Динге байланыштуу кескин бүтүм чыгаруу кыйын. Бул дайым талаш- тартышты жаратып келген маселе. Бул жаатта сын көз менен карагандарга "динсиз кайрыдин"
деп туура эмес кабыл алгандар бар. Ошентсе да, турмуш-тирилигин таштап, сакалын сапсайта өстүрүп, элдин каалгаларын такылдатып динге чакырган дааватчылардын,
динге жамынып каалаганын жасаган чала молдокелердин басыктарына көз жуумп коюу кыйын. Чала сабат молдолор элди динге үйрөтпөй эле чоочутуп жатканы айтылып эле келет. Ошондой эле саясий кызыкчылыкты көздөгөн экстремисттик топтордун динди жамынып, каалаганын жасап жатканы жаңылык эмес. Бизде бул маселени жеткиликтүү колго алып, тартипке салган эч ким жок. Өзбекстанда бул небак колго алынып, диний агымдар катуу көзөмөлдө экенин билебиз. Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмон айрым мечиттер экстремисттер өз катарын жаштар менен толуктоочу жайга айланганын,
мечиттер, балдарды окуткан медреселер көзөмөлдө болбосо диний радикализм жайылып, өлкө коопсуздугу коркунучта калаарын моюнга алып катуу көзөмөлгө ала баштады. Ал эми биздечи? Эки тизгин бир чылбырды уучтагандар ордунан жылмыша электе кайсы жол менен болсо да капчыгын кампайтууну көздөшөт. Секталардын баарына жол ачык. Ким кааласа мечит куруп, медресе ачып балдарга каалаган билимин берсе болот. Экстремисттик маанайдабы же чын эле алла ыраазылыгы үчүнбү териштирген жан жок. Акча төлөсө жетиштүү. Андан тышкары, чала сабат молдолордун айрым жосунсуз жоруктары улуу ислам динине көө жаап, жаштардын башка динге тартылып кетүүсүнө өбөлгө болууда.
Динди булгаган чала молдолор
#1 04 November 2013 - 22:11
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 04 November 2013 - 22:12
Хиджап кийген ууру, селделүү бачабаз Жаштардын динди таанып намаз окуп, ыйман жолуна түшкөнү туура. Бул талашсыз. Бирок, ичинен бузулган адамды эч кандай селде же хиджаб сактай албайт тура. Эң негизгиси дилиң таза болсун деп бекеринен айтылбайт. Кеп төркүнү түшүнүктүү болсун үчүн "чала молдолордун"
жосунсуз жоруктарына сереп салалы. Мындан 2 ай мурда "Жал" кичи районунда мечиттин имамы бачабаздык (педофилдик) менен дүң болгону дагы эле эл оозунда. Эскерте кетсек 33 жаштагы имам Баткендик Мукарамов Нурланбек Турабаевич эч кандай теологиялык билими жоктугуна карабай 10-15 жаштагы эркек балдарды шарияттын негизинде окутуп келген. Жашаган жерлери санитардык талапка жооп бербегени, айрым балдар мектепке да барбаганы тастыкталган.
9-апрелде имам Мукарамов 1993-жылкы окуучусу менен жыныстык катнашка барууга аракет кылган. Бачабаз имам, анын ээнбаш аракеттерин,
өз алдынча ачып алган медресесин токтотууга аракет кылган мечит ээси Омаров Алим Ясыновичти бир нече ирет коркуткан. Эгер, имам Мукарамовдун "ачуусуна тийсе" криминал досторуна оңой-олтоң жайлатып салаарын, К.Ташиев, Турсунбай Бакир уулу менен, Адыл, Замир Бакиевдер менен тааныш экенин айтып Омаровдун үшүн алып турган. Ал эми хиджаб кийип ыйман жолунда жүргөн кыздардын баары эле "үр кыз" эместигин айткандар бар. Мисалы Ш.Б. аттуу журналисттин айтымында батирде чогуу жашаган хиджаб кийип, намаз окуган Феруза аттуу айым анын 9000 сомун жана кийим-кечесин уурдап сызга отургузуп кеткен. Мындан улам селде чалып, паранжа жамынып алып, жосунсуз жорукка баргандарга не дээриңди да билбейсиң...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 04 November 2013 - 22:12
Имамдар көпкөндө Аты чыккан ууру-кески, тентектин кылыктарына караганда молдолордун кыйшык кадамдары элдин эсинде түбөлүк калат экен. Анткени, пенделерди ыплас жоруктарга барбоого чакырып, акыл үйрөткөн молдолор өзү ошо ыпластыктарга батып калганы кызык. Алардын дин жол бербеген жоруктарды жасаганы көп эле кездешет. Же молдокелер да көр пенделикке алдырып коюшабы? Кошуна "Жал" айылынын имамынын жоругу эсимде. Бүтүндөй айыл көзүн карап, айтканын аткарган К.Т. аттуу имам сакалы жайкалган, жашы 60дан ашкан, небере-чөбөрөлүү аксакал эле. Бир күнү ошо имамдын селдесине "чок түшүп"... айылга аты чыккан сойкунун койнунан кармалып калбаспы... Эл алдында шерменде кылганына ызаланган талтөөндөй инилери бөлмөсүнө камап алып сабап салышыптыр.
Чындыгында эле, "чала молдо дин бузат" болуп, айрым сабатсыз молдокелердин жосунсуз жоругу ыйык динге акаарат келтирип жатканы талашсыз. Бул сыяктуу жосунсуз жоруктары менен ыйык динди булгап жаткан чала молдолорго баш чайкагандан башка айла жок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 04 November 2013 - 22:13
Дин жамынган террористтер Өлкөбүздө динге жамынып саясий кызыкчылыкты көздөгөн экстремисттик топтордун тамыр жайып баратканы жашыруун эмес. Маселен Нарын облустук ИИБ 10-бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Өзгөрүшов облуста "Хизбут-Тахрирдин"
25 мүчөсү каттоодо турганын билдирген. Карапайым калк эле эмес, мамлекеттик кызматкерлер арасында аталган радикалдык партиянын мүчөсү катары шектелгендер бар. Экстремисттик чакырык баракчалары менен чыккынчылар кармалган Нарын облусунда "Хизбут- Тахрир" тамыр жайып бараткансыйт.
Бир эле Нарын эмес, Кыргызстандын булуң-бурчунда мындай коркунуч бар. "Аллаху акбар" деп ураан чакырып, ок чыгарган экстремисттик күчтөр арабызда жойлоп жүргөнү азыр жаш балага да дайын. Мисалы, жыл башында 3 милиция кызматкери "сакалчан террористтердин"
огунан каза болгону маалым. Ошондой эле, өткөн жылы ноябрь айында Ош шаарында атышуу болгон үй шаардык мечиттердин биринин имамы Фархад Нурматовко таандык болгон. Мажүрүм-Тал көчөсүндө жайгашкан курал бар деп шектелген үйдү текшерүү учурунда ал үйдөн аскерлерге каршы ок атылган. Куралдуу топтун 3 мүчөсү жок кылынып, бирөөсү өзүн жардырып жиберген. Өкүнүчтүүсү,
бул сыяктуу окуялар сөз жүзүндө гана калып келет. Алдын ала тамырын кыркып, тартипке салууга азырынча бийликтегилер алсыздык кылып жаткансыйт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 04 November 2013 - 22:14
Өзүн өлтүргөн фанаттар Динге баш оту менен кирип, "фанат"
болуп кеткендер бар. Анын айынан өз жанын кыюдан тартпай калышат. Маселен, 1978 жылы 18-ноябрда Джонстаун шаарчасында Американын бийлигине каршы чыккан "Элдик храм" сектасынын жетекчиси Джим Жонсонун чакырыгы менен сектанын 914 мүчөсү өзүн өзү өлтүргөн. Уэйкодо "Ветвь Давидова"
диний сектасынын 90 мүчөсү (анын ичинде 25 бала) өзүн өрттөгөн.1997-
ж. 26- мартта Сан-Диего шаарында 39 адам өзүн өзү өлтүргөн. Дүйнөдө жайылган бул коркунуч Кыргызстанга келбейт деп ким кепил боло алат? Азыртан диний сабатсыздыкты жоюп, чала молдолукка чекит койсок болбойбу? Эл шөлбүрөп кийинген, бужугур сакалдууларды эмес, заманбап таза кийинип, диний сабаты жогору болгондорду ээрчийт эмеспи.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео








