Айылда менин тоогум кошунанын тамына барып жатып алган. Ошолордун тамына жумуртка коюп жүргөн экен, ошентип жөжөлөрүн да ошол эле жеринде басып чыгарган. Аны биз "кошуналар эле союп жеп алды..." деп жүргөн элек.
менин тооктор да наглый болуп кетишкен, чекеден союш керек окшойт ...
Биз озубуз тоок бакпайбыз. Атам жердин баарын булгайт деп жаман корот. Кошуналардын тооктору огородго картошка эгилгенден жыйнаганга чейин кычык-пучуктан кирип келип жей турган болгондо пытырата кууп журуп машыгып алган экенмин мектепте чуркагандан биринчиликти алчумун
Ал эми менин коңшуларым: "Бизди жамандап жазып салыпсыз..."- дешип, таарынышып жүрүшөт.
Коңшуларыңыз да бир күнү "ответный" аңгеме жазышпаса болду ))
М-даа, айылдын ортосунда жашасаң тоок көйгөйү чындап эле өзүнчө баш ооруга айланат. Айрыкча, жайдын толгон убагында, помидор бышкан кезде..
Тооктор ошол убакта ырдайт дейт: "Помидор бышкан кезде... барам сага, барам сага", - деп Шахра Талипованын обонуна салып
Балким Шахра Талипова обонун тооктордон алгандыр. Аксы жакка гостролдоп барган кезде
Эмне Сузактагы тооктор: "Патинжан пышкан кезде, барам сага... барам сага..."-деп ырдашабы?
Патинжан...патинжан. ..бир жерден уккандай болуп атам. Ал эмне эле?...
Сузакта Расул Маматкуловдун ырчы тооктору бар дешет. Барып угуп келиш керек экен
Патинжан-помидордун кыргызча аты...

Супер-Инфо
super.kg
видео












