Супер инфонун жааматы биздин кайрылуубуздун натыйжасы кандай болду экен
Москвадагы мигранттар Кыргыз өкмөтүнө кереги барбы? Алар өз жарандары жөнүндө ойлонушабы?
#142 04 November 2013 - 21:48
биздин жетекчилерге кенсесине барып таш ботолко ыргытмайын камырабайт ошенткенде маселени чечимиш болуп конгон
#144 11 November 2013 - 10:55
Темадагы суроолор жана сунуштар ТИМдин пресс борборуна жөнөтүлдү.
Жооп келээри менен илип коёбуз.
Жооп келээри менен илип коёбуз.
#146 12 November 2013 - 12:10
Салам Туугандар )))) Биринчиден айтаарым антип посольствого барабыз антебиз-мынтебиз дегенинерди койгула, ал жакшы нерсеге алып барбайт . Азыр митинг кылмак турсун катуу жотолуп койсон да повод болуп калышы мумукун, орустар ошону гана кутуп олтурушат . Бирок айта кетээрим Россиядагы кыргыздар озубузду жакшы , тынч , алып жургону аркет кылайлы баарыбыз бир куну кайтабыз оз жерибизге . Иштегени келдикпи иштейли ,эсен-аман кайтайлы . Менин айтаарым ушу ичкенди,туну менен кочодо жургонду,тоногонду,
ЗОРДУКТАГАНДЫ токтотойлу.
Бир жагынан орустар да тажадыда. Биз озубузголе салыштырсак болот 2010 жылдагыдай Ошто болгон окуяга. Акыры буларда чыгыштыда . Анан айтаарым тил уйронгуло документ жасаткыла акчанар кетсе кетсин , ырыскынар кетпесин . Дагы жанагы 3 бала не болуптур дейсинер? шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт дейт , бекеринен кармалган эместа алар , или орустар айтмакчы они были не в том месте, не вто время дегендей. Эгер чын эле ошолор болгонболсо мен эч окунбоймда и куйбоймда андай маньяктар учун . Ошого окшогон зоокурлор учун канчалаган жакшы адамдар зыян тартып жатышат . Баарынан тынч болгула,аман болгула . Озунорду абайлап эсен-аман жакшы иштеп ойлогон ойунар ишке ашып эртерээк КЫРГЫЗСТАНГА кайтканы мен тилектешмин .
#148 22 November 2013 - 20:21
Посольствого барсанар деле эч кандай майнап чыкпайт.Посольстводо иштеген адамдар оздору аран журушот...
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#149 24 November 2013 - 04:39
Салам Туугандар )))) Биринчиден айтаарым антип посольствого барабыз антебиз-мынтебиз дегенинерди койгула, ал жакшы нерсеге алып барбайт . Азыр митинг кылмак турсун катуу жотолуп койсон да повод болуп калышы мумукун, орустар ошону гана кутуп олтурушат . Бирок айта кетээрим Россиядагы кыргыздар озубузду жакшы , тынч , алып жургону аркет кылайлы баарыбыз бир куну кайтабыз оз жерибизге . Иштегени келдикпи иштейли ,эсен-аман кайтайлы . Менин айтаарым ушу ичкенди,туну менен кочодо жургонду,тоногонду,
ЗОРДУКТАГАНДЫ токтотойлу.
Бир жагынан орустар да тажадыда. Биз озубузголе салыштырсак болот 2010 жылдагыдай Ошто болгон окуяга. Акыры буларда чыгыштыда . Анан айтаарым тил уйронгуло документ жасаткыла акчанар кетсе кетсин , ырыскынар кетпесин . Дагы жанагы 3 бала не болуптур дейсинер? шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт дейт , бекеринен кармалган эместа алар , или орустар айтмакчы они были не в том месте, не вто время дегендей. Эгер чын эле ошолор болгонболсо мен эч окунбоймда и куйбоймда андай маньяктар учун . Ошого окшогон зоокурлор учун канчалаган жакшы адамдар зыян тартып жатышат . Баарынан тынч болгула,аман болгула . Озунорду абайлап эсен-аман жакшы иштеп ойлогон ойунар ишке ашып эртерээк КЫРГЫЗСТАНГА кайтканы мен тилектешмин .
en bir tuura aitylgan sozdor men ozu az ele kirem super.kg ubaktym az bolgonu uchun,akyrky jank okup turushka araket kylyp,mokvada jurgon kyrgyzdar ar kimisi ar bawka oruschany bilgender bilbegender da bar,biz rossiaga iwteim dep kelgeninden kiyin 1den tilin biliwin kerek,uwu orustardyn kandai bolbosun pravilalryn saktawka araket kyluu kerek,konok bolgondon kiyin kichine bolso da baw iyuu kerek,negizi til bilsen okugan bolson moskvanyn kiyinchylygy jok
#150 24 November 2013 - 04:41
bul jerde jazgandardyn birin dagy bul chondor okubait jazylyp jazylyp kala beret....okunuchtuu e,oshon uchun ar kim ozuno sak bolsun
#152 22 January 2014 - 12:20
1) Халмурзаева М.К.
1.КР дин РФ теги элчилиги иштейби,иштесе кандай иштерди жасайт?Жарандардын элчиликке болгон укугу канчалык денгеелде? (кандай нерселерди талап кылганга болот дегендей).
Калганын да улап кете бериниздер.
Тышкы иштер министрлиги берген маалымат боюнча:
- Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги иштейт. Сиз Кыргызстанда иштеп жаткан бардык мыйзамдардын чегинде иштерди аткарат. Мисалы, паспортуңуздун мөөнөтү бүтүп калса, кайрадан жаңы паспортко алмаштырууга документ тапшырсаңыз болот. Жаңы төрөлгөн балага жана жаңы үйлөнсөңөр нике күбөлүк ала аласыз. Мындан тышкары нотариалдык иш-аракеттер жүргүзүлөт. Юридикалык жана укуктук консультацияларды ала аласыз.
#153 22 January 2014 - 12:22
2)Москва шаарындагы тоногонго жана зордуктоого шектелип жаткан 3 кыргыз балдары жонундо толук маалымат болсо жана аларга КР ден жакшы адвокат жалданса.
Тышкы иштер министрлиги берген маалымат боюнча:
- Эгер сиз 58деги кемпирди зордуктоого катыштыгы бар Кыргызстандын 3 жараны тууралуу айтып жатсаңыз, анда алар шектелмек тургай күнөөлөрүн мойнуна алышкан. Ал эми аларга КРден адвокат жалдоо иши жеке өзүнүн же туугандарынын каражатына гана чечилет. Мамлекеттен андай кылмыш иштери үчүн адвокат жалдоого каражат каралбайт. Бирок алар элчиликке кайрылып, укуктук консультацияларды ала алышат. Эгер сотто алардын укуктары бузулуп жатса, анда элчиликке кайрылса болот.
#154 22 January 2014 - 12:35
Менде суроо бар.Москвадагы кыргыздар көпчүлүгү укук коргоо органдарына ишенбейт.Бирөөлөр тоносо,сабаса, даже орустардын менттери да сабаган фактылар кездешкен.Эч кимге барып даттана алышпайт.Элчиликте биздин жарандардын коргогон юристтер барбы?Эч уга элекмин,биздин элчиликтен биздин жарандардын укугун коргоду деп.Эгер жок болсо,Москвага кыргыздардын укугун коргой турган юридикалык агенттиктерди ачса болобу?Башка орус адвокаттарын жалдашат,акчаны жеп алып эч нерсе кылышпайт.
Абдылдаев.Ж
Тышкы иштер министрлиги берген маалымат боюнча:
- Элчиликке биздин жарандар айрым учурда кайрылат "бирөөлөр тоноп, сабап кетишти" деп. Биз Орусия Федерациясынын аймагында болгондуктан, ушундай учурларда Орусиянын мыйзамдары боюнча иш-аракет жүргүзүшүбүз керек. Тоноп же болбосо сабап кетсе, анда полиция органдарына кайрылыш керек. Эгер алар арызын албай койсо, анда бизге кайрылса, элчиликтин кызматкерлери чогуу бирге барып арызын полиция органдарына өткөргөнгө жардам беребиз. Мындай айтылган учурлар болгон, бизден түз жардам да берилген. Ал эми полиция кызматкери сабаса, анда түздөн-түз прокуратура органдарына баруу керек. Андай учурда да бизге кайрылса жеңилирээк болот. Эгерде сиз "биздин жарандарга элчиликтен жардам болду" деп уга элек болсоңуз, анда сизде маалымат жок экен. Ал эми юридикалык агенттик боюнча, агенттик ачса болот, бирок кылмыш иштери боюнча биздин жарандар шектүү болуп кармалса, анда Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодекси боюнча сөзсүз түрдө жактоочу (адвокат) катышуу керек. Адвокаты РФ КПК 51 беренеси боюнча бекер да берилет, бирок ал адвокаттар жакшы көңүл бөлүп иштебейт. Эгерде шектүү болуп кармалган кыргыз жаранынын туугандары адвокат жалдаса, анда деле бизге келсе болот. Биз тараптан жардам болот, ал адвокат менен бирге шектүү болгон жарандын укугун коргоого жеңил болот. Себеби ал адвокаттын жүргүзгөн ишин биз көзөмөлгө алып, кандай биздин жаранды коргоонун жолдорун айтып, адвокат менен бирге иштегенге даярбыз.
#155 23 January 2014 - 08:34
Эгерде Россиянын жараны кыргыз жаранынан документ жасап берем деп белгилуу суумманы алып, алдап кеткендерге чара коруп акчаны кайтарып алса болобу? Эгер болсо жардам беруунуздорду отуном! Акча беруу учурунда куболор бар жана мен Якутиядамын.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#156 23 January 2014 - 15:56
Эгерде Россиянын жараны кыргыз жаранынан документ жасап берем деп белгилуу суумманы алып, алдап кеткендерге чара коруп акчаны кайтарып алса болобу? Эгер болсо жардам беруунуздорду отуном! Акча беруу учурунда куболор бар жана мен Якутиядамын.
Сиз бул окуяны толугу менен жазып бериңиз (аты-жөнүңүз, ошол жарандын толук аты-жөнү). Биз тиешелүү министрликке жиберебиз. Кааласаңыз купуя менен жазыңыз.
#157 24 January 2014 - 19:09
Саламатсыздарбы!
Мен разрешение на работу жасатып, продления кылдырганы мигратционный листьимди бердим эле алар жоготуп койушуптур,
вастоновить эткени болобу миграционныйымды кайра, кайсыл жерге кайрылсам болот? Эртерек жооп алып жазып койунуздарчы отуном..
#158 25 January 2014 - 22:05
Meka_01_17 Мека бул жакка эмес migrants2008@yandex.ru ушул почтага жазсан юристер жооп берет. Бирок орус тилинде жаз
#159 17 April 2014 - 18:30
Азыркы заманда, коптогон адамдар, орун которуп жатканы белгилуу. Мисалы РФ га канчалаган адамдар кирип чыгат 1 жуманын ичинде. Ошолорду текшеруудон откоруу жонундо, мыйзам иштеп чыгышса жакшы болмок. Же Мамлекетке элдин ден соолугу кызыктырбайбы.
Кыргызстан акыры, Ошол чет жакта жургон жердештерибиздин айынан которулуп жатат. Мамлекет да элди козомолдош керек да акыры
#160 17 April 2014 - 18:53
Ушул Миграттардын нааразычылыктары кобойуудо акыркы жылдары, себеби мисалга алып карай турган болсок, коншу Тажик жана Озбек олколорунун Мигранттарга карата тузгон келишим шарттары бизге караганда кыйла жигердуу иш алып барышат, биздин олкочу? биздин олконун даже консулстволору жакшы иштешпейт, кирди чыктыга маани беришпейт!
сыртка иштейм деп кетип жаткан жарандын укугу жана башка документ иштери тууралуу би да окумоттук адамдардын иштегенин коро элекмин, документ тууралайын деп барсан ооздорун чочканукундай ачып акча акча дешет.
Сабырдуулугумду - коркту деп, Жардамымды - алданды деп, Унутчаагымды - билбеди деп тушунуп алба!

Супер-Инфо
super.kg
видео














