Ажырашып аргасыз мекен менен
Намыстуу өлкөнү мекендеген
Азаматтын армандуу ыры болчу
“Ата Журтка канткенде жетем?” деген
Ыр төгүлөт: “Мекеним, Мекеним”, - деп
“Мекениме канткенде жетемин?”, - деп
“Кандаштардын тагдырын эстегенде
Күйүп, күйүп күл болуп кетемин”, - деп
Кара бүркүт канатын кайрыдыбы?
Кээ бирлери текөөрүн айрыдыбы?
Куюн болуп куюлуп көктөн түшпөй
Көздөрүнөн чачырайт кайгы-муңу.
Кыз-келинди кыйырдан жат калтырып
Кылыч калды кынында датка алдырып
Моголдордун жапайы арстандарын
Көлөкөдөн койгонбу сактандырып?
Эркиндик бүгүн ... күйүттөгү?
Ач көзүңдү элеттин жигиттери
Канжыгага башыңды байлап бербей
Бүркүт болуп шаңшып өт бийиктеги!
Обонунан оргуштап кайрат, кубат
Кайырчынын көздөрү жайнап турат.
Көмөкөйдүн артында көрөңгөлүү
Айта албаган сөздөрү кайнап турат.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Май 2013 - 01:46