Суперстан: Туюк махабат. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Туюк махабат.

#1 Пользователь офлайн   eliz-an86   31 Август 2013 - 16:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 09 Август 12
  • Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
  • Жынысы:Аялзаты

Расим бир күнү кечке маал мектептен келип, бир кат таап алды. Өзүнө келиптир. Ичинде гүлдүү баракка жазылган ушул саптар бар экен: «Расим мырза, мен сизди көптөн бери сүйүп жүргөн бир жаш кызмын. Абдан сулуумун деп тартынбай эле айта алам. Сиздин сүйгөнүңүз, жубайыңыз болсом дегенде эки көзүм төрт. Бирок жашыбыз жетпегендиктен, бир нече жыл күтүшүбүз керек деп ойлойм. Азырынча сизге өзүмдү тааныштырбайм. Каттарыңызды … деген дарекке сурап алма кылып жөнөтүңүз. Атам абдан катаал киши, көчөгө көп чыгарбайт. Бирок бир күнү, балким, жолугуп да каларбыз. Өзүмдү азыртан эле сиздин сүйгөнүңүз, сөйкөлүү кызыңыз деп эсептегендиктен, сиз менен жолугууну уят, айып бир иш деп ойлобойм. Үйдө жалгыздыктан бук болом. Каттарыңыз мага жан эрмегим болор…» Он алты жашка келген ар бир окуучу сыяктуу эле Расим үчүн да бул жашоодо бирөөнүн сүйгөнү болуп, аны сүйүүдөн артык эч нерсе жок эле. Катты окуур замат жүрөгү алоолой түштү. Өзү өмүрүндө көрбөгөн бул бейтааныш кызды элбе-делбе болуп катуу сүйүп калды. Кечинде киного бармак эле, барбады, бөлмөсүнө бекинип алып, өзүн сүйүп калган бул бийкечке келиштирип бир узун кат жазды. Катты почто кутусуна салган сайын дароо он жашка чоңоё түшкөндөй керсейип калар эле. Атым Бедиа деген бул бийкеч Расимдин каттарына үзгүлтүксүз жооп жазып, эгер бир-эки күн кат жазбай калса, кыямат-кайым салчу: «Сизди канчалык сүйөрүн, сиздин каттарыңыздан башка көңүл жубатары жок экенин айткан бир байкуш кыздын эки көзүн төрт кылып күттүргөн туурабы? Анан калса каттарыңызды да ченеп-бычып кыска жазасыз. Дагы бир өтүнүчүм, каттарыңызды бир аз окула тургандай кылып жазасызбы?» Боз улан кечинде эртелеп бөлмөсүнө кирип кетет да, ашыгына жагыш үчүн сааттар бою кайра-кайра көчүрүп, китептей узун каттарды жазчу. Бедиа анан калса ар нерсеге кызыккан дилгир кыз болуп чыкты. Кээде мындай суроолорду берет: «Үйлөнгөндө бал айыбызды өткөрүү үчүн Италияга барсакпы, же Швецияга барсакпы? Бул эки өлкө кандай болду экен? Эли кантип жашап, эмне иш кылат болду экен? Ал жактарга барыш үчүн кайсы деңиздерден, кайсы өлкөлөрдөн өтүш керек?» Же болбосо: «Сен Абдүлхак Хамиттин «Эсберин» окудуңбу? Абдан жаккан жерлерин жазсаң, мен да окуюн…»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   eliz-an86   31 Август 2013 - 16:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 09 Август 12
  • Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
  • Жынысы:Аялзаты

Боз улан кызына уят болбош үчүн география жана адабият китептерин аңтарып, ал сураган маалыматтарды топтоо үчүн күнү бою жан талашчу. Бедиа бир катында ага минтип таарынды: «Сиз менен сөзсүз жолугайын деп кечээ мектептен кайтчу жолуңуздан күттүм. Бирок бир жаш кыздын сүйгөнү экениңизди унутуп, абдан жаман кийинип алыпсыз. Үстүбашыңыз, бут кийимиңиз баткак экен. Кичинекей баладай болуп досторуңуз менен алыштыңызбы? Муну көрүп, сизди уят болбосун деп, жаныңызга бара албадым.» Расимдин өлбөгөн төрт шыйрагы калды, капа да болду. Ошол күндөн тартып абдан тыкан, таза кийине турган болду. Бир жолу Бедиа анын мектептен чыгар менен үйгө кетпей, кечке чейин көчөдө жүргөнүн айтып даттанды. Өзү минтип ал деп үйдө ыйлап отурса, ал башка кыздар менен жүрөт болду бекен? Расим бул дүйнөдө Бедиаман башка эч бир кызды сүйбөйм деп карганып кат жазды, көчөдө баса албай, кокусунан учураган кыздарга көзүнүн кыры менен да карай албай турган болду. Бир күнү кечинде Расимдин апасы Недиме айым жубайы Ахмет мырзаны аза күткөндөй тосуп алды. Ыйламсырап: «Ах, мырзам, башка түшкөндү сураба. Уулубузга Бедиа деген бир балакет кыз жабышыптыр. Бүгүн Расимдин бөлмөсүн жыйыштырып жатып, каттарын таап алдым. Балабыз колдон чыгып баратыптыр. Бир айласын тап»,- деп муңканды. Ал эми Ахмет мырзанын эч бир кызыккан түрү көрүнбөйт, тескерисинче кыт-кыт күлүп турат. «Коркпо, айым»,- деди ал шыбырап. «Ага ашыктык каттарын жазган кыз менмин. Балабыздын жалкоолугу арткандан артып бараткан. Мектептеги мугалимдер да, мен да канча аракет кылганыбыз менен жакшыраак жазганды да үйрөтө албай койдук. Акырында ойлонуп отуруп ушул айланы таптым. Расимдин кызга кат жазып жүрүп жаңы жазууну үйрөнөрүнө, быйыл кийинки класска көчөрүнө ишенем. Чынын айтсам, мен да эски жазууну бир убакта сага кат жазып жүрүп үйрөнгөн элем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   chynara_1   03 Октябрь 2013 - 14:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 05 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Янв 2014 15:37

sonun ekengo maga abdan jakty
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   turob   03 Октябрь 2013 - 14:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 55
  • Катталган: 11 Июнь 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 01:42
  • Жынысы:Эркек

Эннн биринчи Кудайды суйом анан калгандар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   03 Октябрь 2013 - 15:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Magada jakty en jakwy
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Vishnya-87   03 Октябрь 2013 - 18:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 95
  • Катталган: 13 Август 13
  • Соңку аракети: 19 Сен 2014 00:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek-Stambul

Vay sonun 4ygarma boluptur,avtor ulantsanyz bolmok.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Fute22   04 Октябрь 2013 - 00:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 17 Дек 2014 22:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Воронеж

сонун чыгарма.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   KUMU89   04 Октябрь 2013 - 00:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: 25 Июл 2025 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Kiyin bilip kalsa emne bolot? Bilgenden kiyin akybalyn elestetkile? Birok atasy akylduu eken. Owonu oilogonun Kara.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Tumara1992   04 Октябрь 2013 - 23:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 29 Июль 13
  • Соңку аракети: 19 Сен 2017 14:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:сенин жанындааа

буттубу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Aizhanka91   06 Октябрь 2013 - 17:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 95
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 17 Июл 2021 14:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:kara suu

Аябай жакшы жазылыптыр. Кыска мааниси терен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Lumia-800   12 Октябрь 2013 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Сонунго.Дагы Ким билет ушундай жазымыштарды? Жазгылачы.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   zina29   15 Ноябрь 2013 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

жакшы экен.Ошону ойлоп тапкан молодец
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Almasbekovna   18 Май 2017 - 07:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 475
  • Катталган: 16 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2019 04:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекенден алыста

суйуу эмнелерди гана кылдырбайт)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   janylka   29 Май 2017 - 23:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 367
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 14:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

Soonun eken
Журоктор ыйманга толсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   nur_ice   01 Июнь 2017 - 08:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Май 17
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 18:09
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Соонун экен,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 12:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: