Салам айттым жалпына,
Акындардын айлына.
Ыр учугун чубаган,
Токмолордун баарына.
Жека мырза келиптир,
Термелерин териптир.
Айтыштагы тарыхын,
Даназалай кетиптир.
Тен келчун деги барбы деп,
Эскертууну катуу бериптир.
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#2762 23 October 2013 - 09:19
Неферти айым кандайсыз,
Термени дайым тандайсыз
Жазуучу менен акындын –
Жазганын терең баамдайсыз
Антип жаткан себебим
Айтып жатка беремин:
“Кимге таандык” темадан
Кезиккем сизге непадам.
Кусейин деген байкенин
“Үчүнчү шарын” тапкансыз
“Сөрү” деген бир сөздөн –
“Мурза аке” деп айткансыз.
Мага жазган алты сап
Уйкаш экен, байкалат
Ошондуктан ой кетти,
Акын кыз го Неферти?
Термени дайым тандайсыз
Жазуучу менен акындын –
Жазганын терең баамдайсыз
Антип жаткан себебим
Айтып жатка беремин:
“Кимге таандык” темадан
Кезиккем сизге непадам.
Кусейин деген байкенин
“Үчүнчү шарын” тапкансыз
“Сөрү” деген бир сөздөн –
“Мурза аке” деп айткансыз.
Мага жазган алты сап
Уйкаш экен, байкалат
Ошондуктан ой кетти,
Акын кыз го Неферти?
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2763 23 October 2013 - 10:32
Men sozgo jok elem ato olo aitywat elem da
"Мен Көлгө жалгыз келип, байыр алдым" деген ырдын мотивине салып кыңылдаса болот...
“Мен сөзгө жок элем” деп айтканыңыз
“Антпесе, айтышам” деп жазганыңыз
Карама-каршы келет бир-бирине
Кайталап окуп көрүп, байкасаңыз.
Карама-каршы келет бир-бирине
Кайталап окуп көрүп, байкасаңыз.
“Мен сөзгө жок элем” деп жазылганда
Ой кетет, ырга жакын адам анда
Анда сиз, сөз айтпастан, ыр жазыңыз
Биз дагы кошулалы, айтышканга
Анда сиз, сөз айтпастан, ыр жазыңыз
Биз дагы кошулалы, айтышканга
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2764 23 October 2013 - 11:15
Акындардын айлына,
Келчу деле эмесмин.
Жека мырза айткандай,
Акын кыз деле эмесмин.
Топтолуша отуруп,
Кызуу маек курушса.
Келип - кеткен кыздарды,
Мактап эле турушса.
Байма-бай каттап турам го,
Кабар алып буйурса.
Келчу деле эмесмин.
Жека мырза айткандай,
Акын кыз деле эмесмин.
Топтолуша отуруп,
Кызуу маек курушса.
Келип - кеткен кыздарды,
Мактап эле турушса.
Байма-бай каттап турам го,
Кабар алып буйурса.
#2765 23 October 2013 - 11:49
Уктунарбы жигиттер -
Нефертинин айтканын
Чыгарбайлы айтыштан
Форумдун сулуу кыздарын
Болушунча мактайлы
Ага кошуп даңктайлы
Качырып ийип кыздарды
Уят болуп калбайлы...
Нефертинин айтканын
Чыгарбайлы айтыштан
Форумдун сулуу кыздарын
Болушунча мактайлы
Ага кошуп даңктайлы
Качырып ийип кыздарды
Уят болуп калбайлы...
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2766 23 October 2013 - 12:37
Жека мырза айтышка кош келиңиз,
Күүлүү, күчтүү жүрөсүзбү демиңиз,
Акындарга жакшы жооптоп жатыпсыз,
Жедирбестен чөнтөктөгү жемиңиз.
Бийкечтерди дагы даңктай бериңиз,
Сөздөрдүн эң таттусунан териңиз,
Арноолорду окуп форум кыздары,
Көтөрүлүп калсын биртке демибиз
Күүлүү, күчтүү жүрөсүзбү демиңиз,
Акындарга жакшы жооптоп жатыпсыз,
Жедирбестен чөнтөктөгү жемиңиз.
Бийкечтерди дагы даңктай бериңиз,
Сөздөрдүн эң таттусунан териңиз,
Арноолорду окуп форум кыздары,
Көтөрүлүп калсын биртке демибиз
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2767 23 October 2013 - 13:47
#2768 23 October 2013 - 13:54
Үч беттен бери кире элек
Луи да келип калыптыр
Байкасам бир аз жылуу сөз -
Дефицит болуп жатыптыр.
Жигиттер сүйсө көз менен,
Бийкечтер сүйөт сөз менен
Накыл сөз туура өндөнөт –
Кыздарга бизден сөз кенен.
Анда эмесе жигиттер -
Айтышты бир аз чамдайлы
Жылуу, сулуу сөздөрдөн
Бийкечтерге арнайлы
Мүмкүн ушул темада -
Көрбөйлүбү жарышып?
Сүйүнүп калсын бийкечтер
"Сүйгөнүн" тандап алышып.
Луи да келип калыптыр
Байкасам бир аз жылуу сөз -
Дефицит болуп жатыптыр.
Жигиттер сүйсө көз менен,
Бийкечтер сүйөт сөз менен
Накыл сөз туура өндөнөт –
Кыздарга бизден сөз кенен.
Анда эмесе жигиттер -
Айтышты бир аз чамдайлы
Жылуу, сулуу сөздөрдөн
Бийкечтерге арнайлы
Мүмкүн ушул темада -
Көрбөйлүбү жарышып?
Сүйүнүп калсын бийкечтер
"Сүйгөнүн" тандап алышып.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2769 23 October 2013 - 14:23
Жыланды ийинден чыгарыптыр,
Ага айтылган жылуу сөз,
Ал макулукка караганда,
Назик го кыздар , кара көз,
Жарышчу болсоңор чамдап,
Кана, мырзалар өнөрдү көргөз,
Жакшы маанай тартуулап,
Сөз айткыла кылымга өлбөс.
Ага айтылган жылуу сөз,
Ал макулукка караганда,
Назик го кыздар , кара көз,
Жарышчу болсоңор чамдап,
Кана, мырзалар өнөрдү көргөз,
Жакшы маанай тартуулап,
Сөз айткыла кылымга өлбөс.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2771 23 October 2013 - 15:06
Жыланды ийинден чыгарыптыр,
Ага айтылган жылуу сөз,
Ал макулукка караганда,
Назик го кыздар , кара көз,
Жарышчу болсоңор чамдап,
Кана, мырзалар өнөрдү көргөз,
Жакшы маанай тартуулап,
Сөз айткыла кылымга өлбөс.
Ага айтылган жылуу сөз,
Ал макулукка караганда,
Назик го кыздар , кара көз,
Жарышчу болсоңор чамдап,
Кана, мырзалар өнөрдү көргөз,
Жакшы маанай тартуулап,
Сөз айткыла кылымга өлбөс.
Луи бийкеч, укмушсуз го, сөз жыйнаган
Сөз бапестеп, сөздү багып, сөз сыйлаган
Ыр саптарын кураптырсыз, маашырланган
Байдылда, Мидиндерден калышпаган
Билбей турам не дээримди, толкунданып
Клавадан колдорумду тартып алып.
Сизди эле чакырсамбы ыр эрөөлгө -
Айтышсакпы, ушул темпте сөз улантып?
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2772 23 October 2013 - 15:28
Сизди көрүп мен дагы толкундадым,
Жээкке урулуп, ырымдын толкундары,
Сизге кантип каршылаш боломун деп,
Калтааруудан тамгалар солгундады,
Алп акыны айтышуудан баштаптыр кеп,
Окуп алып чекем тердеп, боргулданды,
Күлүк аттын чаңында калбас бекен,
Жаңы чыккан айылдын ак кунаны..))
Жээкке урулуп, ырымдын толкундары,
Сизге кантип каршылаш боломун деп,
Калтааруудан тамгалар солгундады,
Алп акыны айтышуудан баштаптыр кеп,
Окуп алып чекем тердеп, боргулданды,
Күлүк аттын чаңында калбас бекен,
Жаңы чыккан айылдын ак кунаны..))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2773 23 October 2013 - 16:06
Кызык экен толкунданып жатканыбыз,
Сырдын баарын ыр саптарга катканыбыз
Колдорумду тартып алып мен отурсам –
Ыр толкуну жээке урулуп, калганыңыз
“Алп акын” деп өтө эле мактадыңыз
Мени дагы тердегенден сактадыңыз
Калтаарыбай, жээкке урулбай, сүзөлүчү
Ыр саптардын деңизинде, татына кыз
Сырдын баарын ыр саптарга катканыбыз
Колдорумду тартып алып мен отурсам –
Ыр толкуну жээке урулуп, калганыңыз
“Алп акын” деп өтө эле мактадыңыз
Мени дагы тердегенден сактадыңыз
Калтаарыбай, жээкке урулбай, сүзөлүчү
Ыр саптардын деңизинде, татына кыз
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2774 23 October 2013 - 16:26
Ырларым толкун болуп ашып-ташат,
Жүз толгонуп оюмда, жээкке шашат,
Ыр дүйнөмө жакын келген адамзатка,
Тамчыларын тийгизе артка качат.
Көк деңизге калак таштап көрөлүчү,
Тайыздыгын, тереңдигин аста байкап,
Кайыгыма суу чачырап кирип кетсе,
Сындабаңыз, кабак чытып, башты чайкап..
Жүз толгонуп оюмда, жээкке шашат,
Ыр дүйнөмө жакын келген адамзатка,
Тамчыларын тийгизе артка качат.
Көк деңизге калак таштап көрөлүчү,
Тайыздыгын, тереңдигин аста байкап,
Кайыгыма суу чачырап кирип кетсе,
Сындабаңыз, кабак чытып, башты чайкап..
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2775 23 October 2013 - 17:09
Ашып-ташып, толкун болгон ырларыңыз
Оюңуздан жүз толгонуп чыгып жатат.
Ошондуктан, экөбүздүн айтышыбыз -
Барган сайын, улам терең кызып жатат.
Көк деңиздин тереңдигин мен текшергем
Тайыз эмес, терең эле - сезимдердей
Сындагыдай башты чайкап, мен ким элем
Титаниктей кайыктарды – көз ирмебей.
Сиздин жазган ырларыңыз чындап эле
Көк деңиздин түпкүрүндөй өтө терең
Ыр саптардын арасына каткан беле -
Татына кыз, мен сезбеген сырды терең.
Оюңуздан жүз толгонуп чыгып жатат.
Ошондуктан, экөбүздүн айтышыбыз -
Барган сайын, улам терең кызып жатат.
Көк деңиздин тереңдигин мен текшергем
Тайыз эмес, терең эле - сезимдердей
Сындагыдай башты чайкап, мен ким элем
Титаниктей кайыктарды – көз ирмебей.
Сиздин жазган ырларыңыз чындап эле
Көк деңиздин түпкүрүндөй өтө терең
Ыр саптардын арасына каткан беле -
Татына кыз, мен сезбеген сырды терең.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2776 23 October 2013 - 17:55
Кап этпениз, агатай, кечириңиз,
Жабылбасын мен үчүн эшигиңиз,
Жумуш күнүм аяктап калган эле,
Эртең келем, бүгүн мени кетириңиз.
Жалгыздап көл түбүнө сүңгүп кетпей,
Таң агарып аткыча сиз күтүңүз,
Ага чейин коштошуп мен турайын,
Ийгиликке жар болсун бул күнүңүз.
Жабылбасын мен үчүн эшигиңиз,
Жумуш күнүм аяктап калган эле,
Эртең келем, бүгүн мени кетириңиз.
Жалгыздап көл түбүнө сүңгүп кетпей,
Таң агарып аткыча сиз күтүңүз,
Ага чейин коштошуп мен турайын,
Ийгиликке жар болсун бул күнүңүз.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2777 23 October 2013 - 20:42
Акыным тунук Хистигим,
ал эженин билсен кимдигин.
Баягы суйуу жок болду,
бат эле кескен киндигин...
Ал кечте кармап соткамды,
айтыпмын сага хохмамды.
Эх, кыздар журсо суйкайган,
эжени суйуп бок барвы,
сен айткан саны женендин,
сага эмес мага жок калды:-)
ал эженин билсен кимдигин.
Баягы суйуу жок болду,
бат эле кескен киндигин...
Ал кечте кармап соткамды,
айтыпмын сага хохмамды.
Эх, кыздар журсо суйкайган,
эжени суйуп бок барвы,
сен айткан саны женендин,
сага эмес мага жок калды:-)
Кайгырба байке, кайгырба,
Кайгыга такыр алдырба.
Форумду сулуу кыздар көп,
Сизге,
Төрөп берээр Байдылда!
Жепжеңил сенин маселең,
Бир сулууну жандасаң,
Бир сулууну тандасаң,
Мен сага өзүм "чаап берем".
#2778 23 October 2013 - 21:01
Көптөн бери кирбей жүрүп айтышка,
Сөз таппадым актанаарлык жазышка.
Баягыда ырдап жүргөн шаалар жок -
Мейличи эми, киришет да, зарым жок.
Акын төрдү чаң бастырбай, жаңыртып
Төрт сап ырдан улам-улам жазышып
Борн, Кэйжи, Айжан сулуу, Хисторик
Илгеркидей жатышыптыр айтышып.
Анда эмесе, жол бергиле акындар
Кошулайын араңарга, жакындар.
Алым сабак, терме айтып, ыр жазып
Отуралы, узун күндө чер жазып.
Сөз таппадым актанаарлык жазышка.
Баягыда ырдап жүргөн шаалар жок -
Мейличи эми, киришет да, зарым жок.
Акын төрдү чаң бастырбай, жаңыртып
Төрт сап ырдан улам-улам жазышып
Борн, Кэйжи, Айжан сулуу, Хисторик
Илгеркидей жатышыптыр айтышып.
Анда эмесе, жол бергиле акындар
Кошулайын араңарга, жакындар.
Алым сабак, терме айтып, ыр жазып
Отуралы, узун күндө чер жазып.
Келиңиз ава келиңиз,
Асылын сөздүн териңиз.
Айтыштан көрүп абыдан,
Кубанып калдык эми биз.
Айтышка келип ыр төккөн,
Чын эле биздин форумдун.
Шаалар кайда кетти экен?
Билбедим кайсы жайлоодо,
Билбедим кайсы бетте экен?
Бирок,
Ыңгайсыз болуп жатабыз,
Шаа эмес, жана Шаа кылып,
Ава,
Акындарды чектесең.
Сиздейлер колдоп турушса,
Шаа болуп бериш кеп бекен?
#2779 23 October 2013 - 23:10
Кайгырба байке, кайгырба,
Кайгыга такыр алдырба.
Форумду сулуу кыздар көп,
Сизге,
Төрөп берээр Байдылда!
/>
Жепжеңил сенин маселең,
Бир сулууну жандасаң,
Бир сулууну тандасаң,
Мен сага өзүм "чаап берем".
/>
Кайгыга такыр алдырба.
Форумду сулуу кыздар көп,
Сизге,
Төрөп берээр Байдылда!
Жепжеңил сенин маселең,
Бир сулууну жандасаң,
Бир сулууну тандасаң,
Мен сага өзүм "чаап берем".
Милтеси сымал танканын,
мээлеген жерин жанчасын! ...
Кыйынсын иним кыйладан,
кыздардын чапкан канчасын.
Тайбасан ушул калыптан,
так эле мени тартасын!
Чалынып кетип капыстан,
чаап албайбызбы анан манкасын?:-)
ии баса иничек,
сенин колундан келбейби,
суйуунун чийуу картасын?...:-)
#2780 23 October 2013 - 23:21
Ой жигиттер, мен реалдан бир келгенче,
Жезденерге чай коюп, демдегенче,
Ай караган немедей куттунорбу,
'Тоготпойт' - деп, 'эминеге бизди апче'?
Айтылган созунорго албан рахмат,
Эженер силердейди башка таппайт,
Атымды атасанар кутум суйунуп,
Эдирендедим- тамашанар койду маштап
Эми мен, билесинер, акын месмин,
Эптеп-септеп курадым бирин-серин,
Бул айылдын очурбостон чырактарын,
Того бергиле, акындар, соз берметтерин.
(Эртеден кеч ышкырып 'фьиють' дебейин,
жыла берейин уйго карай аста-секин,
болбосо жездекенер корсотпосун,
бир эмес, эки саным, койчу, баарым, кимдики экенин
)
Эгер мындай тема таппай турсанар,
менде айта турган бырастой маселем бар:
"Кыш келатат
"
Кышкы ызгаар, суук чилдеден,
Канткенде коргонобуз, ия, мырзалар?
Жезденерге чай коюп, демдегенче,
Ай караган немедей куттунорбу,
'Тоготпойт' - деп, 'эминеге бизди апче'?
Айтылган созунорго албан рахмат,
Эженер силердейди башка таппайт,
Атымды атасанар кутум суйунуп,
Эдирендедим- тамашанар койду маштап
Эми мен, билесинер, акын месмин,
Эптеп-септеп курадым бирин-серин,
Бул айылдын очурбостон чырактарын,
Того бергиле, акындар, соз берметтерин.
(Эртеден кеч ышкырып 'фьиють' дебейин,
жыла берейин уйго карай аста-секин,
болбосо жездекенер корсотпосун,
бир эмес, эки саным, койчу, баарым, кимдики экенин
Эгер мындай тема таппай турсанар,
менде айта турган бырастой маселем бар:
"Кыш келатат
Кышкы ызгаар, суук чилдеден,
Канткенде коргонобуз, ия, мырзалар?
Эжемдин,
Сөзүндө кемтик жери жок,
Шыр айткан такыр кеми жок,
Тунугу дагы башкача.
Таарынтып коюп БОРНду,
Башкага бурган оюнду,
Куулугу дагы башкача.
Ысмайликти колдонгон,
Күлкүсү дагы башкача.
Көп адам жете албаган,
Жездеме гана арнаган,
Тулкусу дагы башкача.
Жана да эжем кеп айтты,
Билесиңерби нени айтты?
Айтсаңар кантип бул кыштан,
Үшүбөй чыгам деп айтты.
Эжекем менин карагым,
Угуп кой сөзүн баланын.
Кеңешимди берейин,
Кунт коюп бери карагын:
Үшүбөс үчүн кышында,
Ысык чайдан ууртаңыз.
Ага дагы болбосо,
Жездекемди жетелеп,
Жылуу жерге чуркаңыз.
Ага дагы болбосо,
Үшүп турган жериңе,
Койдун майын сыйпаңыз!

Супер-Инфо
super.kg
видео












