Библияга (Християндарга) суроом бар
#1681 03 Сентябрь 2013 - 01:29
Уктар алдында сыйынып, анан ушул аятты окуп, жандана туштум. Бул 18-Забурдун 15-аяты. Сонун аят экенинде талаш жок.
Анда менин кезектеги суроом:
Мисирден чыгуу китеби. 4:24
Бул ото табышмактуу, анан тан калыштуу аят. Кудай балким Мусанын: "Мени эмес, башканы жибер, мен кекечмин" ,- деп, дагы шылтоолорду айтып, шарт жоноп кетпей, буйдалганына ачууландыбы? .. Оюнуздар менен болушсонуздор. Алдын ала ыраазычылык, Кудай силерге батасын берсин, бир туугандар.
Менин суроолорума христиандардын (баптист) гана жооп беришин каалайт элем, отунорум, суроонуздар болсо, бериниздер биякта жооп берчу форумчуларга (бирок мага эмес), болбосо, менин билдируулорумо коммент жазып убара болбонуздар. Ыраазымын, туугандар)))
#1682 03 Сентябрь 2013 - 01:31

#1683 03 Сентябрь 2013 - 16:07
Мариям тууралуу соз болду эле. Ал тууралуу Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде мындай дейт:
Ыйса шакирттери менен бара жатып, бир айылга кирди. Ал жерден Марта деген аял Аны үйүнө чакырып коноктоду. Анын Мариям деген сиңдиси бар эле. Ал Ыйсанын бут жагында Анын сөзүн угуп отурду
Мына ушундан кийин, ал Ыйсанын Ким экенин биле алган десек болот. Анткени Ага озундогу эн кымбат нерсени берди. Библия Мариям Ыйсанын башына куйган жыпар жыттуу май кымбат баалуу болгондугун ырастайт. Ошол жердеги калп эле жакырларга жан тарткан болуп (акырында сатып кеткен), сарамжалдуу болумуш болгондордун "мындай ысырапчылыктын эмне кереги бар эле, муну сатып, жакырларга таратып берсе болот эле го" деген "акылмандыктарына" караганда да, Мариям Ыйсаны майлаган май эн кымбат болгондугун билууго болот. Аны ал толугу менен Ыйсага берди. Бул жерде биз учун чон сабак жатат. Ыйсанын Созун угуп, Анын Ким экенин тааныган адам, Ага колундагы эн баалуу нерсесин берет.
#1684 04 Сентябрь 2013 - 15:49
Jesu2010 (31 Август 2013 - 02:39) жазган:
Башталыш китебинен. 6:2,4
Кудайдын уулдары деп ким жонундо айтылганын 3,4 жылдан бери тушуно албай келем. Сиздин оюнузду билгим келет... Суроом Дебиге узатылды, жаныдан киргенге (анын устуно телефондон), жакшы тушуно албаган функциялар болуп атканына байланыштуу кетирген катачылыктарды тушунуу менен кабыл алсаныз))). Форумдан байланышканга чейин
Жесу, бардыгы жайында ))), катачылык деле коргон жокмун.
Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады Башт.6,2
Сеникиндей суроого дээрлик баарыбыз туш болсок керек. Менин тушунгонум боюнча мындай:
Адам аялына дагы жакындады. Ал уул төрөп: «Кудай мага Кабыл өлтүргөн Абылдын ордуна башка уул берди», – деп, анын атын Шет койду. Шеттен да уул төрөлдү. Ал анын атын Энош койду. Ошондон баштап адамдар Теңирдин атын чакыра башташты.
Адам атанын тун уулу озунун куноолуу жолу менен кеткенин Ыйык Жазуу баяндайт. Жогорку аяттан улам, Адам ата менен Обо эненин Шеттен тараган уулдары Кудайдын жолун тандагандыгын боолголоого болот. Ошондуктан Кабылдын укум-тукуму адамдын балдары адамдын балдары, Шеттин укум-тукуму Кудайдын балдары аталып калышы ыктымал.
#1685 05 Сентябрь 2013 - 00:50
Менин жаным, Тенирди данкта; менин бут ички дуйном, Анын ыйык ысымын данкта."
Бул создор Доот пайгамбарга таандык (102-Забур, 1-аят). Эмне учун биз Тенирди данктайбыз? Кандай максатта биз Кудайды ырлар, забурлар менен мактап, даназалайбыз? Кудай: "Мени данктагыла" ,- деп бир да жолу айткан эмес. Анда неге биз( Ыйсага ишенгендер) Тенирди данктайбыз?
Мен бугун мындай ойлорго (мындай ойлор мурда деле болгон чыгар) кабылып, озгочо кубанычта болдум.
Кудай адамдардын данктоолоруна муктаж эмес, албетте. Доот Ыйык Рух аркылу бул нерсени тушуно алган экен, адам Кудайга муктаж, Анын кечиримине, ырайымына, жардамына, колдоосуна, жетегине, баарынан мурда суйуусуно озгочо муктаж. Ошол себептен ал Кудайга табынышы керек, сыйынып, ыйбадат кылуусу зарыл. А данктоонун озгочо мааниси бардай...
Адам куноонун озунон жаралган сон, ал турушу менен куноо болот тура, бирок жаныбыз баары бир Кудайдын тынчтыгын, кубанычын самай берет экен. Кудайды данктаганыбызда ошол тынчтыкка, кубанычка ээ боло алат экенбиз.
Кандай дединиз?
#1686 05 Сентябрь 2013 - 23:07
Jesu2010 (05 Сентябрь 2013 - 00:50) жазган:

Толугу менен кубаттайм. Бир гана "адам куноонун озунон жаралган" дегенди анчалык тушуно албай турам.
Данктоо тууралуу дагы бир ой: Кудайды данктоо - бул чындыкты таануу. Кудайды данктоо - коргонумду айтуу. Кудайды тааныган сайын Аны данктагын келет. Анткени ал чындап эле соз менен суроттой алгыс айкол, мээрман, боорукер, ырайымдуу, акылман, кеменгер, улуу жана сулуу Зат!
#1687 05 Сентябрь 2013 - 23:16
Jesu2010 (03 Сентябрь 2013 - 00:48) жазган:
Кийинки суроом (жообунуз мени канааттандырды, эми чуурта берем суроолорду)))):
Башталыш китеби. 46:18,25.
Ысрайылдын он эки уруусу анын он эки уулунан тараган. Бирок, Жакыптын ошол он эки уулунан башко дагы коп уулдары болгону баяндалат. Алар Ысрайыл элине кирбей калганбы?
Негизинен Жакыптын он эки уулу аркылуу тараган эл ысрайыл эли деп расмий айтылганы менен, иш жузундо, Рутту, Мусанын аялын жана кайнатасын, ж.б. эске алганда чыныгы Кудайды тааныгандар дайыма Кудайдын элинин арасына эсептелип келген деп ойлойм. Ошондуктан Жакыптын башка уулдарынан тараган адамдардын арасында деле Кудайдын элинин арасына саналгандар болгон деп болжоого болот.
#1688 05 Сентябрь 2013 - 23:38
Jesu2010 (03 Сентябрь 2013 - 01:29) жазган:
Уктар алдында сыйынып, анан ушул аятты окуп, жандана туштум. Бул 18-Забурдун 15-аяты. Сонун аят экенинде талаш жок.
Ооба, эн сонун аят! Бир убакта мен учун да абдан маанилуу болгон. Эки жуздуулукту тубунон кесе чаптыра турган аят. Адамдын ою башка болуп турса дагы, оозу менен башканы айтып турганы канчалык жагымсыз корунуш. Бул аят мына ушундан сактанууну сунуш кылат.
Jesu2010 (03 Сентябрь 2013 - 01:29) жазган:
Анда менин кезектеги суроом:
Мисирден чыгуу китеби. 4:24
Бул ото табышмактуу, анан тан калыштуу аят. Кудай балким Мусанын: "Мени эмес, башканы жибер, мен кекечмин" ,- деп, дагы шылтоолорду айтып, шарт жоноп кетпей, буйдалганына ачууландыбы? .. Оюнуздар менен болушсонуздор. Алдын ала ыраазычылык, Кудай силерге батасын берсин, бир туугандар.
Менин суроолорума христиандардын (баптист) гана жооп беришин каалайт элем, отунорум, суроонуздар болсо, бериниздер биякта жооп берчу форумчуларга (бирок мага эмес), болбосо, менин билдируулорумо коммент жазып убара болбонуздар. Ыраазымын, туугандар)))
Ооба, абдан сырдуу аят. Кудайдын Созуно үңүлүп тиктеп, катылганды тапкыла деген аяттардын бири ))). Андан кийинки аяттарды окусак, жандырмагынын четин коро алгандайбыз.
Ошондо Сипор таш бычакты алып, уулунун сүннөтүн кесип, Мусанын бут алдына таштады да: «Эми сен менин кан күйөөмсүң», – деди.
Бул жерде кеп суннотто жаткансыйт жана ыйыктык талабын да корууго болот. Муса тупку атасы болгон Ыбрайымга Кудайдын берген осуятын жакшы билген. Ал билип айтпаса аялы Сипор билбейт эле да. Кудайдын иштерине тандалып алынып, Анын улуу иштерин кылардын алдында турган пайгамбардын осуяттардын бирин этибар албагандай болгону, анын кийинки улуу иштерге даярдыгынын чалалыгы болгондур. Мына ошол окуядан кийин Мусада ыйыктыкка болгон мамиле дагы да олуттуу болуп озгоргон деп айта алам. Кудайдын ишин кылчу адамга бул маанилуу. Адамзат тарыхында, адам менен Кудайдын ортосунда копуро болуп, омоктуу окуяларды ишке ашырган пайгамбарлардын жашоосу, кобунуку оор сыноолорго бай экенин байкоого болот. Анткени сыноолор аркылуу адам коорукто ээриип шекелинен тазаланган алтындай жалтылдайт тура.
Айта кетуучу нерсе, бул жерде Сипордун зиректиги да айымдарга жакшы мисал. Айымдардын кыраакылыгы куйоолорун кандай гана улуу иштерге жондомдуу кылат.
#1689 08 Сентябрь 2013 - 00:26
Кудайдын Мусаны олтургусу келгени жонундогу аятты чечмелеп, жооп жазганыныз учун, башка суроолордун жооптору учун да сизге рахмат. Жогоруда куноонун озунон жаралган деген ой менен мен озумду (алыска барбай эле коеюн)))) мисал кылып, тушундурууну туура таптым. Москвага туйшук учун келет эмеспизби? Кээде жумуштан ушундай чарчаганда ( физикалык, моралдык, психикалык жактан чарчаганча иштоого туура келет), Кудайга сыйынуу, ыраазычылык айтуу, Аны данктоо кыйынга туруп калат. Нерв чарчаган, журок таарынычка, ызага, ачууга, букка толгон, денеде куч калбай калган, элестете бериниз. Сыйынбай койсом, абалым дагы оорлошкудай болуп турган учурда, озумду бир аз колго алып, Кудайга ушунун баары учун ыраазычылык билдирип сыйынган сон, озумдун канчалык денгээлде куноокор, татыксыз, алсыз жадесе толугум менен куноодон турган бир макулук экенимди тушунуп, анан Ыйсадан: <<ушунчалык ыплас болсом да, Сен мени суйуп, мендей куноокор учун Оз жанынды бердинби?..> >- деп сурап калам. Ал мага:<<ооба, >>-дейт. <<Неге, Тенир?>> <<Бир гана себеби бар: Мен сени суйом...>>
Ооба, бир тууганым, Адам ата топурактан жаратылды. Андан туулган муунду куноонун озунон жаралган деп айтсам, аша чаппайм го, Адам менен Обо куноо кылган сон, Эйден бактан куулган сон, алардын кийинки иштери да куноо менен коштолду го дейм. Алгач Кабыл туулду (айта кетчу нерсе Обо энеден туулган эн алгачкы адам киши олтуруучу болуп чыкты(((). Кыскасы, баары куноокор болуп калышты, Кудай ээ кыла турган данктан айрылып калышты. <<Кумар туйулуп, куноо туулат>> деген аят менен аяктагым келди, озумдун созум менен жеткире алгыдай эмесмин...
#1690 08 Сентябрь 2013 - 00:33
#1691 08 Сентябрь 2013 - 20:42
Jesu2010 (08 Сентябрь 2013 - 00:26) жазган:

Рахмат, айтайын дегенин эмне болгонун тушундум ))). Кудай батасын берсин!
#1692 08 Сентябрь 2013 - 20:45
Jesu2010 (08 Сентябрь 2013 - 00:33) жазган:
Оюмду жыйнап туруп, эртеъ жооп жазайын, мээнин "майы" тугонгонсуп турат ))), бугун эки той, дагы бир кичинекей тойчукка катыштым эле
#1693 12 Сентябрь 2013 - 16:11
Jesu2010 (08 Сентябрь 2013 - 00:33) жазган:
Туздон туз деп ойлойм.
Мусанын он осуяты томонкулор:
1. Менден башка кудайларың болбосун.
2. Өзүңө буркан жана жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселердин түспөлүн жасаба
3. Кудай-Теңириңдин атын курулай эле айта бербе, анткени Анын атын курулай эле айта бергендерди Теңир жазасыз калтырбайт
4. Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба. Алты күн иштеп, ар кандай ишиңди кыл.
Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, балаң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, малың да, үйүңдө жүргөн келгин да эч кандай жумуш кылбасын
5. Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла
6. Киши өлтүрбө
7. Ойноштук кылба
8. Уурдаба
9. Жакыныңа жалаа жаппа
10. Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, эч нерсесине көз артпа
Муса аркылуу берилген негизги он осуятты Ыйса мындай деп жалпылаган:
«Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй. Биринчи жана эң маанилүү осуят ушул. Экинчиси ушуга эле окшош: “Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй”. Бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар ушул эки осуятка негизделген» (Матай 22,37-40).
Ыйса дагы мындай дейт: Мени мыйзамды же пайгамбарлардын сөзүн жокко чыгаруу үчүн келди деп ойлобогула. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим (Матай 5,17).
Бирок, маанилуу бир чындык бар: биз мыйзамдын бийлигинин астында эмеспиз, биз куноо кылып алганда олумго дуушар болмокпуз. Ыйсанын ырайым курмандыгы аркылуу, биз ал жазадан кутулганбыз. Бул тууралуу айкындаган узундулордун бири бул:
Күнөө силердин үстүңөрдөн бийлик жүргүзө албайт. Анткени силер мыйзамдын бийлиги астында эмес, Кудайдын ырайымынын астындасыңар. Эмне кылабыз? Биз мыйзамдын бийлиги астында эмеспиз, ырайымдын астындабыз деп, күнөө кыла берелиби? Албетте, жок! Өзүңөрдү тил алчаак кулдар катары кимге тапшырып берсеңер, кимге баш ийсеңер, ошонун кулдары болоруңарды билбейсиңерби? Ошол сыяктуу эле силер өлүмгө дуушар кыла турган күнөөнүн же адилдикке жеткире турган тил алчаактыктын кулдары болоруңарды билбейсиңерби? Бирок Кудайга ыраазымын, силер мурун күнөөнүн кулу болсоңор да, эми өзүңөр кабыл алган окутууга чын жүрөктөн баш ийип калдыңар. Ошентип, силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, адилеттиктин кулу болуп калдыңар. Мен силердин күнөөкөр табиятыңардын алсыз экендигин эске алып, адамдык ой жүгүртүү менен айтып жатамын. Силер мурун мыйзамсыз иштерди жасоо үчүн, дене мүчөлөрүңөрдү ыпыластыктын жана мыйзамсыздыктын кулу кылгансыңар. Азыр болсо ыйыкталышыңар үчүн, дене мүчөлөрүңөрдү адилеттиктин кулу кылгыла. Анткени силер күнөөнүн кулу болуп жүргөн убагыңарда адилеттикке баш ийчү эмессиңер. Ошол убакта силерде кандай жемиш бар эле? Азыр өзүңөр уялып жаткан иштер эле. Анткени алардын натыйжасы – өлүм. Азыр болсо силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар. Силер бере турган жемиш – ыйыктык, анын аягы – түбөлүк өмүр. Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр (Рим.6,14-23).
#1694 13 Сентябрь 2013 - 00:08
Саламатсызбы, Деби, Муса аркылуу берилген Кудайдын осыяттары жонундо тушунуктуу болду. Мен мыйзамдар тууралуу да тактагым келген.
Тенир Муса менен Арунга мындай деп айтты: << Ысрайыл уулдарына мындай деп айткыла: "Жер устундогу жаныбарлардын ичинен силер мына бул жаныбарларды жесенер болот: ..." Кудай Лебилер китебинин 11-болумундо адал жана арам жаныбарлар жонундо корсотмо берет. Азыркы кундо эти желбеген жаныбар жокко эсе (чымын-чиркей ж.б. кошпогпндо). Бекеринен Кудай чочконун, тоонун(верблюд) ж.б. этин жегенге тыюу салбаган чыгар, жада калса суудагы балыктар да арам жана адал болуп болунот экен, озумду мисалга алсам, чочконун этин жебей коюу туура деп эсептейм, анткени анда микроб коп дешет. Оюнуздар менен болушсонуздор. Рахмат.
#1695 13 Сентябрь 2013 - 15:50
Jesu2010 (13 Сентябрь 2013 - 00:08) жазган:

Откондо да жообумду эртен деп коюп, кечиктирдим эле (кечирим сурайм), эми дагы жообум кечирээк болгону калды (шашпай ойлонуп жазайын), зарыл иштер бар эле, Кудайдын тынчтыгы сени менен болсун!
#1696 13 Сентябрь 2013 - 16:14
Jesu2010 (01 Сентябрь 2013 - 23:01) жазган:
Мага суроо узатуунун кажети жок, анткени менин озумдо коптогон суроолор бар.
Кезектеги суроомду узатып отсом. Библейский колледжди буткондор болсо жооп берерсиздер.
Башталыш китебинен. 44:4,5
Толго ачуу Кудай алдында куноо(жийиркеничтуу) экенин эски осуяттагы мыйзамдан окуй алабыз, Жусуп толго ачканын озу айтты, мыйзам бериле электе адамдар (Ысрайыл эли да) толго ачуу сыяктуу нерселерди кылышканбы? Жусуптун убагында Кудай мыйзам бере элек болгону тушунуктуу, ошентсе да Жусуптун толго ачканын эмне деп тушундурот элениз? Жооп бергендерге алдын ала ыраазымын. Баталуу болунуздар.
Дагы кайталап суранып кетсем, менин билдируулорумо коммент жазып, убаракерчилик тартпаныздар.
Кабатыр болбонуз!
#1698 14 Сентябрь 2013 - 16:35
Лебилер. 25:5,6.
5Озу осуп чыккан эгинди орбо, буталбаган жузумдун тушумун жыйнаба. Ал жыл жердин эс алуу жылы болсун.
6Жердин эс алуу жылында озу осуп чыккан тушум озуно да, кулуна да, күңүңө да, жалданган жумушчуңа да, араңарда жашаган келгинге да, малыңа да, жаныбарларга да тамак болсун.
Чоң нерселерге гана көңүл буруп, майда нерселерди коз жаздымыбызда калтырып кетсек, кийин ошол майда нерсе чоңоюп, алдыга жылуубузга тоскоолдук кыларын практикада байкап келем. Жогоруда келтирилген эки аят бири-бирине каршы келгендей болуп турат. Туура эмес тушунуп алдымбы деп, кайра-кайра окуп, анан ушул суроону бергенге батындым. Эгин орулбаса, жүзүмдүн түшүмү жыйналбаса, алар тамак болбойт да?
Оюбуз андан бетер чаржайыт болбошу учун Библиянын принциби менен жашабаган (б.а. Ыйсага ишенбеген) форумчулардын менин суроомо жооп же комментарий жазбай эле коюусун коптон коп суранып кетем. Ал эми Библияны Кудайдын Созу деп эсептеген ар бир форумчунун ой бөлүшүүсүнөн үмүт кылам. Кудайым ар бир жанга батасын берсин...
#1699 14 Сентябрь 2013 - 17:04
Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасынар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат. Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана тыкылдаткан адамга эшик ачылат,- деген Ыйса-Тенир (Матай 7:7,8). Демек...
Лебилер китеби25:12.
Бул аятта юбилей жылы жонундо. Жетинчи жыл жердин эс алуу жылы болсун деген Кудай юбилей жылын да жердин эс алуу жылы деп, ал жылы да Ысрайыл элине урон сеппоону, озу осуп чыккандарды орбоону, буталбаган жузумдун момосун узбоону буюрат. Анан: "Ушул жылы талаада эмне оссо, ошону жегиле",-деп корсотмо берет. Демек 25-болумдун(Лебилер) 6-аятында ошол болумдун 5-аятын толуктаган создор жазылыптыр. Алты жыл бою иштеткен жеринде жетинчи жылы осуп чыккан эгинге да тийбестен(жер эс алуу жылы юолгон сон чынында жакшылап эс алышы керек), талаада(!) оскон нерселерди жегиле деп айтканы тушунуктуу))) Ошентип озумдун суроомо жоопту озум издеп таап алдым))) Кубанычыма ортоктош болгула))))))))
#1700 14 Сентябрь 2013 - 17:09