Мелис жонундо дагы...
Ал Жогорку Кеңеште көптүн бири катары депутат болуп отурганда Ошко мэр кылып Курманбек Бакиев алып барган. Көрсө, ушул Мелис мырзадан мыкты жетекчи чыгаарын ошол кездеги президент билген экен, ишенген экен. Ал эми жаңы келген мэр дароо эле шаарга тартип орнотууга киришти. Каалаган жерине каалагандай дүкөн салып, шаар жетекчилерине мыйыгынан күлө карагандарды теске салды, далай шаар көркүн бузуп, элге ыңгайсыздыкты жараткан имараттарды жол боюнан алдырып салды.
Албетте, карама-каршылыктар болбой койгон жок, ал түшүнгөн, патриот шаардыктарга таянды, алар аны колдошту. Өзүнүн анча-мынча күчтөргө моюн бербестиигин ошол кезде эле сездирген болчу. Анан 2010-жылдын апрели келди, анан июнь айы болду, кан төгүлүп, элди-жерди апаат каптады. Ал өзүнүн берген көтөгөн интервьюларында Бишкекте отурган ошол кездеги Убактылуу өкмөткө ондогон кайрылууларды жасап, бул апааттын алдын алуу боюнча сунуштар бергени ачык болду.
Бирок, Убактылуу өкмөт буга көңүл да буруп койбой, июнь каргашасы келип чыкты. Бул эмне максатта мындайча болгону азыр жаш балдар да билип калышты. Кийин канчалган курмандыктар жана жоготуулар менен бул каргаша да токтоду, анан кыргыз улутуна, кыргыз мамлекетине карата эл аралык масштабда согуш жарыяланды:
кыргыздарды жырткыч, фашист деп ачыктан-ачык жаза башташты. Ошол кезде Убактылуу өкмөттүн эшигин шыпырган, таманын жалаган журналисттер да, элге күйгөнү да маалымат майданына чыгып, улутка же мамлекетке келген маалымат апаатына көкүрөгүн тосо албады. Ал эми Мелис Мырзакматов өзүнүн «Мен издеген чындык» аттуу китеби менен болгон акыйкатты ачык көрсөтүп, аны нускалап чыгарып, төш каккан журналисттердин гана эмес, улуттун артын жапты. Ал Убактылуу өкмөттүн эмне иш жасаганын, сепаратисттердин эмне иш жасаганын фактылар жана документтер менен даана көрсөтүп койду. Мына ушул эмгеги үчүн эле Мырзакматовдун көкүрөгүнө орден такса болмок.
Бирок, ал муну орден үчүн жасаган жок. Өзү бийликтин бир звеносунда отуруп, өзүнөн бийик жерде бутун салаңдатып отургандардын астынан найза сайып, аларды катуу сынга алып, өз баасын берип турду. Башкалар өзүнүн жетекчисине каршы сүйлөмөк турсун, ага сын айтмак турсун, жетекчисинин мышыгына, итине кошомат кылып жүрүшкөндө,
бул тим эле аларды кууруп турду. Ага эмне керек эле? Кызмат керек болсо, Иманкулов айткандай кысып отурушу керек эле. Байлык керек болсо, ого бетер кысышы керек эле. Калыбы ага акыйкат керек болду , жарылып айтып чыгууга мажбур болду.
Мен бир жолу аны менен баарлашып калганымда,
өлкөдө болуп жаткан кырдаалга кадимки эле карапайым кишилерден бетер күйүп-бышканын,
мамлекеттин,
улуттун келечегине кабатыр болгонун көрүп, ага ыраазы болуп калды элем. Ошондо ал «Аке, азыркы бийликтер Кыргызстанды түндүк-түштүккө,
кыргыз-өзбекке бөлүп салышып, жеке саясий кызыкчылыктарда иштеп жатышат» деп, кырдаалга таамай баа бергени да жаккан. Албетте, ага каршы трайбалисттик жана саясий соккулар берилип жатты, борбордук ММКлар, биринчи кезекте кайсы бийлик келсе, ошонун оюнчугу болгон сойку ММКлар аны баса калып сындап, компроматтап жатышты.
Аны бандит, кылмышкерден бетер элге жаман көрсөтүүгө аракет кылышты. Бирок, ал кебелбеди жана Оштун эли ого бетер анын айланасына бекем бирикти, бийликтердин бул аракеттери негедир Мырзакматовдун пайдасына иштеп кетти. Канткен менен, анын ким экенин жакшылап баарлашкан адам билет: ал көп окуган, көп маалымат алганды жакшы көргөн киши.
Кайсы темада кеп салсаң, ошол теманы сенден жакшы уланта кеп козгоп берет. Ал эми журналистика чөйрөсүн мыкты билгени менен да мени таң калтырган. Эсимде, ал милиция органдарындагы алешем иштерден улам «Муниципалдык милиция түзүү керек» деп айтып коюп, бир нече күн маалымат майданында биринчи персонажга айланган.
Бишкектин көчөдөгү машке иттери да ызы-чуу салып, улуп жиберишкен.
ММКлар тим эле Мырзакматов өзүнүн жеке милициясын түзү алып, ана-мына баш калаага кол сала тургандай сүрөттөп салышкан. Деген менен, бул жөн гана идея болчу жана ал идея 1991-жылдан бери жашап келатат, анын да автору ММКлар порно-жылдыз кылышкан Ѳмүрбек Текебаев эле.
Кийин ЕККУ жылдар бою муниципалдык милиция түзөбүз деп, бийликтер менен кошо аракет кылып келатат. Ал тууралуу дегеле кеп жок да, Мырзакматов айтса, истерикага түшүп, кошок айтып киришет. Алмазбек Атамбаев Маскөөгө барып «Мен Алёшамын», «Есенин - Эсендин баласы» десе унчугушпайт да, кадыресе жакшы сөз айткан Мырзакматовду баса калышат.
Деген менен, бийликтегилердин ушундай асыла бермейи да Мырзакматовдун элдеги аброюн бекемдеп салды. М. Мырзакматовдун дагы бир мен байкаган артыкчылыгы – кадрларды тандай билгендиги.
Колунан келбеген, эптеп жанын баккан жүдөмүш кадрларды тууган-туушкан,
тааныштык же партиялык принцип менен тандап, иштетпейт экен. Ошону үчүн түштүк аймагындагы мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарындагы басма сөз жана коомчулук менен байланышуу кызматтарынын ичинде эң мыктысы (салыштырмалуу) - Ош шаар мэриясынын аталган кызматтары.
Алардан ар тарапка тынымсыз маалыматтар агып турат, шаардагы иш-аракетти дайыма чагылдырып турушат. Кала берсе, Ош шаардык «Ош шамы» гезити да түштүк аймагындагы эң мыкты. Нускасы да, мазмуну да, жасалгасы да айырмаланып турат.
Жалал-Абад жана Ош ОБЛАСТТЫК гезиттернинин нускасынан ШААРДЫК «Ош шамынын» нускасы эки эсе көп. Кадрды жакшы тандаган жерде ушундай ийгилик болоруна бир гана ушул мисал жетиштүү. Ал эми областтык аппараттарда бсма сөз кызматы бар же жоктугу билинбейт, чыгарган гезиттери окурмандарга кызыксыз. Биз Ош шаарынын күнүндө шаар мэриясынын аппарат кызматкерлеринин аракеттерин,
сабаттуу, жогорку деңгээлдеги карым-катнаштарын,
ушунчалык сезгич-туйгуч экендиктерин,
интеллигенттүү жана маданияттуу мамилелерин көрүп, оң баа беришке туура келди. Мен өзүм бир катар мамлекеттик,
өз алдынча башкаруу органдарында иштегем, ошол тажрыйбамдан улам Ош шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлеринин деңгээли айрым мен билген областтык администрациялардын аппарат кызматкерлеринин деңгээлинен дурус экенин ачык баамдадым. Жетекчинин деңгээли кандай болсо, тандаган кадры да ошого жараша болот.
Же Мелисти президент кылып алсакпы ыя? же премьерби?
#122 22 October 2013 - 21:19
М. Мырзакматовдо трайбалисттик дымак, принцип болгондо, эгер ал Кыргызстанда сөздүн анык манисинде жарым пааша болгусу келгенде, аймактын саясий күчтөрүн акырындап бириктирип,
бир күчкө иреттеп, каалаган жагына муштумун кеземек. Жок, Кудай жалгап анын мындай кууш, ыплас жана улуттун мүдөөлөрүнө туура келбеген ниети жок экен. Мен муну өзү менен баарлашкан кезде анык туйдум жана кубанып калдым. Азыр ал лидери болуп эсептелген «Улуттар биримдиги» партиясы бир дагы саясий партиялар же башка күчтөр менен чыпалак алыштыра дос боло элек. Калыбы жакын ортодо мындай окуя жүз бериши да кыйын окшоп калды, себеби бул партиянын стратегиясы менен тактикасы башкалардыкынан бир топ айырмаланып турат. Деген менен, «Улуттар биримдигинин» социалдык базасы бир гана Ошто, бул партиянын «мамлекеттик чек арасы» Ош шаарынын чек арасы менен аныкталат деп ойлогондор катуу да жаңылышат жана кийинки шайлоолордо катуу жаңылышкандыктарына ынанышат. Бул партия элге карай бараткан жок, эл бул партияга карай баратат. Мырзакматовдун феномени ушундай.
Айрым серепчилер Мырзакматовдун башка лидерлер менен анча ысык мамиле күтпөй, өз оокатын обочодо өзү кылып жатканына анын «башка бирөөлөргө жакпаганы» менен түшүндүрүп, аны дайыма саясий жалгыздыкта кала берет деп ишенишет. Бул да катуу жаңылыштык, себеби саясий лидерлер социалдык базасы күчтүү лидер менен бирге болууну самашат. Бул жагынан алганда М. Мырзакматовдо потенциал күчтүү, аны башкалар да билишет. Бирок, саясий мамилелер тактикасы ар бир партияда ар башка да, ал негизинен саясий кампанияда убагында гана даана көрүнөт. Бүгүн саясий айдыңда өтө «айылчылашкан» партиялар эртең саясий кампания учурунда жалгыз калышы толук мүмкүн, ар жакка каттап, жаны тынбаган партиялар да, келиндер да эч кимге жакпайт. Кыскасы, Мырзакматовдун азыркы «жалгыздыгы» убактылуу жана азырынча ага пайда алып келип жаткан көрүнүш.
Саясий сахнанын пардасы ачылганда биз таптакыр башкача декорацияга, ушул партиянын пайдасына иштеген декорацияны көрүп калышыбыз мүмкүн. Экинчи жагынан караганда, дал ушул бүгүн Мырзакматов жалгыз эмес. Эгер ал жалгыз болгондо борбордук бийликтер капкачан аны оодара тартып, ага башка орунду көрсөтүп коюшмак. Кыргызстандагы бардык жетекчилердин ичинен дал ушул Мырзакматовду гана эл түп көтөрө колдоп турат. Ошону үчүн да борбордук бийликтер аркайган азуусун кайрап, жаланып тим болуп калышты, себеби алардын бул ниеттеринин социалдык базасы жок эле, калыбы мындан ары да олбойт да.

#123 22 October 2013 - 21:22
5- октябрда Оштун 3013- жылдык мааракеде суйлогон созу:
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн биз көп улуттуу элибиздин катышуусунда кылымдарды карыткан, түбөлүк жаш калаабыздын күнүн биргеликте белгилеп жатканыбыз жүрөктө кубанычты гана жаратат.
Улуу Жибек жолунун дал ортосунда жайгашкан, тарыхый, стратегиялык өзгөчө орду бар, Кыргыз Республикасынын Түштүк борбору аталган ордолуу Ош шаарыбыз бүгүн айрым каржылык жана саясий тоскоолдуктарга карабастан өнүгүү жолунда.
Мурунку жылдары шаарыбыздын бюджети жарым миллионго жетпей жүрсө, акыркы үч жылда 1 млрд. 300 млн. сомго көтөрүлүп, эселеп өстү. Ушунун эсебинен бардык тармактарга көңүл бурулуп, алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат.
Иретсиз соода түйүндөрү жайгашып, адамдын зээнин кейиткен абалга келип калган аймактарды кайрадан өздөштүрүп, акыркы төрт жыл ичинде бир нече жолдорду, инфраструктуралык коммуникацияларды, жарандарыбыз эс алуучу жайларды, сейил бактарды, спорт залдарын, балдар бакчаларын, мектептерди, аймактык кеңештердин имараттарын куруп колдонууга бердик.
Жамааттардын демилгелери менен көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын жаап, жер төлөлөрүндөгү инженердик жабдууларын оңдоого, социалдык обьектилерди колдоого калктын жана демөөрчүлөрдүн каражатын кошкондо 141 млн. сомдук жумуштар аткарылды.
Жыйынтыгында жергиликтүү калктын арасында ордолуу Ош шаарыбызды өнүктүрүүгө кызыгуу пайда болуп, жергиликтүү бийликке жогорку ишеним пайда болуп, Ош шаары мамлекеттик жана муниципалдык органдардын арасында алдыңкы орунга чыкты жана ушундай жумуштарды мындан ары да уланта бермекчибиз.
Шаардык чарба тармагын да көз жаздымда калтырбастан, 82 млн. сомдон ашуун каражат жумшап, өзүбүздүн күчүбүз менен 36 ар кандай техникаларды сатып алууга жетиштик.
Жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард 93 миллион сомдук 615 долбоор иш жүзүнө ашырылды. Анын ичинен, жолдорду курууга 400 миллион сом, же 8 миллион доллардын тегерегинде каражат жумшалды. Натыйжада, шаардын жолдору салыштырмалуу жакшы абалда десем жаңылышпаймын.
Тилекке каршы, кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында Бүткүл дүйнөлүк банктан 4,5 миллион доллар алганыбыз айтылып, ошол эле жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 8 миллион доллар жөнүндө айтуудан тайманышат.
Социалдык обьектилердин ремонттоо жана инфраструктурасын реабилитациялоо иштерине жергиликтүү каржы булактарынан донорлордун каражаты менен биргеликте 142 млн сом жумшалды.2010- 2011-жылдары чет элдик инвесторлор бизге жабыркаган шаар катары жардамга келишсе, акыркы жылдары шаарыбызда стабилдүүлүк орногондугуна байланыштуу экономикалык жактан киреше алуу максатында келип жатышат.
Алар менен ийкемдүү кызматташуунун натыйжасында келип түшкөн инвестициялардын, гранттардын көлөмү 123 млн долларга жетти.Чет элдик ишкерлер тарабынан жалпы суммасы 27 млн. долларды, же 1 миллиард 300 млн. сомду түзгөн көп кабаттуу үйлөр курулууда жана белгилүү деңгээлде жарандарыбыздын турак-жай маселеси чечилүүдө.
Урматтуу мекендештер, шаар күнүн белгилөөдө жыл сайын ондогон социалдык жактан маанилүү обьектилердин курулушун бүткөрүп, ачуу адатка айланган.
Бүгүн Монуев көчөсүн официалдуу ачып, Навои көчөсүндөгү өтмө көпүрөнүн курулушун баштап, капсуласын орноттук. Кара-Суу көчөсүндөгү кеңейтүү иштерин жүргүзүп, калаабызга кирүүчү дарбаза жолдорун оңдоп, кооздоп жатабыз.
Биздин мындан ары да алдыга койгон алгылыктуу максаттарыбыз бар. Өтмө көпүрөлөрдү куруу мындан ары да улантылат. Буюрса курулушу башталган өтмө көпүрөнү 2015-жылга бүтүрүп, 2016-жылдан жайма базар аркылуу өтүүчү Масалиев проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүн туташтыруучу чоң экинчи өтмө көпүрөнүн курулушун баштайбыз. Негизги милдет – калаабызды анын тарыхый наркына ылайыктуу заманбап шаарга айлантуу.
Урматтуу калайык калк, бүгүнкү биздин Ош шаарыбызды өнүктүрүүдөгү жасап жаткан ийгиликтер жөнөкөй карапайым калктын эмгеги аркасында жаралып жатат жана анын ээси эл болуп саналат. Муну биз оштуктар, жалпы Республикабыздын өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз деп эсептейбиз. Анткени Оштун өнүгүүсү өлкөбүздүн өнүгүүсү менен тыгыз байланышта экендиги талашсыз.
Жакынкы аймактарды, тагыраак айтканда, Кара-Суу, Араван райондорун Ош шаарынын карамагына өткөрүү маселеси каралып, административдик- аймактык өзгөртүү маселелерин ыкчам чечүү талап кылынат.
Андыктан биз төмөндөгүдөй өзгөчө көз караштагы ойду сунуштайбыз. Эгерде Борбордук бийлик тарабынан саясий колдоо болуп, аталган райондорду Ош шаарына кошуу маселеси чечилсе, алардын айыл чарба потенциалын көтөрүү менен шаардын карамагындагы өз алдынча өзгөчө экономикалык зона түзүп, эл чарба комплексине айландырмакпыз жана өндүрүштүн бирдиктүү циклин камсыз кылып, 4-5 жылдын ичинде пахта, жибек өндүрүшүн колго алып, аларды кайра иштетүүнү толугу менен жолго коет элек.
Чоң шаарларга айыл-чарба багытындагы жакынкы аймактарды мыйзамдуу бекитип берүү дүйнөлүк практикада бар.
Ушундай улуу иштерди жүргүзүү үчүн бизде саясий эрк, элдердин биримдиги жана колдоосу жетиштүү. Ар бир жасаган алгылыктуу кадамдарыбызга айрым саясий күчтөр, ак үй - көк үйдө отурган кээ бир зээнсиз паркетный чиновниктер саясий чайкоочулук менен мамиле жасап, эл атына жамынып алып, туура эмес маалыматтарды таркатып, толгон-токой ар түрдүү тоскоолдуктарды көрсөтүп жатышкандары жашыруун эмес. Алар позитивдүү келечекти куруучуларга каршы чыгып, жалпыга маалымдоо каражаттарын сатып алуу жолу менен, же интернет-сайттар аркылуу болсо да кара көө сүйкөгөнгө чейин барышууда.
Мындан үч жыл мурда монументалдык идеологияны жүргүзгөнүбүздө да айрым сындарга кабылганбыз.
«Бышкан ашты жечүү көп, бүткөн ишке сынчы көп» демекчи, бизди аябай сындап келишти. Бирок, мезгил көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө биз курган обьектилер туристтердин, конокторубуздун кызыгуусун арттырып, элге жакшы таасирин көрсөтүү менен, жалпы Кыргызстандын элинин сыймыктануучу жайларына айланууда.
Мына бүгүн эле башталган өтмө көпүрөнүн курулушу боюнча, айрым борбордук деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнүн арасында өзүнүн туура эмес позициясын калк арасында жайылтып, элди дүрбөлөңгө салган ар түрдүү ушак-айыңдарды тараткандар да жок эмес.
Бирок, биздин иш-аракеттерибизди шаардын эли, жалпы коомчулук сыяктуу эле, жакынкы коңшулаш райондордун эли да колдой баштагандыгын кубануу менен белгилеп кетким келет. Ал эми, Ош шаарынын мэриясы тарабынан мындай чечкиндүү кадамдарды таштоо дагы да болсо улантыла берет. Бүгүнкү убактылуу кыйынчылыктар өтөт, бирок эртеңки жашообуз татыктуу болуп, урпактарыбызга өнүккөн, гүлдөгөн шаарды өткөрүп беребиз. Ал эми, шаарда билим алып жаткан 60 миң студенттин, ак эмгек өтөп жаткан жаштардын биз баштаган жакшы саамалыктарды улап кетерине ишеним чоң.
Бирок, айтып коюш керек, «чала молдо дин бузар» демекчи, айрым жашы улуу жарандарыбыз жаштарыбызды эмгекчил дыйкандан, фермерден, ширетүүчүдөн, катардагы мугалимден үлгү алууга үндөөнүн ордуна, сокур тыйындын кулу болуп, акыр аягында кылмышка алып келүүчү, бир күндө байып кетүүнүн жолун издеген багытты көрсөтүп жаткандыктары абдан аянычтуу. Андыктан жаштарыбыздын патриоттук сезимин ойготууга, чынчылдыкка, ак ниеттүүлүккө, сабырдуулукка багыттаган иш-чараларды күчөтүү учурдун талабы.
Ички эл бузарлардын иш-аракеттеринин, тышкы колдоолордун натыйжасында токсонунчу жана 2010-жылдагы окуялар жүз бергендигин баарыбыз билебиз. Тилекке каршы, көпчүлүк атка минерлер анын сабактарын, жоопкерчилик даражасын унутуп, кечеги күнү эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшүүдө. Ал күндөрдү кээ бир чиновниктердин эсине салып туруу үчүн Шералынын чокоюн илип койсо туура болчудай.
Биз Оштуктар, тынчтыктын баасын өтө жакшы билебиз. Анткени уламыштагы күл болуп кайра жаралган Феникс кушу сыяктуу шаарыбызды кайра түптөөгө жетиштик. Ош шаарынын жергиликтүү коомчулугу тынчтыкты сактоо үчүн бүт күч-аракетин жумшаган жана жумшай берет.
- Коомчулук арасында жаңы Конституция өзүн актай алган жок деген пикир жаралууда. Ал тургай биз бүткүл дүйнөгө шерменде болдук деген ойлор айтылууда. Мурда уруу-урууга, жек-жаатка бөлүнүү болсо, азыр партия-партияга бөлүнүп, ар ким өз көмөчүнө күл тартып, элдин, Өлкөнүн кызыкчылыгы экинчи, же андан да төмөнкү планда калууда.
Ошондуктан Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү күн тартибиндеги актуалдуу маселе болуп саналат. Үч жылдан ашуун убакыттан бери Ош шаары саясий ваакуумда калып, шаардын статусу жөнүндө мыйзам кабыл алынбай жатышы түшүнүксүз. Андыктан биз демократиялык институттарды өнүктүрүү менен күчтүү президенттик- парламенттик башкаруу системасын киргизүүнү, же Премьер-Министрдин институтун кыскартуу менен функционалдык милдеттерин тактоо жана жоопкерчиликти жогорулатуу аркылуу Парламентаризмди күчөтүү талапка ылайык деп эсептейбиз.
Өкмөттүн кайра-кайра алмаша бергендигинин кесепетинен, кыска, орто жана узак мөөнөттүү Программалар кагаз бетинде гана калууда.
Өкмөттүн курамы партиялык көз караш менен эмес, профессионалдык принциптин негизинде куралууга тийиш. Албетте, мындай орчундуу маселелерди эл гана чечет.
- Сот реформасы толугу менен кыйрады деп эл арасында айтылууда. Биз шаарды өнүктүрүүдө, айрыкча жолдорду кеңейтип салууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп, жөнөкөй карапайым элдин кызыкчылыгын колдойбуз деп, күнүнө бир нече соттошуулардан башыбыз көтөрүлбөй калды.
Соттордун туура эмес чыгарган чечимдеринин, мамлекеттин кызыкчылыгын ачыктан-ачык сатып жаткандыктарынын кесепетинен, Сиздердин маңдай-териңиздер менен таап шаардын казынасына салык катары төккөн акча каражаттарын социалдык маселелерге жумшоонун ордуна, бузууга туура келген камоктун, же соода түйүнүнүн ээсине бир нече эселенген суммада төлөп берүүгө туура келип жатат. Мыйзам алдында тең укуктуулук принциби бузулууда.
Тилекке каршы, Ош шаарынын мэриясы тарабынан көтөрүлгөн мына ушундай ачуу чындык саясий күрөш катары кабыл алынып жаткандыгы өкүндүрөт.
«Талаштан тактык жаралат» демекчи, биздин айткан сын Өлкөнүн өнүгүүсүнө гана өбөлгө түзөт деп ойлоймун.

#124 22 October 2013 - 21:28
5-октябрь - Ош шаарынын күнүндө сөзгө чыккан Ош мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жергиликтүү бийликтин алдыга койгон пландары тууралуу кеп салды.
Анын айтымында, жакынкы келечекте аймакта пахта, жибек иштетүү тармактары колго алынат. Бул үчүн сырье даярдап берген дыйкандардар менен иштешүү зарыл. Ушул жана башка экономикалык жактан пайдалуу өсүштөр үчүн шаарга жакын жайгашкан Араван, Кара-Суу райондорун Ош шаарынын карамагына өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
"Шаадын карамагына жакынкы аймактарды өткөрүү дүйнөлүк практикада кездешет. Бул өзүн актайт. Маселени республикалык деңгээлде чечүү керек",-деди Мелис Мырзакматов.

#125 22 October 2013 - 23:54

Маладес Мелис мырза. Буйруса Араван менен Кара- Суу Ошко карап калса, ооо шаарыбыз Бишкектен чон болуп калабы э? Ош облусуна 5 эле район калып калабы э? Ооо
#126 22 October 2013 - 23:58
Озгон шаарынан чыгып эле, копуродон отсон эле, мынтип карасан чоон Ош шаары деген жазууну коруп калабызбы э? Ооо
#127 23 October 2013 - 00:15
Мелис байке, Ошту ишеничтуу адамга тапшырып же Бишкекке мэр, же КРга президент болунуз. Сиздей адам бизге керек.
Киргиз,
суйлоп корчу таза кыргызча,
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
#128 23 October 2013 - 00:45
Чындап Кара суу менен Араван шаарга отсо дагы да Ош шаары гулдоп осор эле.Пахта менен Жибек куртту жолго салса,жаштар учун иш болуп жана экономикабыз да которулор беле...Бирок кашыктап чогулткан ШЕЛК ком.,Текистиль ком.тар чакалап чачылып,урдалып,
тонолуп жоголуп кетти.Кайра куруу учун канчалаган каражат кетет.Кайран гана кыргыз элимдин ченемсиз байлыгы эки уч мите курттун чонтогуно кирип синип кетти...
13000 мин адам иштеп жанын баккан Текистиль комбинат доту колдогон берекелуу,кутту жер дегим келет.Канча жылдан бери уурдалып,тонолуп бутпогон жер.Жада калса жерин да уй курууга сатып жатышат.Ошонтсе да соолуп жок болуп тугонбой дагы деле жарымы бар.Кана эми Мелис кучу жетип жарымын сактап кайрадан иштетсе...

#129 23 October 2013 - 00:51

Туура айтасыз, Текстиль комбинатын жарымын иштетиш керек, ал эми жарымын борбордук базар кылам деп эчак эле даярдап койгон. Ал эми борбордук базарды жашылдандырып, жаш балдар эс алуучу парк кылам деген Мелис мырза.
#130 23 October 2013 - 20:03
Союз убагындагы Оштун чок ортосундагы дуркурогон насос заводу не болду. Азыркы кебетесин корсон ыйлайсын. Мелис мырза! Биз сиздин жасаган иштеринизди колдойбуз!
Артынызда калдайган элиниз бар! Андыктан эл учун иштей бериниз! Иштеринизге ийгилик!
#131 24 October 2013 - 12:06
Мен-менсип канча чиновник,
мекенди тоноп келишти.
Эл бакчу уулун таба албай,
эл татпай журду жемишти.
Мер болуп келип Мелисбек,
коргозду элге коп ишти.
Кайдыгыр болбой эми элим,
колдообуз керек Мелисти!
Коргообуз керек Мелисти!
мекенди тоноп келишти.
Эл бакчу уулун таба албай,
эл татпай журду жемишти.
Мер болуп келип Мелисбек,
коргозду элге коп ишти.
Кайдыгыр болбой эми элим,
колдообуз керек Мелисти!
Коргообуз керек Мелисти!
#132 24 October 2013 - 16:08
Азыркы Оштун суротторун жуктогулочу,
Оштуктар?
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#133 26 October 2013 - 19:54
Мелис Мырзакматов чыныгы патриот инсан.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#134 26 October 2013 - 23:42
Суйлогон создорунон Ош шаарын келечегин коруп койгондой болдум.Соз бойдон калбасында,
Башкалар бут тосмой кылбаса Мелис байкебиз баарын жасайт.Бийлике ушундай ток адамдар келиши керек.Ач адамдар келип тойгонгонго чейин элди какшатат.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#135 26 October 2013 - 23:52
Азыркы Оштун суротторун жуктогулочу,
Оштуктар?
Эркин тема болумуно отсонуз, Кыргыз жери соп сонун, кыйласынан Ош сонун деген темада суроттору менен бар экен.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#136 30 October 2013 - 18:35
Кечээ,
25-октябрдын кечинде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Бишкектеги "Египет"
ресторанында кыргызга төбөсү көрүнгөн аксакалдарга,
тарыхчы-окумуштууларга сый тамак берип масилет курду. Айтылуу Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Абдылдабек баатыр 19-кылымда Орусия падышачылыгына колония болбойбуз деп Кыргызстандын түндүгүнөн келген орус аскерлерине каршы күрөшүп жүрүп Ооганстанга сүрүлуп кеткен экен. Сөөгү ошол жакта калып, Абдылдабектин ашы берилбей калган дешет. Эми кийинки, 2014-жылы Мелис Мырзакматов ошол көз карандысыздык үчүн күрөшкөн Абдылдабек баатырдын ашын берип, эстелигин коюп, илимий иш-чараларды өткөрүү максатын аксакалдар,
тарыхчы-окумуштуулар менен талкуулап, баарлашты.
Иш-чара ортолоп калганда сөз алган кыргыздын Солто уруусунун лидерлеринин бири, экс-аким Адамкалый Чыныбаев: "Биз солто уруусунан чыккан Бишкек баатырга эстелик тургузалы деп Бишкектен жер сурап бир жылдан бери алалбай кыйналдык. Ошто болсо кыргыздын тарыхый инсандарына эстелик коюуга жер дароо бөлүнөт экен. Биздин Бишкек баатырдын эстелигине бийлик жер ыраа көрбөй жатат" деп арызданды.
"Бишкектен Бишкек баатырга жер беришпесе анда Бишкек баатырдын эстелигин Ошко коёлу. Мен Оштон жер да берем, эстелигине да жардам кылам. Бул жерде чечилбесе Ош шаарына келгиле", - деп Оштун мэри Мелис Мырзакматов убада кылганда ал жерде олтурган аксакалдар, тарыхчы-окумуштуулар дүркүрөтө кол чаап жиберишти.

Өзүн актагандан өлө кач!!!
#137 02 November 2013 - 13:34
Кыргызстан бугун эки ажырымга болунгон жээк сыяктанат. Бир башкаруу тундукто журуп жатса, туштук тарап обочолонгон таризде оз казынанды озу кайноодо. Оз казына дегеним жондуу болуп турат. Бишкек- Кыргызстандын киндиги болсо, Ошту экинчи борбор атап келебиз. Мыйзам боюнча бир олкого бир Ажо болуга тийиш эле. Бир иш жузундо андай эмес! Прецеденттин али кунго Ош шаар башчысына бийлиги журбой, созу отпой келет. Мамлекет башында турган А.Атамбаевда,
Ошту башкарган шаар мэри М.Мырзакматовда таасирдуу саясый фигуралар. (Мырзакматов кийинчерек таныла баштады.) Аркимисинин оз алына жараша акыл-идиреги,
туюм-сезими,
лидерлик сапаты, баам парасаты бар. Окунучтусу - экоо тен ушундай сапатары менен Кыргызстанды бириктирууго алы жетпей келатышат. 2010-жылдагы элдик которулуштон кийин олкодо оор кырдаал тузулуп, Убактылуу Окмот аталган "бийлик"
башкарып турду. Мына ушул жерден Кыргызстандын журогу тарс этип, экиге болунду да калды. Дал ушул ревалюциядан кимдин-ким экени ачык-айкын коргозулду.
Буга чейин Ош шаарынын кадимки эле мэри Мырзакматов туу которгон баатыр сыяктанап чыга келди. Туштукто будун-чан, кан тогулор оор кырдаал курчап турган учурда Мырзакматовдун саясый салмагы билинбей бекемделе баштаганын ал кезде эч ким туйганда эмес. Кыргызстандын болунуп жарылуусу 2010-жылдагы ревалюциядан кийин куч алып, буга чейин кунк-мынк гана айтылып келген. Кыргызда коргон коздо жазык жок дейт. Жалпы коомчулук коруп келатат, бугун Ош бийлиги озунчо саясат жургузудо. Бул кимге жаксын? Кыргызстан бир учурда эки БАШКАРУУЧУ бар! Башкача айтуга азырынча мумкун эмес. Жыл башында Мырзакматов Окмотук бюджеттен баш тарты. Ош элин озум бакканга кудретим жетет деген таризде. Ош шаары унаа жолдору кыш мезгилине даяр. Кочолорду тазалоого жергиликтуу бюджеттен 2 миллион сом каралганы маалым болду. 2013-жылдан Ошто мугалимдердин коммуналдык толомдордон бошотулуп, бул учун шаардык казынада 18 миллион сом каражат болунгонун жар салды. Ош эли учун атайын арзан базар ачты. Этти да озум кескилеп жедирем деген тейде, эт продукциясын жонго салды. Олко бюджеттинин алсыздыгы менен баш ооруткан жок. Кыргызстанда азык-тулук баалары асмандап, салыктар калктын капчыгына кантары, оп-чап турмуш уланып келатат. Бул жылы мамлекеттик денгелде бир топ иш чаралар отту. Аянтагы туу жанырды. Ошто Манастын 24 метрлик айкели тургузуп, дуйнону тандаткан Чынгызхандын айкелинен кийинки эле орунда турарын шардана кылды. Бишкекте шаар куну салкын маанайда майрамдалды,
ал эми Ош шаарынын куну эбегейсиз шаан-шооконо белгиленип,
Ош эли айтып тугото албай жатты. Жакында дагы бир кызык маалымат тарады. Солто урусунан чыкан айтылуу Бишкек баатырдын эстелигин койгонго ылайыктуу жер сурап, уруунун аксакалдары А.Атамбаевге кайрылган. Президенттен колдоо тапаган демилгечилер Ош мэри Мырзакматовго айканда маакул болуп жылуу кабар менен кубанты. Бишкек баатырдын эстелиги Ошко курулмай болуптур. Бул жерде да эки лидер ортосунда биригуу болбой турат. Ырасында Оштун онугуп атканы танууга болот. Арийне буга Ош окуясы чон кадыр-соолот болуп берди. Президенттен А.Атамбаевдин Ош, Жалал-Абады кайра калыбына келтирууго дирекция учун олчойгон каражат болунуп турганын айтты. А тургай чет элдик донорлордон кайрымдуулук каражылары азыркыга чейин туштук тарапка бутундой жиберилип турат. Президенттин дооматында мунун баарын Ош мэри тескери нукта пайдаланган,
эстеликтерди тургузган. Ал эми Мырзакматов эл аралык донорлордон "олчойгон " алган эместигин Ошту онуктуруго шаардын казынасы кучу турганын айтат! Айтор президент "дарт" десе, мэр "бале" деп аткан кези. Кыскасы Атамбаев биякта, Мырзакматов тиякта башкартат Кыргызстанды!
#138 05 November 2013 - 03:40
Beka90
, Баарибир Алмазбек Атамбаевтин саясатына караганда Мырзакматовтун саясаты кучтуу, кадыр баркы жогору экени сокурга да корунуп турат. Донорлордон келген акчаны тескей турган атайын дирекция бар, ал президентке баш ийет, анын кылган ишине мен канааттанбайм,
озбек улутундагыларга уй тургузуп берди. Мырзакматов алга, Эл сиз менен!
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#139 05 November 2013 - 11:23
Beka90, Баарибир Алмазбек Атамбаевтин саясатына караганда Мырзакматовтун саясаты кучтуу, кадыр баркы жогору экени сокурга да корунуп турат. Донорлордон келген акчаны тескей турган атайын дирекция бар, ал президентке баш ийет, анын кылган ишине мен канааттанбайм,
озбек улутундагыларга уй тургузуп берди. Мырзакматов алга, Эл сиз менен!
Туура айтасын ошолорго уй салып бергенден коробала бакча эскилиги жеткен мектептерди каарылар уйун ж.а.б.у.с нерселерди кылса жакшы болмок.Озбектер ансыз да озду салып алышмак
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
#140 05 November 2013 - 21:40
- 05.11.2013
":Бүгүн Ош шаарынын өзбек кварталдарында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду каралаган баракчалар таратыла баштады. Баракчадагы тексттин автору, өзүн укук коргоочу атаган, 3 жолу соттолгон Равшан Гапиров Мелис Мырзакматовду кыргыздын улутчулу катары айыптап, эгер Мелис Мырзакматов кызматтан кетпесе дегеле турмуш оңолбойт, өзбек улутунун укуктары корголбойт деп каралаган. Баарынан кызыгы бул баракчаларды өзбек кварталдарында кыргыз жигиттер таратып жүргөндүгү. Албетте, муну азыр Бишкектеги бийлик тарабынан Ошто түзүлүп, Мелис Мырзакматовду кетирүү үчүн иштеп жаткан штабдын балдары жасап жатканынан шек жок. Өз күчтөрүнө ишенген эмеспи, эми үчүнчү күчтөрдү кошууга аракеттенишүүдө. 2010-жылы июнь окуяларынын астында да өзбек сеператисттери Кадыржан Батыровдор ушинтип "Мелис Мырзакматов кыргыздын улутчулу, өзбектерди басынтып жатат, Мырзакматов кызматтан кетпесе дегеле турмуш оңолбойт, өзбек улутунун укуктары корголбойт" деп каралаган, эки элди бири-бирине кагыштырган баракчаларды Оштун өзбек кварталдарында таратышкан. Анан оюндан от чыккан. Иши кылып бул жолу эл аман болсо эле болду"
деп бир жерден окуп калдым биздикилер эч эле жон отура алышпайт экен озу курттары кыймылдап турат

Супер-Инфо
super.kg
видео