Ассаламу аллейкум Алтышок! Мен новичок болсом да суроо берейин кап этпесен. Жашоодо жетишкендик катары эмнени эсептейсин?
!
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#5882 08 October 2013 - 23:54
Ассалому алейкум Алтынбек.
Иштерине ийигилик деп,суроолоруму баштайын.Мени тааныйсынбы?
Дагы бир мындай кызыктуу суроо:эмне учун силерде келиндер кайни журтун сиз дешпейт?
Анан дагы кайрылып отомунго...

#5883 09 October 2013 - 08:56
Өөөх! Тээтиги музыканы ырасс эле өчүрдүңөр!
Ким өчүрсө да колуна береке!
Охооо! Жигиттин гүлү бүгүн Супер-интервьюнун бул жумалыгындагы маек төрүнө келип калган турбайбы? Кел,кел... Altyshok,мен сени супердеги тамашаны жакшы сүйлөгөн,тамашаны жакшы түшүнгөн шайыр,билимдүү- илимдүү,маданияттуу, кыскасы интеллектуалдуулугу жогору ары ыймандуу форумдагы Таллас,Daud,aote, webayd ж.б.тарбиясы мыкты форумчу инсандарыбыздын катарындагы жигиттерибиздин бири деп билем!

Охоо Астра айым кандайсыз?
Комплименттерди аябапсыз да. Айга, күнгө теңей берсеңиз чыныгы жигиттин гүлү да соолуп калбайбы.
Кандайсың анан... жашоо,көр-оокат,
иштер,анан баягыыыы курт түшкөн азуу тиштер дегендей...? Баары жайындабы? Көрүнбөй кеттиң акыркы күндөрү? Булуттан чыккан айга окшоп кээде-кээде эле баш бакчу болуп алдыңда форумга? Менин азырынча сага суроолорум деле жок,эмиии... жок эмес бар,бирок жогорудагы форумчулардын суроолоруна жооп бергенден кийин анан кайсы суроо калды деп байкаштырып анан суроо узатайын. Антпесе кайталанма суроо-жооптор болуп калабы деген эле ой. Андыктан Мондур айым айтмакчы; кызыктуу жоопторуң менен теманы кызытып,форумчуларга жагымдуу маек куруп,жакшы маанай тартуулашыңды каалоо менен бирге сага ийгилик да каалап кетмекчимин.
Жашоо азырынча өз нугу менен баратат. Чукул бурулуштар али алдыда. Көр-оокат бүтпөйт экен чындыгында. Көр-оокат деп жүрүп интервьюга да кечигип калдым. Организм дагы жайында. Курттардын ырыскысы тишимде экен. Ал жагын дагы түшүнүү менен кабыл алып, даарылатпай жүрөм.
Ал эми, булуттан чыккан айга окшоп турбаса айдын бар экенин дагы унутуп калабыз да.
Каалоолоруңузга рахмат.
Мен бул темага кайра келем,күт. 
Пенсиясын күткөн аксакалдай эле күтүп атам (бүгүн канчасы?).
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5884 09 October 2013 - 09:03
Саламатсызбы,
Алтышок? Хоббиңиз ыр жазганды үйрөнүү болсо, качантан бери үйрөнүп жүрөсүз? Качан баштадыңыз эле? Байкашымча,
төкмөлүккө кызыгат окшойсуз же адаштымбы?..
Саламатсызбы Гупа.
Ыр жазганды үйрөнүп баштаганыма аз гана убакыт болду. Чала-була жазылган ырлардан улам билинип турса керек.
Кызыгуум дагы жакындан баштап пайда боло баштады. Бирок, мурдатан Байдылда Сарногоевдин ырларын окуп калчумун.
Төкмөлүккө азыраак кызыгуум бар. Бирок, төкмөлөрдөй болуп шар жаза албайм. "Акындар айтышына" башкалардын жазгандарын анализдөө үчүн, тажрыйба топтоо үчүн кирип турам. Адашпай эле түз бара жатасыз.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5885 09 October 2013 - 10:27
Саламатсынбы Алтышок.
1. Супер форум сенин жашоонунда кандай озгортуулорду киргизе алды?

Саламатсызбы Талант ага. Сизде, кеминде эки талант бар. Бири атыңызда болсо, экинчиси затыңызда.
1. Сырттан караганда, мониторду же телефонду карап алып күлө берген кызыктай адамга айландым
2. Баардык тема боюнча кеңири жана ар тараптуу, ар башка көз караштагы маалыматтарды алып, ар тараптан өнүгүүгө бел байлаган адамга да айландым.
3. Сүйлөмөк тургай жазаарда да ойлонуп жазыш керектигин түшүндүм.
4. Талашып-тартышуу болбогон нерсе экен деп калдым.
2. Сен жашоодо оз максатына жеттим деп ойлойсунбу,
же...
Акырындан жетип келе жатамын буюрса. Максатыма жеткенимди башында эле биле калбайм. Кийинчереек, жеткенден кийиин анан, ушундай максатым бар эмес беле деп эстеп калам. "Кудай жаштын тилегин берет" дегенге ишенем.
Ток этеер жерин айтсам, жеткен максаттарым бар, жете электери да бар, майдасы да бар, чоңу да бар жана о.э. кыска максаттарым менен катар өмүрүмдүн акырына чейинки максаттарым да бар.
3. Биз кыргыздар эмне учун коро албастыктан,
кызганчаактыктан,
ичи тардыктан арыла албай келебиз?
Азырынча ушулар. Рахмат.
Азырынча ушулар. Рахмат.
Башкага кылган ишибиз (мэйли жакшы иш болсун, мейли жаманы болсун) кайра өзүбүзгө эселенип кайтаарын түшүнбөгөнүбүздөн болсо керек. Эгер биз башканы көрө албасак, бизди көрө албагандар көбөйөт, ичи тардык кылсак бизге да ичин тарыткандар көбөйөт.
Бул сыпаттар өнүгүүгө алып барбаарын жана эч кандай пайдасы жоктугун, тескерисинче зыяны чоң экенин түшүнсөк арылаарбыз деп ойлойм. Дагы, башка элди, башка мамлекетти, алардын жашоосун, сыпаттарын канчалык көп билсек, алар менен аралашсак ошондо да арыла алсак керек.
Кыскасы, өзүбүзгө жакшылык кааласак башкага жакшылык кылышыбыз керек деп ойлом.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5886 09 October 2013 - 10:52
Ассалоом алейкум. Мени байкабасаныз деле керек,бирок мен байкап журом.
1) Дуйнододу эн кучту адам ачуусун баскан адам эмеспи.Сиздин сабырыныз кандай?
2) Дин жана философияда журос.Дин озгорткондор менен жиниз келгени учун суроолорду береспи же аларга куйунгонуз учунбу?
3)Жакын досунуздун эмгегин (машина алды,суротчу болсо конкурса сурот даярдады) кемчилиги бар.Баары мактап,жактап жатат сиз эмне кыласыз? Маегиниз ийгиликту отсун!
Дагы суроо болсо келе калам, рахмат.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#5887 09 October 2013 - 11:52
Ассалому алейкум Алтынбек.
Иштерине ийигилик деп,суроолоруму баштайын.Мени тааныйсынбы?
Дагы бир мындай кызыктуу суроо:эмне учун силерде келиндер кайни журтун сиз дешпейт?
Анан дагы кайрылып отомунго...
Иштерине ийигилик деп,суроолоруму баштайын.Мени тааныйсынбы?
Дагы бир мындай кызыктуу суроо:эмне учун силерде келиндер кайни журтун сиз дешпейт?
Анан дагы кайрылып отомунго...
Валейкум ассалям Аскарули. Каалоолоруңа рахмат.
Сени тааныбагандачы. Эркексиң, 22 жаштасың, супер-фото активистсиң, форумга 2012 жылы 22 ноябрда катталгансың. Жашаган жериң Салтанаттын жүрөгү. Мунун баардыгын жүктөгөн сүрөттөрүңөн улам билем. Дагы жүктөсөң сенин характериң, темпераментиң, вкусуң тууралуу айтып берем.
Дагы бир мындай кызыктуу суроого жооп: Келиндер кайнагаларын "Сиз" дешет, кайнилерин "сен" дешет. Кичүүлөрүн "Сиз" деп башына чыгарып алса жанын коебу? Башталат да анда "Суу алып бергилечи, аркамды тырмап койгулачы, башымды жууп бере калгылачы, тырмагымды алып бере калгылачы... "
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5888 09 October 2013 - 12:23
Салам!
Жашоодо эмне сага дем-куч берет?
кыска нуска суроо.
Жашоодо эмне сага дем-куч берет?
кыска нуска суроо.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#5889 09 October 2013 - 12:24
Ассаламу аллейкум Алтышок! Мен новичок болсом да суроо берейин кап этпесен. Жашоодо жетишкендик катары эмнени эсептейсин?
!
Ва алейкум ассалям Сенсей.
Ушул жагы ойлонтту да. ...... Эч нерсеге жетише элек окшойм
Рахмат Сенсей.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5890 09 October 2013 - 12:31
Менде мындай суроо пайда болду...
- Жаш экенсиз, бойдок да окшойсуз, кесибиңиз, ишиңиз да бар аймактык деңгээлде дегендей. Сиздин чөйрөңүздө өзүңүздөй адамдар көппү?

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#5891 09 October 2013 - 12:42
Ассалоом алейкум. Мени байкабасаныз деле керек,бирок мен байкап журом.
1) Дуйнододу эн кучту адам ачуусун баскан адам эмеспи.Сиздин сабырыныз кандай?
1) Дуйнододу эн кучту адам ачуусун баскан адам эмеспи.Сиздин сабырыныз кандай?
Ва алейкум ассалям AZIK01. Байкап эле жүрөм, кам санаба
1. Сиз айткан сөздү эстегенимде сабырдуу боло калам анча-мынча, эстебегенимде сабырдын дайыны жок болуп кетет.
2) Дин жана философияда журос.Дин озгорткондор менен жиниз келгени учун суроолорду береспи же аларга куйунгонуз учунбу?
Алгач күйүнгөнүм үчүн суроо берсем керек. Акыйкат башкача болоорун түшүндүрөйүн дегем. Бирок, кийинчереек Исламды, Мухаммед пайгамбарды басмырлашканынан улам ачуулуу абалда суроо бергенге өткөм.
3)Жакын досунуздун эмгегин (машина алды,суротчу болсо конкурса сурот даярдады) кемчилиги бар. Баары мактап,жактап жатат сиз эмне кыласыз? Маегиниз ийгиликту отсун!
Дагы суроо болсо келе калам, рахмат.
Дагы суроо болсо келе калам, рахмат.
Эгер ал конкурстан чыгым тартып калбаса кемчилигин айтпасам деле керек. Аракет кылып, бир топ убара тартса бир сөзүм менен баарын бузуп салбайын деген ниетти карманмакмын. Дагы, конкурска катышып, өз кемчилигин көрсө, андан мен айткандан дагы көп сабак алат деп билем. Эгер айткан болсом "Бул жериң кемчилик" деп кесе айтпастан, "Бул жагын мындай кылсаң жакшыраак болчудай" деп акырын айтып көрмөкмүн.
Рахмат.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5892 09 October 2013 - 13:08
Салам!
Жашоодо эмне сага дем-куч берет?
кыска нуска суроо.
Жашоодо эмне сага дем-куч берет?
кыска нуска суроо.
Саламатсызбы Минюша эже. Сизди күннндө көрөм жана дил-кутудагы талкууңарды күнндө окуйм. Күннндө күнндөй болуп жаркырейшн болуп жүрө бериңиз.
"Баардыгы Кудайдын буйругу менен болот" деген ишеним, жана баардыгы убактылуу экендиги, болушунча оптимист болгонго кылган аракетим дем-күч берет. Өзгөчө, жаман абалдарга туш болгондо жакшы жардамын берет. Дагы бир метод: кыйналып жаткан учурда өзүмдү бир канча убакыт алдыда, баардыгы өтүп кеткен учурду элестетип коем. Качан ал учурга жеткенде аркамды карап ошол кыйынчылыктарды бийиктиктен карап шылдыңдап коем
Жана да баардык абалдан сабак алууга боло тургандыгын билем.
Курандын кыргызча маанисинде, хадистерде көптөгөн дем-күч бере турган, кыйынчылыктарда соорото турган күчтүү сүйлөмдөрдү кездештирүүгө болот. "Ким Аллахты тапса ал баардыгын тааптыр, Ким Аллахты жоготсо ал баардыгын жоготуптур" деген сыяктуу.
Оор күн болгон учурда апамдын жылуу сөздөрү да дем-күч берип, проблемалаларды унуттуруп коет.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5893 09 October 2013 - 13:48
Валейкум ассалям Аскарули. Каалоолоруңа рахмат.
Сени тааныбагандачы. Эркексиң, 22 жаштасың, супер-фото активистсиң, форумга 2012 жылы 22 ноябрда катталгансың. Жашаган жериң Салтанаттын жүрөгү. Мунун баардыгын жүктөгөн сүрөттөрүңөн улам билем. Дагы жүктөсөң сенин характериң, темпераментиң, вкусуң тууралуу айтып берем.
Дагы бир мындай кызыктуу суроого жооп: Келиндер кайнагаларын "Сиз" дешет, кайнилерин "сен" дешет. Кичүүлөрүн "Сиз" деп башына чыгарып алса жанын коебу? Башталат да анда "Суу алып бергилечи, аркамды тырмап койгулачы, башымды жууп бере калгылачы, тырмагымды алып бере калгылачы... "
#5894 09 October 2013 - 15:02
Менде мындай суроо пайда болду...
- Жаш экенсиз, бойдок да окшойсуз, кесибиңиз, ишиңиз да бар аймактык деңгээлде дегендей. Сиздин чөйрөңүздө өзүңүздөй адамдар көппү?
- Жаш экенсиз, бойдок да окшойсуз, кесибиңиз, ишиңиз да бар аймактык деңгээлде дегендей. Сиздин чөйрөңүздө өзүңүздөй адамдар көппү?
Саламатсызбы Адальс.
Чөйрөмдө жаш адамдар көп, бойдоктор болжол менен жарымы, окуусун бүтүп кесиби барлар дагы жарымы, иши барлар дагы жарымы. Көптүн биримин дейинчи.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5895 10 October 2013 - 13:02
Саламатсызбы,
Алтышок мырза
/>
Келип калдыныз анан, тамашалардан бокторунуп. Билдируулорунуз маанайды которуп коет. Ошого ойлонууп ойлонуп 'кандай кыпчыма суроо берсем тамаша окуйм' деп жатып башым катты. Бир да суроом наймальный чыксачы(тузу жоок!)! Эптеп-септеп башкале тараптан бир-эки суроо суйроп келдим, сизди бекер отурбасын деп. Итаак:
1. Ислам дини боюнча тырансфарматыр чукуй аласызбы? Канчалык денгээлде?
2. Бойдок экенсиз, кыздар менен кантип таанышасыз? Же кыздар озу таанышабы? Эмнесине биринчи конул бурасыз?
З. Эмнениз менен красавчиксиз?
4. Кыргыз тилинен башка дагы кайсы тилдерди билесиз?
5. Голдон(Ысык- Колдон) башка Кыргызстандын кай жеринде болгонсуз?
6. Эгер сиз АКШнын президенти болсонуз...? Эгер сиз АШАнын досу болсонуз...?
7. Эгер сиз чындап эле Алтынбек эмес Алтынай болуп жаралганынызда азыркы Алтынбектин кандай кыялы жакмак эмес?(башыныз айланбайлеби? )
8. Эркин микрофон. Оюнузда биз менен болушкунуз келген бирдемениз бар болсо тогулуп алыныз.
Жоопторго алдын ала рахмат. Денсоолукта болуп бакыт кушу башыныздан кетпесин. Интервьюнузга ийгилик

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#5896 10 October 2013 - 16:53
Саламатсызбы,
Алтышок мырза
/>
Келип калдыныз анан, тамашалардан бокторунуп. Билдируулорунуз маанайды которуп коет. Ошого ойлонууп ойлонуп 'кандай кыпчыма суроо берсем тамаша окуйм' деп жатып башым катты. Бир да суроом наймальный чыксачы(тузу жоок!)! Эптеп-септеп башкале тараптан бир-эки суроо суйроп келдим, сизди бекер отурбасын деп.

Саламатчылык Айжан айым. Кандайсыз? Отурасыз анан
Тамаша күтсөңүздөр капалантып коет окшойм. Анткени бир топтон бери серьезный болоюн деп машыгып жүрдүм эле. Азыр анча-мынча адамдарга сүр көрсөткөнгө жетишип калдым.
Итаак:
1. Ислам дини боюнча тырансфарматыр чукуй аласызбы? Канчалык денгээлде?
1. Ислам дини боюнча тырансфарматыр чукуй аласызбы? Канчалык денгээлде?
Эшигин ачып карап коем. Кайсынысы ток уруп зыян берет, кайсынынсы зыян бербейт үйрөнүп жатам да. Билбеген жеримди билгиче чукубай турам ("ркуоводствосунда ошондой да негизи")
2. Бойдок экенсиз, кыздар менен кантип таанышасыз?
Же кыздар озу таанышабы? Эмнесине биринчи конул бурасыз?
"Бойдок экем" деп эле таанышам. Негизи приемдор көп.
"Кай жакты карап атасыз, чогуу карайлы".
"Ойлонуп атам".
"Ошо ойлонгон жагын чогуу ойлоно албайм. Кыздар башкача ойлонот да".
"Чоң кыз, бул жака барасызбы"
"Ооба"
"Мени да ала кетиңизчи" ...
Көбүнчөсү процесс убагында жаралат.
"Талга чымчык конобу", "саат канча болду" деген мезгилден өткөнбүз да кыскасы. Бирок, акыркы күндөрү токтолуп калдым окшойт, ырас.
Тааныш кыздар таанышат. Кээ бирлери таанымаксан болуп коюшат (Ага чейин мен таанымаксан болуп койсом керек). Тааныбагандар мен президент болгондо таанышат.
Алгач кийимине (Хиджап темасы үчүн атайы жазып жатат дебегиле). Хиджап кийбесе дагы жабык кийингендерге көңүл бурам. Анан албетте мурду-башына, кабак-кашына дегендей. Бирок, хиджап кийгендер көбүрөөк жагат. АНан бара калып таанышканга эрк жетпейт да.
З. Эмнениз менен красавчиксиз?
Диним менен жана улутум менен. Жана мен үчүн диним жана улутум каршы келбейт, тескерисинче бири-бирине жарашып турат.
Мусулмандан өткөн красавчик бар бекен? Же кыргыздан өткөн красавчик бар бекен? Күмөнүм бар.
4. Кыргыз тилинен башка дагы кайсы тилдерди билесиз?
Орус тилин орто билем. Англис тилин болсо "это"логондой билем.
5. Голдон(Ысык-
Колдон) башка Кыргызстандын кай жеринде болгонсуз?
Оой сурайсыз да. Чүйдө да конешно. Көлдү айланып да чыккам. Бул жазгандарым эч жерди көрө электигимдин эмес, кичи мекениме аййябай эле патриот экенимдин белгиси. 5 айга дагы калтыргым келбейт, тем более канадецтерге.
6. Эгер сиз АКШнын президенти болсонуз...?
Эгер орто кылымда болсом кулчулукту жоюп, Обаманын ата-тегинин укугун башкалар менен теңемекмин
Эгер азыр болсом баардык тышкы аскерлерди кайрып "Эч кайсы өлкөгө аралашпайм. Билгениңерди кылгыла. Карыздан кутулуш керек" демекмин.
Эгер келечекте болсом "Эээй, көрсө биз уникалдуу эл эмес экенбиз. Өнүгүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган "Кыргыздар" деген вапще уникалдуу калк бар экен. Мамлекетин ушуга жеткирген башчысы уууаппщще эле уникалдуу экен" демекмин.
6. Эгер сиз АШАнын досу болсонуз...?
Эгер АША кичинекейинде дос болсом тамагымдын жармын берип, кийимимдин жармын кийгизип, бир-туугандай мамиледе болмокмун.
Эгер АШАга азыр дос болгонумда эң жакын досу болмокмун. Анткени, бир кездерде тамакты бөлүшүп жеп, кийимди бөлүшүп кийип койгонбуз да. Анан акырындан Атамбаевдин колдоосу менен элге тааныла баштап, болжол менен 5-10 жылдан кийин президент болууга камынмакмын.
Эгер АШАга келечекте дос болсом "Көрдүңбү, укмуштудай план десем ишенбей жатып араң ишендиң эле. Уксаң, АКШнын президенти эмне деп сүйлөп атат" демекмин жакын досумду далыдан таптап. Анда сиз пенсияңызга Канар аралына барып эс алып турмаксыз.
7. Эгер сиз чындап эле Алтынбек эмес Алтынай болуп жаралганынызда азыркы Алтынбектин кандай кыялы жакмак эмес?(башыныз айланбайлеби?
)
Унутчаактыгы менен көп нерсени байкабашы. Анда "эркектин баары ушундай" деп ойлоп жүрмөк экенмин жүрөгүнүн түпкүрүндө ар ким ар кандай болоорун билбей.
8. Эркин микрофон. Оюнузда биз менен болушкунуз келген бирдемениз бар болсо тогулуп алыныз.
Күн жамман ысыды э.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#5897 10 October 2013 - 22:54
Салам! Мен эми бул нигим менен келип калдым.
ASTRA.tea деген нигим сүргүнгө жолдомо алып,ошол жакка шашылыш жөнөп кетти эле...
Эми суроолорго өтсөм; оңой-олтой эле суроолор:
1. Кайсы бир партиянын мүчөсү болосуң? Эгер кайсы бир партиянын мүчөсү болсоң качан,кайсы жылы,эмне болуп кошулуп калдың? Кандай алгылыктуу иштерди жасап жатасыңар? Бир аз кичине саймедиреп кетсең.
2. "Эгер биз оңолсок,Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой." деген кол жазмаңа көзүм түштү. Кантип оңолот? а) Жаштар баары акча табабыз деп сыртта оокаттарын кечирип,күн көрүп,ЖОЖ дын босогосун да аттап койбостон кызылдай акчага диплом сатып алып жатышса...? б) Беш жыл эмгек кылып окуп,колдоруна дипломдорун алышып,иш таппай же тапса да айлыгы аз деген шылтоону айтып,дипломун сандыктын түбүнө катып чет өлкөлөргө акча кылабыз деп ошол жакта "жогорку билимдүү" деген статусу менен короо шыпырып,кар күрөп,пол жууп,идиш жууп жүрүшсө? в) "Жепутаттарыбыздын" ахвалы тиги болсо...? ж.б. Кантип? Каннтип? Кантип... айтсаң?
3. Форумда канча ник менен жүрөсүң? Ушул эле нигим бар "өлүп кетейин,чын айтам" дей турган болсоң... а эмнеге башка нигиң жок? Эмнеге ачпайсың? Эмне элден бир жериң кемби? Ачта.
4. Эшек араба,ат араба,машийне барбы?
5. Келечекте өзүңдү саясатчылардын арасынан көрө аласыңбы?
6. Азыркы тапта эмне менен алексиң? Дегеним азыркы убакта бешиктеги баланын да бизнеси бар,өзүң билесиң. Жашыракей жок. Ушулле суроолор,бооолду
Сага көңүлдүү маек! 

#5898 11 October 2013 - 01:41
Кандайсыз голдук жигит?!
Тиги сахнада эчкидей сервендеп "колдук жигит,колдук жигит кол тубуно ала кет!"- деп какшангадардын журогун ээлеген мырза сиз эмеспи деги
?!
Алыкулдун акбоз атын минип отузга чукулдап калдынызбы, же Чынгыз авам(байкени колдукчо айтып жатамда) ырдаган Жыйырма бешке чукулдап, ар бир ташыныз жогору кулап жаткан кезби?!Дегеним менден кичуулорда сендеп журулор,а так мен ойлогом бул мырза отуздун ар жак,бер жагын уруп койдугооо деп.Так жашынызды айтып коюнузчу кичи пейилдике! !!
Иии,анан омурунуздо бир эле жолу пара берип,же алып кордунузбу, чын пейилден ачык айтсаныз,баарибир усту жакта кожоюнубуз карап туратго.'Эми кыргызбызго кыргызча эле суйлошолу '-деп,кыйчалыш кырдаалдан чыгып кетип журосузбу,же сизге кыргызча варианттарды сунуштаса макул болосузбу,кантседа адамдын жузу ыссыкго?!Же мусулманчылыкка туура келбейт деп жолго саласызбы?! Бейтааныштыго жолуна салып коюш оной,колу -коншу,тууган урукка кантесиз?
Дин болумуно баш бакканда башында топусу,колунда теспеси бар замандаштарын ыйманга угуттогон такыбаа молдону элестетемда.
Башка темалардан сизди коруп калсам,шандуу компаниянын коркун ачкан,тамаша менен айланасын кулкуго жыккан , олтуруштардын гулу десем окшошпой калат экен,гулдордун журогун жылыткан шайыр Алтышокту элестетем.
Эми болсо тан эрте жумушуна шашкан,кечкисин апасына шашкан, колунда дипломат кармаган оз ишинин мыкты адаси деп элестетип баштадым.Элестеткичтерим шундай шумдук иштеп кетет
Ардайым чыныгы мусулман боюнча калыныз,ардайым кыргыз боюнча калыныз, эн негизгиси класабчик боюнча калыныз! Ипсооо , создорум тугонуп калды окшойт.Кыргызстанды онуктуруп журо бериниз,ишинизге ийгилик !!!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#5899 11 October 2013 - 01:44
Саламатсынбы Алтынбек бобогум! Билсен керек, кары эжелери инисин бобогум деп кайрылат.Бала кезимде угуп тан калат элем кары апалар неге чон эле баланы бобогум дейт деп.Корсо торкунун сагынып келип инилерин эркелетип бобогум дечуу экен да.Бобогум суроо берейин десем суроонун баары берилгенсиптир.
Ошонтсе да бир суроо берип кетейин.
1.Колумдо бир аз тополон болду деп угуп атам,элим,журтум тынч бекен?Жабыр тартып,кыйналгандар жок бекен?Дайыма бей бечералар жабыр тартып келчуу эле камалганы жок бекен? Чындык деген чыркырап жашынып калчуу эле ошон учун озундон сурап отурам....
Алтынбек иним,омурун узун болсун,бактын кенен болсун,ишин ийгиликтуу болсун ата -эненди суйунткон мээрбан уулу бол!
Саламым менен колун сагынып,торкунун сагынып,силердей азамат инилерине сыймыктанган эженер.Рая.

#5900 11 October 2013 - 10:46
Салам! Мен эми бул нигим менен келип калдым.
ASTRA.tea деген нигим сүргүнгө жолдомо алып,ошол жакка шашылыш жөнөп кетти эле...
Эми суроолорго өтсөм; оңой-олтой эле суроолор:
Салам. Сиздин чайный нигиңизди тааныбай калыпмын да
Салам! Мен эми бул нигим менен келип калдым.
ASTRA.tea деген нигим сүргүнгө жолдомо алып,ошол жакка шашылыш жөнөп кетти эле...
Эми суроолорго өтсөм; оңой-олтой эле суроолор:
1. Кайсы бир партиянын мүчөсү болосуң? Эгер кайсы бир партиянын мүчөсү болсоң качан,кайсы жылы,эмне болуп кошулуп калдың? Кандай алгылыктуу иштерди жасап жатасыңар? Бир аз кичине саймедиреп кетсең.
1. Кайсы бир партиянын мүчөсү болосуң? Эгер кайсы бир партиянын мүчөсү болсоң качан,кайсы жылы,эмне болуп кошулуп калдың? Кандай алгылыктуу иштерди жасап жатасыңар? Бир аз кичине саймедиреп кетсең.
Оой кайсы гана партиянын мүчөсү болгон жокмун. СДПК, Акыйкат, Мекен Ынтымагы. Шайлоолордо байкоочу болуп иштегеним үчүн катаалууга туура келген. Болжол менен 2010-11 жж. Ал эми Мекен Ынтымагына өз каалоом менен киргем жана ал партиядан байкоочу дагы болгом. Бул партиялардагы адамдардын санын көбөйткөндөн башка пайдам тие элек. Болгону "Мекен Ынтымагынан" Караколду өнүктүрүү планын талкуулаганбыз.
2. "Эгер биз оңолсок,Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой." деген кол жазмаңа көзүм түштү. Кантип оңолот? а) Жаштар баары акча табабыз деп сыртта оокаттарын кечирип,күн көрүп,ЖОЖ дын босогосун да аттап койбостон кызылдай акчага диплом сатып алып жатышса...? б) Беш жыл эмгек кылып окуп,колдоруна дипломдорун алышып,иш таппай же тапса да айлыгы аз деген шылтоону айтып,дипломун сандыктын түбүнө катып чет өлкөлөргө акча кылабыз деп ошол жакта "жогорку билимдүү"
деген статусу менен короо шыпырып,кар күрөп,пол жууп,идиш жууп жүрүшсө? в) "Жепутаттарыбыздын"
ахвалы тиги болсо...? ж.б. Кантип? Каннтип? Кантип... айтсаң?
Ошон үчүн оңололу деп жүрбөйүнбү. Оңолсок жаштар ЖОЖдордун босогосун аттамак тургай түнөп калышат. Акча менен баа ала албай окуш гана керек болуп калганынан. Окугандан кийин чет жерге чыкса дагы короо шыпырбай короо шыптыртып калат. Мекенибизге акча жибере берет. Ал акчага келип туруп бизнес ачып салат.
Пара берейин десең албай калса, алайын десең бербей калса, андай акчалар элге кетип жатпайбы. Эл байыйт, ишкана ачат. Ал жерде диплому барлар иштейт баштайт. Чет жердегеилер келе баштайт.
Анан эл оңолсо депутаттар дагы оңолот, хан дагы оңолот. Жепуттатарыбыз жебей да утпай да калат.
УШинтип.
3. Форумда канча ник менен жүрөсүң? Ушул эле нигим бар "өлүп кетейин,чын айтам" дей турган болсоң... а эмнеге башка нигиң жок? Эмнеге ачпайсың? Эмне элден бир жериң кемби? Ачта. 
Негизи 3 ник менен жүрөм. Бири өчүп деле калды болуш керек - students дегеним. Азыр экөө активдүү.
Активдүүнүн экинчисин аз убакыт мурда форумчуларды көрүп ачып койгом. Аны айтпайм кайсы экенин. Аны менен дагы бир жолу интервью берип калаармын. Же болбосо маскамды чечип туруп нукура жүзүм менен тийишип турганга дагы керек.
4. Эшек араба,ат араба,машийне барбы? 
Эшек араба болгон эмес, ат арабам бар, машийнем келечекте болот буюрса.
5. Келечекте өзүңдү саясатчылардын арасынан көрө аласыңбы?
Көргүм деле келбейт. Бирок, көрүп калсам анча деле таң калбайм.
6. Азыркы тапта эмне менен алексиң? Дегеним азыркы убакта бешиктеги баланын да бизнеси бар,өзүң билесиң. Жашыракей жок. Ушулле суроолор,бооолду
Сага көңүлдүү маек! 
Мамлекеттик кызматымдан башка бизнесим деле жок. Бирок, пландар бар. Жашырганым жок.
Суроолорго, каалоолорго рахмат.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.

Супер-Инфо
super.kg
видео