Хиджаб кийүүнү колдоп жаткан кыздарга суроо: А эмне үчүн өзүбүздүн ата-бабаларыбыздан калган кып-кыргызча кийимдерди кийгиңер келбейт? Мисалы мына Памирлик кыргыз кыз-келиндер азыркы убакка чейин тээ эски заманда энелерибиз кийип келген өзүбүздүн улуттук кийимдерибизди унутка калтырбай кийишет экен. Арабдардын хиджабынан эмне айырмасы бар экен? Уяттуу жерлериңер же сөзсүз эле арабдын хиджабын кийсеңер жабылабы ыя? Узун десеңер узун,башына салынган жоолуктарынан бир тал чачынын көрүнгөнүн көрбөдүм,эгер башты да чүмкөп жүрүш керек деген шылтоону айта сала турган болсоңор. Анан да хиджаб деп эле кара чүмбөт жамынып алып,кимиси секелек кыз,кимиси келин,кимиси жесир экениңер билинбейт. А Памирлик кыргыздардын кийиминин дагы бир өзгөчөлүгү турмушка чыга элек кыздар кызыл,күйөөсү барлар ак кийинип айырмаланып турганы да жакшы нерсе экен. Ой биз кыргыздар жөн эле башы оомо калкпыс да! Бөлөк-бөтөңдү туураганга машпыс! Ээлирип ээрчимебиз!
Мисалы жеке мен өзүмдү алсам,өмүрүмдүн акыркы күнүнө чейин хиджап кийбейм. Убакты-сааты келсе жоолукту апам салынгандай эле салынып аламго,оронуп-
чулганбай нетпееейле.
Теманы башынан окусаныз болмок. Ошентсе деле талкуулайлы: 1. Сиз озунуз айткан кийимди кийип журосузбу?2. Кыргыздар оома калкпыз дейсиз,эки жакты карасаныз кайсы жакка кобуроок ооп кеткенбиз?3. Кара киеби,ак киеби,иши кылып аурат жабылса болду.Же мен сизге кара джинсы кийбей,ак кийиниз,кок кийбей,жашыл кийиниз десем макул болосузбу?Озум билем дейсиз да туурабы?Ошол сыяктуу мусулман кыздар оздорунун ыйманына жараша кийет. Тарых китептерде Курманжан Датканын суротторун коргонбуз,анын жузунон башкасын коро алдынар беле?Жок! Шым кийип турабы?Жок! Ошондо кимибиздики кыргыздын кийимине окшошуп атат?(кыргыз оюусу м.н кий дебей эле койгула,ал жонундо жогоруда жазышканбыз). Анан дагы,омурум откучо кийбейм десениз да озунуз жооп бересиз,муну экообуз тен билебиз. Дагы айтайын,теманын башынан окусаныз,биз мусулманмын деп алып,кайра буйрукка каршы чыккандарга жазып атабыз.(

Супер-Инфо
super.kg
видео












