Тема убактылуу жабык !
Ушул теманы убактылуу дебей эле туболук десен сонун болмок. Анткени озун айткандай чукугандар, бири бири менен айтышкандар, бирин бири жек коргондор кобойуп кетет экен. (именно ушул темада).
Мындай дегенимдин себеби: форумчулардын арасында ынтымак жоголуп баратат. Эч кандай далилсиз предположениялар, кеебирине жакпай болбогон бир айтышуудан башталып, БАН менен аяктап жатканы окунучтуу. Кимдин ким экенин, канча ниги бар экенин чукугандан табылар пайда барбы?
Мейли канча ник ачса ача берсин, аш болсун, анын бизге кылдай да пайдасы же зыяны жок. Аны чукулап эмне кереги бар? Бул жерде келишпестиктер, тескери коз караштар, жек коруулордон башка эч нерсе деле жазылбайт го. (албетте бардык билдируулор эмес.)
Ошондуктан менин сунушум теманы жапсак кантет?
Мындай бир соз бар.
Бир мык кагылбай калып, атка кошулган араба жолдо чачырап кетет, ал арабада бараткан киши башы ташка тийип жан берет. Корсо ал арабада бир хандын экинчи хандан душмандан коргонууга жоокерлерин жардамга сураган кат бар экен. Ошол кат жетпей, жардам келбей, хандык женилет. Эми ойлоп коргуло бир кагылбай калган мыктын мыктын артынан бир эл жок болду. Анткени ошол арабаны жасаган киши конул койгон эмес, бир кишинин катачылыгынан ушул иш болду.
Бул нерсе менен эмне демекмин, бирибиз жанылышып, же болбогон нерсенин артынан катуу айтып конулубузду оорутуп коюп, ортодогу ынтымакты кыйратып, оркундоп келе жаткан СУПЕРСТАНыбыздын кадыр баркын кетиргенибиз - СУПЕРСТАНыбызды жер каратканга эле барабар. Ал эми жер каратканыбыз - СУПЕРСТАНдын кыйраганы, женилгени!
ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ - ЫРЫС БАР КАЛАЙЫК!

Супер-Инфо
super.kg
видео





















