Жумуш күнү бүттү го, не кетпейсиз
Убакыттын өткөнүн не сезбейсиз
Же жогорку ырларда айтылгандай -
"Бороон күнбү", таптакыр билгизбейсиз.
..
Мен букетти ыр кылбай, сунам сизге
Чыныгы эле розанын бир себетин.
Бул оюмду ишке ашырам, чындап эле -
Билип калсам, форумчулар "ыр кесесин".
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#2802 24 October 2013 - 18:45
Кармалышым жумушта эң себептүү,
Бүтүрүүчү жумуш бар бир керектүү,
Бугункугө жетиштүү болду окшойт,
Айтышууга берсек кантет эртең кезекти....
Бир корзинка гүл алам деп сүйүнүп,
Саат санайм го , элестетип белекти
Бүтүрүүчү жумуш бар бир керектүү,
Бугункугө жетиштүү болду окшойт,
Айтышууга берсек кантет эртең кезекти....
Бир корзинка гүл алам деп сүйүнүп,
Саат санайм го , элестетип белекти
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2803 24 October 2013 - 18:58
Туура айтасыз, мен макул, бул сунушка
Бүгүнкүгө жетишет, Эльгизушка
(Таң калбаңыз байкенин бул неси деп,
Болгону эле, уйкаштыкка айтылган кеп)
Үйгө барып, эс алып, ойду жыйнап,
Эртең кайра келели, шар жумушка.
Бүгүнкүгө жетишет, Эльгизушка
(Таң калбаңыз байкенин бул неси деп,
Болгону эле, уйкаштыкка айтылган кеп)
Үйгө барып, эс алып, ойду жыйнап,
Эртең кайра келели, шар жумушка.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2804 25 October 2013 - 09:32
Kg.lady
Сонун айтышуу болуптур,эми кезек кимдерде?
Кыргызымдын акындары, айтышыптыр,
Бир күн эмес, эки-үч күн, жарышыптыр
Карап турган көрөрман, угармандар –
“Баракелде”, “Азаматын" айтышыптыр.
Луи менен айтышып, бүтө элекпиз
Көл-шал болуп, кара терге түшө элекпиз
Мен ойлоймун, айтыштын ортосу деп
Өнөктөшүм эмне дейт, биле элекпиз.
Сиздер минтип сүрөөлөп турсаңыздар
Айткан сөзгө баа берип, уксаңыздар
Ыр саптары өзү эле чыгат берет -
"Токтогула, жетишет", - деп куубаңыздар.
Бул айтканым, албетте, тамаша сөз
Арай-чарай отурган, кара, көк көз
Пассив болуп, айтышты уга бербей -
Актив болуп, катышкыла, ээ-жаа бербей.
Сонун айтышуу болуптур,эми кезек кимдерде?
Кыргызымдын акындары, айтышыптыр,
Бир күн эмес, эки-үч күн, жарышыптыр
Карап турган көрөрман, угармандар –
“Баракелде”, “Азаматын" айтышыптыр.
Луи менен айтышып, бүтө элекпиз
Көл-шал болуп, кара терге түшө элекпиз
Мен ойлоймун, айтыштын ортосу деп
Өнөктөшүм эмне дейт, биле элекпиз.
Сиздер минтип сүрөөлөп турсаңыздар
Айткан сөзгө баа берип, уксаңыздар
Ыр саптары өзү эле чыгат берет -
"Токтогула, жетишет", - деп куубаңыздар.
Бул айтканым, албетте, тамаша сөз
Арай-чарай отурган, кара, көк көз
Пассив болуп, айтышты уга бербей -
Актив болуп, катышкыла, ээ-жаа бербей.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2805 25 October 2013 - 10:03
Кутмандуу таң, айтышка келиңиздер,
Жазылсын ыр айтыштан чериңиздер,
Катар тизип сөздөрдү, тамгаларды,
Клаваны тыпылдата териңиздер,
Эгерде ыр чабышка түшпөсөңүз,
Жок дегенде колдоп-коштоп бериңиздер.
Келдиңизби Жека мырза,
Салам айтып жалпыбызга,
Чакырыкты таратыпсыз,
Акын болчу калкыбызга.
Жай кадамды таштайлыбы,
Кайтпай эми артыбызга,
Кызуулатып бул айтышты,
Туралы эми антыбызга.
Жазылсын ыр айтыштан чериңиздер,
Катар тизип сөздөрдү, тамгаларды,
Клаваны тыпылдата териңиздер,
Эгерде ыр чабышка түшпөсөңүз,
Жок дегенде колдоп-коштоп бериңиздер.
Келдиңизби Жека мырза,
Салам айтып жалпыбызга,
Чакырыкты таратыпсыз,
Акын болчу калкыбызга.
Жай кадамды таштайлыбы,
Кайтпай эми артыбызга,
Кызуулатып бул айтышты,
Туралы эми антыбызга.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2806 25 October 2013 - 10:41
Өнөктөшүм сунушту колдоп берди
Туралы деп элге берген антыбызга
Анда айтыш уланат, кудай берди –
Алга жылып, кайтмай жок артыбызга
Келдим, келдим айтышка, Луи бийкеч
Не тууралуу айтышабыз, аны өзүң чеч
Сөз байлыгың, саптарың, таң калтырат –
Үйрөнөйүн, билейин, болбойт го кеч!
Туралы деп элге берген антыбызга
Анда айтыш уланат, кудай берди –
Алга жылып, кайтмай жок артыбызга
Келдим, келдим айтышка, Луи бийкеч
Не тууралуу айтышабыз, аны өзүң чеч
Сөз байлыгың, саптарың, таң калтырат –
Үйрөнөйүн, билейин, болбойт го кеч!
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2807 25 October 2013 - 11:03
Улууга жол бошотуп мен берейин,
Төш кагып, "тема тандайм мен"-дебейин,
Ачылса накыл кептүү сандыгыңыз,
Түшүрбөй жерге аны мен терейин.
Тартышып же кошулуп оюңузга,
Ойлордун салмактарын мен ченейин,
Сиз айткан, сиз тандаган темаңызга,
Адашпай, дарегин таап мен келейин.
Төш кагып, "тема тандайм мен"-дебейин,
Ачылса накыл кептүү сандыгыңыз,
Түшүрбөй жерге аны мен терейин.
Тартышып же кошулуп оюңузга,
Ойлордун салмактарын мен ченейин,
Сиз айткан, сиз тандаган темаңызга,
Адашпай, дарегин таап мен келейин.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2808 25 October 2013 - 11:22
“Ырды жакшы жазат” деп мактап жүрсөм,
“Сөз байлыгы чексиз” деп даңктап жүрсөм
Каада-салтты, сый-урмат, кыз адебин –
Мыкты билет турбайсызбы, байкап жүргөм.
Анда мындай кылалы, Луи бийкеч -
Бүгүн жума, жумушта, калбайлы кеч
Ошондуктан жалпы багыт кете берсин
Бул форумда не кызык, айтып бергин.
“Сөз байлыгы чексиз” деп даңктап жүрсөм
Каада-салтты, сый-урмат, кыз адебин –
Мыкты билет турбайсызбы, байкап жүргөм.
Анда мындай кылалы, Луи бийкеч -
Бүгүн жума, жумушта, калбайлы кеч
Ошондуктан жалпы багыт кете берсин
Бул форумда не кызык, айтып бергин.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2809 25 October 2013 - 11:50
Форумдан бөлмө "сатып алганыма"
,
Жашоочу, тургун болуп калганыма,
Күзүндө эки жылга аяк басты,
Луи деп атымды алгач жазганыма.
Бир далай кызык күнгө туш болупмун,
Күлкүлүү, тамашалуу, армандуу да,
Пенденин далай түрүн кезиктирдим,
Кең пейил,боорукерин, жалгандуу да.
Катталган күндүн алгач таңдарында,
Теманын сүртүп баскан чаңдарын да,
Энтеңдеп, чуркап келип калаар элем,
5 мүнөт мен бош болуп калганымда.
А азыр анда-санда бир баш багып,
Көз жүгүртөм форумчунун жазганына,
Кеңешип, кеңеш айтып, талкуулашып,
Техника, илим жаатын казганына.
Жашоочу, тургун болуп калганыма,
Күзүндө эки жылга аяк басты,
Луи деп атымды алгач жазганыма.
Бир далай кызык күнгө туш болупмун,
Күлкүлүү, тамашалуу, армандуу да,
Пенденин далай түрүн кезиктирдим,
Кең пейил,боорукерин, жалгандуу да.
Катталган күндүн алгач таңдарында,
Теманын сүртүп баскан чаңдарын да,
Энтеңдеп, чуркап келип калаар элем,
5 мүнөт мен бош болуп калганымда.
А азыр анда-санда бир баш багып,
Көз жүгүртөм форумчунун жазганына,
Кеңешип, кеңеш айтып, талкуулашып,
Техника, илим жаатын казганына.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2810 25 October 2013 - 11:56
Айтыш эми онуно келген экен. Жека ага , Луи курбум талбагыла.
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#2811 25 October 2013 - 12:21
Жети жолу айтыптырсың бир сөзуңду,
Дегениңиз туруп алды көңүлүмө ,
Атайын маек жакка кирип келдим,
Чыгайын деп ал сөздүн чын-төгүнүнө.
"Кыбыракты" эки эле айтыптырмын,
Даяр болуп жан дүйнөмдү мен төгүүгө,
Кызыгып билдирүүмдү издептирсиз,
Эмне себеп болду көңүл бөлүүгө? ))
Дегениңиз туруп алды көңүлүмө ,
Атайын маек жакка кирип келдим,
Чыгайын деп ал сөздүн чын-төгүнүнө.
"Кыбыракты" эки эле айтыптырмын,
Даяр болуп жан дүйнөмдү мен төгүүгө,
Кызыгып билдирүүмдү издептирсиз,
Эмне себеп болду көңүл бөлүүгө? ))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2812 25 October 2013 - 12:34
А,бали!
Азамат экен Луи айым,
Катыра жооптоп жатыпсын.
Бул жагынан синдижан,
Борн мырза айткандай,
Мени жазбай тартыпсын
.
Кызыктар эми башталат,
Уландысын угалы.
Бул жакта биз да жон турбай,
Жер тепкилеп,колду чаап,
Колдоп,суроп туралы.
Анда, Жека мырза.
Азамат экен Луи айым,
Катыра жооптоп жатыпсын.
Бул жагынан синдижан,
Борн мырза айткандай,
Мени жазбай тартыпсын
Кызыктар эми башталат,
Уландысын угалы.
Бул жакта биз да жон турбай,
Жер тепкилеп,колду чаап,
Колдоп,суроп туралы.
Анда, Жека мырза.
#2813 25 October 2013 - 12:38
Менин болсо келгениме беш жыл болду
“Супер-форум” өзүнчө эле дүйнө болду
Эрте менен бөлмөнү ачып, отурган соң
Форумду ачып, бир карамай адат болду.
Менде дагы окуялар бир топ болду
Кээде күлүп, кээде “ыйлап”, шилтейм колду
Адальс айым, виртуалдуу өлкө түзүп
Өнөктөшүң ал өлкөгө башчы болду.
Андан кийин форумчулар сагынышып
Жолугушуп, бирин-бири көрмөй болду
Адашпасам, ыңкылаптан бир ай мурун
Сельхоз жакта жолугушуп, бердик колду
Элди билбейм, ал кечеде сонун болду
Форумчулар, көз көрүшүп, тааныш болду
Караш Насер, Барс аке жана мени -
Улан-кыздар, көрүп алып, “ваще” болду
Баарын айтпай, кийинкиге калтырайын
Кезек берип, "кесиптешти" шаштырайын.
Кайсы тема, кайсы инсан, бул форумда
Кызык болуп, таң калтырды, сизди угайын.
“Супер-форум” өзүнчө эле дүйнө болду
Эрте менен бөлмөнү ачып, отурган соң
Форумду ачып, бир карамай адат болду.
Менде дагы окуялар бир топ болду
Кээде күлүп, кээде “ыйлап”, шилтейм колду
Адальс айым, виртуалдуу өлкө түзүп
Өнөктөшүң ал өлкөгө башчы болду.
Андан кийин форумчулар сагынышып
Жолугушуп, бирин-бири көрмөй болду
Адашпасам, ыңкылаптан бир ай мурун
Сельхоз жакта жолугушуп, бердик колду
Элди билбейм, ал кечеде сонун болду
Форумчулар, көз көрүшүп, тааныш болду
Караш Насер, Барс аке жана мени -
Улан-кыздар, көрүп алып, “ваще” болду
Баарын айтпай, кийинкиге калтырайын
Кезек берип, "кесиптешти" шаштырайын.
Кайсы тема, кайсы инсан, бул форумда
Кызык болуп, таң калтырды, сизди угайын.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2814 25 October 2013 - 12:51
Жети жолу айтыптырсың бир сөзуңду,
Дегениңиз туруп алды көңүлүмө ,
Атайын маек жакка кирип келдим,
Чыгайын деп ал сөздүн чын-төгүнүнө.
"Кыбыракты" эки эле айтыптырмын,
Даяр болуп жан дүйнөмдү мен төгүүгө,
Кызыгып билдирүүмдү издептирсиз,
Эмне себеп болду көңүл бөлүүгө? ))
Дегениңиз туруп алды көңүлүмө ,
Атайын маек жакка кирип келдим,
Чыгайын деп ал сөздүн чын-төгүнүнө.
"Кыбыракты" эки эле айтыптырмын,
Даяр болуп жан дүйнөмдү мен төгүүгө,
Кызыгып билдирүүмдү издептирсиз,
Эмне себеп болду көңүл бөлүүгө? ))
Мен да билем, эки жолу айтылганын
Ал анткени, окуганда санагамын!
“Жети жолу айтыптырсыз” - жөнү мындай
Текшереби, текшербейби – сынагамын.
Туура айтасыз, интервьюдан сизди издедим,
“Бул ким эле?”, “Эмне үчүн, мен билбеймин?” -
Деген суроо, деген ойлор тынчтык бербей –
Каздырды да бул форумдун "тереңдерин".
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2815 25 October 2013 - 13:18
Форумда түркүн - түстүү таланттар бар,
Талыкпай учуп жүргөн канаттар бар,
Саай-сөөктү тешип өтүп жүлүнүңө,
Такалып туруп калчу санаттар бар.
Айымдардын бурчуна керек болгон,
Жасалчу тамак жана салаттар бар,
Жөн салды эч максатсыз жазып койгон,
Апакай, окулбаган барактар бар.
Үй-бүлөөлү адамды мүңкүрөткөн,
Чыр-чатагы, жарашкан, талактар бар,
Муңайтып, окуганда зээн кейитээр,
Карттанган же жапжаңы жарааттар бар.
Ар кимдин, ар теманын өз орду бар,
Аларга коюлуучу көп талап бар,
Сыйлаймын, ар бир ойду, форумчуну,
Негизинен жагат мага ыр -жамактар.
Талыкпай учуп жүргөн канаттар бар,
Саай-сөөктү тешип өтүп жүлүнүңө,
Такалып туруп калчу санаттар бар.
Айымдардын бурчуна керек болгон,
Жасалчу тамак жана салаттар бар,
Жөн салды эч максатсыз жазып койгон,
Апакай, окулбаган барактар бар.
Үй-бүлөөлү адамды мүңкүрөткөн,
Чыр-чатагы, жарашкан, талактар бар,
Муңайтып, окуганда зээн кейитээр,
Карттанган же жапжаңы жарааттар бар.
Ар кимдин, ар теманын өз орду бар,
Аларга коюлуучу көп талап бар,
Сыйлаймын, ар бир ойду, форумчуну,
Негизинен жагат мага ыр -жамактар.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2816 25 October 2013 - 13:37
Сиз айткандын баарысы – форумда бар
Ар ким жазат билдирүүсүн, оюнда бар
Ошондуктан, "original" жарыя бар:
"Азаматсын “Супер-форум”, салмагың бар!"
“Жумуш күнүм аяктап калган эле” -
Ал жумушуң кай тармак, багытта эле?
Эгер суроом ыңгайсыз, жөнсүз болсо -
Жооптобой "ле", айтып кой, “эх, байке” ле.
Ар ким жазат билдирүүсүн, оюнда бар
Ошондуктан, "original" жарыя бар:
"Азаматсын “Супер-форум”, салмагың бар!"
“Жумуш күнүм аяктап калган эле” -
Ал жумушуң кай тармак, багытта эле?
Эгер суроом ыңгайсыз, жөнсүз болсо -
Жооптобой "ле", айтып кой, “эх, байке” ле.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2817 25 October 2013 - 14:02
"Эх байкеден"
баштайын анда мына,
Иштегеним өтө берет жылдан жылга,
А балким купуядан жөнөтөөрмүн,
"Өздүгүмдү" кошпостон ушул ырга.
Жумушум жакын эмес ыксыз чырга,
Дос эмес шаан-шөкөткө жана ырга,
Жаштардын чөйрөсүнөн орун алган,
Жардамдашып чыгуусуна бийик кырга.
Иштегеним өтө берет жылдан жылга,
А балким купуядан жөнөтөөрмүн,
"Өздүгүмдү" кошпостон ушул ырга.
Жумушум жакын эмес ыксыз чырга,
Дос эмес шаан-шөкөткө жана ырга,
Жаштардын чөйрөсүнөн орун алган,
Жардамдашып чыгуусуна бийик кырга.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2818 25 October 2013 - 14:33
Мен улантып кетейин, “эх, сулуудан”
Жообуңузга берейин, беш упайдан
“Ыксыз чырга жакын эмес” жерден көрө -
Иштесеңиз болмок экен, КГБдан.
Мөлтүрөгөн карагаттай көздөр менен,
Тал чыбыктай, жупжука колдор менен
Экран титеп, тамга терип, айтышасыз -
"Агатайың" рахмат айтат, чын дилинен!
Эрте менен, билдирүүдө айттым эле -
Бүгүн жума, иш күн кыска, жагат элге.
Ошондуктан, үзүр сурап, койсокпу дейм
Чекит эмес, чоң үтүрдү ушул жерде...?
Жообуңузга берейин, беш упайдан
“Ыксыз чырга жакын эмес” жерден көрө -
Иштесеңиз болмок экен, КГБдан.
Мөлтүрөгөн карагаттай көздөр менен,
Тал чыбыктай, жупжука колдор менен
Экран титеп, тамга терип, айтышасыз -
"Агатайың" рахмат айтат, чын дилинен!
Эрте менен, билдирүүдө айттым эле -
Бүгүн жума, иш күн кыска, жагат элге.
Ошондуктан, үзүр сурап, койсокпу дейм
Чекит эмес, чоң үтүрдү ушул жерде...?
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2819 25 October 2013 - 14:45
Эмнеге ылайыктап сиз койдуңуз,
Мен иштөөчү жеримди КГБга,
Себебин айтыңызчы, бул оюңуз,
Токтолуп калгандыгын бир ушуга.
Үтүрдү сиз койсоңуз, аны колдойм,
Чекитти уруксаатсыз, мен да койбойм,
Айтышып күнү-түнү жатсак дагы,
Дагы да, чаңкап-суусап дале тойбойм.
Дүйшөмбү куну кайра кезигээрбиз,
Жолугууну 2 күндөн артык созбой,
Ошондо дагы бир топ сөз баштайбыз,
Кызыктуу темалардан ар кыл козгой.
Мен иштөөчү жеримди КГБга,
Себебин айтыңызчы, бул оюңуз,
Токтолуп калгандыгын бир ушуга.
Үтүрдү сиз койсоңуз, аны колдойм,
Чекитти уруксаатсыз, мен да койбойм,
Айтышып күнү-түнү жатсак дагы,
Дагы да, чаңкап-суусап дале тойбойм.
Дүйшөмбү куну кайра кезигээрбиз,
Жолугууну 2 күндөн артык созбой,
Ошондо дагы бир топ сөз баштайбыз,
Кызыктуу темалардан ар кыл козгой.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2820 25 October 2013 - 15:12
Жумуш менен байланышкан суроолорго
Жооп берипсиз жазылгандай, протоколго
Ошондуктан, тамашалап сунуш кылгам -
КГБны, аз убакыт иштегем, жүрөт ойдо
Үтүр койуу тууралуу, чынын айтсам
Ой жок эле, купуяны эстеп жазгам.
Жооп берипсиз жазылгандай, протоколго
Ошондуктан, тамашалап сунуш кылгам -
КГБны, аз убакыт иштегем, жүрөт ойдо
Үтүр койуу тууралуу, чынын айтсам
Ой жок эле, купуяны эстеп жазгам.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео











