Суперстан: Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (35 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)

#1 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Ноябрь 2013 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


БиссмиЛлях…

Мен кыргыздын көмүскөдө акыны.

Таныркаба калайык калк: "Кайсы бу?"
Мен кыргыздын көмүскөдө акыны.
Кичинемден тоонун гүлүн өпкүлөп,
Тоонун кызы, мен кыргызмын акыры...

"Ким бул?"-деп тааныбайсыз акыры,
Таанышабыз жазылган ыр аркылуу.
Кырды бойлоп эшек минип, ат минип
чоңойгон кыз, мен кыргызмын акыры...

Сыймыктанам Чыңгыз менен айтылуу,
Кыргызымдан чыккан инсан баркы бу:
дүйнөгө таанытып кыргыз элин,
Коштошпой да кете берди акыры...

Мен да кыргыз, сен да кыргыз, ал кыргыз,
Сыймыктанам кыргыз элим аркылуу!
Тоонун кызы жыпар гүлдөн искеген,
Мен кыргыздын көмүскөдө акыны...



***
Саламатсыздарбы урматтуу Форумчулар! Мына форумга катталганыма да аз убакыт болду.
Сиздерге көөдөндөн сызылып чыккан ыр саптарын тартууламакчымын.
Урматым менен Лика. :dh:

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 321895321.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 11 Август 2014 - 16:52

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Ноябрь 2013 - 18:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Корком жалгыз калуудан…

Жан дүйнөмдү күндөн-күнгө эзесиңби?
Ал байкуштун эзилгенин сезесиңби?
Кыйнабагын сезимимди суранамын,
Куса болом көрбөсөм элесиңди...

Билем баары тамаша өзүң үчүн!
Күчөтпө күндөн-күнгө сүйүү күчүн.
Билбейсиң сен бул жашоодо жалгыз гана,
Жашап келем бир сен үчүн, өзүң үчүн...

Ооруп келем... Оорум күчөп-күчөп келет,
Ичтен сызам, эмне кылам? Айлам кетет.
Жанымдан эч алыстап кете көрбө,
Жалгыз сенин элесиң үмүт берет...

Тажадым күндө ыйлап кыйналудан,
Буулугуп, бук болуп, буйдалуудан.
Билбейсиң эч нерсени сезбейсиң сен,
Корком жаным сенсиз жалгыз мен калуудан...

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Июль 2014 - 03:05

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Ноябрь 2013 - 19:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Аябадың.


Сурадың алсыз жүрөгүмдү, бердим сага,
Жаштык кылып таштадым кадам алга.
Ойлонбодум "эмне кылып жатамын?" деп,
Азыр тилдейм өзүмдү "чала сага!"

Сүйүүгө мас болупмун арманым ай!
Ал армандын унутулбай калганы ай!
Бейкүнөө көңүлүмдө эмне айып?
Жүрөгүмдө айыккыс так калганы ай!

Жагынганың жаным жалган окшобойбу,
Ал сөздөрдүн сезимдерди козгогону.
Сезбедим көздөрүңдүн ойногонун,
Коштошпоймун… Мени менен коштошпочу. .!

Жамгыр төгөт көз жашын тамчылатып,
Жүрөк ооруйт өзүн-өзү кансыратып.
Сооронуп токтоно албай ыйлай бердим,
Тигилет көздөр мени аягансып.

Карабачы, сен мени карабагын,
Ансыз да кыйналамын, кыйнабагын!
Сендей адам кандай адам айтчы деги,
Таза, тунук сезимимди аябадың...


Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Июль 2014 - 17:47

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   muxammet   04 Ноябрь 2013 - 19:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 641
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 24 Мар 2014 18:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

Sweet-Lika ,Чыгармачылыгына ийгилик!Сүрөт
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Ноябрь 2013 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения muxammet (04 Ноябрь 2013 - 19:11) жазган:

Sweet-Lika,Чыгармачылыгына ийгилик!Сүрөт

Рахмаат чон! :достор:
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   dinajanka   04 Ноябрь 2013 - 19:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Салам..:)
Керемет чымынын бар экен А. Маленова..
Ийгилик сага..
Дагы да ыр саптарын болсо калтыра кет... :):)
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Ноябрь 2013 - 19:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения dinajanka (04 Ноябрь 2013 - 19:24) жазган:

Салам..:)/>
Керемет чымынын бар экен А. Маленова..
Ийгилик сага..
Дагы да ыр саптарын болсо калтыра кет... :)/>:)

Уа алейкум ассалям!
Рахмаат чон :достор:
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Ноябрь 2013 - 19:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Ой толгоо…

Ооба, чексиз бул дүйнөдө нелер көп,
Анда-санда турат күндөр күркүрөп.
Жан-дүйнөнүн кыйналганын аттигиң,
Ооба, шексиз! Эч ким билбейт не себеп...

Билбейм неге жайында күн бүркөлөт?
Тура турсам кун нуруна эркелеп.
Тирүүлүктүн бар экенин билдирип,
Кетип барат жаштыгым да ортолоп...

***
А. Маленова.

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Июль 2014 - 17:51

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Ноябрь 2013 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Төрт саптар.

***
Көп ойнобо жаныласың бир куну,
А мен жүрөм сенсиз жашоо улантып.
Унутамын мунун баарын! Мен жашайм
күлкүм менен башка жанды кубантып...

***
Кармай албай убагында махабатым,
Түгөй кылып сени ага береминби?
Айла канча учуп сага бара албай,
Жылмайганың мен бир көрбөй кетеминби?

***
Кечиккен сөздөрүңдү топ кылып ойносомбу?
Же баарына кайыл болуп, жолуңду жолдосомбу?
А бирок таарыныч күч ичимде,
Турмуш жээгин жалгыз эле бойлосомбу?

***
Оо кургур жан шириндигиң кандай ээ?
Жашоонун жарыктыгы үмүт бере,
Бири кетсе, бири келет адамдар,
А жаныңда жолдош болот жалгыз эне!


Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Июль 2014 - 23:06

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   tornado-88   04 Ноябрь 2013 - 20:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 31 Август 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2014 21:17

Салам
БРАВО браво!!! Талантын бар экен мындан да осуп оркундой бер ИЙГИЛИК сага:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   04 Ноябрь 2013 - 21:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения tornado-88 (04 Ноябрь 2013 - 20:01) жазган:

Салам
БРАВО браво!!! Талантын бар экен мындан да осуп оркундой бер ИЙГИЛИК сага:)/>

Уа алейкум ассалям!
Рахмаат чон! :)
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   LuBiSh_DoKaJY   04 Ноябрь 2013 - 21:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 97
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Дек 2013 23:32

Саламатсынбы? А бул ырларына аранжировка жазатып ырдап чыкканга кандай карайсын? Же купуя аркылуу деле жобун берип койсонор... Ото жакшы жазылган ыр экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   05 Ноябрь 2013 - 00:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения LuBiSh_DoKaJY (04 Ноябрь 2013 - 21:17) жазган:

Саламатсынбы? А бул ырларына аранжировка жазатып ырдап чыкканга кандай карайсын? Же купуя аркылуу деле жобун берип койсонор... Ото жакшы жазылган ыр экен.

Ассаляму алейкум! Рахмат чон! Жакса жасата бериниз каршы эмесмин. ;)
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   05 Ноябрь 2013 - 01:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Бир күн өттү, күн артынан түн өттү.
Сени күтүп зарыктырган жүрөктү,
Сезип, туюп ойлонбостон кара көз,
Кактайт өрткө, билбейм кандай карек бу?...

Сени ойлоп бурганактап кайнайт кан,
Кандай жансың тыныктырбай сайраткан?
Оюмда сен отурсам да, турам да,
Күндөр санап суусайт сага курган жан!

Күндөр батып, ал ангыча таңдар атып,
Сенсиз өткөн өмүрүмдү ойлоп жатып,
Тентип кетсем туш тарапка деген менен,
Сени күтүү бир мен учун чексиз бакыт…

Күтүү.
11.10.2011.

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Июль 2014 - 23:13

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   05 Ноябрь 2013 - 01:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Сени эстеп сагынганда,
Миң ыйлап, миң басылам…
Миң өлүп, миң тирилгендей,
Неге мынча жанчылам?

Сенин көзүң миң бир түркүн
Азгырат алсыз жанымды.
Өзгө түгүл өзүмдөн да,
Жашырам неге анымды?

Ажыраткан тагдырыма таарынбаймын,
Айтчы жаным кантип сени сагынбаймын? …
Канча жашым калды экен билбесем да,
Эгер келсе мен ажалга жалынбаймын!

"Кош дедиң" деп бул сөзүңө терикпесмин,
Капа тартып түштөрүңдө кезикпесмин!
Сени сүйөм, сүйөм эки дүйнөдө тең,
Мени күткөн бакыттан да кечикпесмин. ..

Сени эстеп сагынганда. ..
Айжамал Маленова.

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Июль 2014 - 23:20

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   05 Ноябрь 2013 - 10:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Баракеле ийгилик сага
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   05 Ноябрь 2013 - 10:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения MEDER_KULETOV (05 Ноябрь 2013 - 10:21) жазган:

Баракеле ийгилик сага

Рахмаат чон! :)
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   nargiza96   05 Ноябрь 2013 - 10:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 04 Август 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2014 14:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аалам айылдан башталат.Кыскасы бир айылда.

Просмотр сообщения Sweet-Lika (05 Ноябрь 2013 - 01:29) жазган:

Сени эстеп сагынганда,
Мин ыйлап, мин басылам!
Мин олуп, мин тирилгендей,
Неге мынча жанчылам?

Сенин козун мин бир туркун
Азгырат алсыз жанымды.
Озго тугул озумон да,
Жашырам неге анымды?

Ажыраткан тагдырыма таарынбаймын,
Айтчы жаным кантип сени сагынбаймын?
Канча жашым калды экен билбесем да,
Эгер келсе мен ажалга жалынбаймын!

"Кош дедин" деп бул созуно терикпесмин,
Капа тартып тушторундо кезикпесмин!
Сени суйом, суйом эки дуйнодо тен,
Мени куткон бакыттан да кечикпесмин. ..

Сени эстеп сагынганда. ..
Айжамал Маленова.

ушу жазганыныз жакты. Молодецсиз эжеке калеминиз курчуй берсин. Любой темада жаза аласызбы?. Окуучулук кундор жонундо да жазбайсызбы? . Же айрылуу, сагынуу, кутуу жонундо эле жазасызбы?.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   05 Ноябрь 2013 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения nargiza96 (05 Ноябрь 2013 - 10:44) жазган:

ушу жазганыныз жакты. Молодецсиз эжеке калеминиз курчуй берсин. Любой темада жаза аласызбы?. Окуучулук кундор жонундо да жазбайсызбы? . Же айрылуу, сагынуу, кутуу жонундо эле жазасызбы?.

Рахмат, негедир жазсам эле ушундай темада жазылып калат кобунчо, атайын сиз учун окуучулук кундор тууралуу да жазып берем, буйруса ;).
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   05 Ноябрь 2013 - 11:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Укмуш элен мен учун кундой жаркып,
Ички дуйнон озуно баарын тартып.
Суйкумдуу мен учун унутулгус,
Элес турат абада азыр калкып...

Баралбадым мен сага, таарындынбы?
Эми барсам мурзоно, мени тааныйсынбы?
Кечир мени чон ата, кечиргин деп,
Шум ажалдын шоктугуна багындымбы?

Жоготтум тайатамды, тайэнемди,
Жоготтум мына эми чындап сени.
Акыркы сапарына узаталбай,
Укпадым отконунду кечир мени...

Келбеди бул тууралуу эч бир кабар,
Ата соорой унчукпады кабар айтпай.
Куран окуп, жалбарып Жаратканга,
Отурам суротунду карай-карай.

Жансыз тиктеп мандайымда элес турат,
Кулумсуроп ал озуно мени бурат.
Жалгыз сурот эстелик ал кишиден,
Тиктеп-тиктеп тойбоочудай карап турат...

Чон атам Шаршендин жаркын элесине.
Айжамал Маленова. 03.06.10.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20140719_214120.jpg
  • Прикрепленное изображение: IMG_201407200_0942.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Июль 2014 - 23:54

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (35 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 03:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: