Суперстан: "Цыган кыз" сүйүү тууралуу чыгарма. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Цыган кыз" сүйүү тууралуу чыгарма. Райханга азап тартуулаган сүйүү.

#241 Пользователь офлайн   Arstan   04 Ноябрь 2013 - 12:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Агата Кристи (30 Октябрь 2013 - 13:06) жазган:

Clara_Zh, Сизге чооон рахмат! Мен ушул чыгарманын автору Нуржамалмын. Бугун сайттан коруп тан калдым. Ушуну телефон менен терип элге таратып атканыныз учун рахмат! Чыгарманы баалагандарга да ыраазы болдум! Сизге китеп тартуулапйын дедим эле, ушу эмгегиниз учун, байланышсаныз жакшы болот эле.

Чыгармага соз жок.Мыкты жазылыптыр. Бир дем менен окудум.Кларага ыраазычылык, зерикпей биз учун жазып жатасыз.

Чыгарманын автору Нуржамал Жийдебаева эжеге бир аз суроом бар эле.
Чыгармадагы каармандар азыр барбы?Тируубу? Кандай жашап жатышат?
Киносун тартсанар,сонун жаралмак экен.
Сизге да терен ыраазычылык билдирем.Ушундай мыкты чыгармаларды жарата бериниз.
Башка дагы кандай чыгармаларыныз бар?

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 13:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Буга кимди куноолорун билбей орто жерден Жайсан ата чайналат. Кийинки кездери ондору сустайып бири кызматтан келсе, экинчиси кетип калып бири бринен качып калганын байкап журот. Акыры соз баштады.
-Фарида, кызым озун билесин го. Мен негизи адамдын ишине кийлигишкенди жаман кором. Бирок менин билишимче Дияз экоон алыстап бара жатасынар. Бири биринден качып таптакыр чочун адамдай болуп бара жатканынарды коргондо ичим ачышып кетет. Куноо кимде экенин тушунбодум.
-Ата, ал жонундо соз кылбай эле коёлучу макулбу?
Фарида бул жонундо эч нерсе дегиси келген жок. Тез машинесине отурду да башын чулгуй кете берди. Врачына жолукмак эле.
-Фарида, ден-соолугунуз кескин начарлап кетти. Сизге эс алуу зарыл.
-Билем, -деди кыска.
-Мен сизди тушуном. Бирок озунуз жонундо ойлонблсонуз болбойт. Фирманын ишин дегеле куйоонуз алып кете алат Сиз болсо эс алып келишиниз керек.
Менимче, Ыссык-Колго барып эс алып келгениниз жакшы, -деди врач жагымдуу жылмая.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Фарида макул дегендей чарчанкы баш ийкеп койду.
-Куйоом менен кенешип чечейин.
Кечинде Диязга врачтын сунушун айтты эле ал дароо макул болду. Анткени Фариданын ден-соолугунан чын эле коркуп жургон.
-Чын эле азыр кøлдун так эле жакшы учуру. Менден, иштен кам санабай барып эс алып кел.
-Балким чогуу эле барып келээрбиз.
Дияз талуу жерине бироо тийгендей кабагын чытып алды.
Анткени Райхандан ажырагандан бери кøл жакка бара элек эле.
-Жок, мен бара албайм. Мени кыйнабай эле кой, Фарида.
Ошентип баарынын кыстоосу менен Ыссык-Колго жоноп калды.
Чындыгында эле конулу куунак тартып, бул жакка келгенден бери бир топ жакшы.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Адатынча кеч курун колду жээктеп басып бара жаткан. Ушул учурда кол жээгинде сурот тартып отурган он-он бир жаштагы баланы коруп калды. Чардактардын кайкыганын окшоштура албай, озу менен озу болуп кыжаалаттана сурот тартып жаткан экен. Фарида оз баласын эстеп канырыгы тутой тушту. Баласын сагынган эненин журогу озунон-озу ошол бала отурган жакка алып учуп жоноду.
-Балакай, жанына отурсам болобу?
Бала жалт карады. Анын жузуно серп салган Фарида буту шилтенбей нес боло тушту.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 14:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

"Бул кандайча? Дияз... Дияздын озу го..." деген ой чагылгандай мээсине ойной калды. Чын эле мандайында отурган бала Дияздын кичинекей кезиндеги суротторунун кочурмосу болчу. Караганда мээрим тогуло калган коздору, мандайына тушуп турган толкун чачтары, ал тургай карандашты эптуу кармаан колдору да окшош.
-Келиниз, -деди кичипейил жылмайган бала.
-Кана, эмненин суротун тартып жатасын?
-Апамдын.
Мына сага тамаша, баланын колундагы суротто озун карап турган аял да козуно тааныш коруно калды.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 14:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

-Жакшы окшоштура албай жатам. Апам мындан да сулуу, -деди бала озунчо сыймыктана.
-Бул жерде эмнеге жалгыз отурасын? Жалгыз келдин беле?
-Лагерге эс алганы келгем. Биз тээтиги лагерде эс алып жатабыз. Апам мени жыл сайын ушул жакка жиберет. А сизчи?
-Мен дагы эс алайын деп келгем. Тиги пансионатта турабыз. Сен экообуз кошуна турбайбызбы? Кел, таанышып алалы.
Фарида бала менен копко отурду. Бала дагы бир нерселерди божурап айтып жатты.
-Мен сурот тартканды жакшы кором. А сиздин баланызчы?
-Аа, менин баламбы?- кекиртегине кептелген жашты жутуп аран кулумсуроду Фарида.
-Менин балам алыста....
Бала менен суйлошуп жатып конулу куунак тарта тушту. Алтургай, жанына жакын отуруп желкесинен жыттап алды. Бала аны деле сезген жок. Аздан сон Фариданын кубарган жузуно жылуулук кирип, бала менен кубалашып ойноп да кетти. Ушундан баштап Фаридага эрмек табылды. Баланын эртели-кеч унун угуп турбаса чыдабай кетет. Бош убактысында колдун жээгинен издеп журуп таап алат.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 15:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

-Али, сага эжен келди.
Тамак жеп отурган баланы жанында отурган кыз чыканагы менен туртуп калды. Терезени караган Али колунда бир нерсе которуп алган Фариданы корду. Жакшылап караса чакырып жаткандай. Али шарт ордунан тура эшикке чуркады.
Эшикке чуркап чыккан баланы адатынча бир жыттап алган Фарида кагазга оролгон бир нерсени ача баштады.
-Мен сага билесинби эмне алып келдим? Мына, - деп келе жатып бала озунун колун карабай эле башка жакты кубанып карап калганын корду.
-Али?
-Апам кели! Апам! -кубана секирген Али дарбазаны кодой чуркап жоноду.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 23:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Шалдая тушуп артынан караган ал дарбазанын тубуно токтогон машинеден бир аял тушуп Алини коздой кучак жайганын, эне-бала бири бирине жетип кучакташып калышканын корду.
"Кандай бактылуу эне! Кандай бактылуу аял! Мен шордуу мындай бакытка ээ болбосом да..." деп аларды коздой кадам шилтей берген Фарида жакын келгенде гана ал аял Райхан экенин тааныды. Райхан баласынын бетинен опкулоп, бооруна кысып, бир нерселерди айтып келе жатып, озун томсоро тиктеп турган аялды корду.
Экоонун тен кадамдары бирдей токтоду.
-Райхан!?
Кылчая калган Али кубана апасына тааныштыра кетти.
-Апа, бул Фарида эже. Мага ар дайым бир нерсе алып келип... Апа, сизге эмне болду?
Апасынын кабагын карап чонойгон бала жансыз солокоттой селейген апасына жалдырай карады. Ошол замат артка бурулган Райхан баласына катуу буюрду:
-Тез отур машинага, кеттик!
Азыр колунан баласын бироо алып кетчудоц шашкан Райхан Алинин каршылык корсотконуно койбой машинага суйроп жоноду.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

-Апа, суротторум, кийимдерим. ..
-Кийинчерээк балам, эртен Темир акен келип алып кетет.
Оюна башка эч нерсе келбей, баланы тарбиячылары менен коштоштуруп да койбой Райхан Алишерди дегдендете жетелеп жоноду. Машинанын эшиги жабылып жанталаша колун сермеп бир нерсе деп кетип бара жаткан Алини жалдырай караган Фариданын козунон жаш айлана тушту.Эрди кеберсип журогу мыкчыла тушту.
-Демек, Дияздын баласы экен да, Дияздын баласы эке го..., - деп кубурой колундагы берилбей калган белеги тушуп отуруп калды.
-Кайдан жолуктун эле ага, балам? Чоочун адамдар менен суйлошо бересинби?- деп куйполоктогон Райханды бала тангала карады.
-Ал эже да эс алып журуптур, апа. Анан менин балама окшош экенсин деп...
-Болду, унчукпа.
Райхан андан аркысын уккусу да келген жок. Баласын бооруна кыса алда немеден корккондой кете берди. Бул жолугушуунун артында бир нерсе болоорун сезип кетип бара жатты.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Ушундан бир аз кундон кийин эле Фарида оз уйуно сапар тартты. Диязга да, атугул, Жайсан атага да кабар берген жок. Журогун кыйнаган ойлор менен алышып жатып кантип келип калганын билбей калды. Дияз болмосуно кирип келип, креслодо конулсуз бир нерсени барактап жаткан аялын коруп кулумсурой тушту.
-Кандай келдин?
Бетинен аяр опкон Дияз Фариданын жузуно унуо карады. Суз жузундо айыгуунун эч кандай жышааны билинбейт.
-Кандай иштерин?
-Жакшы.
-Сага эмне болгон? Эс алып келеби десе...
-Эмнеге сен бала жонундо мага айтпай жашыргансын? Мен экообуздун ортобузда эч нерсе сыр болбойт деп ойлодум эле. Корсо...
-Эмне деп жатасын? Дагы кайдагы сыр?
Фарида козун жумуп жиберди. Коз алдында суротун бекем кармап озуно жылмая караган Али элестей тушту."Коё берем, эми баарына чыдап коё берем. Баласы менен Райханына барсын" деди озуно-озу. Бир паска турду да бери бурулду.
-Дияз, мен аларды кордум...
-Кимди?
-Райханды...анан силердин...силердин уулунарды!
-Эмне-е?
-Чын, Дияз, мен оз козум менен кордум.
Дияз Фариданы сактана тиктеди. Оюнда "Кайгыдан жинди болуп кеткенби бул?" деген кооптонуу бар эле.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   Clara_Zh   04 Ноябрь 2013 - 23:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

-Сен озунду жакшы эле сезип турасынбы?- деди козун албай.
Фарида кыжыры келе:
-Сен мени жинди ойлобочу... Мен оз козум менен кордум деп айтып жатам го.
-Эмнени кордун?
-Баланы, сенин баланды!
Фарида ордунан туруп барып сумкасынан бир сурот алып чыгып куйоосуно сунду.
-Бул ким?
Дияз колундагы суротту тиктеп калды. Суроттогу кичинекей Дияз озуно сырдуу карап кулуп турган экен. Так эле озунун кичине кезиндеги кочурмосу. Эстен тана отуруп калды. Копко отурду. Башын которуп караса Фарида аны карап турган экен.
-Тушунсом олойун, Фарида, балким, бул жон гана окшоштуктур. Менин балам болушу мумкун эмес. Анткени... Анткени, мен Райхан менен...
-Бир да жолубу?
-Жок.
-Мен оз козум менен кордум, Дияз. Райхан да мени корду.
Фарида болуп откон окуяны айтып берди.
Дияз бул окуяны уккандан кийин деле ишенген жок.
Фарида муну оз оюнан чыгарды дейин десе ага окшобойт. Ишенейин десе акылга сыйбаган иш.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 00:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Балким, Дияздын уулун корбогондо баш аягы корунбогон бул мамилени узуп кеткенге Фариданын да эрки жетпес беле ким билет? Бирок баланы коргондон кийин Диязды созсуз коё берерин ичинен бекемдеп алган эле. Ал кантип ыгын келтирип оз чечимин угузарын билбей кун откоруп журду.
Компьютерине бир нерселерди жазып анда-санда ойлоно калып отурган Дияздын жанына Фарида жакын басып келди.
-Дияз!
-Болдучу Фарида, ал жонундо соз козгобочу. Менин кыйналып жатканымды тушунуп жатасынбы? Ансыз да...
Фарида Дияздын жузуно узакка тигилип карап туруп саамайына кичине ак кире тушконун азыр байкады. Бирок, коздору баягыдай чексиз мээримдуу коздор. Бул ааламдагы жакшылыктын, мээримдин баарын батырып алган коздор Диязда гана бар. Анан баласында...
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 00:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Кулундой караган Алиин коздорунон нур чачырап кеткенин эстеди.
-Дияз, анан кантейин. Сенин коздорунду караган сайын ошол баланы эстечу болдум. Болуптур, сен азыр ал бала меники эмес деп жатасын. Эгерде чын эле сенин балан болуп калсачы? Андай болсо озунду омур бою кечире албай журуп отоорсун. Баландын алдында озунду куноолуу сезген кандай жаман нерсе экенин тушуносунбу?
-Анан эмне кыл дейсин? Айтчы кандай кылайын? Мен дагы эзилип буттум. Бул окуяга дегеле башым жетпей жатат.
Башын жерге салган Дияздын алдында чоголой калды аял.
-Сен кетишин керек, Дияз.
-Эмне-е?
-Сен кетишин керек. Бир кунго, эки кунго эмес, биротоло...
Тамагына кептеле калган жашын жуткан Фарида жаштуу коздору менен Диязды тике карады.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 00:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

-Болду жетишет ушунча кыйналганын. Мен сени мындан ары кармай албайм. Аракет кылдым, жаным. Сени мечелик суйгон адам болбостур. Бирок ошол чексиз суйгондугум учун коё берем сени. Мындан ары бири бирибизге телинип жшай албастырбыз. Мен...
-Кайда барам мен Фарида?
-Райханга бар. Ал сени кутуп журот. Мен аны биринчи жолукканда эле байкагам.
-Койчу...
-Дияз, аялдар эркектерге караганда суйууго туруктуу келет. Балким, бул да тагдырдын сыноосудур. Чыныгы суйуу ушинтип издетип таптырбай, ал жми таап алгандан кийин сынактын жетимиш тозогуна кабылып, мин тоскоолдуктан отуп, анан ушунун баарын женген сон, "суйуу" деген атка татыйт окшобойбу. Мен сенин жан дуйнондон ал адамдын элесин кууп чыгара албасымды тушундум. Сен эми бир барып бактынды сынап кор. Эми артка чегине корбо. Райхан колуна тийсе эч нерсеге кылчактаба.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 00:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

-Сенчи? Сени кантип...
-Мен жонундо ойлонбой эле кой. Сен бактылуу болсон менин бактылуу болгонум ошол. Бул жашоодо сени тапканым эле мен учун чон олжо. Мен кетем, Дияз. Ьардыгы сага калат. Фирманын иштери, уй-жайдын баары сага калат. Мени Францияга чакырып жатканын айтпадым беле... Ал жакта иштейм, жаны жашоо баштайм. Болгону, Жайсан атамды сага тапшырдым. Ал адамдын конулун оорутпа. Соз бутту!
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 01:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Фарида коз жашын жута эшикке чыгып кетти.
Тагдырынын мындай бурулушун кутпогон жигит суйуноорун, же куйуноорун билбей отуруп кала берди. Ал эми ошол эле уйдун башка болмосундо коз жашы жамгырдай тогулуп, оз колу менен оз бактысын узатып жатканына жаны сыздап бир аял отурду. Эртеси куну эшиктен кирип келген Дияз аялынын болмосуно баш бакты.
-Фарида...
Болмодо кийимдер,кагаздар туш келди чачылып жаткан экен.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Болмону айланта караган Дияз эндиреп отуруп калды. "Кетиптир! Кеткен экен да..." деди озуно озу шыбырай. Козу столдогу кагазга тушту. Анда кичинекей барак жана Алинин суроту турган экен. Калтаарыган колу кагазга сунулду. "Дияз, мен жаны жашоо баштайм. Минтип качанкыга чыдайбыз? Жок дегенде ортобузда балабыз болсо алаксып кетээр элек. Сени Райхан кутуп атат. Аял болгондуктан, аялдын журогуно тушуном. Сен ошол адам менен гана бактылуу боло аласын. Анан бала жонундогу жандырмакты чеч. Менин журогум алдабайт. Ал сенин эле балан.Кош. Бактылуу бол! Сени туболук суйгон Фаридан."
Кагаз колунан тушуп отуруп калды. Демек, кетуусу керек. Эми артка кетенчиктегенге мумкуе эмес. Ансыз да коптон бери журогу туйлап, жашоосуна бир жанылык кирчудой бушайман болуп жургон.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 01:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Ошол эле куну самолётко билет алып кечкурун жоноп кетти.


Тун жарымында Райхан телефондун шынгыраганынан ойгонуп кетти. Ордунан ыргып туруп трубканы которо берди.
-Алло!
Демин ичие алган кыз "Сиз ага тен эмессиз. Ал менин адамым. Кеч боло электе Болот байкени коё бериниз. Мен аны суйом! Уктунузбу, суйом?!" деди да трубканы коюп таштады. Райхан шалдырай тушту. Болоттун бул биринчи да, акыркы да ойношу эмес экенин билсе да аялдык ар намысы коодонун сыздатып жиберди. " Деги канчага чыдайм? Чыдоонун акыр тубу корунбойт го. Балдарым учун деп эрдимди кесе тиштеп чыдаган сайын кучоп бара жатат. Деги мен киммин буга?"
-Ким экен?
Киркиреп ун каткан Болоттун жузуно карагысы келбей туюк жооп берди:
-Билбейм, адашып калышса керек.
Кайрадан башын жаздыка койгон Болот уйкуга кетти. Ал эми тунду эрмектеген Райхан туйшоло берди.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 01:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Тун уйкусу канбай ойгонгон Райхандын кебетесин карап Болот шектене тушту.
-Эмне болгонсун?
-Жмне болуптурмун?
-Ооруп калган жксунбу? Коздорун киртийип...
-Жок, эч нерсе болгон жок.
Аздан кийин Болот кайрадан соз баштап калды.
-Баса, Алини орноштурчу лицейди таап суйлошуп койдум. Эртенден баштап...
Райхан Болот мурун Алини мектепте жатып окуй турган лицейге берем деп жатканын кулагы чалган эле. Бирок азыр берет деп ойлогон жмес.
-Эмнеге Алини?
-Кыз баланы ал жакка бериек белек? Баланды ал жакка берсек адам болуп чыгат. Ансыз да канатына калкалай берип жаман уйроттун. Жетишет эми, чонрюп калды. Апасыные этегинен кармап журо берсин дейсинби?
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   Clara_Zh   05 Ноябрь 2013 - 01:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

-Алиге ал жактын кереги жок. Бул мектебинде деле жакшы окуйт. Анан ооруп калса эмне болот?
-Мен жаман окуйт деп жаткан жокмун. Сенден алысыраак болуп, жигит болсун деп жатам.
-Жок, мен баламды эч кайда жибербейм.
-Жибересин! -деди Болот катуу кыйкыра.
Мындай учурда оюна келген нерседен артка кайтпасын Райхан да жакшы билет. Эрдин кесе тиштеп отуруп калды. Бир аздан кийин гана башын которуп Болотко тике карады.
-Болот, ансыз деле эн жакын адамдарымдан сен айыргансын. Эмдиги жалгыз кубанычымдан да айырган турасын. Суранам сенден, балама тийбе. Кулун болоюн, Алиге тийбе. Мен баламсыз олуп калам. Эмне кааласан аткарайын, болгону балама тийбе.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 05:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: