Суперстан: Окуучулук күндөрдөн бир элес... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (15 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Окуучулук күндөрдөн бир элес... Кимдер гана балалыгын сагынбайт...

#181 Пользователь офлайн   inoplanetyanin   02 Сентябрь 2013 - 13:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 316
  • Катталган: 13 Апрель 13
  • Соңку аракети: 25 Дек 2021 14:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:4okun

Просмотр сообщения kokjar92 (02 Сентябрь 2013 - 04:20) жазган:

Эх, окуучулук күндөр... кандай сонун күндөр өтүптүр...Сүрөт
Алгач мектепти аттаган күндөрүм, эжейимдин дептериме "түз жаз" деп эскертүү жазгандары дал бүгүнкүдөй эсимде. 1-класстагы алиппе дептерим азыр да сакталуу, көрүп алып күлөм,)) түз жазып баратып эле кыйшайтып жазып салат экенмин, анан тезирээк толсун деп арасын чоң-чоң калтырып жазганымчы. ..Сүрөт
2-класста мектепке барбайм деп өжөрлөнгөнүм, неге анткен экенмин, эсимде жок... Үйдү үч айланып качат элем барбайм эле барбайм деп)) Үйдөгүлөр жаңы окуу кийимдеримди барбасаң сатып жиберебиз, ушундай көйнөктөрдөн куру каласын десе да, акча берип балмуздак алып жейсин десе да көктөнүп барбай коёт элем, эч нерсеге алданбай)) акыры атакем өзү эптеп машинага салып алып барчу...
3-4- класстарда тиги өжөр кыз жок, тимеле мектеп десе учат турган болуп кетти, кал деседа калбай))). Мени эч ким мектептен калтыра албачу, үйгө толо мен тендүү ашарчылар келип, талаага барса, мен уялбай мектепке кетип калчумун))... акелерим кийимдериңди тунү уктап жатканда бекитип коёбуз, эртең бара албай каласын деп коркутчу, бирок баарибир мектепке кетип калат элем...
7-класста классыбызды бөлүп жиберген, ыйлап сыктап бөлүнгөнүбүзчү ай(((.
8-класста бүт жакшы окугандарды чогултуп бир класс болот биздин мектептин салты боюнча, 3-4 айылдан келген окуучуларбызда. .. бөлүнүп тимеле, маданияттык, алашандык, көк-жардык, каранайлык деп :)
9-класста бүтүрүү экзамендери. .. Бир туугандай болуп калганбыз, бири-бирибизге жардам берип, колдоп-таяп. .. Билет кагаздарды "чайка" жасап, полго коюп чертип жиберсе, олтурган жерибизге келет эле, анан секин алып, жоопту көчүрүп, эх :)... Сүрөт
* Биз досум экөөбүз 1-катардын эң аягында олтурчубуз. .. Физик кабинети болгондуктан парталар тосук да... ашканага барып пирог алып келип партанын астына коюп алып сабакта жеп олтурчубуз, ашканада тоюнбайт элек тообо... Сүрөт
* Дене тарбияда сабак иретинде жүгүрбөй эле, чачымдан тарткан балдардан качам деп жүгүрчүм))). Сүрөт
* Сабак болбой калган күндөрү жыргал эле да... Класс топ-топко бөлүнмөй, 1-топто "жигиттер" жөнүндө сүйлөшкөн, ушак кууган кыздар, 2-топто жанагы палчы оюндарга кызыккандар, число жаз, атынды жазып, сүйгөнүн сен жөнүндө не деп ойлойт, иши кылып ошондой оюндарга кызыккандар. .. А 3-топ биздин партанын жанына чогулчу, эн көбунү мен чогултуп алчумун даСүрөт, балдардын баары бизде болчу, берки топтогулар кызыктуу эмес да балдарга))). Биздин топто табышмактар айтылат, "адам-жаныбар" , "стоп", "приказ" деген оюндар ойнолот, эхее... Мен анда твни жата калып көрчүмүн да, сериалдарды көрбөй калышса айтып берчүмүн, ырчылар жөнүндө талкуулачубуз, келечекте ким болушубузду талкуулачубуз. ..иши кылып сабак өтүлбөй калса жыргализм да...
11-класс... эх, эң сонун мезгил... сабактар да анча болбой... бош болсок эле топтоло калып универ жөнүндө сүйлөшмөй, ушак куушмай... көл, адырларга кетип калмай...Сүрөт

* Стулдар ар түрдүү болот го, кичине, чоң болуп... 8-класста биринчи кабинетке киргенделе бир классташым менен чоң стул талашканым эсимде, өзү эле белгилүү айырмаланып турчу, ошол стулумду сүйчумүн да, 11ди бүткөнгө чейин ошол стулга кароол болдум гоСүрөт, жылып кетсе шарт "менин стулум канааа" деп издемей ар бирин тургузуп)))). ..

Кызыктуу жазбасамда, окуучулук күндөрүмдү бир эстеп, ой толгоолорум менен бөлүшүп, балалыкка мен кайтып барып келдим... Сүрөт


soonun jazypsyn, okup jatyp men da mektep kezimdi estep ottum,rahmat saga kokjar92Сүрөт
ооооо шорттуку десе!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   lilokoo   03 Сентябрь 2013 - 17:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 30 Окт 2017 20:07
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Arapbai (12 Январь 2011 - 00:28) жазган:

Албетте алгачкы тоок суйууну эстейсин да! Анан кыздарды карга бышып ойногон кундор эске келет


A men dayima karga byshylchum Сүрөт Al kezde jinderim kelip urushup alchum tim ele,azyr estesem kulkum kelet.. En soonun este kalgan kundorum
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   baky-baku   03 Сентябрь 2013 - 18:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 21 Мар 2019 23:47
  • Жынысы:Аялзаты

Учунчу классымда эжеке квенге даярдап калды доскада узундар аркада кыскалар алдыда мен узун элем аркада тизилдим ийри болуп эки бурч .чекеде алып баруулар бир маалда жанымда узун бойлуу эркин деген классташым ойдо жок жерден менин бетиммен шарт ооп алган мен шарт эки жакты карагам эч ким корбодубу деп уялып алып баруучу кызыбыз коруп калган экен мектепти буткучо ошого жабыштырышкан эсимден эч кетпейт жакшына агайдын баласы эле .чычалачуум кичинекейлигимго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   Zhan.Choyubekov   04 Сентябрь 2013 - 00:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 25 Август 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2015 17:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ак-Суу

Окуп жүргөндө көп эле кызык күндөр өтөт эмеспи? Канчанчы класста экенибиз эсимде жок Эламан деген классташым бар сабакка дайыма чоогу барчубуз,ошентип бир күнү келди,а мен сен чай ичип телевизор көрүп олтуруп тур мен азыр кийинип чыгам деп аны олтургузуп коюп өзүм кийинип сабакка кетип калгам,мектепке баргыча күлүп баргам,кийин 2-сабакка кечигип сөгүнүп барган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   jooshbala   04 Сентябрь 2013 - 06:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Менин жазганым жокго жаңы эле жаздым эле..
Араааң жазса раса көп....эх болду жазбайм..
Кээде ушинтип форумдун катачылыктары жинге тиетда.Раса мээнет кылып жазып карасаң эле таппай каласын тытып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   taanish001   04 Сентябрь 2013 - 12:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 02 Янв 2014 11:26
  • Жынысы:Эркек

Мен айтпа эле коеюн ал кундорумду айтсам мени мындан да жаман коруп каласынар Ойлонуп туруп бир жакшы кунумдон жазып берем жазгым келсеСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Oshanka   04 Сентябрь 2013 - 12:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 03 Июль 11
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 19:18
  • Жынысы:Аялзаты

Биз 10-класста башка айылга вечеринкага барганыбыз эч эсимен кетпейт. 1балабыз атасынын машинасын уурдап айдап чыгып баарыбыз ошого тыгылып кеткенбиз. Буттарыбыз ооруп кичине журуп эле токтоп тушуп чыдабай жоо басып, кайра чыксак машинага батпай калганбыз. Анан 1 баланы эн устубузго узунан жаткырып айнекти ачып бутун салбандатып чыгарып коюп барганбыздааа эээх .
Эптеп жетип тушуп атабыз тушуп атабыз, тушуп алып буттарыбыз басалбай чымырап ар жерде майрындап кетип атабыз дагы каткырып коебузСүрөт
......... ..............
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   luna.kg   04 Сентябрь 2013 - 17:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 80
  • Катталган: 01 Август 12
  • Соңку аракети: 16 Дек 2020 11:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эч ким тааныбаган алыстарда

Ооо менин окуучулук кундорум кандайгана соонун откон!Базар- Коргон районундагы Ж. Боконбаев атындагы гимназия мектебинде откон.Ж.Боконбаев мектеби эн жакшы мектеп,жашоого, турмушка даярдап бутуруучу кылып коёт.
Суйуу журок-журок суйуу кан жолдош, Суйуу сымал жанга шерик жар болбос!!!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Rinatik94   04 Сентябрь 2013 - 18:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

9-чу класс болчу.Чет тилден берген эже бир кыздан "балдарды чакырып кел" деп айттырып ийиптир.Биз сабак учурунда эшикте элек.Келдик класска,тиги эже "ии ушинтип жүрө бергиле,андан көрө эшикте жүрө бербейт белеңер" дегенде мен эшикке карай бет алгам,ошондо мага "эшикке чыккыла" дегендей угулуп кеткен да.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   aika2009   04 Сентябрь 2013 - 20:01

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Янв 2018 12:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:разницы нет

ой,иии окуучулук кундорду эстеп бир жылмайып алдым гоо!!
11 класста окуйт элек!!! физкультура сабагы болуп калды ,агайыбыз 3-4 практикант балдарды корсотуп,ушулар сабак отот дешет,биз аларды карап тартынабыз ,алар бизден тартынышып, бирок аябай тартынчаак балдар экен!!! бизге сабак откон агайыбыз кызыл спорт шым,ак футболка киип алыптыр,сабак буткондон киин класста кыздар менен кулуп ,агайыбызга кызыл ыштан деп ат коюп койгонбуз! !!!жиндерине тиип кат жаздык тиишип бир куну агайга кыздар менен биргелешип, сиз мага жактыныз ,келиниз жолугушабыз деп мектептин багына чакырганбыз! !!сабак буткондон киин класстан чыгып кетип атсак жалдыраап турган баарыбызды бирден карап ,кыздар менен ха ха болгондо,билип калган окшойт бакка келбей койгон!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   Clara_Zh   13 Сентябрь 2013 - 02:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Окуучулук кундорду эстеп отуруп, раматылык Турар агайыбыз эсиме тушуп кетти. Кличкасы "киса" болчу. Бир куну ошол агайдын сабагы башталаарда Бир классташ балабыз доскага келиштирип мышыктын суротун тартып, агай келатат дегенде, очургонго жетишпей ордуна отуруп алды. Агай кирип келип , доскедеги суротту коруп эле "муну ким тартты?" деди (озунун кличкасын 5 колдой билет да). Биз болсок унчукпайбыз. Баарыбызды лыкылдатып бирден сурап чыкты, жакшы окугандарды коркутту, айтпасанар 2 коюп салам деп, анда да айтпай койдук, партизанбыз да. Акыры сурот тартканынан(бала суротчу эле) билдиби билбейм, тигини доскеге алып чыгып кулактарынан чойгулап иттей эле кылды.Биз болсок быкшып калганбыз.Ошентип бир сабак бою агайдын жинине тийип жыргаганбыз.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   jooshbala   16 Сентябрь 2013 - 07:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

1- класска барганда өтө эле жоош элем Акелерим бойлору узуун узун болуп мектепте абройлуу күзүрлөрү болгондуктан мени коргршчу.Мен ошентип 2- кл ка барганда 1- атаман болдум.Мектепте эркектердин бир ден бир максаты,атамандыка ынтылуу эмеспи Жашбызда.Ошентип акелерим мектепти бүтүп кетишкенде да атаман боюнча калып калдым("б" класстын) ."а"класста кыйындар көп болчу эгер мен ал жакка өтүп калсам 3- атаманга отуруп калмакмын.Анан 7- классымда 1- атамандыка аракет кыла баштадым өзүмчө үйдө тырталаңдап машыгып.Ошентип 11- кл барганда 2 классты 23- февралга карата жарыштырышты ошондо бокс болуп жанакы атаманын жеңип чыккан элем.Ошодон кийин алар тийише албай калышкан.Мурда биздин класска "а" нын балдары күтүрөп кирип алышып,бизди маскарлап.,кыздарыбызды ыйлатып кетишчү ар переменада. Бизде жаллаң бою кичине арык балдар эле.


Ээхх...азыр кайрылып келсечи...акыркы күндөрү бир туугандай эле болуп калдык...11- класста а,б ны бир кл кылып кошуп койгон. Окуучулар азайып кеткенине байланыштуу. Ошондо ынтымак башталган.Майрам күндөрү гитара алып келип алып класстын акыркы парталарына чогулуп олтуруп алып ырдачук ....
Ошентип 11 жыл заматта өтүп кеттптир, Акыркы коңгуро күнү мен бир классташ кызымды жакшы көрчум.Ошол экөбүз Бек Борбивтин" Окуучулук кайык"деген ырын ырдаган элек.Биринчи жолу биздин класс бүтүрүүчүлөр мектепке яамаха алвп келип стадиондо өткөргөнбүз. Азыр ошол нерсе ар 25 де өөкөрүшөт бүтүрүүчүлөр.
Анан 25 ши кечкисин вечеренкага барганбыз... .ээээ дүкс дукс дукс...бир 4 комнаталуу үйдү ээлеп.
Мына ушундай ызы чуу,мушташуу, кайра эле жарашуу болуп бүтүп кетипбиз.

Билдирүүнү түзөткөн: jooshbala: 16 Сентябрь 2013 - 07:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   T.Shaiyrbek   16 Сентябрь 2013 - 07:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 02 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2017 05:17
  • Жынысы:Эркек

Биз бир жерде жатып окууган учун кызыктуу кундор аябай коп,тундосу кыздар жактан кармалып калган кундорум ааай))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   16 Сентябрь 2013 - 09:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Эх окучулук кундор айта берсен тугончудой эмес биздин кластын балдары бейбаш кыздарыбыз аябай жоош эжейлер бизден жадашчу эле класта 10кыз 15бала элек вечеринкаларга 10кызыбыздын 6,7кыз барчы а балдар калбайбыз да андай дегенде бизден кыздар валс бийлегенден кашчу эле анткени балдардын жартысы валс бийлесе жартысы бош отурат да анан свети очуруп валс бийлегендерди дасторкондогу конфеттер м-н урат элек кимге тийсе да бари бир анан эле ызы чуу эх кызык кундор аттин ай аттин кайрылып келсечи кайра
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   ataman   16 Сентябрь 2013 - 17:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 342
  • Катталган: 10 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 01 Апр 2018 06:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:обл. Чуй: р-н Сокулук

Эстеген сайын аргасыз жылмайам. Кундо кечинде линейка (каттоо) болчу. Мен артта турам, дубалга жолонуп. Кийинки катардын артында, мага жанаша классташ бала. Анын алдындагы бала эки колун артка алып, тиги классташтын бармагын кармап турган. Анан ал бармагын алып, ордуна братишкасын карматып койду. Алдындагы бала кармап, кармап, тушунбой калды. Эмнеге жумшак болуп калды деген суроолуу кебетеси менен артын карап, .НЕН деп согунуп журот. Мен кулкумду тыя албай убара. Ай онбогон Адилет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   inoplanetyanin   16 Сентябрь 2013 - 18:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 316
  • Катталган: 13 Апрель 13
  • Соңку аракети: 25 Дек 2021 14:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:4okun

Просмотр сообщения ataman (16 Сентябрь 2013 - 17:18) жазган:

Эстеген сайын аргасыз жылмайам. Кундо кечинде линейка (каттоо) болчу. Мен артта турам, дубалга жолонуп. Кийинки катардын артында, мага жанаша классташ бала. Анын алдындагы бала эки колун артка алып, тиги классташтын бармагын кармап турган. Анан ал бармагын алып, ордуна братишкасын карматып койду. Алдындагы бала кармап, кармап, тушунбой калды. Эмнеге жумшак болуп калды деген суроолуу кебетеси менен артын карап, .НЕН деп согунуп журот. Мен кулкумду тыя албай убара. Ай онбогон Адилет!


Сүрөт
ооооо шорттуку десе!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   jemile   16 Сентябрь 2013 - 19:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Ар кимдин окуясын окуп,өзүмөн кетип күлүп атсам,үйдөгүлөр жин тийдиби дешет,саатты да карабайле,укташ керек.Эх окуучулук күндөр ай
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   Aisulushka_muslima   16 Сентябрь 2013 - 21:47

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 621
  • Катталган: 26 Август 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2014 07:58

Бизге кол эмгек сабагынан жашы отуп калган эже берчу.уйу мектептен алыс болуп келгиче эле кыйналып калчу окшойт.Сабакта тынч отурбай жатсак айтып атат да ”мен московскийден бери келем ушул жерге,мени кыйнабай тынч отуруп бергиле” деп.Бир кызыбыз укпай эле жанындагы кыз м.н тынбай суйлошуп аткан. Эже жини келип.доскага ал кызды чыгарып.мен не дедим уктунбу десе ”ооба уктум ”деди.анда эже”кана айтчы мен каяктан келем кунуго”десе тиги кыз кебелбей Московдон деп коет.:)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   Aisulushka_muslima   16 Сентябрь 2013 - 21:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 621
  • Катталган: 26 Август 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2014 07:58

Классташтар м.н сырдашып достошот да экенбиз.урушуп да кетет экенбиз. Бир куну биринчи сабакта мугалим дуконго жиберди бор сатып кел деп.Дуконго бардым.аякта классташ баламдын апасы соода кылчу.Биринчи сабакта ал бала жок болчу да.анан бор алып эле кете бербей тилим кычышып „Адилет бугун келбейби?” деп сурасам,апасы тан калып ”ал эрте кеткен сабакка деп”деп эле тушунбой калды. Анан эже куйоосун чакырып,2-сабакта мектепте ызы-чуу кылып.баласын урушуп кетишти. Алар кетээри м.н тиги бала мага атырылып,”эмне сен айтып бардын апама ”деп кыйкырып кирди. Ошентип экообуз урушуп.эртеси ал башка мектепке кетип калган. Бирок,сабагы буткондо кайра эле бизге келип журчу. Азыр айтып кулуп калат ”сен урушпасан кетпейт болчумун” деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   Aisulushka_muslima   16 Сентябрь 2013 - 22:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 621
  • Катталган: 26 Август 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2014 07:58

Дагы бир окуя. 9-классты бутуп жаткан учур,экзамендерге даярданып кундо консультацияга барчубуз.анан андан чыгып алып баарыбыз чогуу Нарын суунун жээгине барчубуз,Мазар- Булак деген жерге.Бир куну дагы баралы деп дукондон тамак-аш алып атсак менин болом келиптир.ага уйдон барып бир нерсе бериш к.к болуп уйго чуркап кеттим.классташтарды болсо артынардан жетем.кете бергиле дедим. Уйго келип боломо чай берейин деп сутту бышырмак болуп плиткага койдум.анан чай койгуча эле болом кетем.шашып атам деди. Мен макул анда.чогуу чыгалы деп чыктык. Мазар-Булакка да жеттим.балдар кыздарды сууга салып.кээ бири кок чопко отуруп алып лекциясын окуп атат.эки кыз болсо кагаздарды жайып.тамак- аш жегенге даярдап атышат. Мен барып же отура албай,же ойнобой эле бир кызык болуп жаттым.бир нерсе унуткандай болупчу. Анан бир кезде эстеп кеттим.плиткага сутту койбодум беле деп.Ордумдан атып туруп уйго чуркадым.тигилер тушунбой калып калышты. Мен жугуруп баратам.уйго чейин жоо басканда 10 мин.жол болчу.оюма ар кайсылар келип атып уйго жеттим.кулпуну ачып верандага кирсем тынч. Ии деп кухняны ачсам тутундон эч нерсе корунбойт,куйуктун жытын айтпагыла эми. Эшик.терезелерди ачып.полотенцени которуп алып ары-бери чуркап атып тутунду кетирдим.бирок. куйуктун жыты килемге синип калат экен.копто кетти. А тиги сут бышырган идиштин тубу капкара болуп кетпей,складга катып коюп кунуго ысык суу куюп кырып,катып коюп журуп 1 айда кетти го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (15 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Сен 2025 04:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: