Суперстан: Анекдот айтып берчи. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • > Оюн, күлкү, тамаша
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (127 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Анекдот айтып берчи. Андигидот билгендердин клубу....

#1081 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:33

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

"АШАкана" . 7-кабат. АША Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди кабыл алып жатат.
Канча жоокериңиз бар?
Кырк жигит, - дейт министр.
Канча генералыңыз бар?
Төрт жүз!
Отуз тогуз жоокериңиз качып кетсе, төрт жүз генералыңыз бир жоокерди башкарып калдыбы? - деген имиш ансыз деле башы ооруп турган АША.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1082 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:34

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Физика сабагында мугалим Акматты тургузуп:
Акмат, жайдын күнү автобустасың күн аябай ысык. Эмне кыласың?
Терезени ачам, агай.
Азамат! Анда терезеден кирген абанын коэффициентин айтчы.
Би-и-илбейм ,агай.
Эки! Отур
Мугалим окуучулардын баарын бирден сурап баштайт. Туура жооп жок. Акырында Ташматты тургузат.
Кана сен эмне кылат элең?
Агай, ысысам көйнөгүмдү чечем.
А, аябай ысык болсочу?
Анда майкемди да чечип салам.
Адам чыдагыс болуп кетсечи?
Агай, өлүп кетсем да терезени ачпайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1083 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:37

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Айшакан кездеме алганы базарга барат. Соодагерден баасын сураса, соодагер кылгырып Айшаканды бир карап алып: "Бир метри - бир өбүш",-дейт. Айшакан макул деп 10 метр кездеме алат. Соодагер шашкалактап ченей калып, "акысын" алганга жымыңдап даярданып калат. Айшакан кездемени
баштыгына салдырып, соодагерди жылмайыыып карап, артындагы Ташматты көрсөтүп:" Акысын бул киши төлөйт",-деп басып кетиптир
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1084 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:38

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Эки каракчы түндөсү Ташматты кармап алат. Ташмат бар күчү менен каршылык көрсөтүп, экөөсү менен алышып мушташат. Аягында эки каракчы көптөп Ташматты кулатып, чөнтөгүн аңтарса болгону 10 сом чыгат. Таң калган каракчынын бирөө:
Ай, болгону он сомуң бар экен. Эмне мынча жан алакетке түштүң?
Анда Ташмат:
Мен силерди байпагымдагы 500 сомду таап алат экен деп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1085 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:40

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Милиционер командирине абалды түшүндүрүп жатат:
Бүгүн бир кызыктай буйрутма киши өлтүрүү катталды. Акыркы текшерүүчү ок башына эмес көчүгүнө атылыптыр.
А кимди өлтүрүшүптүр?
Жогорку Кеңештин депутатын
Ааа, анда түшүнүктүү. . акылдуу киллер экен. Азыркы учурда алардын керектүү органы кайда экенин билет экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1086 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:42

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Ала-Тоо жаңылыктарынын аягында татынакай кыз эртеңки күнгө митинг-прогнозду айтып жатат:
Эртең Кыргызстан боюнча митинг дээрлик жок. Жер-жерлерде анча-мынча киши топтолуусу күтүлөт. Аларды тобу менен келген кызыл шапкечендер айдап кетет. Жүрүш жасаганы жаткандар түштөн кийин таркатылат. Эртеңки күнүңүздөр көңүлдүү өтсүн. Саламатта калыңыздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1087 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:43

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Ташмат Акматка:
Акмат, ушу Ак үйдү боз үйдөн эле куруп, күндө ордун которуп, көчүрүп туруш керек экен деп ойлоп калдым.
Эмнеге?
Элестет, сен түнү менен митингге даярданып эрте менен келсең эле Ак үй жок! Сен издеп тапкыча күн кечтейт. Тиги 120 бекерпоз да үй чечип, кайра тигип иштеп турмак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1088 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:45

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Мугалим эжей Муратка:
Мурат, "бала атты чаап келип, сууга түшүп, чөгүп кетти" деген сүйлөм англисчеге кандай болуп которулат?
Зе бой тыкы-тык,тыкы- тык,чулуп,булк- булк-буууулк. Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1089 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:50

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Турциядан келген меймандар сурайт
Силерди ушуга чейин бозүйдө жашаган калк деп айтышчу эле. Бирок заңгыраган кабат үйлөрдү кантип кургансыңар? Силерди канча көчмөн эл деген менен шаарыңар укмуш экен го, татынакай театр, музейиңер турат
Бул шаарды биз курган эмеспиз. Жалаң орустардын мойнуна минип, ошолорго курдурганбыз, – дешет кыкелер.
Азыр алардын көпчүлүгү кетип атса, эми кимге курдурасыңар? – десе
Эми түрктүн мойнуна минбей жаныбыз жокпу, – дешиптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1090 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   15 Октябрь 2013 - 12:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

150go 4ykkan aksakaldan interviu alyp jatat jurnalyster;
Aksakal 150go 4ygypsyz syry emnede dese.
Aksakal aityp jatat syry dele jok en negizgisin aitaiyn men butundoi aiylga karyzmyn owolor menin den soolugumdu tilep jatywat uwu 4al olup kalbasa eken karyzybyzdy kaitaryp alaiyk dep birok men ten jarymynan kutulup koidum deit
Kantip kutuldunuz?
Kop4ulugu olup kalywty deptir
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1091 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:51

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Каякта иштейсиз?
Кесме (лапша) чыгарган жерде.
Апей, Жогорку Кеңеште депутатсызбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1092 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:55

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Түндѳ күйѳѳсүнүн кыйкырыгынан чочуп ойгонгон аялы:
Эмне кыйкырып жатасың?
Коркунучтуу түш кѳрдүм. Элестет , кайра сага үйлѳнүп жатыптырмын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1093 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 12:57

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Америкалыктар акыркы үлгүдѳгү, тѳрт кыймылдаткычы бар учак жасашып, аны араб ѳлкѳлѳрүндѳ сыноодон ѳткѳрмѳй болушат. Араб улутундагы эң алдыңкы учкучту учакка отургузушат. Абада кыймылдаткычтардын бири иштебей калат. Экранда “Do not panic. This is American technology” деген жазуу чыгат. Араб эс ала түшѳт. Бир аздан кийин экинчи кыймылдаткыч да токтоп калат. Бул жолу да мурунку эле жазуу кайра чыгат. Ошентип биринин артынан бири тѳрт кыймылдаткыч да иштен чыгып, араб чындап алдастап калат. Анда экранда кайра эле мурунку жазуу чыгат. Акыры учак жерге ийгиликтүү конот. Бул окуядан кийин араптар да америкалыктар жасаганды биз эмнеге жасабайбыз деп ошондой үлгүдѳгү учак жасоону чечишет. Алар да учакты сыноодон ѳткѳрүү үчүн америкалык учкучка тапшырышат. Учак эми эле абага кѳтѳрүлѳрү менен биринчи кыймылдаткыч иштебей калат. Анан экинчиси, үчүнчүсү. Экранда “Don't panic. This is Arabic technology” деген жазуу улам чыгып турат. Америкалык учкуч бул биздин учактын эле кѳчүрмѳсү го деп ойлоп жай ала түшѳт. Анткенче акыркы кыймылдаткыч да бузулат да, учак жерге кулап түшѳѳргѳ аз калганда экранда “Repeat after me: Эшхеду ан ла илааха илаллах ва ашхаду ан на Мухаммадур Расулуллах” деген жазуу чыгат экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1094 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 13:02

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Илгерииии, илгериии... Христиан пастору тоолуу Нарынга келип, өзүнүн динине элди бурайын дейт. Арадан бир кыргыз
котормочу болуп чыга келет.
Пастор: Аллилуйя!
Котормочу: Туугандар 5 мүнөт!
Пастор: Кудай Адамды жана Еваны жаратты.
Которм очу: Короче, Акайчик и Майрам.
Пастор: Ева "запретный плодду" жеп салды
Котормочу: Майрамдын көзүн май басты
Пастор: Ошон үчүн аларды бейиштен кууп салышты.
Котормочу: Алар Москвага куулду.
Пастор: Был Всемирный Потоп .
Котормочу: Марадерлор жайнады.
Пастор: Затем, Бог создал каждой твари по паре
Котормочу: Ошентип Бакиев-Кулов тандеми түзүлдү

Билдирүүнү түзөткөн: altinim: 15 Октябрь 2013 - 13:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1095 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 13:06

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

АША, Медведев, Каримов саммитте сүйлөшүп калат.
Каримов: Өзбекстан өнүктү десе болот, ар бир атуулда бирден Nexia, Damas бар.
АША : Биздикилер да өнүгүүдө, ар бир үйдө эмес, ар бир бөлмөдө экиден шам чырак бар
Медведев: Өлкөбүздө канча машина бар экенин билбейт экенмин. А бирок ар бир үйдө экиден өзбек, экиден кыргыз бар экенин анык билем

Билдирүүнү түзөткөн: altinim: 15 Октябрь 2013 - 13:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1096 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 13:07

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Түндө күйөөсү үйгө келбей калат. "Каякта жүрөсүң?!" деп буркан-шаркан түшкөн аялына, "мени деген бүркүт деп коёт, каякка учам, каякка коном, өзүм билем" деп кыйынсынат. Эртеси "мына эмесе!" деп туруп, аялы келбей коёт. Анда күйөөсүнүн "каякта жүрөсүң?!" деп ызырынганына, "мени деген чычкан деп коёт. Мени кайсы бүркүт качан, кайсы убакта кое берсе, ошондо келем" дептир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1097 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 13:10

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Мырзалардын достугу.
Күйөөсү эрте менен үйүнө келет.
Аялы: Кайда жүрдүң?
Досумдукунда түнөдүм
Аялы күйөөсүнүн он досуна чалып чыгат. Жыйынтыгы: алтоосунукунда түнөптүр; төртөөсүнүкүндө дагы эле уктап жатат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1098 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 13:11

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Жаңы депутаттардын бири кагаз-кугаздарын көтөрүп, мен деле бир сүйлөп коеюн деп, микрофонго келет: Мынабу… мен айтайын дегеним, мыйзамдын мынабу… хы-хы-хынчы статьясында
Кайсы мыйзам, кайсы статьяны айтып атат бул?.. Хы-хы-хысы эмнеси?- төрага өз кагаздарын аңтарат.
Мына бул жерде турбайбы… хы-хы-хынчы статья деп?
Ал хы-хы-хы эмес сага, Рим цифрасы менен отузунчу статья деп жазылып туратСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1099 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 13:13

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Маршруткага чыгып бараткан кыз эшикти жапканды унутуп коёт.
Айдоочу: Чоң кыз, эмне боз үйдө төрөлдүңүз беле?
Жок, хансарайда эле төрөлгөм. Бизде ушундай, артыбыздан кызматчылар эшикти жаап турушат,-дептир Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1100 Жолоочу_altinim_* 15 Октябрь 2013 - 13:14

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Банан менен тамеки «Кимдин өлүмү аянычтуу?» деген темада маектешип жатышат.
Банан:Менин өлүмүм өтө аянычтуу. Алгач теримди сыйрышат да, анан тиштегилеп жеп салышат.
Сеники анчалык деле аянычтуу эмес экен. А менин болсо алгач башыма өрт коюшат да, артымдан болушунча сорушат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Оюн, күлкү, тамаша
  • Кийинки тема →

  • (127 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 00:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: