Эгерде алдын-ала сценарийлер даярдалбаса, ушундай сөздү айта алат беле? Кыргызстан - өзү туура демократиялык жолго түштү. Азыркы күндө парламенттик башкаруу системасына өтө албай кыйналып туру. Ошол эле мезгилде бизге президенттик башкарууда турган Россия мамлекети мугалимдик кылып, акыл-насаат айтып жатышат. Мугалим улуу болуш керек, кечээ эле орустар славяндардын катарында оокат кылып жүрүшкөндө, держава түзгөн кыргыздар эле да. Батый хан башында туруп Россияны үч-төрт кылым эзгени үчүн монголоид түспөлдүү адамдар күнөөлүү эмес да. Болбосо,орус скинхеддери монголоид түспөлүн көрсө сабап, өлтүрүп, өлгөндөн калганын тирүүлөй жүрөк, бөйрөктөрүн алып жатканы, соода кылганга да ыраа көрбөй, азиялыктарды оор жумуштарга чегерип жатканы кандай?
Ал эми биздин Атамбаев Москвага барса: “Манас-россиялык”- деп дөөрүп келет. Манас россиялык эмес, Алтай “исконно” кыргыз жери болуп жүрбөсүн? Атамбаевге деле ишенбей калдык, бүгүн “кыргыз кыргызга-душман”- десе, эртең айланайын кыргыздар дейт. Деги Сочиде Путин Атамбаевге ичтеги сырын ачтыбы, же “чекист” неме анын сырын билейин деп, сөз ыргытып койдубу? Биздин мамлекет катары тагдырыбызды Россия чечкен мезгилдер өтүп кеткен. Азыр Кыргызстан көп полярдуу эл аралык мамилелерди түзүп, дүйнөлүк коомчулук менен иш алып барышы керек. Же Сочиде эки саясатчы:“Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетет” - деп коюшса, жок болуп кетебизби?( катасы болсо кечирим сурайм)

Супер-Инфо
super.kg
видео





















