Салам достор келгиле тилибизди унутпайлы тилибизди сактайлы... Озубуздун тилибизге арнап ар кандай ыр саптарын арнайлы....
Тилин менен улутсун демекчи... Тилибиздин онугушуно бир аз болсо да салымыбызды кошолуу!
23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнү.
#2 01 September 2013 - 09:06
Мен учун иш башкаруу барат оорлоп,
Акылдуу адам болсо, жардам болмок..,
Акылдуу адам болсо, жардам болмок..,
#3 01 September 2013 - 11:08
Мен учун иш башкаруу барат оорлоп,
Акылдуу адам болсо, жардам болмок..,
Акылдуу адам болсо, жардам болмок..,
Gamze90, жакшы тема ачыпсың! Бирок, кыргыз тили ӨҢҮ тамгаларысыз тантык адам сыяктуу болуп калары талашсыз чындык. Ошондуктан, кыргыз тилине чындап күйсөң, (бул башка форумчуларга да тиешелүү! ) анын өнүгүшүнө салым кошкуң келсе, ушул тамагаларды компуңа, телиңе орнотуп анан жазганың чыныгы күйгөндүктүн белгиси болот эле, чиркин!
Ал эми темаңды кыргыз өңү_нө киргизип койдум!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#4 01 September 2013 - 11:10
Эне тилди-кыргыз тилди сактаймын
Кыргыз тилди эч убакта сатпаймын
Эгер жалын келе жатса "өрттөйм" деп
Сууга айланып кыргыз тилди каптаймын.
Кыргыз тилди эч убакта сатпаймын
Эгер жалын келе жатса "өрттөйм" деп
Сууга айланып кыргыз тилди каптаймын.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#5 01 September 2013 - 13:25
Мен - кыргызмын, сатылбаган,
сатпаган!
Мен - кыргызмын, баба
наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп
бир эмгек
Ар күн сайын "Чоң
казатка" аттанам.
Мен - кыргызмын,
асман-жерге
жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин,
максатмын.
Кылы дагы
кыйшайганын
каалабайм,
Кырчылдаган "КЫРГЫЗ"
деген жакшы аттын!
Мен - кыргызмын,
түгөнөрдө түтөгөн!
Мен - кыргызмын, жок
болордо күчөгөн!
Мен - кыргызмын,
тарыхым бар, тилим
бар,
Мезгилдердин ой-
чуңкурун түзөгөн.
Мен - кыргызмын,
жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен
азап, улуу муң.
Кылымдарга улап кетер
эл көчүн
Кыргызмын мен, эр
Манаска муунмун!
Мен - кыргызмын, баба
наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп
бир эмгек
Ар күн сайын "Чоң
казатка" аттанам.
Мен - кыргызмын,
асман-жерге
жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин,
максатмын.
Кылы дагы
кыйшайганын
каалабайм,
Кырчылдаган "КЫРГЫЗ"
деген жакшы аттын!
Мен - кыргызмын,
түгөнөрдө түтөгөн!
Мен - кыргызмын, жок
болордо күчөгөн!
Мен - кыргызмын,
тарыхым бар, тилим
бар,
Мезгилдердин ой-
чуңкурун түзөгөн.
Мен - кыргызмын,
жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен
азап, улуу муң.
Кылымдарга улап кетер
эл көчүн
Кыргызмын мен, эр
Манаска муунмун!
#6 01 September 2013 - 14:35
***
Тил жөнүндө...
Кыргызбы, же кыргыз тилин билбесе,
Кыргыз тилин тепсеп, тентип тилдесе.
Кыргыз тили бир күн өлүп жок болот,
Ата сүйлөп баласына бербесе.
Карап көрчү жакын турган Ташкентти,
Арданышпайт өз тилдерин билгенге.
Орус, татар, казак, кыргыз баары бар,
Сүйлөп турат келиңиз деп өзбекче.
Мейли дечи, тил көпүрө илим менен билимге,
Ашык дөөлөт жарбайт дейм, канча тилди билгенге.
Бирөөн дагы бурмалоого акым жок,
Сүйлөй берсин кыргыз болуп орус, кытай, немисче.
Эң негизги кайнап жатат көөдөндө,
"Папа" деген кыргыз уулун көргөндө.
Үй-бүлөдө кыргыз тилин укпаса,
Үйрөнөбү кыргыз тилин өлгөндө.
Ойлоп көрсөм үч сөз улуу кыргызда,
Ата-бабам сүйлөп келген кылымдардан- кылымга.
Эч болбосо үч сөзүңдү үйрөнгүн,
"Ата", "апа", "мекен" дегенди кыргызча.
© /И.У./
Тил жөнүндө...
Кыргызбы, же кыргыз тилин билбесе,
Кыргыз тилин тепсеп, тентип тилдесе.
Кыргыз тили бир күн өлүп жок болот,
Ата сүйлөп баласына бербесе.
Карап көрчү жакын турган Ташкентти,
Арданышпайт өз тилдерин билгенге.
Орус, татар, казак, кыргыз баары бар,
Сүйлөп турат келиңиз деп өзбекче.
Мейли дечи, тил көпүрө илим менен билимге,
Ашык дөөлөт жарбайт дейм, канча тилди билгенге.
Бирөөн дагы бурмалоого акым жок,
Сүйлөй берсин кыргыз болуп орус, кытай, немисче.
Эң негизги кайнап жатат көөдөндө,
"Папа" деген кыргыз уулун көргөндө.
Үй-бүлөдө кыргыз тилин укпаса,
Үйрөнөбү кыргыз тилин өлгөндө.
Ойлоп көрсөм үч сөз улуу кыргызда,
Ата-бабам сүйлөп келген кылымдардан- кылымга.
Эч болбосо үч сөзүңдү үйрөнгүн,
"Ата", "апа", "мекен" дегенди кыргызча.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#7 02 September 2013 - 07:26
Барс
Ал эми темаңды кыргыз өңү_нө киргизип койдум!
[/quote]
Чоон рахмат..,
Ал эми темаңды кыргыз өңү_нө киргизип койдум!
[/quote]
Чоон рахмат..,
#9 09 September 2013 - 12:54
Ала-
Тоону толтурдук саман тилге,
Ата салттан айырган арам тилге...
Шайлообек Дүйшеев
Кайран тил, ай, кайран тил өсө албай тур
Кара чырак жаккансып өчө албай тур.
Эсенхандын эсебин тапкан тилим,
Эркеч-Тамдан бери карай өтө албай тур.
Ат аброюн сыдырып кете албай тур,
Ааламды кой, Ак үйгө жете албай тур.
Алмамбетти Кытайдан апкелген тил,
Ат-Башынын суусунан кече албай тур.
Кайран тилим калкылдап ага албай тур,
Калка болор калкы жок, каралбай тур.
Өгүзхандан бери карай өлбөй келип,
Өз элине тилмечти таба албай тур.
Сагымбайдын туусун сая албай тур,
Саякбайдын чуусун сала албай тур.
Кыяматтан кылт этпей келген тилим,
Кыз-уулуна өзүнүн жага албай тур.
Мекенинен мээримди таба албай тур,
Мелт-калт болуп мелмилдеп ага албай тур.
Мезгилинде Меккенин мээси чаккан,
Мэриянын мээсин чага албай тур.
Өз жерине өзөгүн сая албай тур,
Өз элине канатын жая алай тур.
Өтүн алган кезинде Азиянын,
Өкмөттүн каалгасын кага албай тур.
Калган тилди Манастан ыйман кылып,
Каргаларга толтурдук кырман кылып.
Калып барат Сүйүнбай, Сооронбайлар,
Калып барат окулбай “Сынган кылыч”.
Көөдөнсүзгө ырайым кылса деген,
Көз издедик Мухаммед, Ыйса менен.
Арам дүйнө куруткан балдар чыкты,
Айтматовдой дөөлөрдү “мырка” деген.
Жайы болдук жалпы үйгө түшкөндөрдүн,
Жалаң байлык, акчаны түш көргөндүн.
Жайытына айланды Кыргызстан,
Жатынына орусча бүткөндөрдүн.
Ороп алып мыйзамды бүйлөсүнө,
Орус тилин айлантып күндөшүнө.
Эне тилди коргоочу жигиттериң,
Эки катын алганды үйрөтүүдө.
Солоп алып мыйзамды бүйлөсүнө,
“Соода жолу ушул” деп дүрбөтүүдө.
Созолонтуп ант берген жигиттериң,
Сойкукана ачканды үйрөтүүдө.
Ала-Тоону толтурдук саман тилге,
Ата салттан айырган арам тилге.
Даанышман тил айланды даакы сакал,
Дамбал кийип, жер чийген “халал” тилге.
Мээси иштеген эл элек, көз тийип тур,
Мечиттериң менменсип көк чийип тур.
Мекке болчу мекениң жерди тиктеп,
Мектептериң көчөдө жөткүрүп тур.
Алп Манастын ааламдык сөзүн түзгөн,
Азат кылат ким тилди өкүм күчтөн?
Алып жаткан өңдөнүп кетет кээде,
Алоокенин ким бирөө өчүн бизден.
Кыргыз дыйкан кыйлага барган экен,
Кылымдардан алчусун алган экен.
Эч бир душман жеңе албай, акырында,
Эл ичинде мындай сөз калган экен:
“Жагынганды жактырат, байкагыла,
Жалган мактап кыргызды жайкагыла.
“Кабылансың, баатырсың, укмушсуң! ” деп,
Карегинен айланып алкагыла.
Байкатпастан башынан артуу кылдыр,
Баш кийимин башкага тартуу кылдыр.
Каада-салтын талкалап, чайкагыла,
Кара көзүн ошентип кайсагыла.
Касиети жок болот калпак менен,
Касиети кыргыздын калпагында”, -
Деген экен кытай чал кайтарында.
Коюн сойгон, колтуктап ашын берген,
Коногуна тартуулап атын берген.
Бапак берген чеченди көрө элекмин,
Чечен бапак бергенче башын берген.
Кырсык деген “келем” деп эстеттирбейт,
Кыйын элдер өз тилин жектеттирбейт.
Чийки алмасын мындай кой, башкаларга,
Чирип калган кыгын да тепсеттирбейт.
Башы бар эл базарды желек кылбайт,
Башы бар эл балдарын жемек кылбайт.
Башы бар эл эч качан башкаларга,
Башындагы калпагын белек кылбайт!! !
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес!
Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес,
Жыргагандын баары эле турмуш эмес.
Кыргыз туруп кыргыздын тилин чанган,
Кыдыр болуп кетсе да кыргыз эмес!!!
Ата салттан айырган арам тилге...
Шайлообек Дүйшеев
Кайран тил, ай, кайран тил өсө албай тур
Кара чырак жаккансып өчө албай тур.
Эсенхандын эсебин тапкан тилим,
Эркеч-Тамдан бери карай өтө албай тур.
Ат аброюн сыдырып кете албай тур,
Ааламды кой, Ак үйгө жете албай тур.
Алмамбетти Кытайдан апкелген тил,
Ат-Башынын суусунан кече албай тур.
Кайран тилим калкылдап ага албай тур,
Калка болор калкы жок, каралбай тур.
Өгүзхандан бери карай өлбөй келип,
Өз элине тилмечти таба албай тур.
Сагымбайдын туусун сая албай тур,
Саякбайдын чуусун сала албай тур.
Кыяматтан кылт этпей келген тилим,
Кыз-уулуна өзүнүн жага албай тур.
Мекенинен мээримди таба албай тур,
Мелт-калт болуп мелмилдеп ага албай тур.
Мезгилинде Меккенин мээси чаккан,
Мэриянын мээсин чага албай тур.
Өз жерине өзөгүн сая албай тур,
Өз элине канатын жая алай тур.
Өтүн алган кезинде Азиянын,
Өкмөттүн каалгасын кага албай тур.
Калган тилди Манастан ыйман кылып,
Каргаларга толтурдук кырман кылып.
Калып барат Сүйүнбай, Сооронбайлар,
Калып барат окулбай “Сынган кылыч”.
Көөдөнсүзгө ырайым кылса деген,
Көз издедик Мухаммед, Ыйса менен.
Арам дүйнө куруткан балдар чыкты,
Айтматовдой дөөлөрдү “мырка” деген.
Жайы болдук жалпы үйгө түшкөндөрдүн,
Жалаң байлык, акчаны түш көргөндүн.
Жайытына айланды Кыргызстан,
Жатынына орусча бүткөндөрдүн.
Ороп алып мыйзамды бүйлөсүнө,
Орус тилин айлантып күндөшүнө.
Эне тилди коргоочу жигиттериң,
Эки катын алганды үйрөтүүдө.
Солоп алып мыйзамды бүйлөсүнө,
“Соода жолу ушул” деп дүрбөтүүдө.
Созолонтуп ант берген жигиттериң,
Сойкукана ачканды үйрөтүүдө.
Ала-Тоону толтурдук саман тилге,
Ата салттан айырган арам тилге.
Даанышман тил айланды даакы сакал,
Дамбал кийип, жер чийген “халал” тилге.
Мээси иштеген эл элек, көз тийип тур,
Мечиттериң менменсип көк чийип тур.
Мекке болчу мекениң жерди тиктеп,
Мектептериң көчөдө жөткүрүп тур.
Алп Манастын ааламдык сөзүн түзгөн,
Азат кылат ким тилди өкүм күчтөн?
Алып жаткан өңдөнүп кетет кээде,
Алоокенин ким бирөө өчүн бизден.
Кыргыз дыйкан кыйлага барган экен,
Кылымдардан алчусун алган экен.
Эч бир душман жеңе албай, акырында,
Эл ичинде мындай сөз калган экен:
“Жагынганды жактырат, байкагыла,
Жалган мактап кыргызды жайкагыла.
“Кабылансың, баатырсың, укмушсуң! ” деп,
Карегинен айланып алкагыла.
Байкатпастан башынан артуу кылдыр,
Баш кийимин башкага тартуу кылдыр.
Каада-салтын талкалап, чайкагыла,
Кара көзүн ошентип кайсагыла.
Касиети жок болот калпак менен,
Касиети кыргыздын калпагында”, -
Деген экен кытай чал кайтарында.
Коюн сойгон, колтуктап ашын берген,
Коногуна тартуулап атын берген.
Бапак берген чеченди көрө элекмин,
Чечен бапак бергенче башын берген.
Кырсык деген “келем” деп эстеттирбейт,
Кыйын элдер өз тилин жектеттирбейт.
Чийки алмасын мындай кой, башкаларга,
Чирип калган кыгын да тепсеттирбейт.
Башы бар эл базарды желек кылбайт,
Башы бар эл балдарын жемек кылбайт.
Башы бар эл эч качан башкаларга,
Башындагы калпагын белек кылбайт!! !
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес!
Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес,
Жыргагандын баары эле турмуш эмес.
Кыргыз туруп кыргыздын тилин чанган,
Кыдыр болуп кетсе да кыргыз эмес!!!
#10 11 September 2013 - 05:47
Мен тилимди ардактаймын сактаймын
Мен тилимди алтынга да сатпаймын.
Мен тилимди даңазаалап ааламга .
Мен тилимди өмүр бою барктаймын. .
Мен тилимди алтынга да сатпаймын.
Мен тилимди даңазаалап ааламга .
Мен тилимди өмүр бою барктаймын. .
#11 15 September 2013 - 18:18
Ким барктаса оз енесин, оз тилин. Барктай билет дуйно елинин коп тилин. Ар улуттун енеси улуу, тили улуу. Ойдо ылдый деп айта албайбыз еч бирин.
Байдылда Сарногоев
Байдылда Сарногоев
#12 22 September 2013 - 21:36
Тунук болсом тилим менен тунукмун.
Улук болсом тилим менен улукмун.
Улук болсом тилим менен улукмун.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















