Таза балды кантип тандайбыз? Өзгөчө кыш мезгилинде адамдын ден соолугуна бал абдан пайдалуу экендиги баарыбызга маалым. Ал эми базарларда,
дүкөндөрдө жана ар кандай көргөзмөлөрдө сатылып жаткан балдын табигый же жасалма экендигин аныктагыңыз келсе, төмөнкү кеңештерди эске алыңыз. Адистер айтышат Туура тамактанууда пайдасы бар жана шыпаа алып келүүчү балдын акыркы кездерде жасалма же нукуралыгын билиш үчүн көп ыкмаларды айтып келишет. Адистер, балдагы глюкозанын ченеми сырттан караганда эч качан жасалма экендигин көрсөтпөй тургандыгын айтышууда. Ал бир гана лабораториялык изилдөө ишинде белгилүү болот. Азык-түлүк сатуучулардын айтымында, арзан баада сатылган бал сөзсүз түрдө жасалма болушу мүмкүн. Ал эми адистердин айтымына караганда, сатыктагы тамшандырган арзан балды бал деп айтууга негиз жок. Анда болгону шекерден же таттуу кошулмалардан балга окшотуп жасагандар да көп эле кездешип жүрөт. Адистер, бал челектеги аарылардын саны 80 миңдин тегерегинде болушу керек дешүүдө. Кыштан аман-эсен чыккан аарыларга жазында шире (сироп) берүү табигый жана пайдалуу нерсе. Алгач 3 айга чейин аарылар шире менен азыктануусу керек. Аларга жүгөрү, глюкоза, жүзүм, тыт ж.б. жасалган ширелерди берүү кажет. Аны аарылар балга айландырат.
Ал эми бал болсо 7-8 айда барып даяр болот. Мындайча айтканда 3 айда берилген шекердин эч нерсеси калбай калат. Шекер аарыларга балдардын чоңоюусу үчүн берилет. Бирок кээ бир бал чыгаруучулар бал алуу мезгилинде да шекер беришет. Бул туура эмес. Тактап айтканда, соода этикасына туура келбейт. Балдын дарылык касиети Бал сасык тумоого, тамактын ооруганына,
нерв системаларынын жакшы иштешине жардам берет. Адистер балды алар алдында аны жыттап, даамдап көрүүсүн сунушташат.
Чыныгы бал гүл жыттанып, жагымдуу, таттуу даамда болуп турат. Эгерде организмди тазалап, диета кармайм десеңиз, анда бир стакан кайнак сууга бир чай кашык бал кошуп эртең менен тамак алдында ичип туруңуз. Ал организмдеги шлактардан тазалайт. Бирок кайнаган суу бир аз муздап, жылуу абалга келгенде гана балды салыңыз, анткени, кайнак сууга түшкөн бал өзүнүн пайдалуу элементтерин жоготуп коёт. Балды косметологияда дагы кеңири колдонуп келишет. Аны бетке маска катары колдонсо, бет таза жана тунук болот. Балды кантип сакташ керек? Балды сатып алган соң, аны туура сактай билиш керек. Металл идишке салып коюуга болбойт. Анткени, анын курамындагы кислоталар ачуу болуп, балдын курамындагы металдын санын көбөйтөт да пайдалуу заттарды азайтат. Мындай бал ашказанга терс таасирин тийгизет. Балды айнек, форфор, керамикалык жана жыгач идиштерине сактоо керек. Балдын курамы Балдын курамында 65-80% витаминдер бар. Анда бардык минералдар сакталган. Ошондуктан балды жылуу суу менен колдонуп жатып, же кум шекер кошулган балды кайнаткыңыз келсе 60градуска жеткиришиңиз керек. Андан жогору болсо курамындагы витаминдер азайып, өңүн өзгөртүп, жытын жоготот. Жасалма бал үч түргө бөлүнөт Балдын көлөмүн жана салмагын көбөйтүш үчүн табигый балга кошулма кошушат. Нектар азыктары жок жасалган бал. Жасалма бал. Таза балды тандоонун бир нече жолдору Химикалык калем сап менен текшерүү. Кичине өлчөмдөгү балды колуңузга сүйкөп, үстүнөн калем сап менен сүртүп өтүңүз. Эгерде изи калса, анда ал сапаттуу эмес. Мындай ыкма менен 100% аныктоого болбосо дагы, балдын канчалык деңгээлде жасалма экендигин билип алса болот. Соргуч кагазды алып, ага балды аз өлчөмдө сүйкөп, 1-5 мүнөт күтүп туруңуз. Эгер ушул убакытта кагаздын аркы бети суу болуп калбаса анда сапаттуу деп айтууга болот. Балдын өңүнө да көңүл буруңуз. Ак түстөгү балдын курамына кум шекер кошулган деп эсептөөгө болот. Кандай куюлганына да караңыз. Эгерде кашыкка оролгону жакшы болсо, өз нормасындагы бал. Даамдап көрүңүз, эгерде балга суу кошулган болсо, карамелдин даамына окшош болот да, кыжылдай баштайт. Ал эми балдын үстүнкү катмарына көбүкчөлөр чыгып, спирт сыяктуу ачуу даамга ээ болсо, анда ал сапаттуу бал эмес. Эгерде балдын курамында кошулма бар экендигин аныктагыңыз келсе, стаканга кичине бал салып, кайнак суу менен куюп коюңуз да, аны аралаштырып,
муздатыңыз.
Андан кийин стаканга бир эки тамчы йодду тамчылатыңыз.
Эгерде бал көгүлтүр болуп калса, анда ага крахмал кошулган, таза эмес бал деп түшүнсөк болот. Медицинада АКШнын окумуштуулары балдын курамын изилдеп чыгып, анын ден соолукка пайдалуу экендигин аныктап чыгышкан. Бал башка дарыларга салыштырмалуу жаш балдардын оорулардан арылуусуна бат жардам берет. Алар изилдөө жүргүзгөндө,
балдарга жатар алдында бир кашыктан бал беришкен. Башка медициналык дарыларга караганда бал жеп жаткан балдар аз жөтөлүп, уйкусу тынч болгон. Мындан кийин балды бир гана жаш балдарга эмес, чоңдордун да колдонуусун доктурлар айтып келишет. Кээ бир химиялык элементтер кошулган дарыларга караганда табигый, таза бал адамдын ден соолугуна алда канча пайдалуу. Николай Викторович,
бал челекчи, 18 жылдан бери аары багып, бал сатат. "Кышында бал тунук болбойт" - Аарылар менен кантип иштеп калдыңыз? - Мага аарылар атаман калган. Ал Ысык-Көл областында Жыргалаң айылында жашачу, өзүнүн чоң бал челектери бар эле. Алардын баарын мага өткөрүп берген. Учурда 35 бал челекти карап аарылардан бал алып турам. Кандай гана көргөзмөлөр болбосун дайыма катышып турам. Көптөгөн дипломдорго ээ болдум. "Мыкты аары багуучу" деген наам алгам. - Анда таза бал менен жасалма балдын айырмасын жакшы билет экенсиз да? - Ооба, кээ бири акча табуу максаты менен эле кум шекер же ар кандай кошулмаларды аралаштырып жиберишет. Бирок менин кардарларым абдан көп, алар менен көп жылдан бери иштешип келем. Алар да сатып алар алдында кылдаттык менен карашат. Азыр балдын убактысы десек да болот. Кээ бир кардарлар "кышы-жайы менен бал дайыма тунук жана кыпкызыл болуп туруш керек" деп ойлошот. Бул катачылык, кышында табигый балдар тоңуп калат. Жаңы бал челектен алып чыккан бал суюк болуп турат да, өз калыбына келгенден кийин тоңуп калат. Бул анын чыныгы бал экенин айтсак болот. - Азыр балдын баасы канчадан? - Биз атайын Бишкекте болуп турган чакан көргөзмөлөргө дайыма катышып турабыз. Ал жерден килограммын 250 сомдон сатабыз. Ар кандай өлчөмдө алып келебиз. 150 граммдык идиштерге салып келебиз, каалагандар келип челектеп алып кетишет.
- (2 )
-
- 1
- 2
Таза балды кантип тандайбыз?
#1 02 November 2013 - 21:47
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 02 November 2013 - 22:23
Мухаммед (С А В) адамдардын ан сезими орчуй элек убакта эле ден соолука кам коруудо 1. бал, 2. хижама, 3.куйгузуу жолу (бирок куйгузуу жолу кооптуу болгону учун силерге сунуштабаймын)-
деп жазылган, коп хадистеринде балдын дарылык каситтерин айтып аны ар дайым колдонуп тургула деп айткан...
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#3 19 November 2013 - 22:16
Мен ушул балды эч жактыра бербейм да негедир, кудай кечирсин, кесир суйлогон болсом.
#4 20 November 2013 - 15:03
Таза бал жыттуууу болот. Аябай аппетитти козгогон жагымдуу жыт келет.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#5 21 November 2013 - 00:25
Кагаз бетине балды тогуп корупда байкашатго,
канчалык таза же таза эмес экенин.Эгер кагаздагы бал жайылып кетсе демек,ал кум шекерден жасалган,а эгер кагаз бетине тушкон бойлон турса таза бал болот деп.
Мен кыздарым жотолуп баштаганда эле турптун ичине балдан куюп,анын согу чыкканда ичирип турам,кунуно эки жолу.Жотол даары сатып алыштын кереги жок, 3,4кундо ыкшып жотолуп жаткан адамдында жотолун дароо басат.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 21 November 2013 - 01:07
Кагаз бетине балды тогуп корупда байкашатго,
канчалык таза же таза эмес экенин.Эгер кагаздагы бал жайылып кетсе демек,ал кум шекерден жасалган,а эгер кагаз бетине тушкон бойлон турса таза бал болот деп.
Мен кыздарым жотолуп баштаганда эле турптун ичине балдан куюп,анын согу чыкканда ичирип турам,кунуно эки жолу.Жотол даары сатып алыштын кереги жок, 3,4кундо ыкшып жотолуп жаткан адамдында жотолун дароо басат.
Мен кыздарым жотолуп баштаганда эле турптун ичине балдан куюп,анын согу чыкканда ичирип турам,кунуно эки жолу.Жотол даары сатып алыштын кереги жок, 3,4кундо ыкшып жотолуп жаткан адамдында жотолун дароо басат.
Paidaluu keneshko
Eske tutup koiuu kerek eken..
#7 21 November 2013 - 13:16
Кагаз бетине балды тогуп корупда байкашатго,
канчалык таза же таза эмес экенин.Эгер кагаздагы бал жайылып кетсе демек,ал кум шекерден жасалган,а эгер кагаз бетине тушкон бойлон турса таза бал болот деп.
Мен кыздарым жотолуп баштаганда эле турптун ичине балдан куюп,анын согу чыкканда ичирип турам,кунуно эки жолу.Жотол даары сатып алыштын кереги жок, 3,4кундо ыкшып жотолуп жаткан адамдында жотолун дароо басат.
Мен кыздарым жотолуп баштаганда эле турптун ичине балдан куюп,анын согу чыкканда ичирип турам,кунуно эки жолу.Жотол даары сатып алыштын кереги жок, 3,4кундо ыкшып жотолуп жаткан адамдында жотолун дароо басат.
Бул ыкманыз ашказан, от, ичеги ооруларынын да алдын алат
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 28 November 2013 - 21:32
Николай
Викторович бир нерсени кошо айта кетсе жакшы болмок экен. Таза бышырылган бал кеч тонот. Копчулук балчылар бал таза быша электе эле 5, 10 кун эрте тартып коюшат. Мындай балдын нектары коп болуп суюк болгондуктан бат тонот. Нектары аз болгон бал кеч тонуп, дарылык касиети жогору келет.:
Дагы айта кетчу нерсе, таза балды тусунон айырмалоого мумкун дегенге анча кошула бербениздер, себеби чоптору ар кандай болгондуктан ар кайсы аймактын балдарынын тусу ар башкача болот. Мисалы, Таласта экспарцет коп болгондуктан балы да жашыл тустонгой болуп турат. Ал эле эмес кибирейген Токтоктогулдун ар кайсы жайлоолорунун балынын тустору бири-бириникине анча окшошо бербейт.
Лишно мен даамынан эле айырмалаймда.
Ии баса, дагы бир сап кенеш: Эгер таза балдын эн тазасын десениздер, обресканын (шимек) балын сураныздар.

#9 29 November 2013 - 03:11
Ушу Кудай буйруп Кыргызстанга барсам teltaeb форумчудан сатып алсам деп журом кооп эле.
#10 02 December 2013 - 16:30
#11 02 December 2013 - 17:03
#12 03 January 2015 - 11:55
Балды базардан сатып алуу үчүн бул нерселерди билип алганыңыз жакшы:
Чыныгы бышык бал бат эле канттай болуп калат. Ал эми кышындагы суюк бал - жылытылган бал.
Эгер бал жылуу сууда толугу менен эрип кетсе - ал сапаттуу.
Кээде бышык балга крахмал кошуп коюшат. Мындай учурда анын жасалма экенин бат эле текшерип койсо болот. Бир тамчы йод тамгызып көрөсүз, эгер көк түс чыкса анда ал жасалма.
Эгер боор кошулган болсо, бир аз уксус кошуп көрөсүз, ал дароо эле кайнап чыгат.
Эң пайдалуу болуп четин (дарагы жана мөмөсү) балы эсептелет. Ал бардык сапаттуу мөмөлөргө бай. Бул бал сулуу кызыл өңгө жана жагымдуу жытка ээ.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#13 03 January 2015 - 11:56
Кайсы ооруга кандай балды колдонуш керек?
Кара күрүчтөн жасалган күрөң түскө ээ болгон бал темирге, белокко жана кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу.
Суук тийип жана вирус ооруулары менен ооруганда сары түстөгү балды колдонгон жакшы. Ал өзүнүн организмди чыңдай турган касиети менен айырмаланат.
Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны көтөрөт жана бөйрөк, табарсык ооруларына жардам берет.
Малина балы өзүнүн өңү менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны февраль-март айларында суук күчөп ооруй башташканда колдонгон таасирлүү.
Гүлдөрдүн түрүнөн жасалган бал операциядан кийинки адатка айланып калган ооруларга пайдалуу.
Бал организмдеги кальций - калий алмашууларын жөндөгөн үчүн, дарыгерлер аны ден соолук үчүн канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эске салышат. Бирок, эгер сиздин балга аллергияңыз бар болсо, эч кандай бал азыктарын колдонбошуңуз керек. Ал ден соолук үчүн коркунучтуу.

#14 03 January 2015 - 11:58
Балдын негизги дарылык касиети анын аарылар аркылуу ар кандай касиеттүү өсүмдүктөрдөн чогултулгандыгында сакталган. Ошондуктан анын ар бир түрү - өздөрүнүн өзгөчөлүү терапия касиетине ээ.
Адамдын дем алуу органдары ооруганда, абасы таза тоолордогу гүлдөрдөн чогултулган тоонун балын колдонушу керек.
Бөйрөк ооруганда - жазындагы айылдардын талааларындагы керемет чөптөрдөн жасалган балды колдонсо болот.
Нерв жана жүрөк ооруларына - жайында жасалган бал жакшы.
Талаалардагы гүлдөрдөн жасалган бал болсо - тамак сиңирүү системасынын ар кандай ооруларын айыктырат.
Адамдын организми балды өзүнө өздөштүрүүдө, сиңирүүдө жана иштеп чыгууда анча деле кыйналбайт жана ал процесс башка азыктарга салыштырмалуу жеңил жана аз убакытта жүрөт. Көрсө, эмгекти сүйгөн чаяндар биз үчүн иштин баарын жасап коюшат экен.
Ден соолуктун жалпы чың болушу үчүн ар бир адамга суткасына 4-6 чай кашык балды ичип коюусу ашыкча болбойт. Анткени, бал нерв системасын эс алдырат, жүрөктүн булчуңдарын чыңдайт, канды тазалап турат жана адамдын күчүн калыбына келтирет. Ошондуктан мүмкүн болушунча денелик оор жумушту аткараардын алдында жана андан кийин бал колдонуш керек. Спорт менен машыккандарга бул маанилүү.
Ооруларды алдын алууда жаңы балдарды колдонгон жакшы. Жапайы арылардын балы ден соолук үчүн коркунучтуу. Ал эми дүкөндөрдө сатылган балдар 49 градуска чейин жылытылат. Тилекке каршы 41 -42 градус жылуулукта балдын күчтүү касиети жоголуп кетет.

#15 07 February 2015 - 20:29
Таза балды тандагыныз келсе кашыкка балды идиштен алып жогору созуп которо бересинер. Таза бал канчалык жогору которулгон сайын эч узулбой куйулуп тушо берет. Ал эми шекер кошулган жасалма балдар андай болбойт узулуп узулуп куйулат...
Аткан тан ийгиликтердин башаты болсун!!!
#18 22 June 2015 - 15:12
Бал абдан пайдалуу азык. Табигый өсүмдүктөрдүн ширесинен алынгандыктан анын курамында организмге керектүү бардык заттар бар. Балды тамак-аш катары, оорууну алдын алуучу каражат катары жана ооруудан айыктыруучу дары катары колдонууга болот. Аллах Таала ар бир нерсени жаратканда Өз билими жана кудурети менен жараткан. Аллах жараткан нерселердин баары пайдасыз, жөндөн-жөн эле жаратылган эмес. Бал берүүчү аарылар да, бал да адамдарга кызмат кылуу үчүн жаратылган.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

#19 22 June 2015 - 15:25
Балдын курамы
Балдын курамынын 13-22% суу, 75-80% углеводдор (глюкоза, фруктоза, сахароза), В1, В2, В6, Е, К, С витаминдери бар. Балдар ботаникалык, географиялык жактан өңү, даамы жана жыты менен айырмаланышат.
Балдын өңү, даамы жана жыты бал аарыларынын азыктанган өсүмдүгүнө жараша болот. Жалаң бир түрдүү өсүмдүктөрдүн ширесин чогулткан бал аарыларынын балынын жытынан анын кайсы өсүмдүктүн ширесинен жыйналганын билүүгө болот. Адатта бийик тоолуу же тоо этектеринде кармалган бал аарыларынан кубаттуулугу күчтүү балды алууга болот. Жалаң өсүмдүк ширесинен алынган таза балдын жыты аңкып турат жана даамы жагымдуу болот. А балдын түсү жыл мезгилинин өзөрүүсү менен да өзгөрүп турат.

#20 22 June 2015 - 15:26
Балдын дарылык касиети
Балды ар дайым чени менен колдонуп жүрүү оорулуу адамга да таза адамга да пайдалуу. Жүрөк, ашказан-ичеги, аз кандуулук, бөйрөк, боор, тери жана эндокриникалык оорууларды алдын алууда балдын пайдасы абдан чоң. Ошондой эле дем алуу органдарынын б.а. ринит, фарингит, синусит, ларингит, бронхит жана бронхиалдык астма оорууларында да балды ичтен пайдалануу зарыл. Балды пайдалануу 1-2 айга созулат, күнүнө 100-150 г, ар 3 саатта 1 чай кашыктан ооздо бир аз кармоо менен ичип туруу керек.
Балды ага аллергиялык диатези барлар, жүрөк клапандары жабыркагандар, дем алуу органдарынан кан кеткендер, ичүүгө болбойт.
Ошондой эле балды беттин терисин тазалоо жана чачты бекемдөө үчүн да колдонууга болот. Пиязды майдалагычтан өткөрүп, 4-5 аш кашык балга аралаштырып чачтын тамырына сүртүп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек. Жумасына бир жолу жасалган бул маска чачтын түшүүсүн токтотуп, тамырын бекемдейт.
Ал эми жарым аш кашык таза балга 2 аш кашык зайтун (оливка) майын аралаштырып, аралашма салынган идишти кайнак сууга бир аз салып туруп, анан бетке жука катмарда сүртүп, 10-15 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп салуу керек. Бул маска беттин таза, тунук жана бырышсыз болуусуна шарт түзөт. Мындан сырткары да официалдуу жана элдик медицинада бал аралашмасынан жасалган жүздөгөн маскалардын түрлөрү бар.

Супер-Инфо
super.kg
видео