Кыргызстанды канткенде өнүктүрөбүз!? Саясат жана коом
#241 02 Июль 2013 - 14:54
#242 05 Июль 2013 - 16:07
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.: 05 Июль 2013 - 16:12
#243 05 Июль 2013 - 16:24
Kanat., сизди биринчи билдирүүңүз менен куттуктайбыз жана маңызы окшош же кайталанма тема ачуудан алыс болушуңузду каалайбыз.
Азырынча сизге оозеки эскертүү!
#245 20 Июль 2013 - 20:55
Окмот силерден эмнеге ушул нерсени сурабады экен дейм да...
Олко онуксун десенер, айлыгы аз экенине карабай оз жерибизде иштешсе... Мен 2 айдан бери бекер ишсеп журом, айтсан эч ким ишенбейт, тамак ашымды кафеде иштеп тойгузам
#246 08 Август 2013 - 23:49
#247 17 Сентябрь 2013 - 16:02
1. Президент тууралуу...
Wonderfullgirl, Likvidator, sonka89 сыяктуу форумчулардын ою боюнча Кыргызстан “эл үчүн, жер үчүн иштей турган улутчул, мекенчил, катуу президент келсе” өнүгөт экен.
Ал эми, Tomega менен Kosmopolitka “Бизге Сталиндей же Ислам Каримовдой президент керек” деп эсептешет. “Кыргызстан качан Мадумаров президент болгондо оңолот” – деп белгилейт turatbek-92.
Umnitsa-нын ою боюнча “бирөөнү президент кылдыкпы - аны 10-15 жыл козгобош керек” экен.
zhiza болсо, мисал катары, "Сталин бир калп айткан жетекчини бийликке жолотчу эмес" экендигин, а бизде болсо "Бир тармакты кыйратсан, экинчи тармакка которуп" койоорун белгилептир.
Бул тайпадагы эң оригиналдуу, өзгөчө пикир, менин оюмча, MIRlan деген форумчуга таандык экен. Ал “Бизге илгеркидей хан керек” деп эсептейт.
2. Ыйман, адеп-ахлак тууралуу...
Daud , ROZI , Benos , Kymyzkyz , Altyshok , teltaeb , chike87 сыяктуу форумчулар “ар бир кыргыз, анын ичинде чиновниктер да, намаз окуп, ыймандуу болуп, ички дуйнөсүн, пейилин, жүрүш-турушун, адеп-ахлагын оңдоп, арам нерседен алыс болуп, аллахтан корксо, ар бир кылган ишине жоопкерчиликтуу болсо, бирөөнүн мүлкүн уурдабай, чындыкты айтып, жалгандан алыс болсо, трайбализм жоюлса - мына ошондо Кыргызстан өнүгүп-өскөн мамлекет болот” деп белгилешет.
niko-nuku менен Altyshok төмөндөгүдөй конкреттүү сунуштарды айтышыптыр: “качан биз маршрутта улууларга орун берип, кыргызча сүйлөсөк, пейлибизди оңдоп, тазараак болсок Кыргызстан оңолот” жана “Жаңы коюлган жарык бергичти сындырбай, отургучту бүлдүрбөй, тамдарга жазбай, жолдорду казбай, бак-даракты сындырбай, "кетсин" деп чоңду жылдырбай, таштанды таштап булгабай, мекен үчүн эмгектен терин арчып кургабай жүрсөк эле Кыргызстан өнүккөн атат” деген.
3. Мен президент болгондо Кыргызстан оңолот ...
Кээ бир форумчуларыбыз өздөрү бийлик камчысын чапкысы келиптир. Атап айтканда, yahaha “мени премьер кылсаңар, асмандан алтын жаадырам! ” десе, fanatkg түптүз эле ”Мен президент болгондо Кыргызстан оңолот” дептир.
Ал эми, orozobek деген кесиптешибиз “Кыргызстан оңолушу үчүн бүткул элдик кыймыл уюштуруу зарыл. Оңолуу бир эле учурда жогортон да, төмөнтөн да башталышы зарыл” деп эсептейт.
4. Кыргызстан өнүгүп келе жатат, сиздер көрбөй жатасыздар. ..
- деп жазышат amantur , Ак куу , miniusha , mili84 , mili84 , Nursaikal , Askaruli , amantur деген форумчуларыбыз. Алардын ою боюнча “Кудайга шүгүр, оңолуп эле баратабыз, аз калды”, “Кыргызстан өнүгүп келе жатат, сиздер көрбөй жатасыздар”, “биздикилер өзбектин, тажиктин элине караганда жакшы эле жашайт” экен.
5. Баарыбыз саясатчы боло бербей, өз ишибизди так аткара билсек…
Эң көп билдирүүлөр ушул багытта экен. Алардын авторлору: lider- kg, honey , AIZAJANKA , kgz and me, dina , Tendik ,
Narynbek , PATRIOT_KG , Fekus , volt , solnyshko , notime , Kosmopolitka , maestro123 , KGTaLaS , kaitpas , aote , asanaka ,
Likvidator , nikulya , Gubernator , zhiza , aijan , Voin.teni , altinim , BORN.kg , Compact , arxinur , elka_manas_kg , MaksatXXI , Aidyn , Rinatik94 , Taisiya , skatoruk , Nur_Islam , Voin.teni , Elbars92 , zarlyk2211 , kurstan_810502 , Kubanychbekkagan , Nursaikal .
Бул форумчулардын ою боюнча “Арак куюп берип койсо, кетсин деп Ак үйдү, Көк үйдү айланбай, кыргыздардын менталитети онолсо, жалкоолукту, кыргызчылыкты ташташса - Кыргызстан оңолот”, “Бири-бирибизди көрө албастан, бирөө бутуна туруп келатса, аны артка тартпай, бекерчилер азайып, пейлибиз оңолсо - Кыргызстан оңолот”, “Ичи тарлык, көрө албастык, бирөөнүн эсебинен жашоо, жердешчилик, пастык, сабатсыздык, жалкоолук, кошоматчылык, коркоктук жана алдамчылык сыяктуу жаман сапаттар кыргыздарга да тиешелүү экендигин моюнга алып, алардан арылып, ар бирибиз бутубузга туруп, жашообузду оңдосок - Кыргызстан онолот”, “Ар кимибиз өзүбүздүн кесипти мыкты билип, чын дилден иштесек, бийликтеги баягы эле эскилерди туп орду менен алмаштырып, жаңы жаштарды алып келсек - Кыргызстан оңолот”, “На воздух сүйлөгөндөрдүн оозу жабылып, темирдей тартип болгондо - Кыргызстан оңолот”, “ Түндүк, түштүк деп бөлүнбөй, бир эл, бир журт, бир калк болгондо - Кыргызстан оңолот”, “Баарыбыз саясатчы боло бербей, өз ишибизди так аткарсак, алдыга умтулсак - ошондо Кыргызстан оңолот”, “Өнүгүүнүн жолдору: 1. Корупцияны түп тамырынан жок кылуу, моюн сунбагандарды элдин астына алып чыгып туруп, атып салу. 2. Трайбализмге жол бербөө”, “Өнүгүү үчүн эмгектениш керек, бийликтен үмүттү үзүп эле. Дунган, уйгур, кытай, корейлердин кылган ишин көрсөңөр - биз жеткен жалкообуз”, “Ар ким өз жумушун кылган кезде гана өнүгөбүз. Мисалы, дыйкан - дыйканчылыгын, чабан - мал жандыктарын караш керек”, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бири-бирибизди колдогондо - Кыргызстан оңолот”, “Качан гана ынтымак, биримдик болгондо - Кыргызстан оңолот”.
Ал эми Tendik деген форумчунун ою боюнча “Кыргыздар жалаң эле гуманитардык сабактарды окуй бербей, математиканы көбүрөөк окуганда - Кыргызстан өнүкмөк" экен.
6. Кудай буйруса Кыргызстан оңолот...
Umnitsa , KARL.MARKS , naklysA болсо президенттин “Кудай буйурса Кыргызстан оңолот, мага ишенип койгула, алтындарым” деген сөзүнө ишенээрин жазышыптыр.
7. Бийликтегилер оңолуп, коррупция жоголсо...
Албетте, көпчүлүк форумчуларыбыз Кыргызстандын өнүгүүсүн азыркы бийликтегилерге, коррупцияга байланыштырыптыр. Алар - Gul88 , nazgul8076 , erik06068 , kaitpas , altinim , milena95 , KARL.MARKS , Basmachy111 , Chupa95 .
Билдирүүлөрдүн маңызы төмөндөгүдөй: “Бийлике келгендердин баары эле озунун кызыкчылыгыны ойлоп, акчаны жеп, эч мекеним, элим, жерим дебесе – билбейм, качан онолобуз?”, “Чондорубуз алкымын тыйганда”, “Корупция азайып, ар ким озунун жумушу менен алектенсе”, “..жеп ичкендер, паракорлор жоголсо гана биз онугобуз”, “Чиновниктер онолсо, ошондо онолот,баардыгын ошолор жеп атпайбы”, “Кыргызстандын оңолушу - бийликтегилердин колунда”, “Бийлик алмашып, жогордо жанын жеген стариктер алмашканда онолот. Ал стариктер иштешпейт омуру иштебеген алар. Эми ошол, стариктер иштеп кетет дейсинерби ”, “Кыргызстан качан гана алкымы чон аткаминерлерден, ач коз адамдардан, коррупциядан арылганда,пейилибизди ондогондо гана онолот ”.
8. Келечек - жаштарга ...
-деп эсептешет timurkg , miki_23 , ialykA , Aijan1968 .
Бул жерде Diyas деген форумчунун билдирүүсү өзгөчө экен. Ал “Кыргызстандын бийлигин, Кыргызстанда жашаган башка улуттарга бериш керек! Ошондо биз кыргыздарга караганда, алар абалыбызды жакшыраак жолго салып алып кете алса керек” деп эсептейт экен.
Анын айтымында, “Кыргызстанда жашаган дунган улутундагылар жалкоо балдарын тилдеп урушканда "сен кыргыз боло баштапсын! " дешет экен.
9. Оңолуп кетээрбиз...
MIRlan , orbitka , 7777777EL , Nursaikal , gulas , Orbit_bezsahara , Tomega , almazali , aruuzat88 , saltanat деген форумчуларыбыз Кыргызстандын оңолоорунан үмүт үзбөйт. Алардын ою боюнча “Оңолобуз кудай буйруса, бирок жакынкы аралыкта эмес”, “10-15жыл ичинде онолобуз, эгер бийликтегилер элди ойлоп эл учун куйуп иштешсе”, ”Келечекте Кыргызстан бай мамлекеттердин катарын толуктап, дүйнөгө зоболосу тарап, экономикалык өсүштөрдү багынтат”,
10. Кыргызстан төөнүн куйругу жерге тийгенде оңолот...
Тилекке карыш, Кыргызстандын оңолооруна ишенбей калган форумчулар да бар экен. Алар: Erniza – “Үмут жок”, tolkunkg – “Кыргызстан төөнүн куйругу жерге тийгенде оңолот”, Talant79 – “Онолушубуз кыйын болуп калдыго”, zheentaev1 – “Коррупция жоголгондо, а коррупция эч качан жоголбойт, значит вообще онолбойт! ”, Basmachy111 – “Көзум жетпей турат”, Aladdin – “Кыргызстандын оңолушуна эч кимдин көзү жетпей калды!”, tabyshmak – “Республикабыз өсүп-өнүкпөй калды го чиркин... “
11. Баарын билсек, Өкмөт эмне сурабайт?
Ушу күнгө чейинки талкуунун жыйынтыгын Nursaikal деген форумчубуз чыгаргандай . Ал “Ой тобоо, ушулардын баарын билет экенсиздер, Өкмөт силерден эмнеге сурабады экен дейм да” деп, талкууга убактылуу чекит койуптур..
Булардын баары жалпы багыттагы ой-пикир, сунуштар экен. Эми, мындан ары, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн эмне кылуу кректиги тууралуу так, конкреттүү ой-пикир, сунуштарды айтып көрбөйлүбү...
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 17 Сентябрь 2013 - 17:02
#248 18 Сентябрь 2013 - 14:44
Азыркы учурда Кыргыз Өкмөтүнүн курамына 15 министрлик, ар түрдүү мамлекеттик комитеттер, агентстволор, кызматтар, фонддор жана инспекциялар кирет экен.
Бул мамлекеттик органдар - баары болбосо да, көпчүлүгү - ар бир областта өзүнчө бөлүм же департамент түрүндө кайталанат. Ошондо ар бир областтык администрацияда кеми дегенде 15 бөлүм бар. Ар бир бөлүмдө 10дон эле киши иштесе, бир областтык администацияда бери болгондо эле 150 киши иштейт экен. Ар биринин айлыгы орточо 15 миң сом болсо, бир айда 150 адамга 2 млн 250 миң, бир жылда – 27 млн сом, сыйлык-пыйлыктарды кошкондо 30 млн сом сарпталат экен. Бул сумманы 7ге көбөйтсөк, обладминистрацияларда иштеген чиновниктердин айлыгына бир жылда 190 млн. сом бюджеттен бөлүнөт.
Эми буга алардын кызматтык унааларын тейлөөгө кеткен чыгымдарды кошойлу. Мисалы, бир обладминистрацияда 10 эле машина бар дейли. Алардын ар бирине күнүнө 10 литр бензини керек болсо, күнүнө бир машинага 400 сом, айына (25 күн десек) 10 миң сом, жылына 120 миң сом керек экен. Эми бул сумманы 10 машинага көбөйтсөк, 1 млн. 200 миң сом. Жети область үчүн 8 млн 400 миң сом.
Мындан сырткары, ар бир машинага бирден айдоочу керек. Ага айына 10 миң сомчо айлык төлөнсө, жылына 120 миң сом, 10 машинанын айдоочуларына 1 млн. 200миң сом. Жети область боюнча 8 млн 400 миң сом.
Мындан сырткары, ар бир машинага айына 5 миң сом ремонтко бөлүнсө, жылына 60 миң сом, ал эми 10 машинага 600 миң сом керек болот. Жети область боюнча 4 млн 200 миң сом.
Эми, баарын кошсок, 7 областка бир жылда 210 млн. сомдон ашык бюджеттен каражат бөлүнөт экен.
1-сунуш: Областтарды жоюп, алардын ордуна 2 эле административдик бирдик түзүлсө, бир жылда 150 млн сом үнөмдөлмөк.
Кийинки маселе. Азыр Кыргызстанда 40 район бар (Бишкектин 4 районун кошпогондо). Алар кайсы принциптин негизинде түзүлгөн? Эгер калктын саны боюнча болсо, анда кээ бир райондордун калкы областтардыкынан ашып кетип атат. Мисалы, Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, 2012-жылдын 1-январына карата Талас областында 235 миң 327 эле адам жашаган болсо, Ноокат районунда 248 миң 294 адам, ал эми Кара-Суу районунда 362 миң 95 адам жашайт экен. Ошол эле учурда кээ бир райондордун калкы 50 миңге да жетпейт. Мисалы, Тогуз-Торо районунда 22миң 735 адам, Чаткал районунда 23 миң 720 адам, Ак-Талаа районунда 31 миң 210 адам, Манас районунда болсо 33миң 635 адам жашайт.
2-сунуш: “Район” деген аталыштагы административдик бирдик болуш үчүн аталган территорияда 250 миңден ашуун калк жашасын деген чечим кабыл алынса, анда көптөгөн райондор бириктирилип, 20 ирилештирилген район калып, Талас областы районго айланып, башкаруу системасы жеңилдемек.
Эң негизгиси, эгер ар бир районго азыр жылына 50 млн сом каражат сарпталат десек, ирилештирүүнүн эсебинен 20 район кыскарып, 1 млрд. сом үнөмдөлмөк.
Жыйынтык: Ушул 2 сунуш аткарылса эле, бир жылда 1 млрд. 150 млн. сом үнөмдөлүп, аны Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жумшаса болмок.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Сентябрь 2013 - 15:11
#250 18 Сентябрь 2013 - 15:03
#251 18 Сентябрь 2013 - 15:39
#252 18 Сентябрь 2013 - 17:27
Алардын ар бири орточо эсеп менен 10миң сом айлык алса (анткени, тээ атам заманда жасап койгон "илимий ачылыштары" үчүн эмигече акча алып жүргөн "илимдин корифейлери" да бар да), анда Улуттук илимдер академиясына бир айда 6 млн, бир жылда 72 млн. сом бюджеттен сарпталат экен.
Эми, “илимий” академиябыз эмне жумуш жасап атат, кандай “илимий ачылыштарды" жарыя кылып, коомго пайдасы тийип атат деген суроого жооп издеп көрөлү (кызык, "академиктер" өздөрү ушу суроону беришеби өздөрүнө...). Биздин академиктердин арасында Нобель сыйлыгын алгандар жок, дүйнөлүк илимий журналдарда да алардын эмгектери көрүнбөйт. Турмушта кереги тийген ачылыштарды жасап атабы десең, андан да кабар жок. Суроо туулат, анда "Илимдер" академиясы эмне менен эле алектенип, 70 млн. сомдон ашык каражат эмнеге сарпталып атат?
ПС: Академик Арстанбек Алтымышевге бул сөздөрдүн тиешеси жок. Анткени, ал "Кыргыз бальзамын" ойлоп тапкан.
3-сунуш: Улуттук илимдер академиясын түп-тамырынан жоюп салып, анын ордуна Илимий-технологиялык борбор ачуу турмуш талабына жооп берет. Ал жерде 1 директор, 2 орун басары (табигый жана гуманитардык илимдер боюнча), анан он чакты кызматкер болсо жетишет (алардын эмне жумуш кылаары - өзүнчө аңгеме болсун). Ошондо, ИТБде, макул, 15 адам иштеп, орточо айлыктары 20 миң сомдон болсо, бир айда 300миң, бир жылда 3 млн. 600миң сом, макул 4 млн. сом сарпталат экен.
Салыштырып көрсөк, 72 млн. – 4 млн. = 68 млн. сом үнөмдөлүп атат.
4-сунуш: "Илимдин кандидаты" деген даражаны да таптакыр эле жоюп салса болот. Анткени, биринчиден, чет өлкөлөрдө мындай даража жок. Экинчиден, "илимдин кандидаты" деген сөз айкалышынын мааниси деле жок. Салыштырып көрсөк, мисалы, "спорттун кандидаты" деген наам жок дагы, "спорттун мастери" деген наам бар.
Ошондуктан, "илимдин доктору" деген даражаны калтырып, "илимдин кандидаты" деген даражаны жоюп койгон оң. Негизи, "илимдин кандидаты" эмес, "илимдин докторлугуна кандидат" деп айтса түшүнүктүүрөөк болмок. Бирок, анын деле кереги жок.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Сентябрь 2013 - 18:18
#253 18 Сентябрь 2013 - 18:02
#254 18 Сентябрь 2013 - 18:07
#255 18 Сентябрь 2013 - 18:11
Билим берүү министрлигинин сайтынан алынган маалымат боюнча, азыр Кыргызстанда 50дөн ашуун жогорку окуу жайлары болуп, аларда 220 миңдей студент билим алууда. Бул СНГдагы эң жогорку көрсөткүч.
Эми, ушуга эсеп-талдоо жүргүзүп көрөлү.
Кыргызстан боюнча жыл сайын орто мектептерди 50 миңден ашуун окуучу бүтүрүп, анын 30 миңдейи ЖРТ тапшырат экен. 30миңди 50гө бөлсөк, ар бир ЖОЖго 600дөй абитуриент туура келет. Бул деген, ЖОЖдорго эч кандай конкурсу жок эле, контрактты төлөөгө кудурети жеткен ар бир абитуриент окууга өтө алат, конкурсту мындай кой, тескерисинче, ЖОЖдордун арасында ар бир абитуриент үчүн күрөш жүрөт дегенди билдирет. Ушундай шартта жакшы адис даярдоого мүмкүнбү?
Эми, жалпы республикалык тестирлөө боюнча бир-эки сөз. Менин оюмча, ЖРТ –бул Кыргызстандын билим берүү системасына урулган жашыруун сокку, акырын, билинбей, бир нече жылдан кийин жарылуучу мина. Себебин айтып отуруунун кажети жоктур, тиешеси бар адамдар түшүнөт. Кыскасы, эгер ЖРТ менен ЖОЖдорго кабыл алууну улантсак, 10-15 жылдан кийин аты-жөнүбүздү жөндөп жаза албай калышыбыз мүмкүн.
5-сунуш: 50 миң абитуриентке 10 чакты эле ЖОЖду калтырган он. Анткени, окуу жайларда аз да болсо конкурс блуп, окууга өткөн абитуриент кичине моралдык канааттануу алсын.
6-сунуш: ЖРТны жок кылып, анын ордуна абитуриенттин билим деңгээлин реалдуу аныктай турган башка системаны киргизүү зарыл. (Кандай система керек экендиги, ал өзүнчө сунуш болсун.)
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Сентябрь 2013 - 18:18
#256 18 Сентябрь 2013 - 18:55
Адегенде, сөз башкаруу формасы боюнча болсун. Парламенттик башкаруу системасы бизге жарабайт. Муну көпчүлүк эл эле эмес, президент өзү деле кыйытып айта баштады. Чиренүүдөн эч ким утпайт, пайда да жок. Кеп башкаруу формасында эмес, кеп – ким, кантип башкарганында. Президентик башкаруу менен эле кошуна Казакстан, Россия, жана башка мамлекеттер сопсонун эле өнүгүп атпайбы.
Жогорку Кеңеште 120 депутаттын тыйынчалык кереги жок. Көрүп атабыз алардын кантип “эмгектенип" атканын. Жогоруда айтылгандай, тыйынчалык пайдасы жок депутаттарга бир топ эле каражат кетүүдө. “В бюджет Жогорку Кенеша на 2012 год заложено 699 миллионов сомов” деп жүрөт knews маалымат агенттигинин сайтында. Бул деген ар бир депутатка дээрлик 6 млн. сом сарпталууда дегенди билдирет. Өтө эле кымбат, эрке депутаттар болуп кеткен жокпу? Текебаев кечээ өзү деле айтты, “чет өлкөлөрдө депутаттар жыйынга велосипед, өзүнүн жеке машинасы менен келет экен” деп. Туура да, алар деле сиздей, биздей болуп эле кызматка келишет. Эмне, бизге иштеген жерибиз машина, квартира берип атабы? Ошо да!
7-сунуш: 120 депутаттын ордуна 40 депутаттан эле турган чакан, компакттуу Жогорку Кеңеш керек бизге. Алардын жарымы партиялык тизме боюнча шайланса, жарымы – ирилештирилген 20 райондогу бир мандаттуу округдардан шайланып, эл сынынан өтүп келишсин. Антпесе, "партиялык тизме" деп коюп, аты-жыты белгисиз бирөөлөр депутат болуп калууда. Аларга деле айлык акы, машина, шопур, бензин, квартира берүүнүн кажети жок. Комитеттердин жетекчилери жыл бою иштесин айлык алып, а депутаттар – бир жылда 2-3 жолу бир жумадан келип, сессияга катышсын, ой-пикирин айтып, добуш берсин да, "командировочныйларын" алып, кайрадан кете беришсин келген жагына. Калган иштерди – комитет жетекчилери эле бүтүрөт. Азыр деле, фракция жетекчилери айтканды кылып атышпайбы калган депутаттар! Өз оюн айта албай, баары бир фракциянын чечимин аткарып жүрүшпөйбү!
8-сунуш: Министрликтер мамлекеттин белгилүү бир тармак боюнча саясатын ишке ашырат. Ошондуктан, адегенде, тармактар боюнча мамлекеттик саясатты аныктоо керек. Мисалы, айыл чарбасы боюнча. Азыр бизде бул тармак боюнча саясат барбы? Мен, мисалы, билбейм ал саясатты. Жердин баары жеке менчикте болсо, министрлик кимге айта алат "жериңе пахта айда, тамеки айда, кызылча айда" деп. Ошондо, айыл чарба министрлиги эмне жумуш аткарат? Статкомитеттин эле жумушун кайталап атпайбы...
Ошентип, баарын аныктагандан кийин, керектүү министрликтрди түзүп, аларды президент өзү эле башкаруусу максатка ылайык биздин шартыбызда. А премьер-министрдин, анын аппаратынын кереги жок (Америкада деле, премьер-министр жок эмеспи...). Бул жерден да ондогон, мүмкүн жүздөгөн млн. сом каражат үнөмдөлөт.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Сентябрь 2013 - 19:02
#257 18 Сентябрь 2013 - 19:21
#258 18 Сентябрь 2013 - 19:30
#259 19 Сентябрь 2013 - 18:44
Тандоонун жаңы системасын киргизүү үчүн, адегенде, төмөндөгү чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек:
1) 2014-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайларын жабуу жана ЖОЖдорду кайрадан аттестациядан өткөрүү тууралуу Билим берүү министрлигинин буйругу чыгат. Кыжалат болуунун кереги жок, окуу-тарбия иштери окуу жылынын аягына чейин улана берет, бүтүрүүчүлөр дипломдорун ала беришет.
2) 2014-жылдын 1-августуна чейин бардык жогорку окуу жайларын аттестациядан өткөрүлөт. Жети ай - узак эле мөөнөт. Аудиториялардын, лабораториялардын, окуу китептеринин, жатаканалардын, китепканалардын, спорттук залдардын, компьютерлердин саны студенттерге жетиштүү болгон жана илимий даражасы бар окутуучулардын проценттик катышы талапка туура келген ЖОЖдорго лицензия берилип, ишмердүүлүгүн улантышат. Лицензия албагандар - жабылат. Менин оюмча, талаптардын баарына жооп берип, уруксат кагаз алгандар саналуу эле, 10-15 чакты эле болот.
3) Кыргызстандын аймагындагы бардык ишкана, мекеме, уюмдар кадрларга болгон суроо-талаптарын Билим берүү министрлигине тапшырат. Анын негизинде керектүү адистиктердин тизмеси (аталышы) жана саны аныкталат. Аталган суроо-талаптын негизинде министрлик ЖОЖдорго кабыл алуу планын бекитет.
4) Ар бир ЖОЖ өзүнүн профили боюнча гана адистерди даярдайт. Бир эле региондо кайталанган адистиктерди ачууга жол берилбейт.
5) Жалпы республикалык тестирлөө жана анын жыйынтыгы менен ЖОЖго кабыл алуу токтотулат.
Эми, кабыл алуу жараянына, б.а. экзамендерге кайрылсак.
9-сунуш: ЖОЖдордун администрация мүчөлөрү, окутуучулары, лаборанттары, пол жуугучтары, эшик кайтаргычтары - деги эле эч кимиси кабыл алуу жараянына катышпайт. Алар - эс алууда болушат.
Абитуриенттердин билим деңгээлин өндүрүштө, ишкана, мекемелерде иштеген тиешелүү багыттагы адистерден түзүлгөн комиссия аныктайт. Комиссия мүчөлөрү конкурстук негизде, Билим берүү министрлиги же Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан аныкталат. Кабыл алуу жүргөн бардык аудиторияларга видео-камералар орнотулуп, сынактын жүрүшүн сыртта күтүп турган “болельшиктер” чоң экран аркылуу көрө алышат.
Азыркыдай контракттык окуу системасы таптакыр жойулат. Окутуу бюджеттик негизде гана жүргүзүлөт. Контракттык система өзгөчө учурларда гана колдонулушу мүмкүн. Мисалы, кандайдыр бир артыкчылыгы бар абитуриенттер (олимпиаданын жеңүүчүсү же спорттун мастери ж.б.у.с.) окууга өтүп, андайы жоктор өтпөй калган болсо - аларды контракттык негизде “бюджетте окууга кандидат” деген статус менен кабыл алууга мүмкүндүк берилет. Бирок, кандидаттардын саны бир группада 2-3төн ашпоосу зарыл. Эгер, сессиянын жыйынтыгы менен, бюджетте окуган студент кулап калса, анын ордун жакшы окуган кандидат ээлейт.
Бюджетте окуган студенттерге кеминде 3 миң сом стипендия, бекер жатакана, интернет, окуу китептери берилет.
Жогорудагы иш-чаралар ишке ашырылса, жогорку окуу жайлары азыркыдай "Ош базары" болуудан кутулат, конкурс пайда болуп, бир орунга 10-15 абитуриент ат салышат. Окууга өткөн абитуриенттер азыркыдай “ии, өтүпмүн” деп гана калбастан, так секирип, сүйүнүшөт. Билим алуунун, билим берүүнүн баркы көтөрүлөт. Конкурстун негизинде окууга өтүп, стипендия, бекер жатакана, интернет алган студент жанталашып окуйт. Окубаса - кандидаттар ордун ээлейт.
Суроо туулушу мүмкүн – студенттерди го жыргаттык, ал эми аларга "сабак берген окутуучулар кантип тандалат, кандай эмгек акы төлөнөт, кандай жеңилдиктер болот?" деген. Ал боюнча – кийинки сунушта айтылат.
Ошондой эле, эң негизгиси, "жогоруда айтылгандарды ишке ашыруу үчүн каражаттар кайдан табылат?" деген да суроо,албетте, жаралат. Ал чаралар тууралуу – андан аркы сунушта сөз болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 19 Сентябрь 2013 - 19:12
#260 20 Сентябрь 2013 - 17:26
Википедиянын маалыматы боюнча, экономика – бул, кыскача айтканда, чарба жүргүзүүнүн эрежеси, кененирээк айтканда, бир нерсени өндүрүү, аны бөлүштүрүү, алмаштыруу же керектөө эрежелери экен.
Менимче, бул аныктамадагы эң негизги сөз – “өндүрүү”. Анткени, өндүргөн эчтекең жок болсо, аны ким менен бөлүшөсүн, эмнеге алмаштырасын, же кантип керектейсин.
Кыргызстандын экономикасын япондордун мисалында өнүктүрсө болчудай. Анткени, Япониянын аймагы биздикинен болгону 2 эсече эле чоң, Японияда деле биздегидей газ жок, нефть жок, темирди да сатып алышат. Бирок, япон экономикасы - дүйнөдө экинчи орунда.
Ошондуктан, 2-дүйнөлүк согушта тизе чөгөлөө менен жеңилген Япониянын, анын экономикасынын бутка туруп кетишинин, дүйнөдөгү күчтүү экономикалуу мамлекеттерди кууп жетип эле тим калбастан, алардан озуп кетишинин сыры эмнеде экенин изилдеп, сабак алалы..
Согуштан кийинки 30 жылда Япония бизге окшоп бир Швейцария болобуз, бир Туркия болобуз дебей, б.а. “кайрадан велосипед ойлоп таап отурбай", батыш өлкөлөрүнөн 34 миңден ашуун лицензия жана патенттерди сатып алыптыр. Чет өлкөлүктөр Японияны потенциалдуу конкурент катары кабыл албагандыктан, патент менен лицензияларды арзан-арзан сата бериптир. Япондор сатып алган лицензия, патенттерди кайрадан иштеп чыгып, дароо өндүрүшкө киргизиптир. Кайталап айтам, өндүрүшкө. Бул саясаттын эффективдүүлүгү 1800 пайызды түзгөн, б.а. аталган документтерди сатып алууга кеткен 1 доллар 180 доллар киреше алып келген.
Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе - 1955-жылдан баштап Японияда мамлекеттик пландоо киргизилип, ар бир тармактын приоритеттүү багыттары аныкталат. Адегенде, кара металлургия, химия өнөр жайына, энергетика, кеме курууга көңүл бурулуп, 1960-жылдын аягынан баштап автомобиль куруу, электроника, айрыкча тиричилик, үйгө керектелүүчү электрондук техниканы өндүрүүгө басым жасала башталат.
Чыгыш өлкөсүнүн экономикасын өстүрүүгө, о.э., япон коомунун улутук идеяларды ишке ашырууга болгон умтулуусу, япон мүнөзүндөгү дайыма башкалардан жакшы болууга умтулуу касиети, япондордун эмгекчилдиги да зор салым кошту деп белгилешет серепчилер. Алардын айтымында, япондордо жамаатык идея эмигече тирүү. Алар өздөрүнүн жеке проблемаларына караганда коомдук проблемалар тууралуу көбүрөөк ойлонушат. Аттиң, бизде ошондой болсо ээ!.
Дагы бир көңүл бурчу нерсе - яон өкмөтүнүн илимий-изилдөөлөргө кылган мамилеси. Азыркы учурда илимий изилдөөлөргө кетирген чыгымы боюнча Япония дүйнөдө Америкадан кийинки 2-орунда турат, ал эми Япониядагы илимий кызматкерлердин саны Улуу Британия, Франция, Германиядагы илимий кызмкеткерлерди кошуп алгандагыдан да ашат. Эң кызыктуусу – Японияда илимий изилдөөгө кеткен чыгымдардын 80 пайыздан көбүн өнөр жай өзүнө алат экен. Албетте, өндүрүшчүлөр биздегидей теоретикалык эмес (мисалы, "сингулярдуу толкунданган экинчи даражадагы диференциядык теңдемелерди чыгаруунун өзгөчөлүктөрү" дегендей эмес), турмушта колдонула турган изилдөөлөргө жана ойлоп табууларга өзгөчө көңүл бурушат. Японияда биздегидей "Илимдер академиясы" , "эмгек сиңирген академиктер" жок, аларда илимий изилдөөлөрдүн баары университеттердеги технополистерде жүргүзүлөт экен.
Эң мага жаканы, Япониянын жогорку билим берүү системасында инженерлерди жана башка техникалык багыттагы адистерди даярдоого негизги басым жасалат экен. Мисалы, Япония электроника жана электротехника багытындагы инженерлерди даярдоо боюнча Америкадан да алдыда.
Жыйынтыктап айтканда, Япон экономикасынын укмуштуудай өнүгүп кетишинин сыры –өндүрүштө, мамлекетик пландоодо жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугунда экен!
Эми, Кыргызстанга кайрылалы. Бизде өндүрүш, мамлекеттик пландоо жана колдонмо багыттагы илимий-изилдөөлөр барбы?
Менимче, Кыргызстандын экономикасына салым кошо турган, мамлекетке киреше алып келе турган ири өндүрүштөр жок калды. Кумтөрдү да өзүбүз иштетпей, чет элдиктерге бере салып, эми алардан “мага да берип койчу” деп алакан жайып жүрөбүз...
10-сунуш: Ошондуктан, эртеңден баштап, Кыргызстандагы СССР мезгилинен калган бардык ишканалардын, завод-фабрикалардын эсеп-чотун алып, абалын текшерүү керек. Эгер, продукция чыгара ала турган болсо, мисалы Майлы-сайдагы лампа заводу, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу, Кайыңдыдагы кабель завожу, Оштогу текстиль, жибек комбинаттары, насос заводу ж.б. бул тизмеге кирбей калган ишканаларды - тез аранын ичинде кредит алып (анын эч өөнү жок, дүйнөнүн бардык мамлекеттери кредит алат), аталган өндүрүш ишканаларын модернизациялап, конкуренцияга чыдаган, заманбап продукция чыгара баштоо зарыл. Алардан киреше түшө баштаган соң, аз-аздан, акырындык менен жаңы өндүрүш ишканаларын салууга мүмкүнчүлүк пайда болот.
Ушинтип, акырындык менен, өнөр жайды калыбына келтирип, продукция чыгарып, анын өз баасына кошумча наркты кошуп туруп, сыртка чыгарып сата баштасак, казына да толо баштайт.
Ушул жерде бир кыстырма айта кетейин. Кыргызстан - кембагал өлкө эмес. Анткени, мисалы, япондор же немистер 5 миң доллар чыгымдап, автомобиль чыгарды дейли. Аны өз өлкөсүндө 10 миң долларга сатсын. Аны бизге 15 миң долларга сатты дейли. Транспорт, таможня жана башка чыгымдарды кошкондо, Бишкекте ал автомобилдин баасы 20 миң доллар болуп калат. Ошондо эмне, 10 миң доллар ашыкча баага сатып алып аткан биз кембагалбызбы?
Эң негизгиси - өзүбүз бутубузга тургуча, каражат түшкүчө, сырттан келеген гранттарды, кредиттерди расмий түрдө “Кыргызстандагы сот системасын жакшыртуу”, “Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу” деп аталган, а иш жүзүно бийликтегилердин чөнтөгүнө гана түшүүчү, өлкөбүзғө бир тыйын пайда алып келбеген проекттерге жумшабай, дал ушул өндүрүшкө, жогоруда айтылган Илимий-технологиялык борбор түзүлүп, иштей баштагандан кийин, чыныгы окумуштуулар жүргүзгөн чыныгы илимий-изилдөөлөргө жумшаш керек.
Албетте, мамлекеттик пландоо органы ("Мамплан) сөзсүз болуш керек. Үй-бүлө деле пландайт го, бир айга, бир жылга жана узак мөөнөткө өз чыгымдарын, кирешелерин. Эмне үчүн мамлекетте андай орган болбош керек. Жөнөкөй эле мисал, жогорку окуу жайлары кайсы, канча адистерди даярдоо керек экендигин; Кыргызстандын элине керектүү, жетиштүү өлчөмдө канча айыл чарба продукцияларын өндүрүү керк экендигин ж.б.у.с мурдатан билүү керек да.
Илимпоздор, Улутук илимдер академиясы тууралуу жогоруда сөз болду. Алар турмушта пайда болгон проблемаларды чече турган, же өндүрүшкө пайдасы тийе турган колдонмо багыттагы илимий изилдөөлөрдү эмес, эптеп эле “кандидаттык” же “докторолук” даражаны алуу үчүн “илимий эмгектерди” жазышат. Кайталап айтам, алар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшпөйт, “илимий эмгек” гана жазышат. “Эмгек” менен “Изилдөөнүн” айрымасы асман менен жердей. "Изилдөөнүн" натыйжасы, жыйынтыгы болот, а "Эмгек" эмне – интернеттен же 5-6 китептен материал топтойсун дагы, “кандидаттык” же “докторлук” диссертация деп, өзүңүн атыңан чыгарып койосун. Сенин же менин турмушумда тыйынчалык пайдасы жок.
(уландысы бар..)
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 20 Сентябрь 2013 - 18:24