Кайырчынын ыры
Ажырашып аргасыз мекен менен
Намыстуу өлкөнү мекендеген
Азаматтын армандуу ыры болчу
“Ата Журтка канткенде жетем?” деген
Ыр төгүлөт: “Мекеним, Мекеним”, - деп
“Мекениме канткенде жетемин?”, - деп
“Кандаштардын тагдырын эстегенде
Күйүп, күйүп күл болуп кетемин”, - деп
Кара бүркүт канатын кайрыдыбы?
Кээ бирлери текөөрүн айрыдыбы?
Куюн болуп куюлуп көктөн түшпөй
Көздөрүнөн чачырайт кайгы-муңу.
Кыз-келинди кыйырдан жат калтырып
Кылыч калды кынында датка алдырып
Моголдордун жапайы арстандарын
Көлөкөдөн койгонбу сактандырып?
Эркиндик бүгүн ... күйүттөгү?
Ач көзүңдү элеттин жигиттери
Канжыгага башыңды байлап бербей
Бүркүт болуп шаңшып өт бийиктеги!
Обонунан оргуштап кайрат, кубат
Кайырчынын көздөрү жайнап турат.
Көмөкөйдүн артында көрөңгөлүү
Айта албаган сөздөрү кайнап турат.
Сагынбек Момбеков Кыргызымдын ЧЫНЫГЫ патриоту
#41 05 May 2013 - 01:36
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#42 05 May 2013 - 01:37
Ким оңолот?
Булбулдун көмөкөйү буулганбы?
Буудандан каны бузук туулганбы?
Адамдан боорукерлик жуулганбы?
Көңүлдөр көк муз болуп суулганбы?
Ичине бугун катып жатты беле?
Бул заман неге мынча чуулгандуу?
Жайнаган жамандыкты көз көрдүбү?
Жакшылык неге мынча тескериби?
Ыпысык мамилелер өзгөрдүбү?
Ысык-Көл ошон үчүн бөксөрдүбү?
Чыркырып пейлибизден ыйман кетти
Чын сөздү айтып коёр кез келдиби?
Бул деген чыкпай жаткан ич күптүбү?
Бушайман жүрөктөргө жүк түштүбү?
Жакшылык бизди ээрчибей бүк түштүбү?
Жай келбей Ала-Тоого күз түштүбү?
Кайдагы жакшылыкка шашылабыз?
Калбаса адамдардын ичкичтиги…
Байкуштук маңдайларга жазылганбы?
Баатырлар башын сайган азыр барбы?
Болбосо биз укпаган акыл барбы?
Болбосо боор тарткан жакын барбы?
Колдо бар кайрат күчтү бүт жумшабай
Кор кылып коёбузбу асыл жанды?
Булбулдун көмөкөйү буулганбы?
Буудандан каны бузук туулганбы?
Адамдан боорукерлик жуулганбы?
Көңүлдөр көк муз болуп суулганбы?
Ичине бугун катып жатты беле?
Бул заман неге мынча чуулгандуу?
Жайнаган жамандыкты көз көрдүбү?
Жакшылык неге мынча тескериби?
Ыпысык мамилелер өзгөрдүбү?
Ысык-Көл ошон үчүн бөксөрдүбү?
Чыркырып пейлибизден ыйман кетти
Чын сөздү айтып коёр кез келдиби?
Бул деген чыкпай жаткан ич күптүбү?
Бушайман жүрөктөргө жүк түштүбү?
Жакшылык бизди ээрчибей бүк түштүбү?
Жай келбей Ала-Тоого күз түштүбү?
Кайдагы жакшылыкка шашылабыз?
Калбаса адамдардын ичкичтиги…
Байкуштук маңдайларга жазылганбы?
Баатырлар башын сайган азыр барбы?
Болбосо биз укпаган акыл барбы?
Болбосо боор тарткан жакын барбы?
Колдо бар кайрат күчтү бүт жумшабай
Кор кылып коёбузбу асыл жанды?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#43 05 May 2013 - 01:38
Корком
Каардан коркпойм, карыздан корком.
Жаалдан коркпой, намыстан корком.
Бейишке чейин тозоктор канча?
Бергенден мурун алыштан корком.
Жол карап зарлап күткөндөн корком.
Жосунсуз жолго түгкөндөн корком.
Ар-намыс, абийир, уяттын баарын
Аракка кошуп ичкенден корком.
Дүнүйө деген тилектен корком.
Түрүлгөн муштум билектен корком.
Муң кайгы билбес, сүйүүнү сезбес.
Муз болуп калган жүрөктөн корком.
Бөөдө бир кайгы өлүмдөн корком
Бөйрөктөн шыйрак, төгүндөн корком
Ак төөнүн карды жарылган кезде
Дан албай калган эгинден корком.
Уясын бузган качкындан корком
Убада бузган саткындан корком.
Бөрсөйгөн курсак кулу бир болгон
Бөтөгө бөлгөн ай жаатчылдан корком.
Дүжүрлүк кылган чалдардан корком
Дүнүйө кууган балдардан корком.
Чыркырап урган чындыкты урган
Чылкый бир кара жалгандан корком...
Каардан коркпойм, карыздан корком.
Жаалдан коркпой, намыстан корком.
Бейишке чейин тозоктор канча?
Бергенден мурун алыштан корком.
Жол карап зарлап күткөндөн корком.
Жосунсуз жолго түгкөндөн корком.
Ар-намыс, абийир, уяттын баарын
Аракка кошуп ичкенден корком.
Дүнүйө деген тилектен корком.
Түрүлгөн муштум билектен корком.
Муң кайгы билбес, сүйүүнү сезбес.
Муз болуп калган жүрөктөн корком.
Бөөдө бир кайгы өлүмдөн корком
Бөйрөктөн шыйрак, төгүндөн корком
Ак төөнүн карды жарылган кезде
Дан албай калган эгинден корком.
Уясын бузган качкындан корком
Убада бузган саткындан корком.
Бөрсөйгөн курсак кулу бир болгон
Бөтөгө бөлгөн ай жаатчылдан корком.
Дүжүрлүк кылган чалдардан корком
Дүнүйө кууган балдардан корком.
Чыркырап урган чындыкты урган
Чылкый бир кара жалгандан корком...
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#44 05 May 2013 - 01:39
Кылым көчү
Уурдатып абадага жылдарыңды
Ата Журт, билем ооруп турганыңды
“Жан тартып жакшы сөздү айтамын”, - деп
Жараттын оозун кайра тырмадымбы?
Ачуунун апаптаган аптабыбы?
Жамгыры жашың төгүп жатканыңбы?
Капилет канга боёп капчыгайың
Кас душман каап өттү капталымды
Көбөйүп көкүрөктө бечелдериң
Кертилип кете берер бекен жерим?
Мезгилдин кан тамырын кармай албай
Мертинтип алабызбы мекендерин?
Сөз менен ишинде жок туруктугу
Ушулар улутума уюткубу?
Кылымдын кыйкырыгы чыгып турса
Улуттун ушул окшойт улуктугу.
Ата Журт дарт-арманың ичиңдеби?
Үмүттүн оңой эмес үзүлмөгү
Кылымдын көчү кайда бара жатат?
Тагдырлар устаранын мизиндеби?
Уурдатып абадага жылдарыңды
Ата Журт, билем ооруп турганыңды
“Жан тартып жакшы сөздү айтамын”, - деп
Жараттын оозун кайра тырмадымбы?
Ачуунун апаптаган аптабыбы?
Жамгыры жашың төгүп жатканыңбы?
Капилет канга боёп капчыгайың
Кас душман каап өттү капталымды
Көбөйүп көкүрөктө бечелдериң
Кертилип кете берер бекен жерим?
Мезгилдин кан тамырын кармай албай
Мертинтип алабызбы мекендерин?
Сөз менен ишинде жок туруктугу
Ушулар улутума уюткубу?
Кылымдын кыйкырыгы чыгып турса
Улуттун ушул окшойт улуктугу.
Ата Журт дарт-арманың ичиңдеби?
Үмүттүн оңой эмес үзүлмөгү
Кылымдын көчү кайда бара жатат?
Тагдырлар устаранын мизиндеби?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#45 05 May 2013 - 01:40
Ырлардын аудио-версиясын Медиа-порталга жүктөдүм эртең, буйруса, модераторлуктан өтсө, шилтемелерин кошуп коём.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#47 22 May 2013 - 09:47
Мен мындай адам бар экенин биринчи жолу угуп жатам.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#49 18 September 2013 - 19:22
"Коркушат бийлик Садырдан"
, "кумторду куруткандар"
деген ырларынын текстерин билген кишилер болсо жазып койгулачы?
mр3турундо кайсы сайттан телефон менен кочуруп алганга болсо, сайттын дарегин купуяга ыргытып койсонор ыраазы болот элем.
mр3турундо кайсы сайттан телефон менен кочуруп алганга болсо, сайттын дарегин купуяга ыргытып койсонор ыраазы болот элем.
#50 21 September 2013 - 16:41
Сат сат сат саааат баарын сатып буткон сон оо Кыргызым колтугундун жунун сат ээй
#51 08 October 2013 - 15:45
Чыныгы элди ойлогон азамат жигит да Сагынбек аке!
Өзүн актагандан өлө кач!!!
#52 09 October 2013 - 01:29
Сат,сат,сат ырын билбеген бирда кыргыз жок болуш керек,билишти каалабаган бок курсактардан башкасы.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#53 22 October 2013 - 05:17
Сат сатты мен да укканмын,жакшы ыр.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#56 07 February 2014 - 08:29
Чындыкты чыркыратып тогуп салат да. Чыныгы патриот киши. Ырларын суйуп угам. Телефонумдан уккан кээ бироолор мени шылдындап кулушот. Жаш эле боло туруп ушундай ыр угасынбы дешет . Силерге окшоп голливуд жылдыздарын тушунбой эле уккандан коро кыргызча ушундай мазмуундуу ырлар 100% жакшы деп жооп берип кутулам.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#57 14 January 2016 - 01:15
Мен дагы Сагынбек Момбековду кыргыздын алдынкы патриотту катары баалайм ырлары да өтө мазмундуу мага мигранттарга арнаган челнок поездди , сат сат сат, кайфзаман деген ырлары жагат кайталап укчумун.
#60 29 May 2016 - 13:06
Сагынбек агайдын ырлары чындыкты чыркыратат да.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.

Супер-Инфо
super.kg
видео















