Кыргыздын каада салттарынын кадырын чет жерде жургондо билесин, бирок бир акылга сыйбаган салтыбыз кыргызды кемсинтип жаткан жокбу?! Маселен жамандыкта,
тагыраак айтканда адам каза болгондо той сымал ысырап кылып, элдер тойго келгендей конок болуп кетуусуно кандай карайсыздар?
! Албетте муну мен коз жумган адамды сыйлабастык,
боорукерсиздик жана акыл калчабагандык деп эсептейм!
Муну кантип жок кылабыз, албетте озубузду тыйуу менен, тажияда эч нерсе жебей-ичбей,
туйунчок туйуудон баш тартуу менен. Экономикагабызды которуунун бир жолу ушул болуш керек
- (2 )
-
- 1
- 2
Исламды кыргыздын менталитетине ылайыкташтыруу
#2 23 September 2013 - 11:50
Мен теманы тескерисинче кылмакмын,„Кыргыз менталитетин исламга ылайыкташтыруу”деп.
#3 23 September 2013 - 12:23
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#4 23 September 2013 - 14:09
...адам каза болгондо той сымал ысырап кылып, элдер тойго келгендей конок болуп кетуусуно кандай карайсыздар?
Негизи, адам каза болгондо аны таанып, билгендер кайгырып, аза күтүп, куран окутушу керек. Бул - табигый нерсе. Ал эми "тойго келгендей болуп, конок болуп кетүү" - бул аркы дүйнөгө кеткен адамдын кайтыш болгонуна сүйүнүү менен барабар...
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5 23 September 2013 - 14:30
Мен теманы тескерисинче кылмакмын,„Кыргыз менталитетин исламга ылайыкташтыруу”деп.
^
^
^
Автор эске алып теманы өзгөртүп койчу бай болуп кеткир.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#6 23 September 2013 - 15:51
Уйга жугон салабы,конгон адат калабы дечу эле. Баарыбир эл аны кыла берет.
#7 23 September 2013 - 17:23
#8 23 September 2013 - 17:49
#9 23 September 2013 - 18:57
Негизи илгери тажияга алыстан келген адамдарды гана коноктогон,
б.а.алар жол арытып алыстан келгендиктен конуп кетууго аргасыз болушкан.Ошол нерсе барып-барып салтка айланып калган.Анан майда-чуйдо,
кийит болуп оорчуп кеткен.А ал нерсени жоюу озубуздон коз каранды го дейм.Жанагы турктордун сериалдарындай бул нерсеге катуу туруш керек.Ошондо гана жок кылалбасак да чыгым азаят болуш керек деп ойлойм.Озум деле андай жерге табак которуп барып,аш жеп,шорпо ичип аз келгенсип кайра которунуп чыкканда аябай ынгайсызданам.
Ушул нерсеге кобуроок конул бурулса жакшы болот эле.
#10 24 September 2013 - 18:02
Ошентип тажияга барып отурушуп,бироосу жертолоого кулап тушуптур,анткени полу эскирип эми гана ремонт кылганы турушкан экен.Мына ошондой окуяларды анан айылдагы узун кулак аялдар кобуртуп-жабыртып бутпос жомок кылышатда.Былтыр кыргызстанга барганда кайненемден уккан жайым бар эле.Полдорун ондоп тузоп коюшса болмок деген кубур-шыбырлар айтылды дейт.Алар кайдан билсин уйдун ээси каза болуп анан, бата келгендер уй тубуно тушуп кетээрин.Воот ушундай соз кобойтуу учун эле барышатда кээбир кыларга иши жок,айыл ушактын денгээлинен чыга албаган энекелерибиз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#11 24 September 2013 - 19:05
Кыргыздын каада салттарынын кадырын чет жерде жургондо билесин, бирок бир акылга сыйбаган салтыбыз кыргызды кемсинтип жаткан жокбу?! Маселен жамандыкта,
тагыраак айтканда адам каза болгондо той сымал ысырап кылып, элдер тойго келгендей конок болуп кетуусуно кандай карайсыздар?
! Албетте муну мен коз жумган адамды сыйлабастык,
боорукерсиздик жана акыл калчабагандык деп эсептейм!
Муну кантип жок кылабыз, албетте озубузду тыйуу менен, тажияда эч нерсе жебей-ичбей,
туйунчок туйуудон баш тартуу менен. Экономикагабызды которуунун бир жолу ушул болуш керек
Ассаляму алейкум.Бул дегениниз ысыраптын баары Ислам дининде,кыргызчага кичине ыктасак демекчисизби ыя?Ысырапкерчилик- шайтандын иши деп кайсыл дин жар салат???кичине тема койгондо ойлонсонор? Мусулмансынар го,ошол Ислам дини кыргызчылыктын терс жактарын четке кагат.Биз кыргыз менталитетин Исламдын негизинде карообуз кажет.Кыргызстанда башка улуттар толтура,копчулугу мусулман.Бирок кыргыздар гана жарды эл,анткени той-тамашасы, олум-житимге болгон чыгашасы коп.Биз Орусияга барбай эле,той тамаша,3 кун,тажия,40 кун,жылдык,айттык, аш бермей,туулган кун откормой,корунгон жашта юбилей откормой,обу жок болуп бутуруучулор кечелерин,25 жылдык жолугушууларды токтотсок эле эн алдынкы экономикага ээ болобуз буйруса!Болбосо Россияда эшектей болуп иштеп,бул жерде эшектей болуп сарптайбыз. Эшектей болуп иштеген сон,хандай болуп,озубузго шарт жаратып жашайлы.Той откозуп алып,муздак уйдо,мештин ышына какап жатпай.
#12 24 September 2013 - 22:07
Исламды бурмалап, озубузго ылайыктап кыргызчалагандай Айтматовдун чыгармасы эмес! Сиз Америкада жашайсызбы,
Марска конуп жашайсызбы Ислам ошого ылайыкташкан,
ушуп кетсен таямум кыл, намазды туруп окуй албасан отуруп оку, отуралбасан жатып оку дейт. Ислам бизге баардык жактан жол таап берет.
#13 25 September 2013 - 05:28
Исламды бурмалап, озубузго ылайыктап кыргызчалагандай Айтматовдун чыгармасы эмес! Сиз Америкада жашайсызбы,
Марска конуп жашайсызбы Ислам ошого ылайыкташкан,
ушуп кетсен таямум кыл, намазды туруп окуй албасан отуруп оку, отуралбасан жатып оку дейт. Ислам бизге баардык жактан жол таап берет.
Ооба туурай айтылган ой.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#14 26 September 2013 - 08:59
<br>
Исламды бурмалап, озубузго ылайыктап&
nbsp; кыргызчалагандай Айтматовдун чыгармасы эмес! Сиз Америкада жашайсызбы,
Марска конуп жашайсызбы Ислам ошого ылайыкташкан,
ушуп кетсен таямум кыл, намазды туруп окуй албасан отуруп оку, отуралбасан жатып оку дейт. Ислам бизге баардык жактан жол таап берет.<br>
#15 05 October 2013 - 02:04
Бул диндин негизи - үйрөнүү жана үйрөтүү. Бул болсо улууларыбыз билдиргендей Ахли сүннөт акыйдасын жана илмихал үйрөнүп аны да башкаларга эч өзгөртпөстөн өткөрүп отуруу менен болот.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#16 05 October 2013 - 02:51
Мен Озум ойумду билдиргим келет: Кыргыз мамлекети Ислам динин тутунган мамлекет катары дуйного таанымал!
Биз Ислам мамлекети эмеспиз! Эн биринчиден Озубуздун нукура каада салттарды сактап аны осуп остуруу ! Ислам деп шариат деп туруп эле билип билбей талаш тартыш жаратуунун кереги жок! Озубуздун терен тарыхыбызда деле Исламды кабыл алгычыда деле ! Кыргыз уул кызы уулуну урматаап ,кичууну ызаатап мыкты жашап келген! Азыр коптогон дин бузарлар кобойду !Озу 3 айга жетип жетпей окуп келип ! Мурунку журуш турушун айтпай эле койойун Ким болгонун айтсан кулкун келет!
Акыл айтып отурса : Башын ооруйт! Дегеле айылда бир мечитке чогула калсан же кочо тарапта жолуксан ! Учрашып ал жайды сурагыча акылын айтып башты ооруутат! Жамандык жакшылыкка чогулган жерде !Чонду кичини дебей соз талаш! Кой десен балее калдын! Билим жок! Бироодон уккан нерсени балдыраап айтып ! Атасындай кишини да козго албайт! Ж е Кыргыз эмес же араб эмес бир макулукка айланып бара жатат !
Менимче мамлекет динди козомолго алып! Молдо Имамдарды даярдоо керек! Жок дегенде айыл жердеги молдолордун сабаатуулугун жогорлоотуучу атайын кыска билим беруучуу жайларды ачуу! Мамлекетте бирдей дин жонундо атайын саясат жургузуу ! Азыр баш айлантма болду! Санасан коп тим эле хизбутчу, шариатчы дегеле бири бирин созун колдобойт талаш! Кайсы бирине ишенип сыйнуунуу билбейсин! Коркутканы эле эртеге о дуйного кетесин ! Анан мына! Кой билсен Озун учун адамдын конулун ирежинтпей ! Озу билип ! Так сактап журо берсин да ! Эл ушундай чарчады! Коркунуч пайда болот! Сакалдары узун жаш балдар даабат дейт ! Эл аралап уйуно деле уруксатсыз кирип келе берет экен ! Чоочуп кетесин!
Менин оюмча мамлекет болгондон бир тартиптуу дин саясаатын жургузушу керек! Ар турдуу диний булактарга уруксат бербоо! Бугун бир озбек Кыргыз жарандыгы бар хизбутчу экен! Кыргызстандан экен деп маалымат каражатары кечке Москвада сайрады! Эми ушунтип Озубуз тушунбогон нерсе учун да башкалар зыян тартуусуу керекпи? Ал Москвадагы мечитте кыйкырып жатат! Эртен Ислам халифаты болот деп!! Бул нерсе коп улуттуу Орус Эли учун ото коркунучтуу жана ал нерсеге кылмыш иши козголот! Биздин мамлекетке ушул нерсе керекпи? Биз Ислам деген кээ бир диний нерселерди жамынган билимсиздерди ээрчип Кыргыз жузубузду кийимибизди салттарыбызды жоготуп жатабыз!
Ким сыйынса ! Озу учун !Бирок дин адамдын журогундо жашарын каалайт элем! Биз карт тарыхы бар уулу Элбиз! Биз Оз багытыбызды билишибиз керек ! Анткени Биз Кыргызбыз!

#17 05 October 2013 - 22:48
Baardyk kuran suroolorun Kyrgyz4alaibyz go dep kubanyp kire kaldym ele bawka4a eken tema.
#18 06 October 2013 - 00:30
Билдируулордуу окуп мен да ойумду ортого салгым келди.Кыргыз элибизде салт деп эле озубузду озубуз кыйноого салабыз.Колунда барбы жокпу намыс деп туруп бодо мал сойушка аракет кылабыз.Анан кокуй кок кийгизбесек болбойт деп кок койнок кок жоолукту базардан шашылып сатып келип жарашабы,жарашпайбы,
эптеп устуно туруп калса болду деп кийгизип койобуз.Эркектерге чепкен,калпак жээ кытайдын арзан кийилбеген кастюм шымын жаап койобуз.Койнок калпакты айтпай эле койоун.Уйдон олук чыгып атса да жардам бериштин ордуна ушинтип таламай.бул биздеги чындык.Ыйлап сыктап жыл келет,жылдык откормой.Тажыйасында шашылыш кок берилип калды эми жакшы кийгизебиз деп базарга барып кийимдин мыктысын алабыз,Азыр той болгонсуп алтын шакек,алтын сойко тагылып бул салтка кирип баратат.Колунда барбы жокпу намыс учун кылабыз.Бир жылдары келинибиз отуп кетти.Асты биринчи курстун студенти акыркысы кыркы чыга элек,колунда жок болсо да жылкыны карыз алып сойушту.Балдары сутко зар болуп опчап турмушта калышты анткени уйу карызга кетти да.Айланып жыл келди намыс деп кок кийгизгенге ак кийгиздик.Келиндин торкундору бай жер экен апасына карындашына лама пальтолорду норка шапканы кийгизди,агалары бири бирине кастюм шым,норка шапка кийиништи босогодо 5 бала атсы болуп боздоп турушту.Ыйлабаган адам калбады.жада калса бирге чыккан наристе да чыркырап ыйлап турду.Ушу да салтпы?Неберелери ыйлап турса таэне лама кийип кычырап турду ушу да энеби?Тагалары атагы чыгып кыргыз элине таанымал адам оздорун сыйлап жээндерине кытайдын кийилбеген койнокчолорун берди.Аттан оздорунун кийгенден студентке кийгизсе жараша беле?Тагалары тенсинбеген жетимдер жетилип келе атат.Аркасында калган балдарын ойлобойбуз.
Карап туруп ушул да салтпы?-деп ичинен сызасын.Тойду го камынып кыласын эми жаманчылык кобунчо айтылып келбейт го.Олум житимге,тойлорго кеткен расходу экономдоп балдарыбызга иштетип,уй-жай алып берсек жакшы болмок.
#19 06 October 2013 - 00:52

Эже Сиз белгилеген нерселер бар! Аны туура моюнга алуу керек! Бирок кээ бир учурда Ислам деп ошонун негизи деп! Кыргыздар озгорулуп кетип бара жатбайбы? Кийими жузу? Эже ал нерсени акылга салып жамандыкта чогулууп ! Айыл аксакалдары мамлекетик кызматкер айыл окмоту молдо болуп чогуу ортого салып тыюу салууга болот ко!
#20 06 October 2013 - 01:48
bosmos7
Биринчиден каада салты уйронсок,каада салт сизге таалим тарбияны уйротобу? Заман озгоруп жетишкени сайын каада салт деле озгорот. Каада салт демекчи бизде кайсы каада салт калды,баары Европалашып буттуго.... Дин мааселе#### келгенде каада салт таарых эсинерге келгени куйдуротта.
..Сиз айтып жаткан молдолор сизге жамандык кылдыбы? же сизге туура жолду тушундуруп бергени жакпайбы? Корунгон жерде ичип чегип бакылдап жургондор сизге ушулардан жакшы корунуп жатабы? Таарых таарых каада салт дейсиз озунуз ошол салт менен ошол таарыхтагыдай жашап жатасызбы? Жок албетте баягы эле батыштан келген моода менен эле жашайсыз жана кийинесиз...
.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео