Аралап, форум ичин “басып” жүрсөм
Андагы, эң сулуу кыз көрүнөсүн!
Абайлап, боорум, ичим – басып көрсөм
“Агатай, чарчадың”, - деп сен күлөсүн
Бир сүрдөп, бир тартынып кубулганың
Ойлонгон сөздөр качып, куурулганың
Жазылган сапты эстеп, көздү жумууң–
Келген го, Луи бийкеч, тунгуч сүйүүң!
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#2842 28 October 2013 - 15:25
Чынында менин сүйүүм келген окшойт,
Сөз уксам, "ой жүгүртүүм дароо токтойт",
Калтаарып, аны качан көрөмүн деп,
Жүрөгум жалгызсырап, түгөй жоктойт.
Эстесем, жалындаган ар бир сөздү,
Албарат, эки бетим кызыл чоктой,
Коркомун, жолукканда жан биргеме,
Калабы деп жүрөк кургур бир да сокпой...

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2843 28 October 2013 - 15:33
Өгүнү кирип форумга, карадым кими, кай жакта,
Аңгыча башым бурулуп, такалдым ушул темага.
Байкасам, эч ким көрүнбөйт, экөөнүн үнү күңүлдөйт,
Жакындап келип карасам, Жека акем жүрөт Луи деп.
Кудайым мындай бербеспи, окуй берип... тер кетти
Суктанып, кээде каткырып, жайладым бир топ баракты...
Барактан барак ашса да, бүтпөдү экөө, мэээсссага!
(Акыры...)
Териме агып кетпейин деп, кадамым койдум сырт жакка...
Эшикке чыгып энтигип, демиме демим кептелип,
Элеңдеген эшектей, эңгиреееееп турдум, эзилип...
Элдер өтөт шашыла, аркасынан ээрчидим,
Ээрчип жүрүп акыры дил кутунда "Чүнчүдүм"
"Чүнчүдүм" десем, жалпы журт, чүйрүйүшө карады,
Бирин-экин тургундар, "Чүнчүбө! " деп урушту.
Эми кантем, акындар? Кебиңерди айткыла,
Чүнчүсөм да, чүнчүтпөй, киии-и-ичине араңарга кошкула
...деп коюптур кумурска, бара жатып жумушка
ПС. жаман атылып кетипмин го

Думай своей головой, а не общественным мнением!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
#2844 28 October 2013 - 15:45
Чынында менин сүйүүм келген окшойт,
Сөз уксам, "ой жүгүртүүм дароо токтойт",
Калтаарып, аны качан көрөмүн деп,
Жүрөгум жалгызсырап, түгөй жоктойт.
Эстесем, жалындаган ар бир сөздү,
Албарат, эки бетим кызыл чоктой,
Коркомун, жолукканда жан биргеме,
Калабы деп жүрөк кургур бир да сокпой...
Сөз уксам, "ой жүгүртүүм дароо токтойт",
Калтаарып, аны качан көрөмүн деп,
Жүрөгум жалгызсырап, түгөй жоктойт.
Эстесем, жалындаган ар бир сөздү,
Албарат, эки бетим кызыл чоктой,
Коркомун, жолукканда жан биргеме,
Калабы деп жүрөк кургур бир да сокпой...
Жүрөктү, сакташ керек, ак илбирстей
Күнөстүү, таза жерде, чаң тийгизбей.
Кызыл чок, жалын болуп күйүп кетпе -
Өрттөнүп, пожарниктер келе электе.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2845 28 October 2013 - 15:57
Өрттөнсүн,
жалбырттасын
менин сүйүүм,
Өчпөстөн, тыным албай жанып-күйүп,
Өмүрүм сезимдерге бай болсунчу
Өкүнбөстөн, калганыма бирди сүйүп.
Жүрөлүчү дайыма ойноп-күлүп,
Татыктуу бул жалганда өмүр сүрүп,
Күн нурун адамзаттан аянбасын,
Болбосун караңгы түн жана күүгүм.
Өчпөстөн, тыным албай жанып-күйүп,
Өмүрүм сезимдерге бай болсунчу
Өкүнбөстөн, калганыма бирди сүйүп.
Жүрөлүчү дайыма ойноп-күлүп,
Татыктуу бул жалганда өмүр сүрүп,
Күн нурун адамзаттан аянбасын,
Болбосун караңгы түн жана күүгүм.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2846 28 October 2013 - 16:06
Келе бер, Колючка кыз тердебегин,
Суук тиет эми кайра желдебегин,
Жылуулап кийим кийгин тикенек кыз,
Жана да куйрук болсун сен жегениң.
Кошобуз, сени албетте келе бергин,
Урушса, укпай койгун анын кебин,
Акындык өнөрлөрүң бир топ окшойт,
Байкалды, жакшы экен сенин дээриң.

#2847 28 October 2013 - 16:11
Колючкага
Айтыш деген кызуу, жандуу болуш керек
Чаң баспай, ыр саптарга толуш керек
Комузун илип койбой төр бөлмөгө -
Акындар, термелерин төгүш керек
Бир жума болуп калды, бул айтышка
Түшкөмүн Луи менен чоң жарышка
Ойлогом, салам-дубай айтышкан соң
Сөз бүтүп, чек коюлат, шаша-буша.
Көрсө мен баалабапмын, сезбептирмин
Луинин талантынын эпкиндерин
Дагы эле, эрикпестен окуудамын -
Сөз курап, ыр жазуунун тартиптерин
Бүгүнкү «Дил кутуна» жазыптырсыз,
Шурудай тизилишкен ыр саптарын
Угалы, баарыбызга айтып бергин –
Дарактар жалбыраксыз калышканын

#2848 28 October 2013 - 16:32
Lui
Өрттөнсүн, жалбырттасын менин сүйүүм,
Өчпөстөн, тыным албай жанып-күйүп,
Өмүрүм сезимдерге бай болсунчу
Өкүнбөстөн, калганыма бирди сүйүп.
Жүрөлүчү дайыма ойноп-күлүп,
Татыктуу бул жалганда өмүр сүрүп,
Күн нурун адамзаттан аянбасын,
Болбосун караңгы түн жана күүгүм.
Өрттөнүп, жалбырттаган сүйүү сезим
Оор болот, чыдай албай турган кезиң
Ошого даярсынбы, сырдуу селки –
Андайлар мурун болгон, тээ илгери
Өчпөсүн, тыным алып, сиздин сүйүү
Сүйүүнүн урааны бар – ичтен күйүү
Түбөлүк бир сүйүүнү сактагандар –
Аз экен, кыйын иш го, күйүү, сүйүү!

#2849 28 October 2013 - 16:54
Чумадай каптап кеткен бүткүл жерди,
Ысык, муздак, оор болсо да сезгим келди,
Сырдашып, жетелешип тээ алыска,
Суйүү менен дүйнө кезип кетким келди.
Жүрөктүн илебинен мен тайсалдап,
Билбедим, тузу корбу, балким кемби,
Түбөлүк болооруна шек санабай,
Таштадым кадамымды, тартып демди.
Ысык, муздак, оор болсо да сезгим келди,
Сырдашып, жетелешип тээ алыска,
Суйүү менен дүйнө кезип кетким келди.
Жүрөктүн илебинен мен тайсалдап,
Билбедим, тузу корбу, балким кемби,
Түбөлүк болооруна шек санабай,
Таштадым кадамымды, тартып демди.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2850 28 October 2013 - 17:13
Ишендим, сиздин сүйүү бек экенин
Жөн эле айтылбаган кеп экенин!
Сырдашып, жетелешип тээ алыска -
Сүйүүгө шерик болгум келди менин.
Сүйүүнүн тузу ачуу, даамы таттуу -
Омар Хайям ырдап өткөн ак шараптай.
Тартынбай, кадам ташта, катуу-катуу
Калбасын, тун сүйүүңүз ак барактай.
Жөн эле айтылбаган кеп экенин!
Сырдашып, жетелешип тээ алыска -
Сүйүүгө шерик болгум келди менин.
Сүйүүнүн тузу ачуу, даамы таттуу -
Омар Хайям ырдап өткөн ак шараптай.
Тартынбай, кадам ташта, катуу-катуу
Калбасын, тун сүйүүңүз ак барактай.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2851 28 October 2013 - 17:21
Кетүүгө менин үйгө мезгил келди,
Шыңгырап, саат жебеси берди белги,
Аман-эсен, сак саламат сиз болуңуз,
Жолуккуча кайрадан, дагы эми.
Шыңгырап, саат жебеси берди белги,
Аман-эсен, сак саламат сиз болуңуз,
Жолуккуча кайрадан, дагы эми.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2852 28 October 2013 - 17:26
Байкабапмын,
убакыттын закымдарын
Окуп атып, Луишканын ыр саптарын
Албетте, үйгө барып, эс алыңыз -
Акын төрдү унутпай, тез кайтыныз.
Окуп атып, Луишканын ыр саптарын
Албетте, үйгө барып, эс алыңыз -
Акын төрдү унутпай, тез кайтыныз.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2853 29 October 2013 - 10:02
Окшош күндөр кайталанып дагы келди
Жека байке Луишкага салам берди
Минип алып, интернеттин күлүк атын –
Кыдыралы кызыктырган элди, жерди...
Жека байке Луишкага салам берди
Минип алып, интернеттин күлүк атын –
Кыдыралы кызыктырган элди, жерди...
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2854 29 October 2013 - 10:52
Саламды окуур замат Луи келди,
Түрүнүп узун жеңин, бууп белди,
Күлүгүн ооздугунан кармап турат,
Калтырсам деп артты көздөй муздак желди.
Түрүнүп узун жеңин, бууп белди,
Күлүгүн ооздугунан кармап турат,
Калтырсам деп артты көздөй муздак желди.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2855 29 October 2013 - 11:58
Келе бер, Колючка кыз тердебегин,
Суук тиет эми кайра желдебегин,
Жылуулап кийим кийгин тикенек кыз,
Жана да куйрук болсун сен жегениң.
Кошобуз, сени албетте келе бергин,
Урушса, укпай койгун анын кебин,
Акындык өнөрлөрүң бир топ окшойт,
Байкалды, жакшы экен сенин дээриң.
Суук тиет эми кайра желдебегин,
Жылуулап кийим кийгин тикенек кыз,
Жана да куйрук болсун сен жегениң.
Кошобуз, сени албетте келе бергин,
Урушса, укпай койгун анын кебин,
Акындык өнөрлөрүң бир топ окшойт,
Байкалды, жакшы экен сенин дээриң.
Мейли эми, сураныпсыз, тердебейин,
Шамалдап, терезеден желдебейин.
Бирок, арамдар терчил болбойт дегендерге,
Айтыңызчы, эжекеси, эмне дейин?
Ырас, айтыпсыз кеңештердин кеңештерин,
Куйрукту кыя-кыя жегендерин.
Бирок, чөп менен сүткө көнгөн кекиртегим,
Эжеке, өткөрбөсө эмне кылам майын эттин?
Ыраазычылык, мага убайым тартыптырсыз,
Ал тургай араңарды ачыптырсыз.
Сербеңдете таштай кеткен собол кебимди,
Акындык өнөргө тең баалаптырсыз
Эми эжеке, болбосом да сиздей чечен,
Сөзсүз түрдө мынтип жообум жаза кетем.
Барган сайын сөзүм куурап бара жатат,
Айтышам деп, уятта калбасам экен.
Думай своей головой, а не общественным мнением!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
#2856 29 October 2013 - 12:29
Колючкага
Айтыш деген кызуу, жандуу болуш керек
Чаң баспай, ыр саптарга толуш керек
Комузун илип койбой төр бөлмөгө -
Акындар, термелерин төгүш керек
Бир жума болуп калды, бул айтышка
Түшкөмүн Луи менен чоң жарышка
Ойлогом, салам-дубай айтышкан соң
Сөз бүтүп, чек коюлат, шаша-буша.
Көрсө мен баалабапмын, сезбептирмин
Луинин талантынын эпкиндерин
Дагы эле, эрикпестен окуудамын -
Сөз курап, ыр жазуунун тартиптерин
Бүгүнкү «Дил кутуна» жазыптырсыз,
Шурудай тизилишкен ыр саптарын
Угалы, баарыбызга айтып бергин –
Дарактар жалбыраксыз калышканын
Айтыш деген кызуу, жандуу болуш керек
Чаң баспай, ыр саптарга толуш керек
Комузун илип койбой төр бөлмөгө -
Акындар, термелерин төгүш керек
Бир жума болуп калды, бул айтышка
Түшкөмүн Луи менен чоң жарышка
Ойлогом, салам-дубай айтышкан соң
Сөз бүтүп, чек коюлат, шаша-буша.
Көрсө мен баалабапмын, сезбептирмин
Луинин талантынын эпкиндерин
Дагы эле, эрикпестен окуудамын -
Сөз курап, ыр жазуунун тартиптерин
Бүгүнкү «Дил кутуна» жазыптырсыз,
Шурудай тизилишкен ыр саптарын
Угалы, баарыбызга айтып бергин –
Дарактар жалбыраксыз калышканын
Ооба, агай, туура кепти баштагансыз,
Айтыштын турушу шарт шаңы ашып.
Комузда кол ойнотуп, сөзүн төксө,
Калайык турган жакшы кол чабышып.
Луинин күчүн сезбей, адашып,
Жоргого учкашып сиз алгансызбы?
Жобурап айтышам деп ал кыз менен,
Чоң жолдо ээриңиз жок калбайсызбы?
Баамдасам, эжекеси бир топ экен,
Ал эмес, ыры менен жечүдөй экен.
Бирок, агатай, байкадым бир өзгөчөлүк,
Сиздин да дараметиңиз шумдук экен
Жогоруда жаза кеткен кебиңизден,
Түшүндүм, уучум менин куру эмескен.
Бирок, суктанткан сизди шуру ыр саптарын,
Мен эмес, жазган болчу бөлөк чечен.
Думай своей головой, а не общественным мнением!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.
Имею мнение - х@@ оспоришь!
Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
#2857 29 October 2013 - 12:30
Арамдар терчил болбойт деген кепти,
Чынында, кечиресиз, укпаптырмын,
Арамдан жоро-жолдош жокко эсе,
Жашоомдо алдап жана "уктаттырган" .
Ошондо, арамдыкты ким бироого
Байкасам, сиз ыроолоп жаткандайсыз,
Жылмайган, келишимдүү жүзүңүзгө,
Айтылбаган сырды терең каткандайсыз.
Куйрук майды кыргыз элим барктап келген,
Оорутпай, ден -соолукту сактайт дешкен,
Сыркоолоп же жел туруп калганында,
Сыйпанып, кээде тилип майды жешкен.
Келе бер, эшик сизге дайым ачык,
Айтышууга , ойлонбостон кайра кайтып,
Өркүндөп, сөз өнөрлөр өсө берсин,
Кошулуп бирге эки, дагы артып...
Чынында, кечиресиз, укпаптырмын,
Арамдан жоро-жолдош жокко эсе,
Жашоомдо алдап жана "уктаттырган" .
Ошондо, арамдыкты ким бироого
Байкасам, сиз ыроолоп жаткандайсыз,
Жылмайган, келишимдүү жүзүңүзгө,
Айтылбаган сырды терең каткандайсыз.
Куйрук майды кыргыз элим барктап келген,
Оорутпай, ден -соолукту сактайт дешкен,
Сыркоолоп же жел туруп калганында,
Сыйпанып, кээде тилип майды жешкен.
Келе бер, эшик сизге дайым ачык,
Айтышууга , ойлонбостон кайра кайтып,
Өркүндөп, сөз өнөрлөр өсө берсин,
Кошулуп бирге эки, дагы артып...
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2858 30 October 2013 - 10:14
Даярданып кечээ күнү чоң айтышка,
Салам бергем эрте менен Луишкага
Ойлогон ой, койгон максат ишке ашпай
Бир топ эле уят болдум, сулуу кызга
Бүгүн эми, даярданып кайра келдим,
Сезейин деп, касиетин муздак желдин
Эки күлүк бир чабышса, жорго болуп -
Уланат го, токтоп калган айтыш толуп.
Салам бергем эрте менен Луишкага
Ойлогон ой, койгон максат ишке ашпай
Бир топ эле уят болдум, сулуу кызга
Бүгүн эми, даярданып кайра келдим,
Сезейин деп, касиетин муздак желдин
Эки күлүк бир чабышса, жорго болуп -
Уланат го, токтоп калган айтыш толуп.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2859 30 October 2013 - 10:45
Колючка кыз, акын төргө куш келипсиз
"Тердебейм" деп Луишкага сөз берипсиз
Комуз менен, кол ойнотуп , сөздү төгүп -
Биздин жазган ыр саптарга жооп берипсиз
Туура айтасыз, Луишканын дараметин
Адегенде, байкабапмын, ыр-кептерин
Мына эми, сезип, билип, айта алам –
Луи бийкеч, бирөөсү экен, генийлердин
"Тердебейм" деп Луишкага сөз берипсиз
Комуз менен, кол ойнотуп , сөздү төгүп -
Биздин жазган ыр саптарга жооп берипсиз
Туура айтасыз, Луишканын дараметин
Адегенде, байкабапмын, ыр-кептерин
Мына эми, сезип, билип, айта алам –
Луи бийкеч, бирөөсү экен, генийлердин
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2860 30 October 2013 - 13:42
Сиз менен таанышып, баарлашуума,
Билинбей бугун толук жума болду,
Акындардын айылынан чыкпай жүрүп,
Иштей турган жумуштарга "чөнтөк" толду.
Тынымсыз айтышууну солгундатып,
Аягына болобу койсок колду,
Кез келип, жолдорубуз кесилишсе,
Талкуулайбыз форумду жана коомду.
"Кол койдум "-деп жоголуп сиз кетпестен,
Кайрылып, жазыңызчы көп-көп томду,
Суктанып, сиз калтырган ар бир сапка,
Окуйлу, шатырата чаап колду.
Кызыктуу тема болсо кайтып келем,
Мен ашып эчендеген аска - зоону,
Кылычтап жардамымды бербесем да,
Ыр менен сайгылашам келген жоону.
Билинбей бугун толук жума болду,
Акындардын айылынан чыкпай жүрүп,
Иштей турган жумуштарга "чөнтөк" толду.
Тынымсыз айтышууну солгундатып,
Аягына болобу койсок колду,
Кез келип, жолдорубуз кесилишсе,
Талкуулайбыз форумду жана коомду.
"Кол койдум "-деп жоголуп сиз кетпестен,
Кайрылып, жазыңызчы көп-көп томду,
Суктанып, сиз калтырган ар бир сапка,
Окуйлу, шатырата чаап колду.
Кызыктуу тема болсо кайтып келем,
Мен ашып эчендеген аска - зоону,
Кылычтап жардамымды бербесем да,
Ыр менен сайгылашам келген жоону.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.

Супер-Инфо
super.kg
видео