Билдирүүнү түзөткөн: Arinsa: 06 Август 2013 - 21:03
Окуучулук күндөрдөн бир элес... Кимдер гана балалыгын сагынбайт...
#161 06 Август 2013 - 21:02
Бир куну курбум экообуз тен кечигип калдык.Мектепке келсек орус кыздар кечикендердин аттарын жазып жатыптыр.Менин ойумда эч нерсе жок фамилиямды айтып койгом.Курбу кызымдыкын сураса тим эле созулуп "Алдабаганова"
деп жатпайбы.Аны тиги орус кыздар кайдан тушунсун.Кийин мен аны Алдабаганова деп чакырчумун.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#162 07 Август 2013 - 00:18
9 класста болсо керек....жаны жылдык баллга бий даярдап жатканбыз ал учурда брейк данс моода болуп ар бир бала бирден трюк коргозуп жатканбыз ...анан еле бир досубуз мен передний сальто ашам деп чыкты кой ай дегенди укпастан .. кыздарда бар еле анан еле бурчтагы мештин устуно чыгып туруп секирди еле бели м.н полго тарс дей тушту биз кулкубузду аран тыйганбыз ошондо.....ал бала болсо сыр бербей туруп кеткен уялганынан бирок кийин белин оорутуп алган екен ошондо бир классташыбыз уйуно жеткирип келген
#163 08 Август 2013 - 17:40
Мен окуп жургондо балдар мени эмес ,мен аларды карга жыкчумун ,алар болсо мага очошушуп коптошуп жыгып коюшат эле ,кийин чонойушуп кучтуу болушуп кетиши азыр эстесем айбай кулом озумчо.
#164 09 Август 2013 - 02:06
Эки курбум менен танапис убагында дааратканага баратканбыз.
Ото шамал болуп аткан,бир маалда ортодо барткан курбумдун юбкасы чоооон ачылып шамалга анан жоонун жаап калса болобу
Озуда ото парпыраган,
этеги кенен юбка эле,тизесинен келген. Ал байкуш "ааа"деп бакырып отурага калды,анткени турсийи аппак болуп корунуп,юбкасынын баары жонуна жабылып калган эле.Биз эмне кылаарыбызды билбей аны корголомуш этип, берки курбум экообуз тосуп, калкалап коебуз,кыйраткансып.
Алдыбызда,бизден бир класс томон окуган балдар келаткан,каткырып эле калышты жыргап.
Эээээ,оооол кулбо!-деп кыйкырып коет дагы тиги досум. )))
Эээээ,оооол кулбо!-деп кыйкырып коет дагы тиги досум. )))
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#165 09 Август 2013 - 09:46
Мен 7чи классымда жаман уят болгом да))))) Анда География жумалыгы болчу анан мен бир чоң буклет жасап тапшыргам...
.Анан 1 күн келди 2чи сабактан кийин сызгыЧ
(Линейка) Анан 2 смена баары чыгып турушат бир маалда Блокнот, Альбом, Тетрадь ошого окшогон нерселерди бере башташты анан менин фамилямды айтканда чыктым чыгып бардым да көрүшүп үйрөнүп калган экем ушундай директорго колумду сунуп туруп завучтун алдына барып блокнотту алайын дедим жакшы дирктор колуну сунбады анан блокнотту алып туруп завучка колумду сунуптуруп эле корүшпө кетип атсам баары күлүп жиберишити көрсө колумду сунуп артымды карай басканымда завуч колун созгон экен))))))))) Эми ойлогула колумду биринчи сунуп туруп анан көрүшпөй кетип калсаң)) бетим жаман кызарганда.

It аm not pleasant? fuck you!
#166 09 Август 2013 - 09:55
Дагы бир окуя мектебибизде өзбөк класс да бар болчу анан бир күнү))))) бир 5 класста биздин класска (орус класстан (7"г"дан (биз 7"д")) өткөн бала менен кечигип келдик (бул маалда 7чи классбыз) Анан досума карап 7"г"бы десе досум бывшый десе 7"г" деп жазып койуптур кыйын да өзбектеоге бывшый не экенин билбейт.
It аm not pleasant? fuck you!
#167 09 Август 2013 - 12:33
саламатсыздарбы?
мен жаны катталдым каталык кетсе тушунуп койгула,анда мен да куру калбай жаза кетейин,адабият сабагы 6-сабак курсак ач классташ балам экообуз бир курутту болуп алып тамшана жеп отурганбыз ангыча эле Шабданов тур деп мугалим дос баламы тургузду,шаша буша курутту бекитип тура калды,-кыргыз эл акындарын айт деди,ары бери жакты карайт ким айтып коет экен деп,анан мени туртту,мен тамашалап Султан садыралиев,
Мирбек атабеков,Бек борбиев десем,бей марал айтып атат кыйкырып,кулгондор кулуп эле жатты,мугалим да тамашалап ошолордун чыгармасынан айтып берчи деп кулуп,отур 4 жок дегенде ушуну билет экенсин деп койгон,биз б.со жыргап эле кулуп жатып калганбыз
#168 27 Август 2013 - 00:36
Биз 9-класста башка мектептен бир бала келген.Химия сабагында отурабыз,эже болсо доскага реакцияларды жазып,анан иондорду плюс,минус деп устуно жазат эмеспи.Анан баарыбыз кочуруп жазып жатсак баягы жаны келген бала эжеге:„Эже,
тээтиги майда-чуйдолор эмне?”,-десе класс жарылган.
#169 27 Август 2013 - 01:03
8- класс Адабият сабагы, эжеке жоош эле, андайда жон олтурбай курттап турат элем, бир маалда алдынкы партада олтурган бала туруп тапшырма айтып берип атат, эжеке журналга карап эле олтурат, мен жанагы баланын олтургучун акыран бери тартып койдум досум айтып бутуп жыргап эле олтургаода олтургучу жок таарс этип эле менин партамды башы менен сузгон бойдон партанын алдына кирип кетти биз болсо кааткырып жибердик)))) эжеке тушунбой эле териштирип баштап эмне болду десе жанагы жыгылган досум ыйлап жиберсе болобу))) мен анысайын ыкшындап кулом)) эжеке мени урушкандын ордуна жанагы досумду сооротуп журот ко
#170 27 Август 2013 - 20:00
мектепте окуп жургондо аябай шок елем суйушкондор кунуно каропкадан почта жасап кат аркылуу суйуусун билдирет го (день валентин) деп коет)) ошол учур келгенде озумдон еки жаш улуу бир байкеге бир ак баракты тоолтуруп ыр жазгам сени суйом куйом айтор окусан еерийсин
озум емес женеме жаздыргам кол тамгадан билип калбаш учун почтаны ачып таркатып атканда олду десен ошол баланы чакырып берди окуп жатат окуп жатат еч еле бутпойт жакшылап байкасам кайра кайра окуп жатыптыр байкуш кийин оло издеген мени бирок таппаган суйбойм деле тийишип жазгам да
байкуш азыр ойлосом емнеге тийиштим екен деп калам))) ех мектеп кундор сагынтат гоооооо кайра барып калгым келет.....

Билдирүүнү түзөткөн: alibekova94: 27 Август 2013 - 20:17
Жүрөгүмсүң
#171 28 Август 2013 - 00:33
Биз классташ кыздарыбыздын жиндерине тийгенибизде эле бизге индебей класска кирип сумкалардын абчагын чыгарып дептерлерибизди жыртып салышат эле.Бирде бир партада эки бала олтуруп калдык анан кыздардын жинине тийип качтык мен колго сумкамды илдим эшике жүгүрүп чыгып сумканы карасам досумдун сумкасын ала качыпмын меники дагы эле тепкиде калган.
Айылым алтын бешигим!!!
#172 31 Август 2013 - 20:29
Анда мен да айта кетейнчи. 9 клда окуп жургонбуз. Мен ыр бий жагына жакшы катышып уюштучу да элем. Анан бир жолу мен сабака келбей калгам сабака барсам эле директор завуч чакырып жатат деп калды мен эми не дейт урушатко деп сарсана болуп бардым. Барсам эле эртен 5 район боюнча конкурс болгон жатат окучулар арасында дастанчы жок сен чык дастанга деди, ал убакта комузду да жаны уйроно баштагамда.
Дастан да билбейт элем эптеп кучумдун жетишинче жаттадым. Анан концерт башталды окучулар онорлорун коргозуп бутуп дастанга убакыт келди сахнага чыга баштадык менин убагым келип дастан айта баштадым свет очуп калса болобу айта бер деп калды журилер, мен улантып айтып келе жатып эле адашып кетсем болобу.Биз коргон жай турмушту кошо коруп деген саптары бар эле а мен ал саптарды унутуп калып... БИЗ КОРГОН АЙЛУ ТУН КАЙДА ДЕП ЫРДАП ЖАТАМ ( Актан Исабаевдин ыры жакшы чыгып жатканда ошол убакта ))) ептеп бутуруп эле сахнадан кеткиче шаштым. Бирок 1 места алдык ошонтип жатып.....

#173 31 Август 2013 - 23:24
кайрылып келгис балалыкты эске салып койдунар...5-
класспыз.А.аттуу классташыбыз к.адабияты сабагынан жооп берип жаткан,анан эле жогорулады деген созду улам эле жорогулады деп кирсе болобу,агай кайталачы десе кайрадан жорогулады дейт.Агайыбыз айнектен сыртты карап "Жоро кайда кулады"деп кулдургон,
#174 01 Сентябрь 2013 - 10:52
[
rokossovetz1987
1-кл-та мектепке кечигип уктап калып,мурдум бутуп калыптыр,чимкирип, бетимди жууп жонодум,классташтардын баары м-н учурашсам,баары эле мени карашат,кээбири жылмайып,кээбири итиркейи келгенсип. Ошентип 3 сабак отурдум,15 мин переменада кл.кызым келип кол кузгу берип:"бетинди жуучу"деп басып кетти. Кузгудон коргонум дагы эле коз алдымда. Мурдуман кулагыма чейин копкок манка жабышып калыптыр,эртен м-н жуунуп чимкиргенде. Тим эле озунчо эле чипушила... Олбогон 4 шыйрагым калган мындай позоор позордон. Эрте эле айтса болот эле да тоо кыядан откондон кийин айтпай...
10-кл. 1 партада чогу отурган завучтун кызы, эч кимди тенине албаган,озун сулуушка сезген, окумуштуу,вечерлерге жолобойт,туура жургон имиш. Баарыбыз жактырбачык аны. Бир куну мага контрольныйдан кочуртпой койду,жиним келип план "Б"га оттум. Класс баары жазып жатат, бир убакта кайран озум "тыыыййк" деп кубулжута осурдум...баары мен жакты карап тымтырс, завучтун кызын карап туруп: "вай араа, ышкырыгын таш жарат го кошунаа"десем класс жарылып кетти. Байкуш помидордой кызарып,тышка дыр койду. Биздин боорубуз эзилип каткырып кулап калдык. Бир кезде артымдагы кыз ыйлап кирсе болобу, корсо ал каткырып кулуп жатып,озун кармана албай зарасын коё берип (сийип) жибериптир. .. Биз вообше кулап калдык... Мени агай кууп чыкты класстан,контрольныйды туштон кийин тапшырдык.
Кыздар ай-сайын уйлорунон гул алып келишчу класска, не дегенде насвайдын чеберлери тукуро берип,гулдор 2 жумадан кийин чирип кетчуу, кл.жетекчибиз байкуш кыздарыбызды уруша берчу"гулдорго суу куйбайсынар" деп. Мына ушундай кундор оттуу
[/quote]
вообще соз жок

Билдирүүнү түзөткөн: sayana: 01 Сентябрь 2013 - 10:53
#175 01 Сентябрь 2013 - 11:29
Аттин окуучулук кундорго эмне жетсин. Бизда 4-класста окуп жаткан кезибиз эле.Бир куну мен адаттагыдай эле окууга жоноп жаткан. Уйдо ашканага кире койсом, бир кызарган атом турган экен.Аны алым сумкама салып алдым. Ал кезде окуучулардын баарын ручканын артын тиштемей адатыбыз эле.Мектепке келип сабак башталган кыздардын-балдардын ручкаларын акырын сурап алып атомго тийгизип чыккам. Бир убакта баарынын бети кызарып эле чыккан. Аны эжекебиз байкап калып мени аябай урушкан.Кийинки сабакта переменага чыгып кетсем, балдар атомду менинда ручкама шыбап салыптыр. Акырында озумунда тилим ачышып, бетим кызарып эле олтуруп калганмын.
#176 01 Сентябрь 2013 - 14:46
tynar92kg (01 Сентябрь 2013 - 11:29) жазган:
Аттин окуучулук кундорго эмне жетсин. Бизда 4-класста окуп жаткан кезибиз эле.Бир куну мен адаттагыдай эле окууга жоноп жаткан. Уйдо ашканага кире койсом, бир кызарган атом турган экен.Аны алым сумкама салып алдым. Ал кезде окуучулардын баарын ручканын артын тиштемей адатыбыз эле.Мектепке келип сабак башталган кыздардын-балдардын ручкаларын акырын сурап алып атомго тийгизип чыккам. Бир убакта баарынын бети кызарып эле чыккан. Аны эжекебиз байкап калып мени аябай урушкан.Кийинки сабакта переменага чыгып кетсем, балдар атомду менинда ручкама шыбап салыптыр. Акырында озумунда тилим ачышып, бетим кызарып эле олтуруп калганмын.
atomun emneken,bai bolgur?
ооооо шорттуку десе!
#177 01 Сентябрь 2013 - 22:05
Окуучулук кез кандай сонун! Ошо кезде мектепти жаман корчу элек мугалимдерди келбей сабак болбой калса дечу элек эми болсо сагынабыз. Менин алгачкы суйуум 8кл классташым Айбекти суйгом. Ал кызыкан сабакка кызыгып,жактырган спортун жактырып жургом. Азырга чейин суйом бирок ал эч качан аны суйоорумду билген эмес.
#178 01 Сентябрь 2013 - 23:23
Кыргыз адабият сабагы болуп жаткан.Классташ кызыбыз көркөм окуп жаткан эле,анан эмгектен жузуң албырып деген жерди,эмчектен жузуң албырып деп окуп алган.Классташыбыздын бетти кызарып,класс күлкүүго бөлөнгөн.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#179 01 Сентябрь 2013 - 23:35
#180 02 Сентябрь 2013 - 04:20
Эх, окуучулук күндөр... кандай сонун күндөр өтүптүр...
Алгач мектепти аттаган күндөрүм, эжейимдин дептериме "түз жаз" деп эскертүү жазгандары дал бүгүнкүдөй эсимде. 1-класстагы алиппе дептерим азыр да сакталуу, көрүп алып күлөм,)) түз жазып баратып эле кыйшайтып жазып салат экенмин, анан тезирээк толсун деп арасын чоң-чоң калтырып жазганымчы. ..
2-класста мектепке барбайм деп өжөрлөнгөнүм, неге анткен экенмин, эсимде жок... Үйдү үч айланып качат элем барбайм эле барбайм деп)) Үйдөгүлөр жаңы окуу кийимдеримди барбасаң сатып жиберебиз, ушундай көйнөктөрдөн куру каласын десе да, акча берип балмуздак алып жейсин десе да көктөнүп барбай коёт элем, эч нерсеге алданбай)) акыры атакем өзү эптеп машинага салып алып барчу...
3-4- класстарда тиги өжөр кыз жок, тимеле мектеп десе учат турган болуп кетти, кал деседа калбай))). Мени эч ким мектептен калтыра албачу, үйгө толо мен тендүү ашарчылар келип, талаага барса, мен уялбай мектепке кетип калчумун))... акелерим кийимдериңди тунү уктап жатканда бекитип коёбуз, эртең бара албай каласын деп коркутчу, бирок баарибир мектепке кетип калат элем...
7-класста классыбызды бөлүп жиберген, ыйлап сыктап бөлүнгөнүбүзчү ай(((.
8-класста бүт жакшы окугандарды чогултуп бир класс болот биздин мектептин салты боюнча, 3-4 айылдан келген окуучуларбызда. .. бөлүнүп тимеле, маданияттык, алашандык, көк-жардык, каранайлык деп
9-класста бүтүрүү экзамендери. .. Бир туугандай болуп калганбыз, бири-бирибизге жардам берип, колдоп-таяп. .. Билет кагаздарды "чайка" жасап, полго коюп чертип жиберсе, олтурган жерибизге келет эле, анан секин алып, жоопту көчүрүп, эх
... 
* Биз досум экөөбүз 1-катардын эң аягында олтурчубуз. .. Физик кабинети болгондуктан парталар тосук да... ашканага барып пирог алып келип партанын астына коюп алып сабакта жеп олтурчубуз, ашканада тоюнбайт элек тообо...
* Дене тарбияда сабак иретинде жүгүрбөй эле, чачымдан тарткан балдардан качам деп жүгүрчүм))).
* Сабак болбой калган күндөрү жыргал эле да... Класс топ-топко бөлүнмөй, 1-топто "жигиттер" жөнүндө сүйлөшкөн, ушак кууган кыздар, 2-топто жанагы палчы оюндарга кызыккандар, число жаз, атынды жазып, сүйгөнүн сен жөнүндө не деп ойлойт, иши кылып ошондой оюндарга кызыккандар. .. А 3-топ биздин партанын жанына чогулчу, эн көбунү мен чогултуп алчумун да
, балдардын баары бизде болчу, берки топтогулар кызыктуу эмес да балдарга))). Биздин топто табышмактар айтылат, "адам-жаныбар"
, "стоп",
"приказ"
деген оюндар ойнолот, эхее... Мен анда твни жата калып көрчүмүн да, сериалдарды көрбөй калышса айтып берчүмүн, ырчылар жөнүндө талкуулачубуз,
келечекте ким болушубузду талкуулачубуз.
..иши кылып сабак өтүлбөй калса жыргализм да...
11-класс... эх, эң сонун мезгил... сабактар да анча болбой... бош болсок эле топтоло калып универ жөнүндө сүйлөшмөй, ушак куушмай... көл, адырларга кетип калмай...
* Стулдар ар түрдүү болот го, кичине, чоң болуп... 8-класста биринчи кабинетке киргенделе бир классташым менен чоң стул талашканым эсимде, өзү эле белгилүү айырмаланып турчу, ошол стулумду сүйчумүн да, 11ди бүткөнгө чейин ошол стулга кароол болдум го
, жылып кетсе шарт "менин стулум канааа" деп издемей ар бирин тургузуп)))).
..
Кызыктуу жазбасамда, окуучулук күндөрүмдү бир эстеп, ой толгоолорум менен бөлүшүп, балалыкка мен кайтып барып келдим...

Алгач мектепти аттаган күндөрүм, эжейимдин дептериме "түз жаз" деп эскертүү жазгандары дал бүгүнкүдөй эсимде. 1-класстагы алиппе дептерим азыр да сакталуу, көрүп алып күлөм,)) түз жазып баратып эле кыйшайтып жазып салат экенмин, анан тезирээк толсун деп арасын чоң-чоң калтырып жазганымчы. ..

2-класста мектепке барбайм деп өжөрлөнгөнүм, неге анткен экенмин, эсимде жок... Үйдү үч айланып качат элем барбайм эле барбайм деп)) Үйдөгүлөр жаңы окуу кийимдеримди барбасаң сатып жиберебиз, ушундай көйнөктөрдөн куру каласын десе да, акча берип балмуздак алып жейсин десе да көктөнүп барбай коёт элем, эч нерсеге алданбай)) акыры атакем өзү эптеп машинага салып алып барчу...
3-4- класстарда тиги өжөр кыз жок, тимеле мектеп десе учат турган болуп кетти, кал деседа калбай))). Мени эч ким мектептен калтыра албачу, үйгө толо мен тендүү ашарчылар келип, талаага барса, мен уялбай мектепке кетип калчумун))... акелерим кийимдериңди тунү уктап жатканда бекитип коёбуз, эртең бара албай каласын деп коркутчу, бирок баарибир мектепке кетип калат элем...
7-класста классыбызды бөлүп жиберген, ыйлап сыктап бөлүнгөнүбүзчү ай(((.
8-класста бүт жакшы окугандарды чогултуп бир класс болот биздин мектептин салты боюнча, 3-4 айылдан келген окуучуларбызда. .. бөлүнүп тимеле, маданияттык, алашандык, көк-жардык, каранайлык деп

9-класста бүтүрүү экзамендери. .. Бир туугандай болуп калганбыз, бири-бирибизге жардам берип, колдоп-таяп. .. Билет кагаздарды "чайка" жасап, полго коюп чертип жиберсе, олтурган жерибизге келет эле, анан секин алып, жоопту көчүрүп, эх

* Биз досум экөөбүз 1-катардын эң аягында олтурчубуз. .. Физик кабинети болгондуктан парталар тосук да... ашканага барып пирог алып келип партанын астына коюп алып сабакта жеп олтурчубуз, ашканада тоюнбайт элек тообо...

* Дене тарбияда сабак иретинде жүгүрбөй эле, чачымдан тарткан балдардан качам деп жүгүрчүм))).

* Сабак болбой калган күндөрү жыргал эле да... Класс топ-топко бөлүнмөй, 1-топто "жигиттер" жөнүндө сүйлөшкөн, ушак кууган кыздар, 2-топто жанагы палчы оюндарга кызыккандар, число жаз, атынды жазып, сүйгөнүн сен жөнүндө не деп ойлойт, иши кылып ошондой оюндарга кызыккандар. .. А 3-топ биздин партанын жанына чогулчу, эн көбунү мен чогултуп алчумун да

11-класс... эх, эң сонун мезгил... сабактар да анча болбой... бош болсок эле топтоло калып универ жөнүндө сүйлөшмөй, ушак куушмай... көл, адырларга кетип калмай...

* Стулдар ар түрдүү болот го, кичине, чоң болуп... 8-класста биринчи кабинетке киргенделе бир классташым менен чоң стул талашканым эсимде, өзү эле белгилүү айырмаланып турчу, ошол стулумду сүйчумүн да, 11ди бүткөнгө чейин ошол стулга кароол болдум го

Кызыктуу жазбасамда, окуучулук күндөрүмдү бир эстеп, ой толгоолорум менен бөлүшүп, балалыкка мен кайтып барып келдим...

Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))