Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 140
  • 141
  • 142
  • 143
  • 144
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#2821 Пользователь офлайн   Lui   25 Октябрь 2013 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

"Эртелеп чыгам "- деген ойдон кайттым,
Арбалдым кызыгына ушул сайттын,
Мен үчүн жасалган бул аракетке,
Ийилип, келди менин рахмат айткым.

5ге дейре убактым кенен экен,
Кагалы такаларын күлүк аттын,
Бизден соң, ээнсиретпей бул айылды,
Башкалар да күлүк же жорго чапсын.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 25 Октябрь 2013 - 15:26

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2822 Пользователь офлайн   Jeka   25 Октябрь 2013 - 15:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул сөзүңүз мага да майдай жакты
Ыр саптары шуру болуп дароо “акты”
Мен сизге арнап таптаган күлүк "аттар"
Ээ-жаа бербей, чыгууга шашып жатты.

Анда эмесе, баштайлыбы чоң теманы
Окурмандар күтүшөбү, билбейм аны
Бүтпөй калса, айтышып өз ойлорун –
Бизге жакшы болот да, андан ары...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Октябрь 2013 - 15:35

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2823 Пользователь офлайн   Lui   25 Октябрь 2013 - 15:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Эмнегедир ар бир жазган сабымдын,
Аралыгы алыс болуп кыйнады,
Билдирүүмдү мен түзөтүп жатамын,
Delete кылып бош жерлерин ырдагы.

Жөндөөлөрдөн издеп таба албадым,
ITишникке келип жатат чырдагым,
Ошондуктан "түзөтүлдү кайра" деп,
Билдирүүгө толуп калды ыр багым.))

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 25 Октябрь 2013 - 15:49

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2824 Пользователь офлайн   Jeka   25 Октябрь 2013 - 15:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Каршыңызда отурат го бир айтишник
Чыр салбай эле, билдириңиз, “ай, ты сник”
Аралыгы алыс болгон – эчтеке эмес,
Болгону эле, форумдагы “шник-пник”. Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Октябрь 2013 - 15:59

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2825 Пользователь офлайн   Lui   25 Октябрь 2013 - 16:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

"Түзөтүлгөн" сиздикин көруп алып,
Биле албай окшоштугун, такыр анык,
Ойлодум, программабыз чарчаганбы,
Атыбыздын такасын кыйшак кагып.

Жарышкансып "түзөтүп" келатабыз,
Жазылганын биринчи ырдын "чанып" ,
Айтышуудан баш тартпайт экенбиз го,
Клава эле чарчабаса, сынып калып.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 25 Октябрь 2013 - 16:11

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2826 Пользователь офлайн   Jeka   25 Октябрь 2013 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Айтышта жүрүп көрбөпмүн
Кайчылаш такыр өтпөпмүн
Сен кайда жүрдүң эле мурдараак эй,
Агаңдын "үйүн" өрттөдүң. Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Октябрь 2013 - 16:47

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2827 Пользователь офлайн   Lui   25 Октябрь 2013 - 16:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Ийилген дарак болсоңуз,
Жарык бир айдай толсоңуз,
Кайдагы ичке чырпык деп,
Байкабай керек койсоңуз.

Асманда болсо ой-тооңуз,
Башка бир болсо болжооңуз,
Дөбөчө жандан өттүңүз,
Ак мөңгү карап байкооңуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 25 Октябрь 2013 - 16:32

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2828 Пользователь офлайн   Jeka   25 Октябрь 2013 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ийилген дарак болгондо,
Шактарым өсүп кеткен го
Байкабай сенин жаныңдан эй,
Батыраак басып өткөм го.

Асманда жылдыз толгондо,
Дөбөдөн жандап өткөм го,
Ак мөңгү карап, курган жан эй,
Делдейип басып өткөм го.

Турасын күлкүң жылмайып
Турнадай болуп ыргалып
Байкабай сулуу кыздарды эй,
Бараткан окшойм улгайып.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Октябрь 2013 - 16:54

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2829 Пользователь офлайн   Lui   25 Октябрь 2013 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

"Улгайдым эми мен"- дебей,
Жаш бойдон дайым жүрүңүз,
Ачылса керек араң эле,
Оноонон үч-төрт гүлүңүз.

Басканда асман тиктебей,
Бут жакты карай жүрүңүз,
Жаштыктын түшүп шарына,
Каткырып , дайым күлүңүз.

Кетейин эми, кеч болду,
Мен күткөн жана беш болду,
Көрүшкөнчө эми деп,
Сунайын эки кош колду.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 25 Октябрь 2013 - 17:20

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2830 Пользователь офлайн   Jeka   25 Октябрь 2013 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Айтышып атып сиз менен
“Гүл саноону” унуттум.
Дайыма эстеп жүрөйүн
Бүт баарын айткан сунуштун.

Байкабай да калыпмын
Убакыттын өткөнүн
Кош колун кармап өбөйүн
Өнөгүм болгон Мөлмөлдүн!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Октябрь 2013 - 17:53

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2831 Пользователь офлайн   BORN.kg   27 Октябрь 2013 - 15:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Просмотр сообщения historic (23 Октябрь 2013 - 23:28) жазган:

Картасын дагы чиемин,
Башкасын дагы чиемин.
Эртерээк сага келинчек,
Таап берүү менин тилегим.
Батыраак сени тындырсам,
Кезегим келет билемин. :)/>


Отуз тонна ыр батуучу бачогум,
отуз акын тут келбеген качогум.
Айткан элен женетай табамын деп,
аткарасын айтчы качан ошонунун?:-)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2832 Пользователь офлайн   Jeka   28 Октябрь 2013 - 12:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Дем алыш күн эки күнгө созулуп
Алыс, жакын - бүт туугандар чогулуп
Чоң бажанын онду бүткөн баласын
Үйлөп койдук, шашып эле, оолугуп.

Азыр болсо, жумуштамын, баягы
Икаянын чыкты беле аягы?
Акын төрдө чымын учса угулат
Топ акындар тойлордо го сыягы...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 28 Октябрь 2013 - 12:17

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2833 Пользователь офлайн   Lui   28 Октябрь 2013 - 12:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Эс алуу болбосун деп дагы үч күн,

Жол карап, саатты санап сизди күттүм,

Кечээги суук күнү карда калып,

Мурдумду кызыл кылып мен үшүттүм :).


Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2834 Пользователь офлайн   Jeka   28 Октябрь 2013 - 12:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Амансызбы, Луи бийкеч, өнөгүм
Айтыштагы колдоп турган жөлөгүм
Үч күн эмес - үч ай, үч жыл өткөнсүп
Сагынычтан саргайдык го, көп күтүп

Күн суукта, мурун үшүп - кызарса,
Калыптыр да, кызга кызыл жарашып Сүрөт
Врач болуп, калсам болмок, ка...ап,
Үшүк алган, мурдуңузду, карашып Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 28 Октябрь 2013 - 12:49

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2835 Пользователь офлайн   Lui   28 Октябрь 2013 - 13:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Аманчылык, Келиңиз Жека мырза,

Соболдорду узатыпсыз Луи кызга,

Кыргыздын кызы болуп бет кызарат,

Негизинен жакынмын мен кызылга.




Ак кийинип, дарт себебин тапсаңыз,

Мээрман айым болмокмун го жаныңызга,

Орулууга көмөктөшүп сиз менен,

Чарчаганда дем-күч болуп алыңызга.





Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2836 Пользователь офлайн   Jeka   28 Октябрь 2013 - 13:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен халатчан, врач болуп больницада -
Мээрман айым, татынакай, сиз жанымда
Чогуу жүрсөк, бейтаптар да тез айыкмак ,
Сөздөн өткөн дары жок го, бул ааламда.

"Күз келип, жалбырактар жол боюнда
Жатышат, саргайышып, жок оюнда
Кечэээги, жай саратан ысыктагы –
Жыргаган, ысык күндөр, суу боюнда."

Ушундай, түшүнүксүз ырлар болот
Ичине, катылбаган сырлар толот
Угуп алып, таптакыр түшүнбөдүм -
Казактардын бул ыры - кандай болот?

"Ауырмайды жүрек, ауырмайды,
Сенсиз өткен күндер болмаса.
Ауырмайды жүрек, ауырмайды,
Сүйем деген сөздер болмаса."

Айлантпай эле, кыргызча түз айтканда
Ыр мааниси болобу, мындай анда?

"Сени менен күндөрүм чогуу өтсө -
Ооруп калат жүрөгүм, ооруп калат.
Сүйөм деген сөздөрүң болуп калса -
Ооруп калат жүрөгүм, ооруп калат" ? Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 28 Октябрь 2013 - 13:58

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2837 Пользователь офлайн   Lui   28 Октябрь 2013 - 13:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Сүйгөн жүрөк бөлүнбөй, бүтүн болсо,
Күттүрбөстөн Сүйүүнүн орду толсо,
Анан кантип жүрөктө оору болмок,
Бакыт кушу айланып сизге консо.

Алыстабай эки жаш оттой жанып,
Кун сайын курчуп турса эки орто,
Жүрөктөр эч ооруну сезбес беле,
Сезимдерге болбосо эч ким жолтоо.

Бул ырга, түшүнүгүм ушул болду,
Кайрылыңыз, суроолор дагы болсо,
Оңдоп, түзөп коерсуз жазууларда,
Туура эмес жазган ката, тагы болсо.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 28 Октябрь 2013 - 13:56

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2838 Пользователь офлайн   Lui   28 Октябрь 2013 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Ооруксунбайт жүрөгум, эч оорубайт,

Сени менен өткөрсөм ар күнүмдү,

Ооруксунбайт жүрөгүм, эч оорубайт,

Сүйөм деген укпасам да бир үнүңдү :)
(Сенсиз өткөн күндөр болбосо деп турат го :) )

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 28 Октябрь 2013 - 14:04

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2839 Пользователь офлайн   Jeka   28 Октябрь 2013 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жер бетин түн ичинде жарык кылган
Жанымда нурун чачкан ай болдуңуз
Жер үстүн суук кылбай, жылуу кылган
Жанымда, демин берген күн болдуңуз

Cиздин жүрөк ооругуча, мен ооруйун
Оору келчү жолдорду мен тооруюн
Сүйгөн жүрөк бөлүнбөй, бүтүн болуп -
Оору-сыркоо, баарынан мен кооруйун!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 28 Октябрь 2013 - 14:20

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2840 Пользователь офлайн   Lui   28 Октябрь 2013 - 14:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Эмнени жазаарымды билбей турам,

Бир сүрдөп, бир тартынып, улам-улам,

Оозумдан сөздөр качып, чалынышат,

Демейде, сайрандашып, оюн курган.




Жазылган бул саптарга көңүл бурам,

Элестетип, бир саамга көздү жумам,

Аттигиң, келген беле күн күттүрүп,

Тагдырыма талашпай моюн сунган. :)


Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 140
  • 141
  • 142
  • 143
  • 144
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Авг 2025 03:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: