Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 138
  • 139
  • 140
  • 141
  • 142
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#2781 Пользователь офлайн   historic   23 Октябрь 2013 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Просмотр сообщения BORN.kg (23 Октябрь 2013 - 23:10) жазган:

Милтеси сымал танканын,
мээлеген жерин жанчасын! ...
Кыйынсын иним кыйладан,
кыздардын чапкан канчасын.
Тайбасан ушул калыптан,
так эле мени тартасын!
Чалынып кетип капыстан,
чаап албайбызбы анан манкасын?:-)

ии баса иничек,
сенин колундан келбейби,
суйуунун чийуу картасын?...: -)

Картасын дагы чиемин,
Башкасын дагы чиемин.
Эртерээк сага келинчек,
Таап берүү менин тилегим.
Батыраак сени тындырсам,
Кезегим келет билемин. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2782 Пользователь офлайн   BORN.kg   24 Октябрь 2013 - 01:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Просмотр сообщения Lui (23 Октябрь 2013 - 12:37) жазган:

Жека мырза айтышка кош келиңиз,
Күүлүү, күчтүү жүрөсүзбү демиңиз,
Акындарга жакшы жооптоп жатыпсыз,
Жедирбестен чөнтөктөгү жемиңиз.

Бийкечтерди дагы даңктай бериңиз,
Сөздөрдүн эң таттусунан териңиз,
Арноолорду окуп форум кыздары,
Көтөрүлүп калсын биртке демибиз :)/>


Жека аганын кубат берип демине,
жакшы иш экен кеп кошконун кебине.
Жатып алып ойлонсом да жаш башым,
жетпей койду жедирбеген жемине.
Чонтогунон жула качкан тамагын,
чонтокчулор барбы бизде эмине?...:-)


Канча кызды суйуп ырдап сагына,
канча айттык кел деп суйуу багына.
Сулуу сулуу гул сыяктуу кыздардын,
сулуулугун данктамакмын дагы да.
Калаар кезде форумда болуп Данияр,
Карабастан кетип калган Жамийла:-)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2783 Пользователь офлайн   Jeka   24 Октябрь 2013 - 09:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Байкашымча, айыл эми жанданды
Баягыдай, чын айтыштар башталды
Отпускага чыгып кетип, эс алган -
Борн кэйжи, Историктер кайтканбы

“Чектелдик го шаалар менен”, ава деп
Ыңгайы жок сезбе өзүңү, азап жеп
Айтыштагы ыр саптарың мыкты экен
Хисторик,
Мага жаккан “шаа” саптарга тең экен!

Борн кэйжи махабатын кармасын -
Чийип алып чын сүйүүнүн картасын
Чөнтөкчүлөр тийбей ага, кармалсын
Ойлонтпосун, жаш жигиттин керт башын

Айтыш кызыйт дембе-дембе ырдасак
Кээде сындап, кээде чындап чырдасак
Анан дагы карап турган эли-журт -
Чаап турса шапалагын, кысталак.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Октябрь 2013 - 09:19

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2784 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 09:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Born.kg

Биринчиден "саламыңды" алик алдым,
Ден-соолукта жүрөсүңбү, кетпей алың?
Кара чыйыр жолдорго кезикпестен,
Тата бергин жашоонун жалаң балын.

Түшүндүрүп өтөйүн, кулак салгын,
Сөзүмдүн түшүнүксүз болгон жагын,
Анда деле жеткиликсиз болуп жатса,
Ойлоноюн жолдорун башка дагы...

"Жеминди жедирбепсиз" - деген элем,
Демек, ал сөзү көрктүү жана белен,
Ар бириңе токтолуп, ырлар жазып,
"Какабай" берип жатат жоопту кенен.

Көчө бүтүп, форумга келип алып,
Жүрсө эми чөнтөктөргө колду салып,
Кудай урган турбайбы анда эле,
Уят, намыс дегендер артта калып!

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 24 Октябрь 2013 - 09:46

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2785 Пользователь офлайн   Jeka   24 Октябрь 2013 - 10:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Lui (23 Октябрь 2013 - 17:55) жазган:

Кап этпениз, агатай, кечириңиз,
Жабылбасын мен үчүн эшигиңиз,
Жумуш күнүм аяктап калган эле,
Эртең келем, бүгүн мени кетириңиз.

Жалгыздап көл түбүнө сүңгүп кетпей,
Таң агарып аткыча сиз күтүңүз,
Ага чейин коштошуп мен турайын,
Ийгиликке жар болсун бул күнүңүз.

Капалык жок, түшүнөмүн, татына кыз -
Эшик ачык, мен күтөмүн, сиз кайтыңыз
Кантип жалгыз, кетип калам көл түбүнө?
Шамды кармап, көл жээгинде сиз турсаңыз

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Октябрь 2013 - 10:05

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2786 Пользователь офлайн   BORN.kg   24 Октябрь 2013 - 10:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Ыракмат Луи! Сурапсыз менин абалым,
ынгайы келди мен деле сурап алайын.
Жакшыбы иштер, ден-соолук деги баарысы?
Журосуз анан жездемдин берип сазайын?:-)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2787 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 10:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения Jeka (24 Октябрь 2013 - 10:04) жазган:

Капалык жок, түшүнөмүн, татына кыз -
Эшик ачык, мен күтөмүн, сиз кайтыңыз
Кантип жалгыз, кетип калам көл түбүнө?
Шамды кармап, көл жээгинде сиз турсаңыз


Шамды жагып, көтөрүп чуркап келдим,
Саламымды агатай сизге бердим,
Чекесинен кертээрсиз балта-чоттоп,
Ыр дүйнөдө топтолгон баалуу кендин...

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 24 Октябрь 2013 - 10:44

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2788 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 10:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения BORN.kg (24 Октябрь 2013 - 10:14) жазган:

Ыракмат Луи! Сурапсыз менин абалым,
ынгайы келди мен деле сурап алайын.
Жакшыбы иштер, ден-соолук деги баарысы?
Журосуз анан жездемдин берип сазайын?:-)


Кудайга шүгүр, капачылык болгон жок,
Ден-соолук жакшы, кийимим бүтүн, курсак ток,
Бергенди сазай үйрөтүп мага коерсуң,
Айтышка кирбей жездеңден дайын-кабар жок..

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 24 Октябрь 2013 - 10:57

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2789 Пользователь офлайн   Jeka   24 Октябрь 2013 - 11:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Lui (24 Октябрь 2013 - 10:44) жазган:

Шамды жагып, көтөрүп чуркап келдим,
Саламымды агатай сизге бердим,
Чекесинен кертээрсиз балта-чоттоп,
Ыр дүйнөдө топтолгон баалуу кендин...

Ишенсең ишен,
Өзүң бил, Луи
Ыр дүйнө менден,
Өтө алыс, Луи.
Анткени менин,
Кесибим, Луи
Техника менен,
"Кесишүү" , Луи.

Айтайын эми,
Өнөгүм, Луи
Кантип мен ырга,
Өткөмүн, Луи.
Мындан бир беш жыл,
Мурдараак, Луи.
“Супер-инфону”,
Кармагам, Луи.

Ошондо билгем,
Бал тилдүү, Луи
Гезиттин сайты,
Бардыгын, Луи.
Сайтка кызыгып,
Катталгам, Луи
“Акын айтышта”,
Жай алгам, Луи

СССР иним,
Алгачкы жолу,
Ыр менен мага,
Кат жазган, Луи.
Аракет кылып,
Мен дагы, Луи.
Алгачкы жолу,
Ыр жазгам, Луи.

Ошентип жүрсөм,
Араңдан зорго.
Сынак жарланып,
Башталды “жорго”.
Не болсо,
Ошол болсун деп.
Четте калбасатан ,
Катыштым “хорго”.

Биринчи жолу -
Үйрөнчүк болдум.
Экинчи жолу -
Сүймөнчүк болдум.
Үчүнчү жолу –
Сыйлыкка толдум.
Мына ошентип,
“Акын” да болдум.

Ошондон бери,
Сырдашым, Луи
Акындар менен,
Сырдашам, Луи.
Ылгап да калдым,
Жакшы ырларды.
Ырдап да калдым,
Жакчу ырларды.

Акын болуунун,
Тарыхы, Луи.
Ушундай болду,
Кыскача, Луи.
Ушундай эле,
Суроону, Луи.
Сага да бердим,
Суйкайган, Луи.

Кыстырма менен,
Айтып койойун.
Кысылып элден,
Уят болбойун:
Уйкаштык үчүн,
"Сенге" өттүм, Луи.
"Урушпай" эми,
Түшүнчү, Луи.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Октябрь 2013 - 11:59

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2790 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 14:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Анда -санда уйкаш сөздү айтып коем,
Төрөлгөн жылым болот коркок коен,
Жакшы ыр, уккулуктуу сөз окусам,
Жан дүйнөмө сиңире, айда тоем.

Ыр жазуу менден деле бир топ алыс,
Кез келем кээде гана болсо бороон,
Андыктан мактанаарлык эч нерсем жок,
Бош эле ыр камалчу менин короом.

Сиз сымал кадырлаган конок келсе,
Ырымдын семизинен тандап соем,
А эгер ырым менин арык чыкса,
Кабыл алып коюңуз капа болбой.




Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 24 Октябрь 2013 - 14:29

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2791 Пользователь офлайн   Jeka   24 Октябрь 2013 - 15:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ыр жазуудан алыс болгон, сырдуу сулуу
Табышмаксыз, болсо дагы жылым улуу!
Илхом келип, ыр жазып калыптырсыз –
Болгон го дейм бир бороон, кел айтыңыз.

Байкадым, “семиздигин” ырыңыздын Сүрөт
Мен жазган “арык” ырга жообуңуздан
Мейличи, кеп ырлардын түрүндө эмес
Негизгиси - ал ырларды чын жүрөктөн жазган адам!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Октябрь 2013 - 15:39

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2792 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 15:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Бороондун уулуганы угулбады,
Кишенебейт жайлоодогу кулун дагы,
Жөн гана баарлашсам деген элем,
Угуп сизди, айтып мен да оюмдагы.

Жан дуйнөм капаланып ооруп калса,
Ыр жазуу айыктыраар сонун даары,
Бороонду бир заматта айдап кетет,
Күлмүңдөп кирип келип көңүл жазы.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 24 Октябрь 2013 - 15:49

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2793 Пользователь офлайн   Jeka   24 Октябрь 2013 - 16:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ап бали, мына эми көңүл тынды
Окуп алып, сиздин жазган сонун ырды
Чынында эле, ыр камалган корооңузда
Толтура экен, тоо жыттанган кыргыз ыры

Көнүлдү капалантуу, тазалантуу
Бардыгы, өзүбүзгө байланыштуу
Каалайт элем, жан дүйнөңүз оорубастан
Көңүл жазы боло берсин, сырдуу сулуу!

Мен деле көптөн бери самап жүргөм
Ыр менен баарлашууну бул айылда
Капыстан, жолугушуп калыптырбыз
Улайлы, бул маекти, бул форумда.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Октябрь 2013 - 16:08

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2794 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Жылуу сөзгө рахмат айтам агатайым,
Болсунчу сый мамиле бизде дайым,
Сөз күчүн биле жүрүү кандай сонун,
Кез келсе берип салам, ысык чайын.

Кыргызым эзелтеден топтоп келген,
Кадырлап сөзүн, ырын жана малын,
Жакшы сөз душмандарды элдештирсе,
А малы болгон экен кызга калың.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 24 Октябрь 2013 - 16:22

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2795 Пользователь офлайн   Jeka   24 Октябрь 2013 - 16:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

“Агатай” деген сайын, эргип калам
Укканымды эстей албай, тааныш - кайдан?
Аа мына, капысынан эске түштү -
Бул жылуу сөз, Раймалы, Бегимайдан.
Окуп алып, сиз жазган ыр саптарды
Сөз байлыктын аздыгына кейип жатам.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Октябрь 2013 - 16:48

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2796 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 16:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Кейибеңиз агатайым, кейибеңиз,

Жазылганын сөздөрдүн жээрибеңиз,

Эргисеңиз албетте каршылык жок,

Балмуздактай куюлуп эрибеңиз :)

Чогултуудан кыйналып калат окшойм,

Алп Жекадан бир тамчы кемибеңиз.





Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2797 Пользователь офлайн   Jeka   24 Октябрь 2013 - 17:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аватарды карап туруп, сезип жаттым
"Апчеси" го, ушул сулуу, тамашанын.
Эми болсо, сезбей эле, ойлоп калдым
Автору го , Луи сулуу, “Аралаштын”

Азырынча , эрип кетчү коркунуч жок
Ал анткени, кабинетте, жылыткыч жок. Сүрөт
Ошондуктан, азырынча эргип турсам
Эрий берем, күн жылыса, нурлары чок.

Эрисем да, тамчылап эрибеймин -
Жука болуп, ээлеп калам жердин бетин.
Ошондуктан, чогултуу кыйын болбойт -
Сузуп алсаң Жеканын, орду толот! Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Октябрь 2013 - 17:22

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2798 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 17:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

"Аралашка" мүчө болуп алайын деп,
Шашып барсам кичинекей великти тээп,
Алты саны толукталып калган дешти,
Үлпүлдөгөн үмүтүмө муздак суу сээп.:)

Градустар ылдый -өйдө көп жылбасын,
Маанайлар муздак болуп чорт сынбасын,
Ар дайым эстеп жүрсөк болгону да,
Көңүлдүн бул өмүрдө эң кымбатын!

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 24 Октябрь 2013 - 17:36

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2799 Пользователь офлайн   Jeka   24 Октябрь 2013 - 17:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Рахман аке, каталык кетириптир
Шашылбастан, койо турса, болмок иш бир
Анда эмне, «Аралаш –экини» түзөлүбү?
Концерт коюп, эл аралап, жүрөлүбү?

Ии, айтмакчы, окудум интервьюңузду
Кызыккандан, билгим келип оюңузду.
Окуп алып, аябай көңүл толду
Айтпаптырсыз, ашык сөз, оңду-солду.
ПС:
"Кыбыраган кыр ашат" деп айтыпсыз,
Бир жолу эмес, эсептедим, жети жолу.Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Октябрь 2013 - 18:16

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2800 Пользователь офлайн   Lui   24 Октябрь 2013 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Түзсө түзүп алалы Аралашты,
Бириктирип таланттуу кары-жашты,
Далайдын өмүрлөрүн узартаарбыз,
Кыймылдатып кирпикти, кара кашты.

Оюмду тең бөлүшүп турганыңыз,
Мен тарапка көңүлүңүз бурганыңыз,
Ыраазылык сезимди пайда кылды,
Ырынызды букет кылып сунганыңыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 24 Октябрь 2013 - 18:11

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 138
  • 139
  • 140
  • 141
  • 142
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 29 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 29, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Авг 2025 03:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: