирип мусулман болот.Анын Исламга кириши Пайгамбарыбызды (сав) аябай кубантат.Себеби Хамза сыяктуу баатырдын мусулман болушу мусулмандардын күчүнө күч кошот эле.Хамза мусулман болгонун жана мындан кийин Пайгамбарыбызды (сав)коруй турганын,ага жардам берерин мушриктерге жарыя кылат.Муну уккан мушриктер бир титиреп алышат.
Кийин Мединага көчүү буйрулганда ал да башка сахабалар менен бирге көчкөн.Ал мусулмандар менен мушриктердин ортосунда болгон алгачкы согушка катышып эр жүрөктүүлүгүн, баатырдыгын көрсөткөн.Ал мезгилде согуштар алгач жекеме-жеке урушуулардан кийин башталат эле.Ошондуктан мушриктерден үч киши ортого чыгат.Мусулмандардан Али,Хамза жана Убайда чыгат.Убайда жаракат алып калат.Хамза менен Али душмандарын бир сокку менен эле өлтұрүшөт.Хамза дароо Убайдага жардамга барып берки мушрикти да бир шилтөө менен жыга урат.Ошентип согуш башталат.Хамза баатырларча согушуп Пайгамбарыбыздын (сав) ыраазылыгына ээ болот.Бадр согушунан кийин,келишимди бузган Кайнука уулдарына Пайгамбарыбыз (сав) аз.Хамзаны бир топ аскер менен жөнөтөт.Хамза барып аларды багынтып келет.Бадрда жеңилип калганына ыза болгон мушриктер башкадан согушуу үчүн катуу даярдык көрө башташат.Башка уруулар менен байланыш түзүп чөң армия түзүшөт.Ошол учурда мусулмандарга кабар жөнөтүлөт.Пайгамбарыбыз (сав) дароо кеңешме өткөрө баштайт.Ал шаардын ичинен согушууну жана коргонууну сунуштайт.Бадр согушуна катыша албай калгандар сырттм согушууну каалашкан.Пайгамбарыбыз (сав) да буга макул болот.Аз.Хамза да сыртта согушууну каалагандардан эле.Ошентип эки армия Ухуд тоосунун жанына келишет.Аскерлер тартипке салынып адаттагыдай эле жекеме-жеке башталат.Биринчи Али чыгып душманын өлтүрөт.Андан кийин Хамза да мушриктер тараптан чыккан ибн Абу Талханы жеңет.Ортодо кымгуут башталып,мушриктер артка чегине башташат.Аз. Хамза:"Мен Алланын арстанымын" -деп бакырып,кылычын оңду солду шилтеп,бир топ мушриктерди жерге сулатат.Аны өлтүрүү үчүн жалданган Вахша Хамзаны аңдып жүргөн болчу.Жекеме- жеке күчү жетпесин билген Вахши алыстан өлтұрүүнүн амалын ойлоп чоң ташка бекинип карап турат.Акыры күткөн убактысы келет.Ал найзаны мээлеп ыргытат.
Мусулмандардын баатыры эр жүрөгү,тайманбас аз.Хамза шейит болот.Аны байкап турган Хинд аттуу мушрик аял анын жанына келип Хамзанын мурдун,кулагын кесип,денерин кескилеп.Жада калса өпкө-боорун чыгарып,тиштегилеп акылга сыйбас иштерди кылган.Согуштан кийин Пайгамбарыбыз (сав) шейит болгондордун аралап жүрүп Хамзаны көрөт.Анын абалын көрүп ыйлай баштайт.Ага дуба кылат.Жаназа намазын окуп Ухутка көмөт.
Пайгамбарыбыздан (сав) эки же төрт жаш чоң болгон аз.Хамза өлгөндө элүү жети жашында болгон.Аз.Пайгамбарыбыз (сав) баардык шейиттердин жаназа намазын окуган.Ар бир шейитке кошуп Хамзанын жаназасын кайталайт.Ошентип ошол күнұ жетимиш эки жолу Хамзанын жаназа намазын окуган.Хамзанын үй-бүлөсү Меккеде болгондуктан анын өлүмү үчұн ыйлаган эч ким болбогон.Муну байкаган Пайгамбар (сав) "эмне үчүн Хамза үчүн ыйлаган адам жок"-дейт. Муну уккандар алгач Хамза үчүн кийин өздөрүнүн өлүктөрү үчүн ыйлаган экен.Аз.Хамза Пайгамбарыбыздан (сав) төмөнкұ хадисти риваят кылган."Ушул дубаны эч таштабагыла: Аллохумма инни асалука бисмикал-азам ва ридваникал- акбар"...

#16 30 August 2013 - 15:13
Абдурахман Ибн Авф
Абдурахман Ибн Авф 580-жылы туулган.Исламга кире электеғи аты Абдулка же башка маалыматтарга караганда Абу Амр болгон.Ал эми Абдурахман ысымын ага Пайгамбарыбыз койгон.Ал исламга эң биринчилерден болуп кирген сегиз адамдын бири.Ошондуктан Курайштын зааламдарынын азап-тозокторуна чыдабай,Эфиопияга көчүүгө да аргасыз болгон.Кийин Медина шаарына көчүү буйрулганда, ал да сахабалар менен бирге ал жакка көчкөн.Аз.Пайгамбарыбыз Ансарлар менен мухажирлерди бири-бирине бир тууган деп жарыялаганда, Абдурахман Сайнд Ибни Рабиге туура келет.Сайнд Ибни Раби Мединанын бай адамдарынан болгон.Ал Абдурахман Ибн Авфка өзүнүн байлыгынын жарымын берүүнү каалады.Бирок Абдурахман буга көнбөдү жана:
-Тууганым.Алла сага,мал-мүлкүңө, бала-чакаңа береке берсин.Андан көрө сен мага базарга бара турган жолду көрсөтүп кой.Мен соода менен алектенип өзүмдү багайын деди.
Пайгамбарыбыз (сав) бул окуяны укканда аябай кубанды жана Абдурахманга батасын берди.Көп өтпөстөн байып кеткен Абдурахман Ибн Авф:"Эгер бир таштын ұстүнө жата турган болсом,ал таштын астында алтынга же күмүшкө туш болгондугуму көрүп жатам деп соодадагы ийгилигин белгилеп,дайыма аракет кылууга үгүттөп жаткан болчу.
Бир күнү ал Пайгамбарыбыздын Абдурахман Ибн Авф бейишке жөрмөлөп кирет дегенин угуп жанына барды.Сүйүктүү Пайгамбарыбыз аны көрөрү менен:"Аллага Карзы-хасем (карыз) бер.Ошондо сенин буттарың түзөлөт,деп кеңеш берди.Кийин Жареил келип,Пайгамбарыбызга: Ибн Авфка айткын.Конок күтсүн.Кедей кембагалдарды тойгозсун.Өзүнөн бир нерсе сурап келген адамды куру кол жөнөтпөсүн. Булар нээматтын жоголуусуна тоскоол болот деди.Абдурахман мынча байлыкты таптың дегенде ал минтип жооп берген:
-Киреше аз болсо да,көп болсо да,ыраазы болдум.Эч бир кардарды нараазы кылбадым.Жада калса бир күнү бир төөнү өз баасына саттым.Бир гана жиптери пайдага калды.Аз.Пайгамбардын өлүмұнөн кийин бир күнү Мединада адамдар топтолуп калды.Аз.Айша мунун себебин сурады.Ага Абдурахмандын кербенин келгенин айтышканда ал:
-Расулалла мындай деген:
Абдурахман сырттан өтүп баратып түшүп кетпейин деди,бирок түшпөдү.Бул сөздөрдұ уккан Абдурахман беш жүз төөлүк кербенин жүктөрү менен баарын Алла ыраазычылыгы үчүн элге берип жиберген.Анын мындай кайрымдуулук иштери бир гана жогорудагы менен чектелүү эмес.Ал мындан башка да көптөгөн байлыгын Алла жолунда садага кылган.Үч жолу мал-мүлкүнүн жарымын тараткан.Ухуд согушунда отуз кулун бошоткон." Жайшүл"-" Усра"деп аталган Табук согушу үчүн байлыгынын баарын берген.Пайгамбарыбыз (сав) каза болгондон кийин багын кырк миң динарга сатып,акчасын Пайгамбарыбыздын аялдарына бөлүп берген.Аз.Айшага бул акчаларды алып келишкенде буларды ким бергенин судайт.Абдурахман Ибн Авфтын берип жибергенин айтышканда. Аз..Пайгамбар:
-Менден кийин Алланын сабырдуу кулдары силерге боорукерлик менен мамиле кылышат.Алла Таала Абдурахман Ибн Авфка бейиштин булактарынан тойо-тойо ичүүнү насип кылсын дегенин айткан.
Табук согушунан кайтканда Пайгамбарыбыз даарат ушатуу үчүн алыс басып кеткен болчу.Сахабалар багымдат намазынын убактысы өтүп кетпесин деп Абдурахманды имамдыкка өткөрүп намаз окуй башташты.Пайгамбарыбыз келип алардын намаз окуп жатканын көрүп экинчи ирекеттен кошулду.Намаз бүткөндөн кийин:"Жакшы кылдыңар:Бир пайгамбар жакшы бир адамдын артынан кылмайынча руху алынбайт:деп АБдурахман Ибн Авфтын баркын жана даражалуу адам экенин билдирген.Башка бир хадисинде:Абдурахман Ибн Авф жердегилер жана асмандагылар жанында ишеничтүү адам деп айткан.Жана бир хадисинде Абу Бакир бейиште.Умар бейиште.Осмон бейиште.Али бейиште.Талха бейиште.Зубайр бейиште.Абдурахман Ибн Авф бейиште деп айткан.Бардык нерсесин Алла ыраазычылыгы үчүн багыштаган, өтө берешен адам болгон Абдурахман Ибн Авф 653-жылы 75 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

#17 31 August 2013 - 23:31
Талха Бин Убайдуллах.
(Аллах ага ыраазы болсун!)
Талха тирүү кезинде бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он кишинин жана Ислам динине кирген алгач сегиз кишинин бири болгон.Ошондой эле ал халифаны шайлоо үчүн түзүлгөн комисиянын (асхабу шуураа) мүчөсү болгон сахаба.
Абу Мухаммад деген каймана аты менен да таанылган Талханын толук аты Талха бин Убайдуллах бин Усман бин Амр бин Саада бин Тайм.
Талха соодагер болуп,бир топ мал-мүлккө ээ болгонуна карабастан өзүн жөнөкөй алып жүргөн.Кайрымдуулук иштерге берилген жана эр жүрөк адам болгон.Бадр согушунан башка бардык согуштарда Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (соллаллааху алейхи ва саллам) жанында болгон.Бадр согушу маалында Пайгамбарыбыз (соллаллааху алейхи ва саллам) аны Курайштардын кербени тууралуу кабар алуу үчүн Шам тарапка жибергендиги үчүн ал согушка катыша албай калган.
Талха бин Убайдуллах Бусрада жүргөн кезинде бир поптун элге кайрылып:" Оо,калайык! Араңарда ахлу Харамдан (Мекке тараптан) келген адам барбы?"-деп бакырганын угат.Анан:" Ооба,бар.Мен Меккеликмин, "-деп жооп берет.Мындай жоопту күтүп турган поп дароо:"Ахмад чыктыбы?" -деп сурайт.Талха поптун суроосунун төркүнүн түшүнө албай:"Ахмад дегениң ким?"-дейт. Анда поп:"Ал деген Абдуллах бин Абдулмутталибдин уулу.Бул ай анын чыга турган айы.Ал пайгамбарлардын акыркысы болот.Меккеден куулуп,таштак жана курмалуу жерге журт которот (хижрат кылат).Эсиң болсо,ага жетиш,андан куру калба"-дейт. Поптун айткандары Талханын жүрөгүнө биротоло орношуп калат.Ал дароо Меккеге кайтып келип,жакын арада кандай окуялар болгондугун сураштыра баштайт.Анан Абдуллахтын уулу Мухаммад ал-Амин пайгамбар болгондугун жана Азирети Абу Бакирдин аны ээрчигендигин угат.Бир да мүнөттү текке кетиргиси келбеген Талха дароо Абу Бакирге барып ага поптун айткандарынын баарын баштан-аяк айтып берет.Андан соң экөө чогуу Алланын Элчисине (соллаллаху алейхи ва саллам)барышат. Талха ошол жерде мусулман болуп,алгачкы мусулмандардын сабынан орун алат.Башка көптөгөн мусулмандар сыяктуу эле Талха да Ислам динине киргенден кийин бир топ кыйынчылыктарга туш болгондугуна карабастан, мусулманчылыктан баш тарткан эмес.Ислам душмандарынын бири болгон Навфал бин Хувайлид анын мусулман болгондугун угаары менен Талханы Азирети Абу Бакир менен бирге чогуу бир жипке байлап коюп көпкө чейин чечпей койгон.
Ухуд согушунда Сүйүктүү Пайгамбарыбызды (соллаллааху алейхи ва саллам) баатырларча коргогон.Ал жаракат албасын деп атылган жебелер менен шилтенген кылычтарга каршы денесин калкан кылган.Ошентип денесинен бир топ жаракат алган.
Талханын согушта жасаган эрдиктер тууралуу сахабалардан Саад бин Абу Ваккас мындай дейт:
"Талха Ухуд согушунда биздин арабыздан Алланын Элчиси (сав) үчүн өз жанын аябай,баатырларча кармашты.Биз душмандар менен кармашкан кезде Пайгамбардын алдынан тигил-бул жакка кеткенибизде да,ал Пайгамбардын жанынан жылган жок.Пайгамбардын алдына кайра келген кезибизде Талханын Пайгамбар үчүн өз денесин калкан кылгандыгына күбө болчубуз.Бутпарастардын арасынан көзгө атар мерген Малик бин Зухайр Алланын Элчисин мээлеп жаасын тартып калды.Талха жебенин Алланын Элчисине (сав) сайылаарына көзү жеткендиктемш, аны коргоо үчүн жебеге каршы колун суна койду.Жебе Талханын колуна кадалып калды."(Ибн Саад Табакат).
Талха туралуу Пайгамбарыбыз (сав):"Кимде- ким жер жүзүндө жұргөн,бейишке кире турган адамды көргүсұ келсе,анда Талха бин Убайдуллахты карасын!" (Тирмизи).
Азирети Талха Жамал окуясында Марван бин Хакам тарабынан өлтүрүлгөн. Айтууларда ал өлгөн кезинде 60-64 жаштарында болгон деп айтылат..(Ибн Хишам,ас-Сироту ан-Набавиййа)
Азирети Пайгамбар (сав) Талханы аябай баалаган жана аны "Хаййир" ("көп изги иштерди жасаган адам")деп атаган.Ошондой эле аябай жоомарт болгондугу себептүү ал "ал-Файйад" ("пайдалуу иштерди көп жасаган")лакап атка да ээ болгон.
Талха бин Убайдуллахтын он бир уулу,эки кызы болгон.Уулдарынын дээрлик баарына пайгамбарлардын аттарын койгон.Уулдарынын аттары Мухаммад,Имран, Муса,Йакуб,Исмаил, Исхак,Закариййа, Йусуф,Иса,Йахйа, Салих,ал эми кыздарынын аттары Аиша жана Марйам болгон.Алла ага ыраазы болсун!

#18 02 September 2013 - 15:53
юр академиянын международное право факултетинин исламское право факултетине оттум. шугур. Ал жерде араб тилин окутат экен. Сиздердин да таанышыныздар болсо ошого тапшыруусун кенеш кылам. Буйруса бардык китептер кыргыз тилине которулуп,баары оз убакыты менен Куранды арабча окуп калышат Ин Ша Аллах.
Жмаан коромо ката жазагндарды!
#19 10 September 2013 - 21:06
Азирети Умар-ул Фарук.
Азирети Умар улуу көчтөн кырк жыл мурун жарык дүйнөгө келген.Ал балалык кезин төө кайтарып өткөргөн.Ал кұндөрү төөлөрдүн аркасынан ээрчип жүрүп чарчаган убагында бир аз дем алып олтура калса эле атасы аны ураар эле.Азирети Умар халифа болгондон кийин күндөрдүн биринде ошол төө кайтарган жайытынан өтүп бара жатып,көзү жашылданып балалык кезин эстеп:"Оо, Жараткан Алла!Сен кандай гана улуксуң!Башыман кандай гана кыйынчылыктар өтпөдү.Бул жерлерде төө жайып,сууга чаңкап,бир аз дем алып олтура калсам атамдан жеме угаар элем.Бүгүн болсо минтип мусулмандардын жол башчысы болуп жүрөм."деген экен.Караңгылык доорунда арап коомчулугунда жаа атууда,күрөштө чебер болуу жана ошондой эле сөзгө чечен болуу өзгөчө ардакталган иштер болуп эсептелген. Азирети Умар мына ошол күрөштө да,сөзгө да чебер болгон.Умар Исламды кабыл алуудан мурун арабдар сөзгө чечен болгондугу үчүн ага элчилик ишин жүктөгөн.
Азирети Мухаммад (сав)Пайгамбарыбыз пайгамбар болгон жылы Умар жыйырма жети жашта эле.Умардын кээ бир жакын туугандары Ислам динин кабыл алып,мусулман болушкан эле.Пайгамбарлыктын алтынчы жылы.Күндөрдүн биринде араптардын тапшырмасы менен Умар Мухаммед пайгашбарды өлтүрмөккө жолго чыкты.Жолдо бара жатып Нуайм ибн Абдуллах аттуу бир мусулманга учурады.Умардын көз карашынан ниети бузук экендигин байкап,кайда бара жаткандыгын сурады.
-Мухамедди өлтүргөнү-деди Умар тайманбай.
-Сен биринчи өз бир туугандарыңды кара!Эжең менен жездең да мусулман болгон-деди Нуайм.
Мындай күтүүсүз сөздү уккан Умар дароо эжесинин үйүн көздөй бет алды.Эжесинин үйүнө жете бергенде.Эжеси Фатима Куран окуп жаткан эле.Сырттагы дабышты угуп дароо Курандын баракчаларын жашырды.
Умар үйгө кирип,саламга да келбей эжесине эмнени окуп жаткандыгын сурады.Фатима коркконунан: "эч нерсе"деп жиберди.Ачууланган Умар кайра-кайра такып сурагандыктан жездеси мусулмамш болгондуктарын айтты.Бул сөздү өз кулагы менен укканына ишене албай өз жинине өзү уугуп,жездесин уруп жиберди.Фатима күйөөсүнө болушуп арачалаганда Умар ага да кол көтөрдү.Анда Фатима чыдай албай ачуу үн менен:
-Умар,сен эмне кылсаң кыл,биз баары бир мусулмандыктан баш тартпайбыз! -деп кыйкырды.
Эжесинин мындай кескин сөздөрүн уккан Умар тынчып:
-Болуптур,ушу окуган нерсеңерди көрсөткүлөчү мага!-деди. Фатима Курандын баракчаларын алып чыгып Умарга сунду.Умар окуй баштады.Ал окуган сүрөө Таха сүрөөсү эле.Аяттарды окуп жатып,андан бир башкача сезимдерди туюп,көзүнөн жаш кеткенин өзү да байкабай калды.Ошентип пайгамбарды өлтүрмөккө жолго чыккан Умар эжесинин үйүнөн "Ашхаду ан лаа илааха иллалооху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху" деп күбөлүк келмесин келтирип мусулман болду.Бул учурда Пайгамбарыбыз (сав) Сафа тоосунун этегинде жайгашкан Азирети Аркамдын үйүндө эле.Азирети Умар Аркамдын үйүнө барып ,эшикти такылдатты. Кутман сахабалар сыртка баш багып,Умардын кылыч менен келгенин айтты.Азирети Хамза аларга Умардын үйгө кире беришин буйрук кылып:
-Жакшы ой-максат менен келсе,кандай соонун болоор эле.Эгерде койнунда котур ташы болсо,анда мен анын башын аламын-деди. Умар ичкери кирди.Пайгамбарыбыз (сав) Умарга жакындап:
-Умар эмнеге келдиң?!... .-деп суроо узатты.Азирети Пайгамбарыбыздын үнү Умарды абдан толкундатып жиберди.Толкунданган Умар үнү калтырап:
-Мусулман болуш үчүн келдим!-деп жооп берди.Анда Пайгамбарыбыз кубанычынан:
-Алооху Акбар!...-деп жиберди.Ал жердеги мусулмандар да,Пайгамбарыбызды коштоп бир ооздон "Алооху Акбар!" деп үйдү жаңырта үн салышты.
Азирети Умардын Ислам динин кабыл алышы мусулмандар үчүн өзүнчө кубаныч болду.Мусулмандардын саны Азирети Умар менен кыркка жеткен болучу.
Ошентип күндөн-кұнгө көбөйүшү Мекке шаарындагы атка минер Курайш бутпарастарынын жүрөгүн өйүп,өзүнчө чоң көйгөйгө айлана баштады.Өз ар жыйын өткөзүшұп мусулманчылыкты түп тамыры менен жок кылуунун жолдорун ойлонушту.Пайгамбарыбыздын абасы Абу Талибдин көзүнүн тирүүсүндө Курайш уруусу мусулмандарга эч зыян келтире албайт эле.Абу Талибдин көзү өткөндөн кийин ушуну эле көздөп турган Курайштын атка минерлери мусулмандарды ар түрдүұ зордук-зомбулуктар менен кордой башташты.Колго түшкөн мусулмандарга ит көрбөгөн кордуктун түрүн көрсөтүштү. Мындай зордук-зомбулук беш-алты жылга созулду.Мусулмандар акыры мындай кордукка туруштук бере албай калышты.Акырында Пайгамбар (сав) мусулмандарга Мединага көчүұгө уруксат берди.Мусулмандар тымызын Мединаны көздөй журт которо башташты.Азирети Умар жыйырма киши менен чогуу Меккени таштап Мединага карай бет алды.Азирети Умар ардактуу Пайгамбарыбыз катышкан бардык казаттарга эч кылчайбастан катышкан.
Пайгамбарыбыздын (сав)көзү өткөндөн кийин Абу Бакир Сыддык халифа болуп мусулмандарды эки жыл алты ай башкарды.
Аз.Умардын халифа болуп шайланышы.
Азирети Абу Бакир кұндөн-күнгө оорусу күчөп,ичер суусу түгөнөрүнө көзү жеткенде халифалык милдетин Умарга тапшырды.Азирети Абу Бакир бардык сахабаларды жыйнап:
-Халифалыкка өз жакын туугандарымдан эмес,Азирети Умарды дайындап жаташ.Колдойсуңарбы? -деди.Анда кутман сахабалар:
-Албетте,ага баш ийебиз-деп Умардын халифалыгын бир ооздон кабылдашты. Ошентип,халифа болуп шайланган Азирети Умар эң алгачкы жолу "амирул муминин"(момундардын башчысы)деген наамга ээ болду.
Азирети Умардын халифалыгы учурунда мусулмандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп,Ислам мамлекети экономикалык жактан да бир кыйла күчкө толду.Азирети Умар Ислам тарыхында өлбөс-өчпөс ариптер менен жазылып калаар ак эмгеги менен чоң иштерди аткарды.Ал элди кара кылды как жарган калыстыгы менен адилеттүү башкара алды.Элди ар дайым ыймандуулукка, ынтымакка,биримдикке чакырды.Анын халифалыгы 10 жыл 6 ай 4 күн сүрдү.
Азирети Умардын шейит болушу.
Күндөрдүн биринде шаманизм динин тутунган Фируз деген бир кул эртең мененки багымдат намазына келген эле.Аңгычакты Умар да келип калды.Каадасынча намазга турду.Ушуну эле күтүп турган Фируз Азирети Умарга аркадан кол салып койнуна жашыра келген бычагы менен удаама-удаа бычактап алып,дароо качканга аракет кылды.Азирети Умар ошол жерден эле жерге сулап жыгылды.Ал алты жолу бычактаганга жетишиптир. Бирок Фируз көп өтпөй эле кармалып дарга асылды.Кутман сахабалар Умарды (Алла ага ыраазы болсун) дароо үйүнө жеткиришти. Азирети Умар сахабалардан ким бычактаганын сурады.Алар "Фируз" деп жооп беришти.Анда ал мусулман тарабынан жарадар болбогонуна сүйұнүп,Жараткан Аллага шүгүр келтирди.Көп өтпөй улуу көчтүн 43-жылы 63 жаш курагында ал дагы бул дүйнө менен кош айтышты.Сөөгү Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын кабырына жанаша коюлду.Жараткан Алла аны да өз Мээиримине бөлөсүн!Оомийн!

#20 10 September 2013 - 22:23
Али ибн Абу Талиб.
Пайгамбарыбыздын (сав) аталаш агасынын күйөө баласы жана төртүнчү халифа.Атасы Абу Талиб,энеси Фатима бинти Асад,чоң атасы Абдулмутталиб болгон.Негизинен аты Абутураб (топурактын атасы деген маанини билдирет),лакап аты Хайдар,Амирул- Муминин наамы менен белгилүү болгон.Мындан тышкары "Асадуллах" ,башкача айтканда," Аллахтын арстаны"деген наам менен белгилүү болгон.Азирети Али жаш мезгилинен баштап Пайғамбарыбыздын (сав) жанында өскөн.Он жашында Исламды кабылдаган. Азирети Хадижадан кийин алгач мусулман болгон азирети Али эле.Ал бир күнү пайгашбарыбыз (сав) менен Азирети Хадижанын ибадат кылып жатышканын көрөт.Ага пайгамбарыбыз (сав) ширктин (Аллахка шерик кошуу) жаман экенин,тавхиддин (жалгыз Аллахка ишенүұ) маанисин түшүндүргөндө, ал дароо мусулман болот.Мекке доорунда дайыма пайгамбарыбыздын (сав) жанында жүргөн.Ал каабадагы буттарды талкалаганын төмөнкүчө эскерген:" Бир күнү пайғамбарыбыз (сав) менен Каабага бардым.Пайгамбар (сав) менин мүрүмө чыгууну каалады.Бирок, мен аны көтөрө албадым.Ошондо, ал мени ийнине чыгарып,көтөрдү. Каабанын үстүндө бир бут бар эле.Аны кулаттым.Бут кулап жерге түштү,талкаланды. Пайгамбардын (сав) мүрүнөн жерге түштүм.Экөөбүз кайра артка кайттык". Пайгамбарыбыз (сав) эң жакын ага-ини туугандарына Ислам динин айтып,аларга акыйкатты билдирген.Алла Таала тарабынан буйрук алгандан кийин,аларды Сафа дөңсөөсүнө топтоп,Аллахтын буйруктарын айтканда,Курайш мушриктери аны мыскылдашат. Экинчи жолу чогулууну азирети Али уюштурат.Ал бир зыяпат даярдап,Хашим уулдарын чакырат.Пайгамбарыбыз (сав) тамактанып бүтүшкөндөн кийин аларга мындай дейт:"Эй Абдулмутталиб уулдары,мен силерге жана бардык инсандарга жиберилгенмин. Араңардан ким мага бир тууган жана досум катары ишенип жардам берүүгө убада берет?". Ошондо , бир гана азирети Али ордунан туруп,пайгамбарыбыздын (сав) айткандарын кабылдап,ага убада берет.Мындан улам,пайгамбарыбыз (сав):"Сен менин бир тууганымсың жана вазиримсиң" -деп,азирети Алини мактайт.Пайгамбарыбыз (сав) хижраттан мурун колундагы аманаттарды өз ээлерине тапшырууну азирети Алиге таштайт.Ошол күнү азирети Али пайгамбарыбыздын (сав) төшөгүнө жатып,мушриктерди таң калтырат.Мына ошентип,азирети Али пайгамбарыбызды (сав) өлтүрүүгө келишкен мушриктерди алаксытуу максатында өз жанын тобокелге салган жана пайгамбарыбыздын (сав) Меккеден алыстап кетүүсүнө себеп болгон.Азирети Али Пайгамбарыбыздын (сав) аманаттарын өз ээлерине тапшыргандан кийин Мадинага хижрат кылган.Мадинада да дайыма пайгамбарыбыздын (сав) жанында жүргөн.Бардык согуштарга катышкан.Ухудда аскер башчысы болгон.Бадрда тууну көтөрүп жүргөн.Ошондой эле,чалгындоо бөлүгүнүн башчысы эле.Ал аталган согушта душмандын негизги күчүн тактап пайгамбарыбызга (сав) билдирип турган.Өзүнүн милдетин толугу менен аткарган азирети Али Бадр согушунда өзүнүн баатырдыгын көрсөткөн.Бадр согушу башталардан мурун Курайштар менен жекеме-жеке чыккан үч кишинин бири эле.Ал Валид бин Мугираны кылычы менен өлтүрүп,азирети Убайда оор абалда калганда ага жардамга барган.Ага ушул согушта:" Аллахтын арстаны"деген лакап ат,бир кылыч,бир калкан жана бир төө олжого берилген.Азирети Али Бадр согушунан кийин Пайгамбарыбыздын (сав) кызы азирети Фатима менен баш кошот.Алардын никесин пайгамбарыбыз өзү кыйган.Ошондон кийин пайгамбарыбыз (сав) менен бир үйдө жашаган азирети Али башка үйгө бөлүнұп чыккан.Азирети Алинин азирети Фатимадан үч уул,эки кызы болгон.
Хижратты 3-жылы Ухуд согушунда жаачылардын айынан мушриктер мусулмандарды арттан курчоого алышкан жана пайгамбарыбыз (сав) жараланып,бир чуңкурга кулап түшкөн.Ошондо душмандар "пайгамбар өлдү"деген жалган кабарды жайылтышат. Бирок,азирети Али пайгамбарыбыздын жанына келип аны коргоого алган.Эки тарап тең жеңишке жетпеген бул согушта азирети Али көп жеринен жараланган. Ухуд согушунан кийин "Бани Надр"жөөттөрүнүн кыянаттырынын эсебин суроо менен болгон согушту азирети Али өзү башкарган.Бардык кагылышууларда азирети Али баатырдыгын көрсөтүп,мушриктердин эң белгилүү баатырларын өлтүргөн.Худайбия келишиминде тынчтык шарттарын жазууда азирети Али башчылык кылган.Ал тынчтык келишимин төмөнкүчө жазып баштаган:" Мээримдүү,Боорукер Аллахтын ысмы менен!Мухаммад Аллахтын элчиси...." .Мушриктер бул башталышка каршы чыгышат.Алар" Мухаммед Аллахтын элчиси деген жерге"Мухаммед бин Абдуллах" деп жазылуусун талап кылышат.Бирок, азирети Али "Расулуллах" деген сөздү жазууга аракет кылат.Азирети Али Меккенин мусулмандар тарабынан өткөрүп алынысуунда да тучу болот."Кеда" жумушун аткаруу менен Меккеге кирген.Мекке кан төгүүсұз мусулмандарга өткөн.Азирети Али жана башка сахабалар пайгамбарыбыз (сав) менен Каабадагы буттардын баарын талкалашкан. Мекке алынгандан кийин пайгамбарыбыз (сав) Хашд бин Валидди Бану Хузайфа уруусуна жиберген.Аталган ууру сабаттуу эле,андыктан "мусулман болдук"маанисиндеги "асламна" сөзүнүн ордуна "саббана" дегендиктери үчұн Халид бин Валид ачууланып,алар менен согушкан.Пайгамбарыбыз (сав) бул окуяны укканда аябай кайгырат.Азирети Али бул катачылыкты толуктоо үчүн милдеттендирилет. Хунайн кагылышуусунда мусулмандар күчүн жоготуп алышат.Сандары миңге жетсе да араларында саналуу киши гана сабыр кылышып туруштук беришкен.Азирети Али аталган согушта бир гана сабыр кылуу менен чектелбестен баатырдыгын жана башкаруучулугун көрсөтұп Ислам жоокерлерин айланасына топтоого жетишкен.

Супер-Инфо
super.kg
видео