"АШАкана"
. 7-кабат. АША Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди кабыл алып жатат.
Канча жоокериңиз бар?
Кырк жигит, - дейт министр.
Канча генералыңыз бар?
Төрт жүз!
Отуз тогуз жоокериңиз качып кетсе, төрт жүз генералыңыз бир жоокерди башкарып калдыбы? - деген имиш ансыз деле башы ооруп турган АША.
Анекдот айтып берчи. Андигидот билгендердин клубу....
#1082 15 Октябрь 2013 - 12:34
Физика сабагында мугалим Акматты тургузуп:
Акмат, жайдын күнү автобустасың күн аябай ысык. Эмне кыласың?
Терезени ачам, агай.
Азамат! Анда терезеден кирген абанын коэффициентин айтчы.
Би-и-илбейм ,агай.
Эки! Отур
Мугалим окуучулардын баарын бирден сурап баштайт. Туура жооп жок. Акырында Ташматты тургузат.
Кана сен эмне кылат элең?
Агай, ысысам көйнөгүмдү чечем.
А, аябай ысык болсочу?
Анда майкемди да чечип салам.
Адам чыдагыс болуп кетсечи?
Агай, өлүп кетсем да терезени ачпайм.

#1083 15 Октябрь 2013 - 12:37
Айшакан кездеме алганы базарга барат. Соодагерден баасын сураса, соодагер кылгырып Айшаканды бир карап алып: "Бир метри - бир өбүш",-дейт.
Айшакан макул деп 10 метр кездеме алат. Соодагер шашкалактап ченей калып, "акысын"
алганга жымыңдап даярданып калат. Айшакан кездемени
баштыгына салдырып, соодагерди жылмайыыып карап, артындагы Ташматты көрсөтүп:" Акысын бул киши төлөйт",-деп басып кетиптир
баштыгына салдырып, соодагерди жылмайыыып карап, артындагы Ташматты көрсөтүп:" Акысын бул киши төлөйт",-деп басып кетиптир
#1084 15 Октябрь 2013 - 12:38
Эки каракчы түндөсү Ташматты кармап алат. Ташмат бар күчү менен каршылык көрсөтүп, экөөсү менен алышып мушташат. Аягында эки каракчы көптөп Ташматты кулатып, чөнтөгүн аңтарса болгону 10 сом чыгат. Таң калган каракчынын бирөө:
Ай, болгону он сомуң бар экен. Эмне мынча жан алакетке түштүң?
Анда Ташмат:
Мен силерди байпагымдагы 500 сомду таап алат экен деп
Ай, болгону он сомуң бар экен. Эмне мынча жан алакетке түштүң?
Анда Ташмат:
Мен силерди байпагымдагы 500 сомду таап алат экен деп
#1085 15 Октябрь 2013 - 12:40
Милиционер командирине абалды түшүндүрүп жатат:
Бүгүн бир кызыктай буйрутма киши өлтүрүү катталды. Акыркы текшерүүчү ок башына эмес көчүгүнө атылыптыр.
А кимди өлтүрүшүптүр?
Жогорку Кеңештин депутатын
Ааа, анда түшүнүктүү. . акылдуу киллер экен. Азыркы учурда алардын керектүү органы кайда экенин билет экен

#1086 15 Октябрь 2013 - 12:42
Ала-Тоо жаңылыктарынын аягында татынакай кыз эртеңки күнгө митинг-прогнозду айтып жатат:
Эртең Кыргызстан боюнча митинг дээрлик жок. Жер-жерлерде анча-мынча киши топтолуусу күтүлөт. Аларды тобу менен келген кызыл шапкечендер айдап кетет. Жүрүш жасаганы жаткандар түштөн кийин таркатылат. Эртеңки күнүңүздөр көңүлдүү өтсүн. Саламатта калыңыздар.

#1087 15 Октябрь 2013 - 12:43
Ташмат Акматка:
Акмат, ушу Ак үйдү боз үйдөн эле куруп, күндө ордун которуп, көчүрүп туруш керек экен деп ойлоп калдым.
Эмнеге?
Элестет, сен түнү менен митингге даярданып эрте менен келсең эле Ак үй жок! Сен издеп тапкыча күн кечтейт. Тиги 120 бекерпоз да үй чечип, кайра тигип иштеп турмак.

#1088 15 Октябрь 2013 - 12:45
Мугалим эжей Муратка:
Мурат, "бала атты чаап келип, сууга түшүп, чөгүп кетти" деген сүйлөм англисчеге кандай болуп которулат?
Зе бой тыкы-тык,тыкы- тык,чулуп,булк- булк-буууулк.
Мурат, "бала атты чаап келип, сууга түшүп, чөгүп кетти" деген сүйлөм англисчеге кандай болуп которулат?
Зе бой тыкы-тык,тыкы- тык,чулуп,булк- булк-буууулк.

#1089 15 Октябрь 2013 - 12:50
Турциядан келген меймандар сурайт
Силерди ушуга чейин бозүйдө жашаган калк деп айтышчу эле. Бирок заңгыраган кабат үйлөрдү кантип кургансыңар? Силерди канча көчмөн эл деген менен шаарыңар укмуш экен го, татынакай театр, музейиңер турат
Бул шаарды биз курган эмеспиз. Жалаң орустардын мойнуна минип, ошолорго курдурганбыз, – дешет кыкелер.
Азыр алардын көпчүлүгү кетип атса, эми кимге курдурасыңар? – десе
Эми түрктүн мойнуна минбей жаныбыз жокпу, – дешиптир.

#1090 15 Октябрь 2013 - 12:50
150go 4ykkan aksakaldan interviu alyp jatat jurnalyster;
Aksakal 150go 4ygypsyz syry emnede dese.
Aksakal aityp jatat syry dele jok en negizgisin aitaiyn men butundoi aiylga karyzmyn owolor menin den soolugumdu tilep jatywat uwu 4al olup kalbasa eken karyzybyzdy kaitaryp alaiyk dep birok men ten jarymynan kutulup koidum deit
Kantip kutuldunuz?
Kop4ulugu olup kalywty deptir

#1091 15 Октябрь 2013 - 12:51
Каякта иштейсиз?
Кесме (лапша) чыгарган жерде.
Апей, Жогорку Кеңеште депутатсызбы
Кесме (лапша) чыгарган жерде.
Апей, Жогорку Кеңеште депутатсызбы
#1092 15 Октябрь 2013 - 12:55
Түндѳ күйѳѳсүнүн кыйкырыгынан чочуп ойгонгон аялы:
Эмне кыйкырып жатасың?
Коркунучтуу түш кѳрдүм. Элестет , кайра сага үйлѳнүп жатыптырмын.
Эмне кыйкырып жатасың?
Коркунучтуу түш кѳрдүм. Элестет , кайра сага үйлѳнүп жатыптырмын.
#1093 15 Октябрь 2013 - 12:57
Америкалыктар акыркы үлгүдѳгү, тѳрт кыймылдаткычы бар учак жасашып, аны араб ѳлкѳлѳрүндѳ сыноодон ѳткѳрмѳй болушат. Араб улутундагы эң алдыңкы учкучту учакка отургузушат.
Абада кыймылдаткычтардын бири иштебей калат. Экранда “Do not panic. This is American technology” деген жазуу чыгат. Араб эс ала түшѳт. Бир аздан кийин экинчи кыймылдаткыч да токтоп калат. Бул жолу да мурунку эле жазуу кайра чыгат. Ошентип биринин артынан бири тѳрт кыймылдаткыч да иштен чыгып, араб чындап алдастап калат. Анда экранда кайра эле мурунку жазуу чыгат. Акыры учак жерге ийгиликтүү конот. Бул окуядан кийин араптар да америкалыктар жасаганды биз эмнеге жасабайбыз деп ошондой үлгүдѳгү учак жасоону чечишет. Алар да учакты сыноодон ѳткѳрүү үчүн америкалык учкучка тапшырышат.
Учак эми эле абага кѳтѳрүлѳрү менен биринчи кыймылдаткыч иштебей калат. Анан экинчиси, үчүнчүсү. Экранда “Don't panic. This is Arabic technology” деген жазуу улам чыгып турат. Америкалык учкуч бул биздин учактын эле кѳчүрмѳсү го деп ойлоп жай ала түшѳт. Анткенче акыркы кыймылдаткыч да бузулат да, учак жерге кулап түшѳѳргѳ аз калганда экранда “Repeat after me: Эшхеду ан ла илааха илаллах ва ашхаду ан на Мухаммадур Расулуллах” деген жазуу чыгат экен
#1094 15 Октябрь 2013 - 13:02
Илгерииии,
илгериии...
Христиан пастору тоолуу Нарынга келип, өзүнүн динине элди бурайын дейт. Арадан бир кыргыз
котормочу болуп чыга келет.
Пастор: Аллилуйя!
Котормочу: Туугандар 5 мүнөт!
Пастор: Кудай Адамды жана Еваны жаратты.
Которм очу: Короче, Акайчик и Майрам.
Пастор: Ева "запретный плодду" жеп салды
Котормочу: Майрамдын көзүн май басты
Пастор: Ошон үчүн аларды бейиштен кууп салышты.
Котормочу: Алар Москвага куулду.
Пастор: Был Всемирный Потоп .
Котормочу: Марадерлор жайнады.
Пастор: Затем, Бог создал каждой твари по паре
Котормочу: Ошентип Бакиев-Кулов тандеми түзүлдү

Билдирүүнү түзөткөн: altinim: 15 Октябрь 2013 - 13:03
#1095 15 Октябрь 2013 - 13:06
АША, Медведев, Каримов саммитте сүйлөшүп калат.
Каримов: Өзбекстан өнүктү десе болот, ар бир атуулда бирден Nexia, Damas бар.
АША : Биздикилер да өнүгүүдө, ар бир үйдө эмес, ар бир бөлмөдө экиден шам чырак бар
Медведев: Өлкөбүздө канча машина бар экенин билбейт экенмин. А бирок ар бир үйдө экиден өзбек, экиден кыргыз бар экенин анык билем

Билдирүүнү түзөткөн: altinim: 15 Октябрь 2013 - 13:07
#1096 15 Октябрь 2013 - 13:07
Түндө күйөөсү үйгө келбей калат. "Каякта жүрөсүң?!"
деп буркан-шаркан түшкөн аялына, "мени деген бүркүт деп коёт, каякка учам, каякка коном, өзүм билем" деп кыйынсынат.
Эртеси "мына эмесе!"
деп туруп, аялы келбей коёт. Анда күйөөсүнүн "каякта жүрөсүң?!"
деп ызырынганына,
"мени деген чычкан деп коёт. Мени кайсы бүркүт качан, кайсы убакта кое берсе, ошондо келем" дептир.
#1097 15 Октябрь 2013 - 13:10
Мырзалардын достугу.
Күйөөсү эрте менен үйүнө келет.
Аялы: Кайда жүрдүң?
Досумдукунда түнөдүм
Аялы күйөөсүнүн он досуна чалып чыгат. Жыйынтыгы: алтоосунукунда түнөптүр; төртөөсүнүкүндө дагы эле уктап жатат экен.
Күйөөсү эрте менен үйүнө келет.
Аялы: Кайда жүрдүң?
Досумдукунда түнөдүм
Аялы күйөөсүнүн он досуна чалып чыгат. Жыйынтыгы: алтоосунукунда түнөптүр; төртөөсүнүкүндө дагы эле уктап жатат экен.
#1098 15 Октябрь 2013 - 13:11
Жаңы депутаттардын бири кагаз-кугаздарын көтөрүп, мен деле бир сүйлөп коеюн деп, микрофонго келет: Мынабу… мен айтайын дегеним, мыйзамдын мынабу… хы-хы-хынчы статьясында
Кайсы мыйзам, кайсы статьяны айтып атат бул?.. Хы-хы-хысы эмнеси?- төрага өз кагаздарын аңтарат.
Мына бул жерде турбайбы… хы-хы-хынчы статья деп?
Ал хы-хы-хы эмес сага, Рим цифрасы менен отузунчу статья деп жазылып турат

#1099 15 Октябрь 2013 - 13:13
Маршруткага чыгып бараткан кыз эшикти жапканды унутуп коёт.
Айдоочу: Чоң кыз, эмне боз үйдө төрөлдүңүз беле?
Жок, хансарайда эле төрөлгөм. Бизде ушундай, артыбыздан кызматчылар эшикти жаап турушат,-дептир
Айдоочу: Чоң кыз, эмне боз үйдө төрөлдүңүз беле?
Жок, хансарайда эле төрөлгөм. Бизде ушундай, артыбыздан кызматчылар эшикти жаап турушат,-дептир

#1100 15 Октябрь 2013 - 13:14
Банан менен тамеки «Кимдин өлүмү аянычтуу?» деген темада маектешип жатышат.
Банан:Менин өлүмүм өтө аянычтуу. Алгач теримди сыйрышат да, анан тиштегилеп жеп салышат.
Сеники анчалык деле аянычтуу эмес экен. А менин болсо алгач башыма өрт коюшат да, артымдан болушунча сорушат.
Банан:Менин өлүмүм өтө аянычтуу. Алгач теримди сыйрышат да, анан тиштегилеп жеп салышат.
Сеники анчалык деле аянычтуу эмес экен. А менин болсо алгач башыма өрт коюшат да, артымдан болушунча сорушат.