kokjar92 (02 Сентябрь 2013 - 04:20) жазган:

Алгач мектепти аттаган күндөрүм, эжейимдин дептериме "түз жаз" деп эскертүү жазгандары дал бүгүнкүдөй эсимде. 1-класстагы алиппе дептерим азыр да сакталуу, көрүп алып күлөм,)) түз жазып баратып эле кыйшайтып жазып салат экенмин, анан тезирээк толсун деп арасын чоң-чоң калтырып жазганымчы. ..

2-класста мектепке барбайм деп өжөрлөнгөнүм, неге анткен экенмин, эсимде жок... Үйдү үч айланып качат элем барбайм эле барбайм деп)) Үйдөгүлөр жаңы окуу кийимдеримди барбасаң сатып жиберебиз, ушундай көйнөктөрдөн куру каласын десе да, акча берип балмуздак алып жейсин десе да көктөнүп барбай коёт элем, эч нерсеге алданбай)) акыры атакем өзү эптеп машинага салып алып барчу...
3-4- класстарда тиги өжөр кыз жок, тимеле мектеп десе учат турган болуп кетти, кал деседа калбай))). Мени эч ким мектептен калтыра албачу, үйгө толо мен тендүү ашарчылар келип, талаага барса, мен уялбай мектепке кетип калчумун))... акелерим кийимдериңди тунү уктап жатканда бекитип коёбуз, эртең бара албай каласын деп коркутчу, бирок баарибир мектепке кетип калат элем...
7-класста классыбызды бөлүп жиберген, ыйлап сыктап бөлүнгөнүбүзчү ай(((.
8-класста бүт жакшы окугандарды чогултуп бир класс болот биздин мектептин салты боюнча, 3-4 айылдан келген окуучуларбызда. .. бөлүнүп тимеле, маданияттык, алашандык, көк-жардык, каранайлык деп

9-класста бүтүрүү экзамендери. .. Бир туугандай болуп калганбыз, бири-бирибизге жардам берип, колдоп-таяп. .. Билет кагаздарды "чайка" жасап, полго коюп чертип жиберсе, олтурган жерибизге келет эле, анан секин алып, жоопту көчүрүп, эх


* Биз досум экөөбүз 1-катардын эң аягында олтурчубуз. .. Физик кабинети болгондуктан парталар тосук да... ашканага барып пирог алып келип партанын астына коюп алып сабакта жеп олтурчубуз, ашканада тоюнбайт элек тообо...

* Дене тарбияда сабак иретинде жүгүрбөй эле, чачымдан тарткан балдардан качам деп жүгүрчүм))).

* Сабак болбой калган күндөрү жыргал эле да... Класс топ-топко бөлүнмөй, 1-топто "жигиттер" жөнүндө сүйлөшкөн, ушак кууган кыздар, 2-топто жанагы палчы оюндарга кызыккандар, число жаз, атынды жазып, сүйгөнүн сен жөнүндө не деп ойлойт, иши кылып ошондой оюндарга кызыккандар. .. А 3-топ биздин партанын жанына чогулчу, эн көбунү мен чогултуп алчумун да

11-класс... эх, эң сонун мезгил... сабактар да анча болбой... бош болсок эле топтоло калып универ жөнүндө сүйлөшмөй, ушак куушмай... көл, адырларга кетип калмай...

* Стулдар ар түрдүү болот го, кичине, чоң болуп... 8-класста биринчи кабинетке киргенделе бир классташым менен чоң стул талашканым эсимде, өзү эле белгилүү айырмаланып турчу, ошол стулумду сүйчумүн да, 11ди бүткөнгө чейин ошол стулга кароол болдум го

Кызыктуу жазбасамда, окуучулук күндөрүмдү бир эстеп, ой толгоолорум менен бөлүшүп, балалыкка мен кайтып барып келдим...

soonun jazypsyn, okup jatyp men da mektep kezimdi estep ottum,rahmat saga kokjar92
