Jesu2010 (30 Август 2013 - 01:11) жазган:
Ошол эле Матай жазган Жакшы Кабардын 26-болуму, 7-13-аяттар.
Аялдын унчукпай эле келип, Ыйсанын башына жыпар жыттуу майды куюп жатканын коз алдыма элестете албай келем))). Анан дагы ошол аял (Мариям) Ыйсанын олору тууралуу билгенби деген да ой туулат. Анан биз Жакшы Кабар таратып жургондо бул аял жонундо айтууга негиз жоктой. Сиздин оюнузду билгим келет.
Бир аял айнек идишке кымбат баалуу жыпар жыттуу май алып келип, дасторкондо отурган Ыйсанын башына куйду.
8 Шакирттери муну көргөндө: «Мындай ысырапчылыктын эмне кереги бар.
9 Муну кымбат баада сатып, акчасын жакырларга таратып берсе болот эле да»,– деп, нааразы болушту.
10 Ыйса муну билип, аларга мындай деди: «Эмнеге аялды оңтойсуздандырып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш кылды.
11 Анткени Мен силер менен дайыма эле боло бербейм, жардылар болсо дайыма жаныңарда болот.
12 Жыпар жыттуу майды денеме куюу менен, ал Мени көргө коюуга даярдады.
13 Силерге чындыкты айтып коёюн, бул Жакшы Кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жөнүндө да айтылат».
13 аятта аткарылганы айкын корунгон пайгамбарчылык айтылган. Анткени, ошол кезде Библиянын экинчи болугу, Жаны Осуят жазыла элек болчу. Жакан айткандай, Ыйсанын жер устундогу жашоосу тууралуу жаза берсе китепке батмак эмес эле да. Ыйсанын жашоосуна байланышкан так ошол окуя Инжилдин барактарына кирип, бизге жеткендиги, ошондогу алдын ала билуучулугу менен айтканынын орундалышы болуп турат. Мына, азыр да сиз экообуз эске алып, анын кылганы жонундо айтып жатабыз. Мариямдын кылганы жонундо дагы айтарым бар. Азыр кичине убакыт кыстап турат. Жакынкы кундордо жазууга аракет кылам. Эмесе, форумдан жолукканча, Кудайдын тынчтыгы сиз менен, жалпыбыз менен болсун!