Ушул темада далбаян жазуума жардам берип коюнуздарчы озум жазайын десем жазганга да талант керек тура . Алдын ала чоооон рахмат
Жамийла - махабат тууралуу улуу баян
#2 21 October 2013 - 00:15
Жамийла,чыныгы суйуунун ээси болгон.....деп дальше улай бер эмне,жамийланы окуган эмес белен???
/>
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#3 21 October 2013 - 00:21
Озун эле окуп чыгып жаз да жалкоолонбой.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#4 21 October 2013 - 01:18
Убагында мектеп боюнча алдыма эч кимди салбаган дилбаянчы элем. Башкаларга акчага жазып да берчумун. Эх убакыттын жоктугу ай. Убактым кенен болсо жазып илип коймокмун бул жерге.
#5 21 October 2013 - 03:56
Daniyar m.n Jamiyla suiuunu danazalagan kaarmandar. Azyr jetiwken zaman, internet baraktardan chygat izdesen.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#6 21 October 2013 - 11:58
Жокту издеп тап озунду озунду бак
"""Мына ушинтип эгемендуу Кыргызстаным гулдосун"""
#8 01 November 2013 - 05:07
"ЖАМИЙЛА” – Ч. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести (1958). Повесть алгач "Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат м-н жарык көргөн. Орус тилинде "Новый мир” журналына (1958, № 8) "Жамийла” деген ат м-н жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат м-н белгилүү болгон. Чыгармадагы окуянын лирика-pомантикалык маанайда баяндалышынан улам повестти адабиятчылар "кара сөздөгү поэзия же прозадагы ыр” деп да атап жүрүшөт. Повестти өз эне тилине которгон белгилүү француз жазуучусу Луи Арагон аны "махабат тууралуу эң сонун баян” деп баалайт. Чындыгында да чыгарманын мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы: Жамийла м-н Даниярды табыштырган махабат; о. эле турмушка, элге, жерге, жашоого болгон чексиз сүйүү м-н адамдагы руханий сулуулукка болгон сүйүүнү, умтулууну бириктирген адамдык бакыбат зор сүйүүнүн Жамийладагы личносттук "мендин” патриархалдык салт-санаа, түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй-бүлө түшүнүгүнө кайчы келиши сыяктуу маселелер м-н тыгыз биримдикте каралат. Автордун өз чыгармасын адегенде «Обон» деп аташы бекеринен эмес, анткени обон повесттин бүткүл сюжеттик-композициялык курулушунда чоң роль ойноп, анын негизги идеялык-көркөмдүк табиятын
аныктап турат.
аныктап турат.
#9 01 November 2013 - 05:11
Повесть жарык көргөндөн бери, өзгөчө өзүбүздүн улуттук адабий чөйрөбүздө Жамийланын Садыктан кетишине байланыштуу талаш пикирлер айтылып келет. Повесттин образдар системасын талдоодо «Садык Жамийланы сүйөт эле болчу, ал катты өз учурундагы эреже-жосундарга ылайык жазат, Жамийланын аны чанып, башкага кетүүсүнүн эч жүйөөсү жок, жеңил ойлуулук» деген пикирлер көп айтылды. Бул жерде кеп Садыкта эмес, Жамийлада, аны Даниярга жолуктурган тагдырда. Эгер көпчүлүктөн кескин айырмаланган мүнөзү, романтикалуу жандүйнөсү,
августтун ажайып түндөрүндөгү керемет обондору м-н Данияр келбесе, Жамийла Садыкты күтүп, бара- бара чоң, кичине үйдү башкарган нарктуу кайнененин ордун басмак. Бирок көңүлгө канат байлап, мазмундуу жашоого умтулткан, күчтүү толкун болуп каптап келген сүйүүсүнөн баш тартып, ар кандай чектөөлөргө,
адат-салтка баш ийип жашоо Жамийла сыяктуу күчтүү, бакыбат натурадагы аялга туура келмек эмес. Ошол себептүү ал акыры «эски шинели м-н тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтемеси жок» Даниярды «башын бийик көтөрүп, кылчайбай» ээрчип кетет. Кийин сүрөтчү болгон Сейит да өмүр тарыхына жылуу из калтырган балалык учурга көп убакыт өткөндөн кийин кайрылып, андагы өзү күбө болгон сүйүү баянынын тазалыгына эч шек кылбай окурмандарга эскерип айтып берет. «Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун! Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун!» деген художник- баяндоочу Сейиттин сөзү м-н повесть аяктайт. Повесттен, о.эле автордун сюжет куруу, сөз м-н иштөө 4еберчилигинин өзүнчөлүгүн көрүүгө болот. Андагы портреттик,
пейзаждык сүрөттөөлөр,
көркөм сөз каражаттарынын ар бири чыгарманын идеялык-көркөмдүк системасында белгилүү бир маанилүү милдет аткарып, поэтикалык ойдун өсүш ыраатын шарттап турат.
#11 01 November 2013 - 05:20
Жамийла менен Данияр Москвадагы Бүткүлдүйнөлүк М.Горький атындагы адабият институтунда жүргөн кезимде "Жамийланы"
жазгам. Повесть жазылган жер да эсимде жакшы калыптыр. "Жамийла"
Тверь саябанындагы батирибизде жашаган кезде ак кагазга түшүрүлгөн.
Ушул үйдүн жанынан терезесин карап өтүп баратканда дайыма 1956-58-жылдардагы экинчи студенттик жашоомдун унутулгус сонун күндөрүн бир эстеп алам. Повесттин адегендеги аты "Обон" болчу. Албетте, бул Жамийла менен Даниярдын жолдо арабада кетип бара жатып, ички сезимдерин ташкындатып,
мурда эч даярдыгы жок жерден төгүп кеткен сүйүү ырынын обону эле. Бүгүн радиосу, магнитофону бар машинага отуруп калганыбызда ушунубузду ошол Жамийлалардын мезгилине салыштырып коём. Адам жол жүрүп баратып, каалаган музыкасын уга алса кандай гана сонун! Бирок, азыр эми шаарда машиналардын ары-бери ойкуп-кайкыган кыймылынан кээде угула калган музыканы тыңдасаң, алардан же рок, же поп, же жанагы эстрада дегендердин ыргагы эшитилет. Эгер менин сүйүктүү Даниярым азыркы учурда жашап калса рок-попко ууккан автолор ичинде сүйүшүп-күйүшкөндөргө ушунчалык ырайымы келип, боору оорумак. Техникалык өнүгүүлөрдүн пайдасыз жактары да арбын. Даяр музыка, кассета, дисктер адамдын ички кылдат сезимдеринен гана жан дүйнөгө келчү, керемет касиеттен гана жарала турган обондорду чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чектеп, дээрлик жок кылып жиберүүдө. Тиги даяр радиоң ырдап баратса, жолоочулар обон созмок беле?.. Мурда жол жүргөн адамдар өзүлөрү ырдашчу. Сагыныч, сүйүү, философиялык ырларды өз сезимдеринен,
дил туюмдарынан жаратышчу. Мындайда канча жаңы обон, канча сезим козголгонун ким санап жүрмөк? А адам сезимдеринде ар кыл өзгөрүүлөр,
жаңылануулар,
руханий ырахат байырлайт...
Ар нерсенин өз убактысы, өз учуру болот. Данияр үчүн жол -ырдын булагы, ыйык, тунук махаббатын ташкындатып төгүп алуучу ыйык обондун булагы...
Албетте, бул чыгармамды да турмуштан калпып алгам. Мен чыгарма жазууда ар дайым Экинчи дүйнөлүк согушту элестетем. Бул согуш жеке эле биз үчүн эмес, бүткүл адамзат үчүн өтө азаптуу чоң жоготуу, ойдон кетпес окуя болгон. Бу уруш адамдарга өлүм менен ачарчылыкты гана алып келген десек, анын кесепетин азайткан болор элек, бул согуш дал ошол коомдогу адамдардын адеп-ахлагына да кол тийгизип, кылымдардан берки түптөлүп келген салт- санааны, ырасымды да чарпып өткөн.

#12 01 November 2013 - 05:24
Согуштан мурда турмушка чыккан жаш келиндер күйөөлөрү майданга кетээри менен эле эркин куш боло алган эмес. Кыз турмушка чыккандан кийин ошол барган жерден акыреттик орун-очок алууга тийиш. Жада калса күйөөсү фронтто курман болуп, жесир калса да, кайындары аны коё бербегенге тырышып, алып калууга аракет кылышчу. Айрыкча, балалуу болуп калса өзү да эч кайда кете алмак эмес.
Ал кезде үй-бүлөдөгү, коомдогу жазылбаган мыйзамдар ушундайча болгон. Бирок кесепет согуш бул эрежелерди да бузуп жиберген учурлар кездешти. Агаин-туугандардагы ушундай бир окуя "Жамийланы" жазууга себеп этти.
Алысыраак туугандарыбыздын эки уулу тең фронтко кеткен. Алардын улуусу аскерге алынардан мурда жаңы эле үйлөнгөн. Анда согуш башталганы калган экен. Ал жашына карабай армиянын катарына чакырылган. Чыгармадагы Жамийланын күйөөсүнүн турмуштук негизи - прототиби мына ошол жигит эле. Кийин бул эки бир тууган фронттон кайтпай калды. Жамийланын прототиби болсо өтө шайыр, ийкемдүү жаш келин эле. Ал шекерлик эмес, коңшу айыл көксайлык. Мунун анча деле биз үчүн мааниси жок болучу. Биздин эл жада калса коңшу Казакстан менен да кыз алышып, кыз беришчү. Жамийланы кайсы үй-бүлөдөн мисал алганым жадымда жок. Согуш учурунда жаш келиндин жаманатты болбоосу, анын кайындарына берилип кызмат кылуусу жана күйөөсүнүн көзүнө чөп салбай, үрп-адаттын баарын сактап, күтө билүүсүнө байланыштуу эмеспи. "Келин" деген сөздүн өзү эле айтып тургандай, "кел", "бизге кел" деген мааниде. Келин бүлөгө кийин келген, жаңыдан кошулган адамдын аталышы. Башка үй-бүлөдөн келип, бул үй-бүлөдөгү жигит менен баш кошкон ургаачы ошол үйгө, айылга келин болот. Келин келген жердеги салт-cанаага ылайык мамиле жасайт, жүрүш-туруш күтөт, ийменет, анан бара-бара ык алышып, эл ичине сиңип кетет. Ушул учурда биздин айылдарга фронттун алгачкы жарадарлары келе баштаган. Мындан тышкары немецтер басып алган жерлердеги элдер да эвакуацияланып келчү. 1942-43-жылдары көп адамдар Кавказдан биз жактарга сүрүлдү. Алардын көбү чечендер, карачайлар, черкездер жана балкарлар эле. Бул элдердин айрымдары Сибирге, айрымдары Орто Азияга зордоп айдалган. Булардын мындай азабын Кеңеш бийлиги "Түпкү Ата Журтуна кайра кайтуу" деп
жайгарган. Шекерге улам-улам жарадарлар келип аткан, андайлар Көксай, Кировка, Грозныйга да кайткан. Арасында балдар үйлөрүнүн да
тарбиялануучулары боло турган.

#13 01 November 2013 - 05:30
Даниярдын прототиби да ошондой эвакуациялангандардын бирөө болучу. Жаңылбасам,
Казакстанда төрөлгөн, балдар үйүндө чоңойгон адам эле. Ал узун бойлуу, олбурлуу, көп сүйлөбөгөн,
түнт жигит. Бир топ согуш жарадарлары менен
бирге Шекерге жиберилиптир. Баарынын эле согуштан алган жараттары жеңил болбогону менен эптеп жумуш кылса болот эле. Даниярды "өкмөттүн баласы" дешчү. Сол буту менен аксап басчу. Бир күнү ал келбеттүү, жаркылдаган жаш келинибизге кезигип калат... Ошентип Жамийла менен Даниярдын ортосунда улуу махаббат оту жагылат. Анан сүйүүгө мас ал экөө ошол мезгилде мендей бир өспүрүмдүн арттарынан калбай акмалап махаббат майданындагы алардын кыймыл-аракетин, айткан-дегинин көзөмөлдөп жүргөнүн кайдан билишсин? Арийне, мен да анчалык эле көзгө көрүнө бербеген, капарга да
алынбаган бир кичине бала элем да...
Бирок өзүм атайылап каалабасам да ал экөөнүн сүйүүсүнүн күбөсү болуп калдым. Кээде Данияр Жамийланы, кээде Жамийла Даниярды күтчү. Экөө чогуу жүк ташуучу арабага отурушуп, талааны көздөй жөнөшчү. Ээн талаада экөө ар дайым чогуу жүрүшчү. Бир күнү эле айылдын баары ызы-чуу түшүп, сапырылып калды. Көрсө алардын айтуусунда биздин келин фронттогу күйөөсүн күткөндөн баш тартып, kайындарын таштап, "аксак Данияр" менен түндө качып кетиптир... Муну Каракыз апамдан уктум. Ал аябай ачуусу келип, жаалданып жатты:
- Мурдатан бери эле эрди-катын болуп жашап алышкан турбайбы?! .
- Эмне мурда көзүңөрдү ачкан жок белеңер?-дедим мен да. Ал мага ачуулуу бакырды:
- Не деген шермендечилик бул?! Эри фронтто жанын оозуна тиштеп согушуп жүрсө, катыны аны күтпөй кайдагы бир селсаяк менен качып кетет деген эмне?! Биздин уруунун бетине көө жапты! Шерменде!
- Ушитип туруп мага жакындап:
- Эмне сен алардын мамилесин мурда эле билчү белең?! Аларга жан тартып, чогуу жүргөн экенсиң да?!.. - деди.
Мен жооп бере албай калдым. Жамийла менен Данияр талаадан эгин ташычу. Кээде үчөөбүз чогуу да иштеп калчубуз.
- Бир аз мурда Даниярды базардан көрүпсүң да! Балким азыр темиржол стансасына баратышат. Туру, батыраак аттанып, Жамийланы тап! Аларга иштин жаман аяктарын айт! Жамийла кайра kайтсын! Аны биз кечиребиз! - деп бакырды эжем мага.
Мен аларды кууп станцияга чейин бардым. Экөөнү станциядан таап да алдым. Кол кармашып кетип баратышыптыр. Артынан барганга аябай уялдым, уялгандан эмне деп айтарымды да билбей элейдим. Жамийла мени дароо байкап, уялганымды да көрдү: - Эмне болду? Сени аркабыздан жибердиби?
- Ооба, сени кайтсын дешет? - дедим жер карап. - Бекер эле убара болбо. Силерди да түшүнөм... Бирок мен эми кайра кайтпайм. Мен бул киши менен жашаймын. Ал каякка барса мен да ошол жакка кетем...
Ушундай жооп берди. Ооба, ошентти.

#14 01 November 2013 - 05:39
Муну эжеме айтып келдим. Ал ачуусуна чыдабай Жамийлага каргыш айтып жатты... Анан анын ал каргыштары бара-бара мага да өттү... "Жамийла"
повести жарык көргөндө аттуу-баштуу,
өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абдан катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектиги, соцреализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи. Ал мезгилде аялын кимдир бирөө таштап кетсе сөгүш деген нерсени алчу. Партиядан чыгарылып, ишинен айрылчу. Адабий чыгармалар да коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырганда ушундай адамдарды терс каарман кылууга тийиш эле. Ал эми меники болсо тескерисинче.
Бул повестти жазып жатканда мен мындай жагдайлар тууралуу таптакыр ойлонбоптурмун.
"Жамийла"
жарык көрөрү менен өз мекенимде да, чет мамлекеттерде да чоң кызыгуу жаратты. Бардык жерде менин жаңы повестим тууралуу талкуулар болуп жаткан. Дос-замандаштарым менин мындай күтүүсүз ийгилигимди көрө алышпай, көпкө кыйналып да жүрүштү. Менин чыгармам тууралуу эч кандай пикирлерин айтышпай, мага "классик"
жазуучуларыбыз гана сын тагып жүрдү... Ошондой "классиктердин"
бирөөнүн сын айткан сөзүнө бир ирет өз кулагым менен күбө болгомун. Мезгил-мезгили менен Жазуучулар союзу партиялык жыйындарды өткөрүп турчу. Партиянын уруксаты жок эч ким Жазуучулар союзуна мүчө боло алчу эмес. Андыктан, баары партияга мүчө болуп, анан гана анын жолдомосу менен Жазуучулар союзуна алынчу. Жазуучулардын партиялык жыйындарына чоң- чоң мамлекеттик кызматкерлер да келчү. Алар эмгекчи элди социалисттик духта кантип тарбиялоо керек, аларга кандай чыгарма жазуу керек, соцреализмдеги чыгармаларга сын айтуу сыяктуу маселелер талкууланчу.
Ошондо "классиктерибиздин"
бири капыстан трибунага чыгып калды. Мен да жыйында катышып отургам.
- Эртеден бери жаш жазуучуларды эмгекчилдик духунда тарбиялоо жөнүндө пикир алыштык. Бирок, алар жаңылыш жолго түшүп алып,
өзүлөрүнө jаңылыш пайдубал түптөп, адабиятты ууландырып жатса кантип тарбиялайбыз? Өткөндө Ысыккөлгө командировкага барып калдым. Бир колхоздо эмгекчи элдин талаада кантип иштегенин көрүп, алар менен пикир алышып, жакындан таанышкым келген. Ошентип, жолдо кетип бара жатсам аркаман бир ат арабачан киши чыгып калды. Мен ага жол бошоттум. Ошого карабай арабакеч атынын оозун тартты. Арабага жакшы аттар чегилген экен. Колхоздун урматтуу адамдарынын бири экенин дароо сездим. Ал мага: "Эй, байкеси, каякка баратасың?" - деди. Мен болсо: "Колхоздун эмгекчилеринин жумушу менен жакындан таанышуу үчүн талаа станына бараттым эле", - дедим. "Аа, мен сизди эми тааныдым. Сиз баягы баланча деген атактуу жазуучусузбу? " Мен: "Ошонун дал өзүмүн" дедим. "Келиңиз, арабага отуруңуз! Каякка барсаңыз ошол жакка жеткирем. Эмне кааласаңыз ошону көргөзөм" дегенинен тиги арабакечтин жанына отурдум. Бир маалда ал мага карап: "Сиз жазуучусуз да, Айтматовду тааныйсызбы? "- деп калды. "Албетте, тааныймын" , - дедим мен. "Андай болсо ага аны аябай токмокторумду айтып койчу!" - дейт. "Эмнеге?" - десем, ал айтат: "Жамийла жөнүндө бирдемелерди тантыраптыр. Эри фронтто жүрсө башка бирөө менен качып кетет имиш. Ушундай китеп кантип жазылсын?! Мына элдин пикири ушундай!" , - деп улантты сөзүн "классик" жазуучубуз. "Мен элден уккандарымды гана сиздерге айтып отурам. Мына, ошол жазуучу азыр биз менен буерде. Тилекке каршы колубузда камчы жок.

#15 01 November 2013 - 05:41
"Жамийладан"
улам жей турган таягын мен азыр берет элем!" -деп сөзүн тамамдады. Менин жан дүйнөмдү өрттөгөн ушундай сөздөрдү эмне кыларымды билбей, аргасыз тыңшап отурдум. Kишилердин баары мени карап, каткырып күлүп жатышты. Айрымдары мени түрткүлөп, чымчыгылап да жибирди. Кээ бирлери болсо:
- Туура! Mындайларга токмок гана керек! Элди бузган ушулар! Бул буржуазиянын таасири! Тап душмандары ушулардан баш көтөрөт! - деп кыйкырат. Аларга жооп бербей, аргасыз күлүп гана кутулдум. Бирок, чындыгында, мындай окуя менин көңүлүмдө өмүр бою
калды...

#16 08 December 2013 - 11:58
Жамийла менен Даниярдын качып кеткенин ким колдойс?Биз жакында ушул чыгарманы окуп, класста талкууладык.
Баардыгы кеткени туура дейт.Мен жана бир классташ бала кетпеш керек дейбиз.Урушуп да кеттик талаша берип
#17 13 September 2015 - 01:18
Менин оюмча бул поовести кыргыздар эле эмес коптогон башка улут окулдору да билишсе керек.
"Дебат" болот. Кыздар оз алдынча озубузду жамийланын оордуна коюп, эгер ушундай ситуацияда эмне кылмак элен. Суйуубу же уй булобу.
Ал эми жигиттер Садыктын оордунда болгондо жана Данярдын оордунда болгондо эмне кылмак эленер. Кур намыс деп ала качып же суйуу деп бироонун ак никелуу жубайы менен кетет беленер.
Анла эмесе АЛГА патриоддор

#19 28 September 2017 - 21:40
Оооой, Жамийла, Жамийла, сенин таламыңды талашам деп, аз жерден өзүм талоондо калмай болдум го
.
Эгерде, сен менин жанымда болгонуңда экөөз тең тирүү калмак эмеспиз
Эгерде, сен менин жанымда болгонуңда экөөз тең тирүү калмак эмеспиз
#20 29 September 2017 - 09:20

Супер-Инфо
super.kg
видео